Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаркын келечекке негиз берген үмүт

Жаркын келечекке негиз берген үмүт

 Дүйнөдөгү абал жакшы жакка өзгөрөт деп үмүттөнөсүңөрбү? Көптөр замандын оорлоп баратканына карабай жакшыдан үмүт үзбөгөнгө аракет кылышат. Бирок ошентип күткөнгө негиз барбы? Ооба, анткени Ыйык Китепте жаркын келечекке негиз берген үмүт тууралуу айтылат.

 Кудай бизге кандай үмүт берген?

 Кудайдын Сөзүндө адамзат кириптер болгон көйгөйлөр тууралуу ачык эле жазылган. Ошентсе да ал көйгөйлөрдүн түбөлүккө созула бербей турганы да убада кылынган. Алардын айрымдарына токтололу.

  •   Көйгөй: Турак жай маселеси

     Ыйык Китепте мындай делет: «Адамдар үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат» (Ышая 65:21).

     Келечекте бул кантип аткарылат? Ар бир адамдын өз үйү болот.

  •   Көйгөй: Жумушсуздук жана жакырчылык

     Ыйык Китепте мындай делет: «Менин тандап алгандарым өз эмгегинин үзүрүн толугу менен көрүшөт» (Ышая 65:22).

     Келечекте бул кантип аткарылат? Бардык адамдардын канааттануу тартуулаган, кубаныч алып келген, үзүрлүү жумушу болот.

  •   Көйгөй: Адилетсиздик

     Ыйык Китепте мындай делет: «Төрөлөр адилеттик менен башкарышат» (Ышая 32:1).

     Келечекте бул кантип аткарылат? Расалык, социалдык жана экономикалык теңсиздик биротоло жоюлат. Ар бир адамга калыс мамиле кылынат.

  •   Көйгөй: Жетишсиз тамактануу жана ачкачылык

     Ыйык Китепте мындай делет: «Дан жер бетинде мол болот, тоолордун чокусу эгинге толот» (Забур 72:16).

     Келечекте бул кантип аткарылат? Пайдалуу тамак-аштан эч ким өксүбөйт. Анткени тамак-ашы мол болот. Бир да киши чала тоюттун же ачкачылыктын азабын тартпайт.

  •   Көйгөй: Кылмыштуулук жана зордук-зомбулук

     Ыйык Китепте мындай делет: «Ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжир дарагынын астында отурат. Аларды эч ким коркутпайт» (Микей 4:4).

     Келечекте бул кантип аткарылат? Баары эч нерседен кооптонбой бейкут жашайт. Себеби ыймансыз адамдар жок болот. «Адил адамдар жерди мураска алышат» (Забур 37:10, 29).

  •   Көйгөй: Согуш

     Ыйык Китепте мындай делет: «Эл элге каршы кылыч көтөрбөйт, алар согушууга үйрөнүшпөйт» (Ышая 2:4).

     Келечекте бул кантип аткарылат? Бүт жер жүзүнө тынчтык орнойт (Забур 72:7). Согуштан курман болгон жакынын жоктоп эч ким күйүт тартпайт. Бир да киши согуштун айынан башка жакка качканга аргасыз болбойт.

  •   Көйгөй: Оору-дарттар

     Ыйык Китепте мындай делет: «Тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт» (Ышая 33:24).

     Келечекте бул кантип аткарылат? Майыптардын баары сакаят, бир да киши оорубайт (Ышая 35:5, 6). Ыйык Китепте атүгүл «өлүм болбой» турганы убада кылынган (Аян 21:4).

  •   Көйгөй: Айлана-чөйрөнүн булганышы жана жаратылыштын талкаланышы

     Ыйык Китепте мындай делет: «Ээн талаа менен какшыган жер шаттанат, чөлдүү түздүк сүйүнүп, шафрандай гүлдөйт» (Ышая 35:1).

     Келечекте бул кантип аткарылат? Жер бети Кудай башында ниет кылгандагыдай бейишке айланып, адамдар анда ырахаттанып жашашат (Башталыш 2:15; Ышая 45:18).

 Ыйык Китепте айтылган үмүт куру кыял эмеспи?

 Албетте, буга ишениш кыйын болушу мүмкүн. Бирок биз силерди Ыйык Китепте келечек тууралуу айтылгандарды дагы тереңирээк изилдеп көргөнгө чакырабыз. Эмне үчүн? Ыйык Китепте жазылган убадалар адамдар берген убадалардан жана алардын алдын ала айткан сөздөрүнөн кыйла айырмаланат. Анткени ал убадаларды Жараткан өзү берген. Анда бул тууралуу сөз кылалы.

  •   Кудай сөзүнө турат. Ыйык Китепте Кудайдын «жалган сүйлөй албай» турганы айтылат (Тит 1:2). Андан тышкары, келечекти Кудай гана алдын ала айта алат (Ышая 46:10). Ыйык Китепте Кудай алдын ала айткан нерселер дайыма аткарыларын көрсөткөн көптөгөн далилдер бар. Бул жөнүндө көбүрөөк билгиңер келсе, «Ыйык Китепте чындык жазылганын кайдан билебиз?» деген видеону көргүлө.

  •   Көйгөйлөрүбүздү чечип бергенге Кудайдын кудурети жетет. Ыйык Китепте Кудай «эмнени кааласа, ошонун баарын... ишке ашыра» алары жазылган (Забур 135:5, 6). Башка сөз менен айтканда, Кудайга өзүнүн убадаларын аткарганга эч ким, эч нерсе тоскоолдук кыла албайт. Ошондой эле Кудай бизге жардам бергиси келет. Анткени ал бизди жакшы көрөт (Жакан 3:16).

 Бирок силерде мындай суроо туулушу мүмкүн: «Эгер Кудай бизге жардам бергиси келсе, жардам бергенге кудурети жетсе, анда эмне үчүн азыркыга чейин азап тартып жатабыз?» Бул суроого жооп алыш үчүн «Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?» деген видеону көргүлө.

 Кудай берген үмүт кантип ишке ашат?

 Кудай өзүнүн убадаларын Падышалыгы аркылуу, асмандан башкара турган өкмөт аркылуу, жүзөгө ашырат. Кудай ал Падышалыктын Падышасы кылып Иса Машаякты дайындаган. Кудай ага жерди башкарганга жана андагы адамдарга кам көргөнгө бийлик берген. Иса жерде жүргөндө оорулууларды сакайткан, ачкаларды тойгузган, табият күчтөрүн башкарган, атүгүл өлгөндөрдү тирилткен (Марк 4:39; 6:41—44; Лука 4:40; Жакан 11:43, 44). Ушуну менен ал Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары эмнелерди кыларын айгинелеген.

 Кудайдын өкмөтү силер үчүн эмнелерди кылып берери тууралуу көбүрөөк билгиңер келсе, «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» деп аталган видеону көргүлө.

 Бул үмүт качан орундалат?

 Жакында! Эмне үчүн мындан шектенбесек болот? Ыйык Китепте Кудайдын Падышалыгы жер жүзүн башкарар алдында жер бетинде кандай окуялар болору алдын ала жазылган (Лука 21:10, 11). Дүйнөдө болуп жаткан ал окуялар Ыйык Китепте жазылгандардын так аткарылып жатканын көрсөтүп турат.

 Бул тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Кудайдын Падышалыгы жер жүзүн качан башкара баштайт?» деген макаланы окуп көргүлө.

 Кудай берген үмүт бүгүнкү күндө бизге кандайча жардам берет?

 Ыйык Китепти жазган бир киши ал үмүт «жаныбыз үчүн кеме казык сыяктуу» болорун айткан (Еврейлер 6:19). Кеме казык бороон-чапкында кемени бир орунда кармап турган сыңары, Кудай берген үмүт бороон-чапкын сыяктуу кыйынчылыктарга туруштук бергенге көмөк кылат. Үмүтүбүз бекем болсо, жан дүйнөбүз тынч болот, бактылуу болобуз, тунук ой жүгүртөбүз, атүгүл ден соолугубуз да жакшы болот (1 Тесалоникалыктар 5:8).