1 Корунттуктар 4:1—21

4  Ошентип, башкалар бизди Машаяктын кызматчылары+ жана Кудайдын ыйык сырларын алган+ үй башкаруучулары+ катары көргүдөй болушсун.  Үй башкаруучуларынан+ болсо ишенимдүүлүк талап кылынат+.  Мага баа берип, соттой турган силерсиңерби же адамдардын сотубу+, мен үчүн анча маанилүү эмес. Мен өзүм да өзүмө баа бербейм.  Абийирим таза+, бирок ушундан улам эле адил болуп калбайм, анткени мага баа берип, соттой турган — Жахаба өзү+.  Ошондуктан Мырзабыз келгенче+, эч нерсеге алдын ала баа бербегиле+. Ал келип, караңгыдагы жашыруун нерселерди жарыкка чыгарат+, жүрөктөгү ниеттерди айкын кылат+. Ошондо ар бир адам ишине жараша Кудайдын мактоосуна татыйт+.  Бир туугандар, силердин пайдаңар үчүн жогорудагынын баарын өзүмө жана Аполоско+ тиешелүү кылып айттым. Ошентип, эч кимиңер бирөөнү башка бирөөдөн артык көрүп+, менменсинип кетпешиңер үчүн+, биздин үлгүбүздөн «Жазылгандан четтебегиле»+ деген эрежени өздөштүрүшүңөрдү каалайм.  Сен кимдин аркасы менен башкалардан өзгөчөлөнүп турасың?+ Баарын Кудайдан алган жок белең?+ Эгер алган болсоң+, анда эмнеге албагансып мактанып жатасың?+  Же силер тоюп калдыңарбы? Же байып калдыңарбы?+ Же бизсиз эле падышалык кыла баштадыңарбы?+ Чынында эле падышалык кыла баштасаңар кана, ошондо биз да силер менен падышалык кылмакпыз+.  Кудай бизди, элчилерди, өлүмгө өкүм кылынгандар катары+ сахнага акыркылардан кылып чыгарган сыяктанат+. Анткени биз дүйнөнүн, периштелердин+, адамдардын алдында+ оюн-зоокко айландык+. 10  Машаяк үчүн биз акылсызбыз+, силер акылдуусуңар+; биз алсызбыз+, силер күчтүүсүңөр+; силер барктуусуңар+, биз барксызбыз+. 11  Ушу кезге чейин ачка болуп+, суусап+, жупуну кийинип+, токмок жеп+, үй-жайсыз жүрөбүз+. 12  Иштеп+, өз колубуз менен эмгектенип келатабыз+. Бизди кордошкондо, батабызды беребиз+; куугунтукташканда, чыдайбыз+; 13  жалаа жабышканда, жумшак жооп беребиз+. Дүйнө бизди азыркыга чейин таштанды, акыр-чикир деп эсептейт+. 14  Мунун баарын силерди уяткарыш үчүн жазып жаткан жокмун, сүйүктүү балдарымдай көрүп насаат айтып жатам+. 15  Машаяктын шакирттеринин арасында он миң тарбиячыңар болгон күндө да+, силерге ата болгондор аз+. Жакшы кабар аркылуу мен силерге Машаяк Исанын жолунда ата болуп калдым+. 16  Андыктан силерден көптөн-көп өтүнөм: менден үлгү алгыла+. 17  Ошондуктан силерге Мырзабыздын жолундагы сүйүктүү, ишенимдүү балам+ Тиметейди жиберип жатам+. Ал менин Машаяк Исанын шакирти катары+ бардык жерде, бардык жыйналыштарда колдонуп жүргөн ыкмаларымды эсиңерге салат. 18  Мен силерге барбачудай болуп, кээ бирөөлөр менменсинип жатыптыр+. 19  Бирок, Жахаба кааласа, жакында барам+. Ошондо менменсингендердин сөзүн эмес, күчүн көрөм. 20  Анткени Кудайдын Падышалыгы сөз аркылуу эмес, күч аркылуу көрсөтүлөт+. 21  Кайсынысын каалайсыңар: силерге таяк менен барышымдыбы+ же сүйүү менен, жумшактык менен барышымдыбы?+

Шилтемелер