Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңби?

Билесиңби?

Байыркы убакта отту бир жерден экинчи жерге кантип алып барышчу?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ Башталыш 22:6да Ыбрайым пайгамбардын алыс жакка барып курмандык чалыш үчүн эмне кылганы тууралуу мындай делет: «Ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн даярдалган отунду уулу Ыскакка көтөртүп, өзү болсо от менен чоң бычакты алып, экөө жөнөп кетишти».

Ыйык Жазмада байыркы убакта отту кантип тутантышканы жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Бир изилдөөчү Ыбрайым менен Ыскактын отту «узак жол бою алып жүргөнү дээрлик мүмкүн эмес» экенин айткан. Анын айтымында, жогорудагы аяттагы сөз отту тутантууга зарыл болгон нерселерди билдириши мүмкүн.

Бирок башкалар байыркы убакта отту тутантуу оңой эмес болгонун белгилешет. Ал кезде отту өзүң тутантканга караганда, мүмкүн болсо, кошуна-колоңдордон чок ала койгон оңой болмок. Ушундан улам көптөгөн окумуштуулар Ыбрайым бир идишке, балким, көтөрүп жүрө турган чынжыры бар челекке көмүрдүн же түнкү оттон калган жыгачтын чогун салып, курмандык чалчу жерге алып барган деп ишенишет (Ыш. 30:14). Алыс жолдо чокту ушундай жол менен алып жүргөндө каалаган жерден ага кургак жыгач сала коюп, отту тутантуу кыйынга турмак эмес.