Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

45-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Мээримдүү болуп, бири-бирибизден жардамыбызды аябайлы

Мээримдүү болуп, бири-бирибизден жардамыбызды аябайлы

«Бири-бириңерге мээримдүүлүк көрсөткүлө, кайрымдуулук кылгыла» (ЗАК. 7:9).

107-ЫР: Кудайдан үлгү алып, сүйүү көрсөтөлү

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Бири-бирибизге мээримдүү болгонубуздун кандай жакшы жактары бар?

БИЗ бири-бирибизге мээримдүү болушубуз керек. Мунун кандай жакшы жактары бар? Бул суроонун жообун Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылган төмөнкү аяттардан таба алабыз: «Сени мээримдүүлүк менен чындык таштабасын... Ошондо Кудайдын да, адамдардын да көз алдында ырайым табасың, терең түшүнүгүң менен тааныласың», «мээримдүү адам өз жанына жакшылык кылат», «ким адилдик менен мээримдүүлүккө умтулса, ал өмүргө... жетет» (Накыл 3:3, 4; 11:17, 21:21).

2 Бул аяттарда эмне үчүн мээримдүү болушубуз керектигинин үч себеби жазылган. Биринчиден, мээримдүү болсок, Кудайдын көз алдында баалуу болобуз. Экинчиден, мээримдүү болгонубуз өзүбүзгө эле пайдалуу. Мисалы, башкалар менен ынак достордон боло алабыз. Үчүнчүдөн, мээримдүү болсок, келечекте Кудайдан мол бата алып, түбөлүк өмүр сүрөбүз. Ооба, Жахабанын: «Бири-бириңерге мээримдүүлүк көрсөткүлө, кайрымдуулук кылгыла»,— деген кеңешине ылайык иш кылганыбыздын көп жакшы жактары бар (Зак. 7:9).

3. Бул макаладан кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Бул макаладан төмөнкү төрт суроого жооп алабыз: Кимдерге мээримдүүлүк көрсөтүшүбүз керек? Рут китебинен мээримдүүлүк жөнүндө эмнелерди биле алабыз? Бүгүнкү күндө бул сапатты кантип чагылдырсак болот? Мээримдүү болгонубуздун өзүбүзгө кандай пайдасы бар?

КИМДЕРГЕ МЭЭРИМДҮҮЛҮК КӨРСӨТҮШҮБҮЗ КЕРЕК?

4. Биз канткенде Жахабага окшоп мээримдүү боло алабыз? (Марк 10:29, 30)

4 Мурунку макаладан билгенибиздей, Жахаба аны жакшы көргөн, ага кызмат кылган адамдарга мээримин төгүп, аларды дайыма колдоп турат (Дан. 9:4). Биз Кудайдын сүйүктүү балдары катары аны бул жагынан туурагыбыз келет (Эф. 5:1). Ошон үчүн ишенимдештерибизге ынак болуп, аларга дайыма жөлөк-таяк болгубуз келет. (Окугула: Марк 10:29, 30.)

5, 6. Көптөр кандай кишини «берилген» деп эсептешет?

5 Мээримдүүлүк деген эмне экенин канчалык жакшы түшүнсөк, бул сапатты ошончолук жакшыраак чагылдырып, ишенимдештерибиз менен ынак болобуз. Анда мээримдүүлүк сапаты эмнеси менен өзгөчө экенин түшүнүш үчүн аны берилгендик менен салыштырып көрөлү. Бул экөөнүн ортосундагы айырманы көрсөткөн мындай мисалга токтололу.

 6 Кимдир бирөө кайсы бир ишканада көптөгөн жылдар бою эмгектенсе, аны берилген жумушчу деп коюшат. Бирок ал ошончо жыл бою ошол ишкананын ээси менен такыр көрүшпөшү мүмкүн. Анын чыгарган чечимдерин дайыма эле туура көрө бербеши да мүмкүн. Ал ошол ишкананы жакшы көргөнү үчүн эмес, жанын багыш үчүн гана иштеп жүрөт. Башка жакшыраак жумуш табылбаса, ал жакта ардактуу эс алууга чыкканга чейин иштеши мүмкүн.

7, 8. а) Мээримдүү болгонго эмне түрткү берет? б) Рут китебинде жазылгандарды карап чыкканыбыз эмне үчүн маанилүү?

7 Мээримдүү киши менен  жогорку абзацта айтылган берилген кишинин ортосунда кандай айырма бар? Экөөнүн ниети эки башка. Мисалы, Кудайдын байыркы убактагы кызматчылары эмне үчүн бири-бирине мээримдүү болушкан? Алар башкаларга өздөрүн тек гана милдеттүү сезгендиктен эмес, чын жүрөктөн каалагандыктан жардам беришкен. Эмесе, Дөөтү падышанын үлгүсүнө токтололу. Жонатан экөө кыйышпас достордон болушкан. Жонатандын атасы Дөөтүнүн көзүн тазалагысы келсе да, Дөөтү досун жанындай көрүп, мурдагыдай эле жакшы мамиле кыла берген. Жонатан каза болгондон бир нече жыл өткөндөн кийин деле, анын уулу Мепибешетке жакшылык кыла берген (1 Шем. 20:9, 14, 15; 2 Шем. 4:4; 8:15; 9:1, 6, 7).

8 Рут китебинде жазылгандардан да мээримдүүлүк жөнүндө көп нерсени биле алабыз. Ал китептеги каармандардан мээримдүү болуу жагынан эмнелерге үйрөнсөк болот? Алардан үйрөнгөндөрүбүздү жыйналышта кантип колдоно алабыз? *

РУТ КИТЕБИНЕН МЭЭРИМДҮҮЛҮК ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛЕ АЛАБЫЗ?

9. Наами эмне үчүн Жахаба башыма мүшкүл түшүрдү деп ойлогон?

9 Рут китебинде Наами менен анын келини Рут жөнүндө баяндалат. Ошондой эле Кудайдан корккон Бууз деген киши жөнүндө да биле алабыз. Ал Нааминин күйөөсүнүн тууганы болгон. Ысрайыл жеринде ачарчылык башталгандыктан, Наами күйөөсү, эки уулу болуп Маап жерине көчүп кетишкен. Ал жакта жүргөндө Наами күйөөсүнөн айрылып калган. Убакыттын өтүшү менен эки уулу үйлөнгөн. Бирок, өкүнүчтүүсү, алар да каза болуп калган (Рут 1:3—5; 2:1). Үстөкө-босток урулган ушундай соккудан улам Наами кайгынын чеңгелине батып калган. Ал ушунчалык мүңкүрөп калгандыктан ошонун баарын Жахаба кылып жатат деп ойлогон. Ошон үчүн: «Жахабанын колу мага каршы көтөрүлдү»,— деген. Ошондой эле: «Кудурети Күчтүү башыма мүшкүл түшүрдү... Жахаба мени кемсинтип, Кудурети Күчтүү башыма мүшкүл түшүрдү»,— деп да айткан (Рут 1:13, 20, 21).

10. Жахаба Нааминин айткандарына кандай караган жана ага кантип жардам берген?

10 Нааминин ошентип айтканына Жахаба кандай караган? Ал көкүрөгү муңга толгон кызматчысынан жүзүн буруп кеткен эмес. Кайра, ага боору ачып, жардам берген. Анткени Жахаба «кысым акылдууну акылсыздык кылууга түртүшү мүмкүн» экенин жакшы билет (Нас. 7:7). Ал Наамиге аны таштабаганын, колдоп-коргоп жүргөнүн түшүнгөнгө жардам берген (1 Шем. 2:8). Кантип? Жахаба Рутка Наамиге жөлөк болгонго түрткү берген. Рут кайгыга чөгүп турган кайненесин жубатып, Жахабанын аны дагы эле жакшы көрөрүн, аны колдоп жатканын түшүнгөнгө чын жүрөктөн жардам берген. Руттан кандай үлгү алсак болот?

11. Ишенимдештерибиз көңүлү чөккөндөргө эмне үчүн боору ооруп, жардам беришет?

11 Мээримдүү болсок, көңүлү чөгүп жүргөн ишенимдештерибизге жардам беребиз. Рут дайыма Нааминин жанында болуп, ага тирек болгон. Ошо сыяктуу эле, жыйналыштагы боорукер бир туугандарыбыз кайгыга батып, кыйналып жаткан ишенимдештеринен жардамын аяшпайт, дайыма колдоо көрсөтүшөт. Алар ишенимдештерин ушунчалык жакшы көргөндүктөн колунан келгендин баарын кылганга даяр (Накыл 12:25, 24:10). Ушундайча элчи Пабылдын: «Көңүлү чөккөндөрдү соороткула, алсыздарды колдогула, баарына чыдамкайлык менен мамиле кылгыла»,— деген кеңешине ылайык иш кылышат (1 Тес. 5:14).

Көңүлү чөккөндөргө жардам берүүнүн бир жолу — аларды кунт коюп угуу (12-абзацты карагыла)

12. Көңүлү чөгүп жүргөндөргө жардам берүүнүн эң жакшы жолдорунун бири кайсы?

12 Көңүлү чөгүп жүргөн ишенимдештерибизге жардам берүүнүн эң жакшы жолдорунун бири — аларды кунт коюп угуп, жакшы көрөрүбүзгө ынандыруу. Жахаба анын баалуу кызматчысына чын дилден көңүл бурганыңарды эч качан көз жаздымында калтырбайт (Заб. 41:1). Накыл сөздөр 19:17де: «Бей-бечарага жакшылык кылган Жахабага карыз берет, ал анын жакшылыгынын акыбетин кайтарат»,— деп жазылган.

Орпа кайра Маапка кетип баратат. Ал эми Рут кайненеси Нааминин жанында калып, ага: «Сиз кайда барсаңыз, мен да ошол жакка барам»,— деп жатат (13-абзацты карагыла)

13. Орпадан айырмаланып, Рут эмне кылган жана эмне үчүн муну мээримдүүлүктүн эң сонун үлгүсү деп айтсак болот? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

13 Мээримдүүлүк деген эмне экенин дагы жакшыраак түшүнүш үчүн Наами күйөөсүнөн, эки уулунан айрылгандан кийин дагы эмнелер болгонун карап көрөлү. «Жахабанын өз элине назарын салып, аларга нан бергенин» укканда Наами мекенине кайтууну чечкен (Рут 1:6). Эки келини аны менен кошо жолго чыккан. Жолдон Наами аларга Маапка кайтып баргыла деп үч жолу айткан. Ошондо алар эмне кылган? Ыйык Китептен: «Орпа кайненесин өөп, аны менен коштошту. Ал эми Рут жанында калды»,— дегенди окуйбуз (Рут 1:7—14). Орпа Маапка кеткен. Ошентип, ал кайненеси айткандай кылган. Ал эми Рут андан да көптү кылган. Ал деле кетип кала алмак, бирок жардамга зар болуп турган кайненесине боору ооруп, аны менен чогуу болууну чечкен (Рут 1:16, 17). Рут милдеттүү болгондуктан эмес, өзү каалагандыктан кайненесинин жанында калган. Бул — чыныгы мээримдүүлүктүн эң сонун үлгүсү. Андан эмнеге үйрөнсөк болот?

14. а) Кудайдын көптөгөн мээримдүү кызматчылары ишенимдештерине кантип жакшылык кылып жатышат? б) Еврейлер 13:16га ылайык, Жахабага кандай курмандыктар жагат?

14 Мээримдүү болсок, талап кылынгандан да көптү кылабыз. Байыркы убактагыдай эле, бүгүнкү күндө да Кудайдын мээримдүү кызматчылары ишенимдештерине, атүгүл тааныбагандарына да жакшылык кылышат. Алсак, табигый кырсык болгондо, дароо жардам берүүнүн жолдорун издешет. Жыйналыштан кимдир бирөө тыйын-тыпыр жагынан кыйналып жатканда, жардам көрсөтүшөт. Кудайдын 1-кылымдагы Македониядагы кызматчыларына окшоп, андай ишенимдештерибиз талап кылынгандан да көптү кылышат. Боордошторунун кем-карчын толукташ үчүн колунан келгендин баарын кылышат, атүгүл ашыгы менен кылышат (2 Кор. 8:3). Башкалардан убактысын, күчүн аябаган ушундай кызматчыларын көргөндө Жахаба кандай гана сүйүнөт! (Окугула: Еврейлер 13:16.)

БҮГҮНКҮ КҮНДӨ БУЛ САПАТТЫ КАНТИП ЧАГЫЛДЫРСАК БОЛОТ?

15, 16. Руттун багынбаганы эмнеден көрүнгөн?

15 Руттун кайненесине жардам бергенинен көп нерсени үйрөнө алабыз. Анда алардын бир нечесине токтололу.

16 Багынбагыла. Рут Наамиге аны менен чогуу Жүйүт жерине кетерин айтканда, Наами башында каршы болгон. Бирок Рут багынган эмес. Анын натыйжасы кандай болгон? Ыйык Китепте: «Наами Руттун өзү менен бирге кетүүнү чечкенин көрүп, „үйүңө кайт“ дебей калды»,— деп айтылат (Рут 1:15—18).

17. Көңүлү чөккөндөргө багынбай колдоо көрсөтө бергенге эмне жардам берет?

17 Эмнеге үйрөнсөк болот? Көңүлү чөгүп жүргөндөргө жардам берүү оңой эмес. Ошондой болсо да, багынбашыбыз керек. Мисалы, кайсы бир ишенимдешибиз башында жардамыбызды кабыл албашы мүмкүн. Бирок мээримдүү болсок, багынбай андан ары да аракет кыла беребиз (Гал. 6:2). Анын акыры жардамыбызды кабыл аларынан, жылуу сөздөрүбүз көңүлүн жубатарынан үмүт үзбөйбүз.

18. Нааминин кайсы сөздөрү Рутка катуу тийиши мүмкүн эле?

18 Жүрөгүңөргө жакын албагыла. Наами менен Рут Бетлехемге келишкенде, Наами тааныштарына жолугат. Ал аларга: «Мен бул жактан түгөл кеткем, бирок Жахаба мени куру кол кайтарды»,— дейт (Рут 1:21). Кайненесинин ушул сөздөрүн укканда Руттун өзүн кандай сезгенин элестетсеңер! Рут Наамиге жардам бериш үчүн колунан келгендин баарын кылган. Кайненеси ыйлаганда, аны менен кошо ыйлаган, аны сооротуп-жубаткан, аны менен чогуу узак жолду басып өткөн. Ушунун баарына карабай Наами: «Жахаба мени куру кол кайтарды»,— деген. Муну менен ал жанында турган Руттун жакшылыгын баалабагандай эле болгон. Анын бул сөздөрү Руттун көңүлүнө катуу тийген болуш керек. Ошого карабай ал Наамини таштап кеткен эмес.

19. Көңүлү чөгүп жүргөн ишенимдешибизге багынбай колдоо көрсөтө бергенге эмне жардам берет?

19 Эмнеге үйрөнсөк болот? Көңүлү чөгүп жүргөн кайсы бир ишенимдешибизге канчалык жардам берсек да, ал башында жүрөгүбүздү жаралаган сөздөрдү айтышы мүмкүн. Бирок ошондон улам ага таарынып калбашыбыз керек. Анын ордуна, андан ары да колдоо көрсөтүп, Жахабадан аны кантип сооротсок болорун сурап тиленгенибиз жакшы (Накыл 17:17).

Жыйналыштагы аксакалдар Бууздан кандай үлгү ала алышат? (20, 21-абзацтарды карагыла)

20. Рутка багынбай кайненесине жардам бере бергенге эмне күч берген?

20 Жылуу сөзүңөрдү аябагыла. Кайненесине мээримин төгүп, колдоо көрсөткөн Рут өзү да жылуу сөзгө муктаж болгон. Жахаба анын көңүлүн көтөрүш үчүн Буузду колдонгон. Бууз Рутка: «Жахаба сага батасын берсин, сен канатынын астынан баш маана издеп келген Ысрайылдын Кудайы Жахаба сага толук сыйлык берсин»,— деген. Анын жанга жагымдуу ушундай сөздөрүн укканда Руттун кадимкидей канат байлап калганы шексиз. Ал Буузга: «Мени жубатып, күңүңүздүн жүрөгүнө жаккан сөздөрдү айттыңыз»,— деген (Рут 2:12, 13). Бууздун өз убагында айтылган сөздөрү Рутка багынбай кайненесине жардам бере бергенге күч берген.

21. Ышая 32:1, 2де жазылгандай, камкор аксакалдар эмне кылышат?

21 Эмнеге үйрөнсөк болот? Башкаларга мээримдүүлүк менен кам көрүп, жөлөк-таяк болуп жаткандар кээде өздөрү да жылуу сөзгө муктаж болушат. Жогоруда айтылгандай, Бууз Руттун кайненесине кылган жакшылыктарын байкап, аны мактаган. Ошо сыяктуу эле, бүгүнкү күндө баамчыл аксакалдар жыйналыштагыларга чын дилден жардам берип жаткан ишенимдештерибизди мактап турушат. Бул аларга мындан ары да ошонусунан жазбаганга күч берет. (Окугула: Ышая 32:1, 2.)

МЭЭРИМДҮҮ БОЛГОНУБУЗДУН ӨЗҮБҮЗГӨ КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

22, 23. Нааминин ою кантип өзгөргөн жана буга эмне себеп болгон? (Забур 136:23, 26)

22 Ыйык Китепте Бууздун Рут менен Наамиге тамак-аш жагынан жардам бергени да айтылат (Рут 2:14—18). Бууздун берешендиги Наамиге кандай таасир эткен? Ал: «Өлгөндөргө да, тирүүлөргө да мээримдүүлүк көрсөткөн Жахаба ага батасын берсин»,— деген (Рут 2:20а). Ооба, Нааминин ою бир топ өзгөргөн! Мурун ал: «Жахаба мени кемсинтип, Кудурети Күчтүү башыма мүшкүл түшүрдү»,— деп сыздаган болсо, эми жүрөгү кубанычка толуп: «Мээримдүүлүк көрсөткөн Жахаба»,— деген. Анын ою эмнеден улам өзгөрүшү мүмкүн эле?

23 Акыр-аягы, Наами Жахаба аны эч качан таштабаганын түшүнө баштаган. Алсак, ал Жүйүттү көздөй жол тартканда, Жахаба аны жол бою Рут аркылуу колдоп келген (Рут 1:16). Ошондой эле Рут экөөнү кун төлөп сатып алганга укугу бар тууганы Бууз тамак-аш берип, кам көргөндө да, Наами Жахабанын жардам берип жатканын сезген * (Рут 2:19, 20б). Сыягы, ал: «Мен эми түшүндүм, көрсө, Жахаба мени эч качан таштабаптыр, ушунча убакыт бою дайыма жанымда болуп келиптир»,— деп ойлонсо керек. (Окугула: Забур 136:23, 26.) Наами Рут менен Бууздун ага талыкпай кам көрүп келгенине чексиз ыраазы болгону шексиз! Нааминин жан дүйнөсү кайрадан жанданып, күчкө толуп, Жахабаны даңктай баштаганда, үчөөнүн тең канчалык сүйүнгөнүн элестетип көрсөңөр.

24. Эмне үчүн мээримдүү болуп, бири-бирибизге талыкпай жардам бере бергибиз келет?

24 Рут китебинен мээримдүүлүк жөнүндө эмнелерди билдик? Мээримдүү болсок, көңүлү чөгүп жүргөн ишенимдештерибизге багынбай жардам бере беребиз. Алардан эч нерсебизди аябайбыз. Аксакалдар башкаларга жардам берип жаткан ишенимдештеринин аракетин байкап, өз убагында мактап, жылуу сөзүн айтып турушу керек. Кимдир бирөөнүн кайрадан күчкө толуп, Жахабага кубанып кызмат кыла баштаганын көргөндө төбөбүз көккө жете сүйүнөбүз (Элч. 20:35). Бирок мээримдүү болуп, бири-бирибизге талыкпай жардам бергенибиздин эң негизги себеби эмнеде? Биз «мээримдүүлүгү... чексиз» Жахабадан үлгү алып, аны кубанткыбыз келет (Чыг. 34:6; Заб. 33:22).

130-ЫР: Кечиримдүү бололу

^ 5-абз. Жахаба биздин мээримдүү болуп, ишенимдештерибизге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болушубузду каалайт. Анын байыркы убактагы кызматчылары да бул сапатты чагылдырышкан. Алардын айрымдарынын үлгүсүн карап чыкканыбыз мээримдүүлүк деген эмнени билдирерин тереңирээк түшүнгөнгө жардам берет. Бул макалада Руттун, Нааминин жана Бууздун үлгүсүнө токтолобуз.

^ 8-абз. Бул макалада айтылган ойлорду тереңирээк түшүнүш үчүн Рут 1, 2-бөлүмдөрдү өз алдыңарча окуп чыкканга чакырабыз.

^ 23-абз. Бууздун кун төлөп сатып алганга болгон укугу жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн төмөнкү макаланы карагыла: «Күзөт мунарасы», 2012-ж., 1-октябрь, 20-б., «Ишенимдин үлгүсү. Жакшы келин».