Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Ысрайылдыктардын Мисирде (Египет) кул болгонун далилдеген Ыйык Китептен башка дагы кандай булактар бар?

Ыйык Китепте Жусупту агалары Мисирге кулчулукка сатып жибергени жана кийин атасы Жакып үй-бүлөсү менен Канаандан Мисирге көчүп барганы айтылат. Алар Нил дарыясы Жер Ортолук деңизге куйган жерде жайгашкан Гошен деген жерге отурукташышкан (Башт. 47:1, 6). Алардан тараган ысрайыл эли «саны жагынан тез өсүп, барган сайын күчтүү боло» бергендиктен, мисирликтер коркуп, аларды кулга айлантышкан (Чыг. 1:7—14).

Учурда айрым сынчылар Ыйык Китептеги ал билдирүүнү уламыш деп эсептешет. Бирок семиттердин * Мисирде кул болгонун тастыктаган далилдер бар.

Мисалы, археологдор Мисирдин түндүгүнөн байыркы элдердин конуштарын табышкан. Жон Бимсон деген окумуштуу ал аймактан семиттердин 20 же андан ашык конушу табылганын айткан. Ал эми байыркы Мисирди изилдеген Жеймс Хоффмайер: «Болжол менен б.з.ч. 1800—1540-жылдары семит тилдеринде сүйлөгөндөр Азиянын батышынан [Жакыптын үй-бүлөсү жашаган жер] Мисирге жер которушкан»,— деген. Ал: «Ошол убакыт аралыгы „ысрайыл элинин уруу башчылары жашаган убакыт“ деп эсептелген мезгилге туш келет. Андыктан Башталыш китебинде баяндалган алар жашаган убак да, алар туш болгон жагдайлар да ошол эле мезгилге туура келет»,— деп да кошумчалаган.

Мисирдин түштүгүндө да ысрайылдык кулдардын болгонун ырастаган бир далилге токтололу. Ортоңку падышалык дооруна (болж. м-н б.з.ч. 2000—1600-ж.) таандык папируста Мисирдин түштүгүндө жашаган бир үй-бүлөнүн кулдарынын аттары жазылган. Ал ысымдардын 40тан ашууну семитче болгон. Ал кулдар тамак-аш жасашчу, кездеме токушчу, башка кара жумуштарды кылышчу. Жеймс Хоффмайер: «Фиваидадагы [Мисирдин түштүгү] бир эле үй-бүлөнүн 40тан ашуун семит кулу болсо, бүт Мисир боюнча, өзгөчө, Нил дарыясы Жер Ортолук деңизге куйган жердеги аймакта кулдар аябай эле көп болгон көрүнөт»,— деген.

Дэвид Рол аттуу археолог ошол папирустагы айрым ысымдардын «Ыйык Китептеги ысымдарга окшош экенин дароо эле байкаса болорун» жазган. Алсак, алардын арасында Исахар, Ашыр, Шипра деген ысымдар болгон (Чыг. 1:3, 4, 15). Дэвид Рол сөзүн: «Бул ысрайылдыктардын Мисирде кул болгонунун төгүндөлгүс далили»,— деп жыйынтыктаган.

Ал эми Жон Бимсон: «Ысрайылдыктардын Мисирде кул болгону жана ал жактан чыкканы жөнүндөгү Ыйык Китептеги билдирүү тарыхый далилдерге негизделет»,— деген.

^ 4-абз. «Семит» деген сөз Нухтун Шем деген уулунун атынан келип чыккан. Шемден, кыязы, эйламдыктар, ашурлуктар, каздимдиктер, ысрайылдыктар, сириялыктар, арабдардын айрым уруулары тараган.