СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Жерге тынчтык кантип орнойт?

кыргыз
Жерге тынчтык кантип орнойт?
https://cms-imgp.jw-cdn.org/img/p/502012123/univ/art/502012123_univ_sqr_xl.jpg
ijwbq 25-макала

Жерге тынчтык кантип орнойт?

Жерге тынчтык кантип орнойт?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Жерге тынчтык адамдардын аракетинин аркасында эмес, Кудайдын Падышалыгынын, башкача айтканда, Иса Машаяк башкарган асмандагы өкмөттүн иш-чараларынын аркасында орнойт. Бул туурасында Ыйык Китепте эмне деп айтылганына көңүл бурсаңар.

  1.   Кудай «жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот». Ошондо ал «жер үстүндө анын ырайымына ээ болгондордун арасында тынчтык» орнотом деген убадасын аткарат (Забур 46:9; Лука 2:14).

  2.   Кудайдын Падышалыгы бүт жер жүзүн асмандан башкарат (Даниел 7:14). Бүткүл дүйнөлүк ал өкмөт элдер арасында жаңжалдарды туудуруп келген улутчулдукту түп-тамыры менен жоёт.

  3.   Кудайдын Падышалыгынын башкаруучусу Иса Машаяк «Тынчтык төрөсү» деп аталган. Ошондуктан ал башкарганда «тынчтык чексиз болот» (Ышая 9:6, 7).

  4.   Согушканын токтоткусу келбегендерге Кудайдын Падышалыгында орун болбойт, анткени «зордук-зомбулукту жакшы көргөндөрдү анын [Кудайдын] жаны жек көрөт» (Забур 11:5; Накыл сөздөр 2:22).

  5.   Кудай азыр ага баш ийгиси келгендерди бири-бири менен тынчтыкта жашаганга үйрөтүп жатат. Мунун натыйжасы кандай болору жөнүндө Ыйык Китепте мындай деп айтылат: «Алар кылычтарынан соконун тишин, найзаларынан багбандын бычагын жасашат. Эл элге каршы кылыч көтөрбөйт, алар согушууга үйрөнүшпөйт» (Ышая 2:3, 4).

 Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча миллиондогон Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын айткандарын аткарып, азыртадан тынчтыкта жашаганга үйрөнүүдө (Матай 5:9). Биз 230дан ашуун өлкөдө жашаган, ар кайсы улуттан чыккан элбиз. Биз колубузга курал алып, эч ким менен эч качан согушпайбыз.

 Жахабанын Күбөлөрү азыртадан эле тынчтыкта жашоого үйрөнүшүүдө.