Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

22-ЫР: Кудайдын Падышалыгы келсин!

Жахабанын жакында чыгара турган сот өкүмдөрү жөнүндө эмнелерди билебиз?

Жахабанын жакында чыгара турган сот өкүмдөрү жөнүндө эмнелерди билебиз?

«Жахаба. . . эч кимдин өлүшүн каалабайт» (2 ПЕТ. 3:9).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Жахабанын жакында чыгара турган сот өкүмдөрүнүн баары туура жана адилеттүү болорунан шектенбесек болот.

1. Жүрөк толкуткан учурда жашап жатабыз деп эмне үчүн айта алабыз?

 БИЗ жүрөк толкуткан учурда жашап жатабыз. Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар көз алдыбызда аткарылып жатат. Мисалы, «түндүк падышасы» менен «түштүк падышасынын» дүйнөнү башкарып алганга далалат кылып, тирешип жатканын көрүп жатабыз (Дан. 11:40). Ошондой эле Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар болуп көрбөгөндөй деңгээлде таратылып, ага миллиондогон адамдардын кулак кагып жатканына күбө болуп жатабыз (Ыш. 60:22; Мт. 24:14). Мол рухий тамакты да «өз убагында» алуудабыз (Мт. 24:45—47).

2. Эмнеден шектенбесек болот, бирок эмнени эске алышыбыз керек?

2 Жахаба бизге алдыда боло турган маанилүү окуяларды айкыныраак түшүнгөнгө жардам берип келет (Накыл 4:18; Дан. 2:28). Ошондуктан биз улуу алааматка ал башталганга чейин эле даяр болуп каларыбыздан шектенбесек болот. Себеби ишенимден жазбаш үчүн жана ошондой оор учурда да биримдүү болуш үчүн эмне кылыш керектигин билип калабыз. Бирок жакында боло турган окуяларды майда-чүйдөсүнө чейин билбешибиз мүмкүн экенин эске алышыбыз керек. Бул макалада алгач ушул окуялардын айрымдарына болгон көз карашыбызды эмне үчүн өзгөрткөнүбүздү карайбыз. Андан соң аларга байланыштуу билген нерселерибиздин айрымдарын талкуулайбыз. Ошондой эле асмандагы Атабыздын кандай иш кыларына токтолобуз.

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛБЕЙБИЗ?

3. Мурда эмне деп ойлочубуз жана эмне үчүн?

3 Буга чейин улуу алаамат башталганда Жахабага ишенбегендердин бирине да ал тарапты ээлегенге, Армагедондон аман өткөнгө мүмкүнчүлүк берилбейт деп айтып келгенбиз. Анткени Топон сууда болгон нерселердин баары келечекте боло турган окуялардын көлөкөсү деп түшүнчүбүз. Алсак, Жахаба Топон суунун алдында кеменин эшигин жапкан. Ошо сыңары, ал улуу алаамат башталганда Шайтандын дүйнөсүндөгүлөргө «эшикти жаап», эч кимге куткарылууга мүмкүнчүлүк бербейт деп ойлочубуз (Мт. 24:37—39).

4. Топон суу жөнүндөгү окуяны келечектеги окуялардын көлөкөсү деп эсептейбизби? Түшүндүргүлө.

4 Топон суу жөнүндөгү окуяны келечектегинин көлөкөсү катары карашыбыз керекпи? Жок. Эмне себептен? Анткени Ыйык Китепте ушул ойду бышыктаган эч нерсе айтылбайт a. Ооба, Исанын «Нухтун күндөрүн» өзүнүн катышуусунун убагына салыштырганы чын. Бирок Топон суу, ошол убакта жашаган ар бир киши же ар бир окуя келечекте бир нерсени билдирет деп айткан эмес. Ошондой эле кеменин эшигинин жабылышы пайгамбарлык мааниге ээ деген да эмес. Анткен менен Нух жана Топон суу жөнүндөгү билдирүүдөн көп нерсени үйрөнө алабыз.

5. а) Топон сууга чейин Нух эмнелерди кылган? (Еврейлер 11:7; 1 Петир 3:20). б) Нухтай болуп, биз да эмне кыла албашыбыз мүмкүн?

5 Жахаба Топон суу болорун эскерткенде, Нух ага кулак кагып, дароо кеме кура баштаган. Ага ишенерин ошентип көрсөткөн. (Окугула: Еврейлер 11:7; 1 Петир 3:20.) Ушу сыяктуу эле, бүгүнкү күндө Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабарды уккандар тийиштүү иш-аракет кылышы керек (Элч. 3:17—20). Петир Нухту «адилдиктин кабарчысы» деп атаган (2 Пет. 2:5). Бирок, буга чейинки макалада талкуулаганыбыздай, Нухтун ошол убакта жашаган ар бир кишиге Топон суу келерин эскертип чыккан-чыкпаганын билбейбиз. Бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрү дүйнө жүзү боюнча кабар айтат жана бул ишти ынталуулук менен аткарышат. Ошентсе да жакшы кабарды дүйнөнүн акыры келгенге чейин, канчалык аракет кылсак да, ар бир кишиге жеткире албашыбыз мүмкүн. Эмне үчүн?

6, 7. Улуу алаамат келгенге чейин жер бетинде жашаган ар бир кишиге жакшы кабарды жеткире алабызбы? Түшүндүргүлө.

6 Исанын кабар айтуу иши канчалык кулач жаяры жөнүндө эмне дегенине көңүл бурсаңар. Ал жакшы кабардын «дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратыларын» алдын ала айткан (Мт. 24:14). Бул пайгамбарлык азыркы учурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде аткарылып жатат. Айталы, Падышалык жөнүндөгү кабарды камтыган адабияттар, видеолор 1 000ден ашык тилде чыгарылып жатат. Ошондой эле ал jw.org сайтыбыз аркылуу дүйнө калкынын көпчүлүк бөлүгүнө жетип жатат.

7 Бирок Иса шакирттерине, ал «келгенге» чейин, бардык шаарларды «кыдырып чыгууга жетишмек» эместигин, башкача айтканда, ар бир кишиге кабар айта алмак эместигин айткан (Мт. 10:23; 25:31—33). Исанын сөздөрү биздин күндөргө да тиешелүү. Анткени миллиондогондор кабар айтуу ишине катуу чектөө коюлган өлкөлөрдө жашашат. Андан тышкары, мүнөт сайын жүздөгөн ымыркайлар төрөлөт. Албетте, биз «бардык улуттарга, урууларга, тилдерге» жакшы кабарды жеткиргенге колубуздан келишинче аракет кылып жатабыз (Аян 14:6). Бирок улуу алаамат келгенге чейин жер бетинде жашаган ар бир кишиге жакшы кабарды жеткире албай турганыбыз бышык.

8. Жахабанын келечекте чыгара турган өкүмдөрүнө байланыштуу кандай суроолор туулушу мүмкүн? (Сүрөттөрдү да карагыла.)

8 Ушундан улам мындай суроолор туулат: улуу алаамат башталганга чейин жакшы кабарды укканга мүмкүнчүлүгү болбой калгандар эмне болот? Жахаба жана ал сот жүргүзүүгө бийлик берген Уулу аларга кандай өкүм чыгарат? (Жкн. 5:19, 22, 27; Элч. 17:31). Бул макаланын негизи аятында айтылгандай, Жахаба «эч кимдин өлүшүн каалабайт». Тескерисинче, «баарынын өкүнүшүн каалайт» (2 Пет. 3:9; 1 Тим. 2:4). Бирок Жахабанын жакшы кабарды укканга мүмкүнчүлүгү болбой калгандарга кандай өкүм чыгарарын ачып бере элек экенин унутпашыбыз керек. Чынында, ал бизге эмнелерди кылганын же эмнелерди кыларын айтып бергенге милдеттүү эмес.

Улуу алаамат башталганга чейин жакшы кабарды укканга мүмкүнчүлүгү болбой калгандарга Жахаба кандай өкүм чыгарат? (8-абзацты карагыла) c


9. Жахаба Ыйык Китепке эмнелерди жаздырып койгон?

9 Жахаба өзүнүн Сөзүнө эмнелерди кыларын жаздырып койгон. Маселен, анда Жахабанын жакшы кабарды укканга жана өзгөргөнгө мүмкүнчүлүгү болбой көзү өтүп кеткен «адил эмес» адамдарды тирилтери айтылат (Элч. 24:15; Лк. 23:42, 43). Ушундан улам дагы башка маанилүү суроолор туулат.

10. Дагы кандай суроолор туулат?

10 Улуу алаамат учурунда болгон окуяларда көз жумгандар түбөлүккө жок кылынып, тирилбейби? Ыйык Китепте Жахаба жана анын аскери ага каршы чыккандарды Армагедондо жок кылары жана алардын тирилбей турганы ачык айтылган (2 Тес. 1:6—10). Ал эми улуу алаамат учурунда ар кандай каргашадан, кырсыктан же киши колдуу болуп өлгөндөр эмне болот? (Нас. 9:11; Зак. 14:13). Алардын айрымдары жаңы заманда «адил эмес» адамдар менен бирге тирилеби? Биз муну билбейбиз.

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛЕБИЗ?

11. Армагедондо адамдар эмненин негизинде соттолот?

11 Келечекте боло турган окуяларга байланыштуу айрым нерселерди так билебиз. Мисалы, биз Исанын адамдарды Армагедондо анын бир туугандарына мурун кылган мамилесине жараша соттоорун билебиз (Мт. 25:40). Машаякты жана майлангандарды колдоп келгендер кой мүнөздүү деп табылат. Ошондой эле Машаяктын бир туугандарынын айрымдары улуу алаамат башталганда дагы деле жерде болорун жана Армагедон башталарына аз калганга чейин асманга алынып кетпей турганын билебиз. Демек, Машаяктын бир туугандары ошол учурда дагы деле жерде болсо, анда жүрөгү таза адамдардын аларды жана алар аткарып жаткан ишти колдогонго мүмкүнчүлүгү болот (Мт. 25:31, 32; Аян 12:17). Бул эмне үчүн көңүлгө аларлык?

12, 13. «Улуу Бабыл» жок кылынганда айрымдар эмне кылышы мүмкүн? (Сүрөттөрдү да карагыла.)

12 Улуу алаамат башталгандан кийин да айрымдар «Улуу Бабылдын» жок кылынганын көрүп, Жахабанын Күбөлөрүнүн ушуну мурунтан эле айтып келгенин эстеши ыктымал. Ушул окуяларды көргөндө кээ бирөөлөр Жахабага ишенип калышы мүмкүнбү? (Аян 17:5; Жез. 33:33).

13 Ошондой деле болушу мүмкүн. Мисалы, «ар кайсы элден чыккан көп сандаган адамдар» ысрайылдыктарга кошулуп Мисирден чыгып кеткенин эстесеңер. Алардын айрымдары Муса эскерткен он жаза ишке ашырыла баштаганда Жахабага ишенип калса керек (Чыг. 12:38). Эгер Улуу Бабыл жок кылынганда да ошондой болсо, булар дүйнөнүн акырына аз калганда бизге кошула калышты деп жаман болобузбу? Түк да антпейбиз. Биз «кайрымдуу, ырайымдуу, ачууланганга шашпаган, мээримдүүлүгү менен чындыгы чексиз Кудайыбызды» туурагыбыз келет b (Чыг. 34:6).

Айрымдар «Улуу Бабылдын» жок кылынганын көрүп, Жахабанын Күбөлөрүнүн ушуну мурунтан эле айтып келгенин эстеши мүмкүн (12, 13-абзацтарды карагыла) d


14, 15. Адамдын түбөлүктүү келечеги анын качан өлөрүнөн же кайсы жерде жашаарынан көз карандыбы? Түшүндүргүлө. (Забур 33:4, 5).

14 Кээде айрымдардын: «Тиги тууганым улуу алааматка чейин өлүп калса, жакшы болот эле. Ошондо тирилмек»,— деп айтканын угуп калабыз. Албетте, муну жакшы эле ниет менен айтышат дечи. Бирок адамдын түбөлүктүү келечеги анын качан өлөрүнөн көз каранды эмес. Биз Жахабанын жеткилең Сот экенин жана дайыма туура, адилеттүү чечим чыгарарын унутпашыбыз керек. (Окугула: Забур 33:4, 5.) «Жер жүзүнүн Соту» эч качан адилетсиздик кылбай турганынан шектенбейли (Башт. 18:25).

15 Андан тышкары, адамдын түбөлүктүү келечеги анын азыркы учурда каякта жашап жатканынан көз каранды эмес деп жыйынтык чыгарганыбыз акылга сыярлык. Мисалы, айрым өлкөлөрдө миллиондогон адамдардын Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындыкты билгенге мүмкүнчүлүгү жок. Жахабанын алардын баарын ошол өлкөлөрдө жашаганы үчүн эле автоматтык түрдө «эчки» деп эсептеп коёру мүмкүн эмес (Мт. 25:46). Жер жүзүнүн адилеттүү Соту аларга бизден да көбүрөөк күйүп-бышат. Биз Жахабанын улуу алаамат учурунда окуяларды кантип багыттаарын билбейбиз. Балким, Жахаба улуу алаамат учурунда өзүнүн ысымын бардык улуттардын алдында ыйыктаганда, айрымдар ал жөнүндө билип, ага ишенип, ал тарапты ээлеп калаттыр (Жез. 38:16).

Улуу алаамат башталгандан кийин. . . ушул окуяларды көргөндө кээ бирөөлөр Жахабага ишенип калышы мүмкүнбү?

16. Жахаба жөнүндө эмнелерди жакшы билебиз? (Сүрөттү да карагыла.)

16 Ыйык Китепти изилдегендин аркасында Жахабанын адамдардын өмүрүн канчалык жогору баалаарын биле алабыз. Ал ар бир киши түбөлүк жашасын деп өзүнүн Уулун өлүмгө кыйган (Жкн. 3:16). Анын бизди жакшы көрөрүн да сезип келебиз (Ыш. 49:15). Ал ар бирибизди атыбыздан билет. Бизди ушунчалык жакшы билгендиктен, кокус, көзүбүз өтүп кетсе, кулк-мүнөзүбүздү, эс тутумубузду так эле мурункудай кылып калыбына келтире алат (Мт. 10:29—31). Андыктан асмандагы мээримдүү Атабыздын келечекте адамдарды акылмандык, адилеттүүлүк жана ырайымдуулук менен соттой турганынан кымындай да күмөн санабасак болот (Жкп. 2:13).

Жахабанын келечекте адамдарды акылмандык, адилеттүүлүк жана ырайымдуулук менен соттой турганынан шектенбесек болот (16-абзацты карагыла)


17. Кийинки макалада эмнелерди талкуулайбыз?

17 Бул макалада айтылган тактоолор кабар айтуу ишинин мурункудан да шашылыш түрдө аткарылышы керектигин түшүнгөнгө жардам берет. Эмне үчүн ушинтип айта алабыз? Жакшы кабар айтуу ишине мындан ары да жигердүү катыша бергенге эмне түрткү берет? Бул суроолорго кийинки макаладан жооп алабыз.

76-ЫР: Тең келбейт эч нерсе

a Эмне үчүн ушундай тактоо болгонун билиш үчүн «Сенин эркиң ушундай болчу» деген макаланы карагыла («Күзөт мунарасы», 2015-ж., 15-март, 7—11-б.).

b Улуу Бабыл жок кылынгандан кийин, Магок жеринен чыккан Гок Жахабанын элине кол салганда, баарыбыз сыналабыз. Ошол учурда Улуу Бабыл жок кылынгандан кийин бизге кошулгандар да сыналат.

c СҮРӨТТӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Төмөндө айрымдар эмне үчүн жакшы кабарды укпай калышы ыктымал экени көрсөтүлдү: 1) Башка динди тутканга тыюу салынган өлкөдө жашагандыктан; 2) Жахабанын Күбөлөрүнө тыюу салынган өлкөдө жашагандыктан; 3) жетиш кыйын болгон алыскы аймакта жашагандыктан.

d СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Чындыктан кетип калган бир кыз мурда Улуу Бабылдын кыйратылары жөнүндө уккандарын эстеп жатат. Анан оюн өзгөртүп, Жахабанын Күбөсү болгон ата-энесине кайтып барды. Эгер айрымдар ушинтип кайтып келсе, асмандагы ырайымдуу, кайрымдуу Атабызды туурап, аларды кучак жайып тосуп алгыбыз келет.