Забур 71:1—24
71 Оо, Жахаба, мен сенден баш маана таптым+.Эч качан уятка калбайын+.
2 Мени адилдигиң менен бошот, куткар+.Мага кулак сал, мени сакта+.
3 Ар дайым жашынышым үчүн, таштан курулган чеп бол+.Мени куткарууга буйрук бер+,Анткени сен менин аска-зоомсуң, чебимсиң+.
4 Оо, Кудайым, мени ыймансыздын колунан+,Адилетсиз, мыкаачы кишинин колунан куткар+.
5 Анткени сен менин үмүтүмсүң+, оо, Эгедер Теңирим Жахаба, жаш кезимен бери таянычымсың+.
6 Мен төрөлгөндөн тартып сага таянып келем+,Мени энемдин ичинен чыгарган сенсиң+,Ар дайым сени даңктайм+.
7 Көптөргө мен керемет болуп көрүнөм+,Бирок сен менин кубаттуу баш маанамсың+.
8 Оозум сени даңктайт+,Улуулугуңду күнү бою жар салат+.
9 Карыганымда, мени таштаба+;Алдан-күчтөн тайганымда, мени калтырба+.
10 Анткени душмандарым мени сөз кылып жатышат+,Жанымды алыш үчүн аңдып жүргөндөр өз ара кеңешип жатышат+.
11 Алар: «Кудай аны таштап кетти+.Артынан түшүп, кармагыла, анткени анын куткарар эч кимиси жок»,— деп жатышат+.
12 Оо, Кудай, менден алыстаба+.Оо, Кудайым, мага жардам берүүгө шашыл+.
13 Жаныма каршы чыккандар уятка калышсын, жок болушсун+.Башыма мүшкүл түшүргүсү келгендер маскара болушсун, басынтылышсын+.
14 Мен болсо дайыма сени күтөм+,Сага даңк артынан даңк айтам.
15 Оозум сенин адилдигиңди+,Куткарууңду күнү бою жар салат+,Анткени аларга сан жетпейт+.
16 Оо, Эгедер Теңир+ Жахаба, мен келип, улуу кудуретиңди жарыялайм+,Сенин, бир гана сенин адилдигиңди жар салам+.
17 Оо, Кудай, мени жаш кезимен бери үйрөтүп келатасың+,Мен азыркыга чейин сенин ажайып иштериң жөнүндө айтып жүрөм+.
18 Мени карыганымда да, чачым агарганда да таштаба+, оо, Кудай,Билегиңдин күчүн келерки муунга+,Кудуретиңди болочок урпактарга жарыя кылайын+.
19 Оо, Кудай, сенин адилдигиң асманга жетет+.Жасаган улуу иштериңе келгенде+,Сага ким тең келе алат, оо, Кудай?+
20 Сен менин көп азап тартып, көп кыйынчылык көрүшүмө жол бердиң+,Эми мени кайрадан жандандыр+,Жердин суу туңгуюктарынан кайра чыгар+.
21 Баркыма барк кош+,Мени коргоп, жубат+.
22 Мен болсо сени кыл аспап чертип даңазалайм+,Чындыгыңды жарыялайм, оо, Кудайым+.Арфа чертип, сени даңктайм, оо, Ысрайылдын Ыйыгы+.
23 Сени даңктап ырдагым келгенде+,Оозум, өзүң кун төлөп куткарган жаным кубанычтуу үн салат+.
24 Тилим да күнү бою адилдигиңди жар салат+,Анткени мага кара санап жаткандар уят болуп, алдастап калышты+.