Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишенимдүү ага-инилерге жоопкерчилик артуу

Ишенимдүү ага-инилерге жоопкерчилик артуу

«Менден... уккандарыңды башкаларды үйрөтө ала турган ишенимдүү адамдарга айт» (2 ТИМ. 2:2).

ЫРЛАР: 123, 53

1, 2. Көптөр кылып жаткан ишине кандай карайт?

КӨПТӨР өздөрүнө кылган ишине жараша баа беришет. Жумушунан, ээлеген абалынан улам алар өздөрүн башкалардан же жогору, же төмөн сезишет. Айрым маданияттарда кимдир бирөө менен таанышканда дароо эле андан: «Каякта иштейсиң?» — деп сурашат.

2 Ыйык Китепте да кээ бир адамдардын аты кылган иши менен чогуу айтылган учурлар кездешет. Алсак, анда «салык жыйноочу Матай», «тери иштеткен Симон», «сүйүктүү дарыгер Лука» жөнүндө айтылат (Мт. 10:3; Элч. 10:6; Кол. 4:14). Ошондой эле айрымдардын ысмы менен бирге Кудайдан алган тапшырмасы же сыймыктуу жоопкерчиликтери да айтылган. Мисалы, андан Дөөтү падыша, Илияс пайгамбар, элчи Пабыл тууралуу окуйбуз. Алар Кудай тапшырган ишти жогору баалашкан. Биз да аткарып жаткан милдеттерибизди, кызматыбызды баалашыбыз керек.

3. Улгайган бир туугандардын жашыраак ишенимдештерин үйрөткөнү эмне үчүн маанилүү? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

3 Көпчүлүгүбүзгө азыркы дайындообуз аябай жагат жана аны түбөлүккө аркалагыбыз келет. Бирок, өкүнүчтүүсү, Адам атанын күндөрүнөн бери улам бир муун кийинкисине алмашып келет (Нас. 1:4). Бул акыркы убактарда Жахабанын кызматчылары үчүн кандайдыр бир деңгээлде кыйынчылык жаратууда. Алардын жүргүзүп жаткан иши барган сайын кулач жайып, көбүрөөк күч-аракетти талап кылууда. Жаңы долбоорлорго киришкенибизде аны аткаруунун жаңы жолдорун өздөштүрүүгө туура келет. Ал жолдордун көбү улам тездик менен жаңырып турган техниканы колдонууну камтыйт. Жашы өтүп калган бир туугандардын айрымдарына андай техниканы өздөштүрүү кыйынга турушу мүмкүн (Лк. 5:39). Андай болбогон күндө да, алардын жаштарга караганда күчү азыраак болот (Накыл 20:29). Ошондуктан ал бир туугандардын жашыраак ишенимдештерин чоң жоопкерчиликтерди аткарууга үйрөтүп, даярдаганы сүйүүгө жаткандан сырткары, зор пайда алып келет. (Оку: Забур 71:18.)

4. Айрым бир туугандарга милдетин башкаларга өткөрүп берүү эмне үчүн кыйын? (« Эмне үчүн айрымдар милдетин өткөрүп бергиси келбейт?» деген кутучаны карагыла.)

4 Жетекчиликти колго алган бир туугандарга өзүнүн милдетин жашыраактарга өткөрүп берүү кыйын болушу мүмкүн. Себеби айрымдары кызматын аябай жакшы көргөндүктөн андан айрылгысы келбейт. Башкалары болсо жаштар ишти сапаттуу аткара албайт деп ойлогондуктан өздөрү көзөмөлдөп тургусу келет. Дагы бирөөлөрүнө башкаларды үйрөткөнгө убактысы жоктой сезилет. Ал эми жашыраак бир туугандар жөнүндө айта турган болсок, кайсы бир жооптуу иштер тапшырылбай жатса, алар чыдамдуу болушу керек.

5. Бул макалада кайсы суроолорду талкуулайбыз?

5 Анда эмесе, сыймыктуу жоопкерчиликти өткөрүп берүүгө байланыштуу маселени эки тарабынан карап көрөлү. Биринчиден, улуу бир туугандар жашыраак ага-инилерди көбүрөөк милдеттерди аткарууга кантип үйрөтсө болот жана бул эмне үчүн маанилүү? (2 Тим. 2:2). Экинчиден, жашыраак ага-инилердин тажрыйбалуу бир туугандарга жардам берүүдө жана алардан үйрөнүүдө туура көз карашта болгону эмне үчүн маанилүү? Анда Дөөтү падышанын өз уулун абдан жооптуу ишти аткарууга кантип даярдаганына токтололу.

ДӨӨТҮ ПАДЫША СУЛАЙМАНДЫ ДАЯРДАГАН ЖАНА КОЛДОГОН

6. Дөөтү падыша эмне кылгысы келген жана Жахаба ага эмне деген?

6 Бир канча жыл качкын болуп жүргөндөн кийин Дөөтү такка отуруп, бардык ыңгай-шарты бар үйдө жашап калган. Бирок ал Жахабага арналган үйдүн, башкача айтканда, ибадаткананын жок экенин ойлоп тынчсызданган. Ошондуктан Натан пайгамбарга: «Мен бал карагайдан салынган үйдө жашап жатам, Жахабанын келишиминин сандыгы болсо чатырда турат»,— деген. Натан пайгамбар: «Жүрөгүң эмнени каалап жатса, ошону кыл, анткени чыныгы Кудай сени менен»,— деп айткан. Бирок Жахаба буга башкача караган. Ал Натан аркылуу Дөөтүгө: «Мен жашай турган үйдү сен курбайсың»,— деген. Жахаба Дөөтү падышаны андан ары да батасын берерине ынандырса да, ибадаткананы анын уулу Сулайман курарын айткан. Дөөтү буга кандай караган? (1 Жылн. 17:1—4, 8, 11, 12; 29:1).

7. Дөөтү падыша Жахабанын айтканына кандай караган?

7 Дөөтү падыша ибадаткана курулганда өзүнүн аты чыкпай турганын ойлоп, ал ишти колдобой койгон эмес. Кийин ал ибадаткана, чындап эле, Дөөтүнүн эмес, Сулаймандын ибадатканасы деп белгилүү болуп калган. Жахабага арнап үй курам деген каалоосу орундалбай калганына кайгырса да, Дөөтү куруу ишин бүт жүрөгү менен колдогон. Ал ишти аткара турган топторду уюштуруп, эсеп жеткис темир, жез, күмүш, алтын жана бал карагай камдаган. Анан Сулайманды: «Эми, уулум, Жахаба сени менен болсун. Сени ийгилик коштоп жүрөт, Жахаба Кудайың өзү сен жөнүндө айткандай, сен ага арнап үй курасың»,— деп кайраттандырган (1 Жылн. 22:11, 14—16).

8. Эмнеден улам Дөөтү падыша Сулайманды ишти аткара албайт деп ойлошу мүмкүн эле, бирок ал эмне кылган?

8 Оку: 1 Жылнаама 22:5. Дөөтү падыша: «Сулайман андай чоң ишти көзөмөлдөй албайт»,— деп ойлошу мүмкүн эле. Анткени ибадаткана заңгыраган имарат болмок, Сулайман болсо «жаш, тажрыйбасы да аз» болчу. Бирок Дөөтү Жахабанын Сулайманга ал ишти аткарууга жардам берерин билген. Ошондуктан уулуна көмөктөшүүгө көңүл топтоп, керектүү курулуш каражаттарын мол белендеп берген.

БАШКАЛАРДЫ ҮЙРӨТҮҮДӨН КУБАНЫЧ АЛГЫЛА

Жашыраак бир туугандардын көбүрөөк жоопкерчилик алып жатканы кубандырат (9-абзацты карагыла)

9. Улуу бир туугандар канткенде милдеттерин башкаларга өткөрүп берүүдөн кубаныч ала алышат? Мисал келтиргиле.

9 Аткарып келген милдеттерин жашыраак ага-инилерге өткөрүп бериш керек болгондо улуу бир туугандар көңүлүн чөгөрбөшү керек. Анткени жаштардын жооптуу иштерди аткарууга үйрөтүлгөнү Жахабанын ишин алдыга жылдырууга өбөлгө түзөт. Улгайып калган бир туугандар өздөрү үйрөткөн жаштардын тапшырылган ишти аткарууга жарактуу болуп калганына сүйүнүшү керек. Мисалга баласына машине айдаганды үйрөтүп жаткан атаны алалы. Кичинекей кезинде бала тек гана атасынын машинени кантип айдаганын карап жүрөт. Бир аз чоңойгондо, атасы ага өзүнүн эмне кылып жатканын түшүндүрүп бере баштайт. Ал эми бала эресеге жетип, айдоочунун күбөлүгүн алганда машинени өзү айдай баштайт, атасы болсо андан ары да үйрөтө берет. Кээде экөө кезектешип айдайт. Бирок атасы улгайганда, көбүнесе баласы айдап калат. Акылдуу ата уулунун анын ордуна машинени айдап жатканына кубанат жана аны дайыма көзөмөлдөп турушум керек деп ойлобойт. Анын сыңарындай, улуу бир туугандар жашыраак ага-инилерди Жахабанын уюмунда жооптуу иштерди аткарууга үйрөткөнүнө кубанышат.

10. Муса пайгамбар атак-даңкка, бийликке кандай караган?

10 Жашы улуу бир туугандар ичи тарлыктан алыс болушу керек. Кээ бир ысрайылдык кишилердин конушта өздөрүн пайгамбарлардай алып жүргөнүн укканда Муса пайгамбардын эмне кылганына токтололу. (Оку: Сандар 11:24—29.) Кызматчысы Жашыя ага: «Мырзам, аларды токтот!» — деген. Сыягы, ал ошол кишилердин айынан Мусанын кадыр-баркы төмөндөп, бийлигине доо кетет деп ойлосо керек. Бирок Муса пайгамбар: «Мен үчүн коркуп жатасыңбы? Коркпой эле кой. Жахаба өзүнүн рухун элинин арасындагы ар бир кишиге берип, Жахабанын элинин баары пайгамбар болуп кетсе кана!» — деген. Анткени мунун Жахабанын жетеги менен болуп жатканын билген. Ал атак-даңкка умтулбай, өзүнө берилген рухий белектин Жахабанын бардык кызматчыларына берилишин каалаган. Биз да башкалардын бизге берилиши мүмкүн болгон сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болгонуна сүйүнөбүзбү?

11. Милдети башкага өткөрүлүп берилген ишенимдешибиз эмне деген?

11 Бүгүнкү күндө ондогон жылдардан бери күжүрмөн эмгектенип, башкаларды көбүрөөк жоопкерчилик алууга даярдаган бир туугандарыбыз арбын. Мисалы, Питер деген бир тууган 74 жылдан ашык толук убакыт кызмат кылган. Анын 35 жылын Европадагы филиалда өткөргөн. Ал кызмат бөлүмүнүн көзөмөлчүсү болуп келген. Жакындан бери ал милдетти бир канча жыл аны менен чогуу кызмат кылган Пол деген жашыраак ишенимдешибиз аткара баштаган. Питер бир туугандан ошол өзгөрүү жөнүндө кандай ойдо экенин сурашканда, ал: «Чоң жоопкерчилик алууга үйрөтүлгөн жана тапшырылган ишти майын чыгара аткарып жаткан бир туугандардын бар экенине аябай сүйүнөм»,— деген.

АРАБЫЗДАГЫ КАРЫЛАРДЫ БААЛАЙЛЫ

12. Рехабам жөнүндөгү билдирүүдөн эмнеге үйрөнсөк болот?

12 Сулайман падыша көз жумгандан кийин, ордуна уулу Рехабам бийлик кыла баштаган. Элди башкарууга байланыштуу кеңешке муктаж болгондо ал адегенде улуу кишилерге кайрылган. Бирок алардын кеңешин четке кагып, өзү менен бирге чоңойгон жана өзүнө кызмат кылган жаштардын айтканы боюнча иш кылган. Мунун кесепети каргашалуу болгон (2 Жылн. 10:6—11, 19). Мындан кандай сабак алсак болот? Улуу, тажрыйбалуу кишилерден акыл сурап, алардын сөзүнө кулак салганыбыз акылмандыкка жатат. Албетте, жашыраак бир туугандар өздөрүн кайсы бир ишти сөзсүз түрдө мурункудай аткарууга милдеттүү сезбеши керек, бирок ошол эле учурда улуулардын кеңешин дароо четке какпашы кажет.

13. Жашыраак бир туугандар улуулар менен кантип кызматташа алышат?

13 Жашыраак бир туугандардын айрымдары кары ишенимдештери да катышкан иштерди көзөмөлдөй башташы мүмкүн. Алардын ролу алмашса да, жаштардын чечим чыгарардан мурун көптү көргөн тажрыйбалуу бир туугандар менен акылдашканы жакшы. Жогоруда айтылган Питер бир туугандын ордуна көзөмөлчү болуп дайындалган Пол мындай дейт: «Мен атайын убакыт бөлүп, Питер бир туугандан кеңеш сурап турам. Бөлүмдөгүлөрдү да ошентүүгө үндөйм».

14. Элчи Пабыл менен Тиметейдин кызматташканынан эмнеге үйрөнсөк болот?

14 Тиметей өзүнөн улуу элчи Пабыл менен көп жыл бою ийиндеш туруп кызмат кылган. (Оку: Филипиликтер 2:20—22.) Пабыл Корунт шаарындагы жыйналыштагыларга: «Силерге Мырзабыздын жолундагы сүйүктүү, ишенимдүү балам Тиметейди жиберип жатам. Ал менин Машаяк Исанын шакирти катары бардык жерде, бардык жыйналыштарда колдонуп жүргөн ыкмаларымды эсиңерге салат»,— деп жазган (1 Кор. 4:17). Мындан Пабыл менен Тиметейдин тыгыз кызматташканы көрүнүп турат. Пабыл ага «Машаяк Исанын шакирти катары... колдонуп жүргөн ыкмаларын» үйрөткөн. Тиметей болсо аларды жакшы өздөштүрүп, Пабылдын көңүлүнө жаккан. Ошондуктан Пабыл анын Корунттагы бир туугандарга рухий жактан жакшы кам көрө аларына бекем ишенген. Бул башкаларды жыйналышта жетекчиликти колго алууга үйрөтүп жаткан аксакалдар үчүн сонун үлгү!

АР БИРИБИЗ САЛЫМ КОШО АЛАБЫЗ

15. Кайсы бир өзгөрүү жеке бизге таасир эткенде, Пабылдын римдиктерге берген кеңеши кандайча жардам берет?

15 Биз азыр жүрөк толкуткан убакта жашап жатабыз. Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгү бардык жагынан алга илгерилөөдө. Бирок ушундан улам көп нерселер өзгөрүүдө. Эгер андай өзгөрүүлөрдүн айрымдары жеке бизге таасир этсе, момун болуп, өз кызыкчылыгыбызды эмес, Жахабанын эркин ойлогонубуз маанилүү. Бул арабызда биримдик болушуна шарт түзөт. Элчи Пабыл Римдеги ишенимдештерине мындай деп жазган: «Ар бириңерге айтам: өзүңөр жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобогула. Анын ордуна, акыл-эстүүлүктү сактап, ар бириңер Кудайдан алган ишенимиңерге жараша өзүңөр жөнүндө туура ойдо болгула. Анткени, денебиздин мүчөлөрү көп болгону менен, баары бирдей кызмат аткарбагандай эле, биз да, көп болгонубузга карабай, Машаяк менен биримдикте бир денени түзөбүз, ал эми өз-өзүнчө алганда, бири-бирибизге таандык мүчөлөрбүз» (Рим. 12:3—5).

16. Улуулар, жашыраак бир туугандар жана алардын жубайлары Жахабанын уюмунда тынчтык, биримдик болушуна кантип салым кошо алышат?

16 Жагдайыбыз кандай болбосун, ар бирибиз Жахабанын теңдешсиз Падышалыгынын ишин мындан ары да алдыга жылдыра берели. Улуулар, өзүңөр кылып жаткан иштерди жашыраак ишенимдештериңерге үйрөткүлө. Жашыраак бир туугандар, силер болсо жоопкерчиликти алып, жөнөкөй болгула жана улууларды урматтап-сыйлагыла. Ал эми силер, зайыптар, жагдай-шарты өзгөргөндө күйөөсү Акиланы дайыма коштоп-колдоп жүргөн Прискиладан үлгү алгыла (Элч. 18:2).

17. Иса шакирттеринин эмне кыла аларына ишенген жана аларга эмнени үйрөткөн?

17 Башкаларды көбүрөөк жоопкерчиликтерди алууга үйрөтүү жагынан Иса Машаяк эң мыкты үлгү калтырган. Ал жердеги кызматы жакында аяктаарын жана өзү аткарган ишти башкалар улантарын билген. Шакирттери жеткилең эмес болсо да, Иса аларга ишенип, өзү кылгандан да чоң иштерди кыларын айткан (Жкн. 14:12). Ал шакирттерин кылдат окутуп-үйрөткөндүктөн, алар жакшы кабарды ошол убактагы дүйнөнүн чар тарабына жеткиришкен (Кол. 1:23).

18. Бизди кандай келечек күтүп турат жана ар бирибиз азыр эмне кыла алабыз?

18 Иса өмүрүн курмандыкка бергенден кийин, Кудай аны асманга тирилткен жана ага «бардык өкмөттөрдөн, бийликтерден, күчтөрдөн, башчылыктан... жогору турган» бийлик берип, мурункудан да көп иш тапшырган (Эф. 1:19—21). Эгер ишенимдүүлүгүбүздү сактап жүрүп Армагедонго чейин өлүп калсак, адилдик өкүм сүргөн жаңы заманда тирилебиз. Ал убакта канааттануу тартуулаган жумуш арбын болот. Ал эми азыр ар бирибиз маанилүү ишке — жакшы кабар таратуу жана шакирт даярдоо ишине — катыша алабыз. Андыктан жашпызбы, карыбызбы, келгиле, баарыбыз «Теңирдин ишин аткаруу үчүн дайыма көп эмгектене» берели (1 Кор. 15:58).