Башталыш 47:1—31
47 Жусуп фараонго барып+: «Канаан жеринен атам менен бир туугандарым келиптир. Алар майда малы менен бодо малын, бүт мүлкүн ала келишиптир. Азыр алар Гошен жеринде»,— деди+.
2 Анан ал беш бир тууганын фараондун алдына алып барды+.
3 Фараон алардан: «Эмне иш кыласыңар?» — деп сурады+. Алар: «Кулдарыңыз, ата-бабаларындай эле+, кой багышат»,— деп жооп беришти+.
4 Анан: «Канаан жеринде катуу ачарчылык болуп+, кулдарыңыздын малына жайыт жок калгандыктан+, бул жерге келгин катары жашаганы келдик+. Кулдарыңызга Гошен жерине отурукташканга уруксат бериңиз»,— дешти+.
5 Ошондо фараон Жусупка: «Атаң менен бир туугандарың келген турбайбы.
6 Мына, Мисир жери өзүңдүн кол алдыңда+, аларды эң жакшы жерине жайгаштыр+. Гошен жеринде жашай беришсин+. Эгер алардын арасында иш билги кишилер бар экенин билсең+, аларды менин малыма көз салып турганга дайындап кой»,— деди+.
7 Андан кийин Жусуп атасы Жакыпты фараонго алып барды. Жакып фараонго батасын берди+.
8 Фараон Жакыптан: «Канчага келип калдың?» — деп сурады.
9 Жакып: «Көчүп-конуп, ар кайсы жерде келгин болуп жашаганыма 130 жыл болду+. Аз жашадым, азаптуу күндөрдү өткөрдүм+. Ар кайсы жерде келгин болуп жашаган ата-бабаларымдын жашына жеткен жокмун»,— деди+.
10 Анан фараонго батасын берип, анын жанынан кетти+.
11 Жусуп, фараон буйрук кылгандай, атасы менен бир туугандарын Мисир жерине жайгаштырып, өлкөнүн эң жакшы жеринен, Раамсес+ аймагынан, жер бөлүп берди.
12 Ал атасын, бир туугандарын жана атасынын бүт үй-бүлөсүн балдарынын санына жараша+ тамак-аш менен камсыз кылып турду+.
13 Ачарчылык абдан катуу болгондуктан+, ал жерде нан калбай калды. Мисирдин да, Канаандын да тургундары ачарчылыктан алсырап калды+.
14 Жусуп Мисир менен Канаан жериндеги акчанын баарын, элге эгин саткандан+ түшкөн акчанын баарын, чогултуп, фараондун үйүнө алып барды.
15 Мисирдеги, Канаан жериндеги акчанын баары түгөнгөндө, мисирликтер Жусупка келип: «Акчабыз түгөндү, бизге нан бер+. Сенин алдыңда ачкадан өлүп калганыбыздан эмне пайда?» — дей башташты+.
16 Ошондо Жусуп: «Акчаңар калбай калса, малыңарды алып келгиле, эгинди малга айырбаштайм»,— деди.
17 Алар Жусупка малын айдап келе башташты. Жусуп аларга жылкыларынын+, майда малы менен бодо малынын, эшектеринин ордуна тамак-аш берип турду. Ошол жылы ал тамак-ашты малга айырбаштап, элди тамак-аш менен камсыз кылып турду.
18 Ал жыл да соңуна чыкты. Кийинки жылы алар Жусупка келип: «Мырзабыздан жашырганда эмне, акчабызды да, малыбызды да мырзабызга берип бүттүк+. Өзүбүз менен жерибизден башка мырзабызга берчү эч нерсебиз калган жок+.
19 Биздин өлүп калганыбыздан+, жерибиздин иштетилбей калганынан эмне пайда? Андан көрө, өзүбүздү да, жерибизди да тамак-ашка сатып ал+. Өзүбүз фараонго кул болуп, жерибиз ага таандык болсун. Бизге үрөн бер, өлбөй тирүү калалы, жерибиз ээн калбасын»+,— дешти.
20 Катуу ачарчылыктын айынан мисирликтердин баары жерлерин сата баштагандыктан, Жусуп алардын бүт жерлерин фараон үчүн сатып алды+. Ошентип, жердин баары фараонго таандык болуп калды.
21 Анан Жусуп Мисирдин бир четинен экинчи четине чейин жашаган элди шаарларга көчүрдү+.
22 Ал дин кызматчылардын жерлерин гана сатып алган жок+. Дин кызматчылар фараон берген тамак-аш менен камсыздандырылып турушчу+, ошондуктан алар жерлерин сатышкан жок+.
23 Анан Жусуп элге: «Мен силерди да, жерлериңерди да фараон үчүн сатып алдым. Эми бул үрөндү алгыла да, жериңерге эккиле+.
24 Анан түшүмүңөрдү жыйнаганда+ бештен бир бөлүгүн фараонго бергиле+. Калган төрт бөлүгү болсо үрөндүккө, ошондой эле өзүңөргө, балдарыңарга, үйүңөрдө жашагандарга жегенге калсын»+,— деди.
25 Алар: «Сен биздин өмүрүбүздү сактап калдың+. Мырзабыздын көз алдында ырайым табалы, фараонго кул бололу»,— дешти+.
26 Жусуп түшүмдүн бештен бир бөлүгү фараонго берилсин деп буйрук чыгарды. Ал буйрук Мисир жеринин бардык аймактарында азыркы күнгө чейин күчкө ээ. Дин кызматчылардын гана жерлери фараондун карамагына өткөн жок+.
27 Ысрайыл эли Мисирде, Гошен жеринде, жашады+. Ал жерге отурукташып, укумдап-тукумдап, абдан көбөйдү+.
28 Жакып Мисир жеринде он жети жыл жашады. Ошентип, ал 147 жашка чыкты+.
29 Ысрайылдын көз жума турган убагы жакындаганда+, ал уулу Жусупту чакырып: «Сенин көз алдыңда ырайым тапкан болсом, колуңду санымдын астына коюп+, мага мээримдүүлүк, ишенимдүүлүк көрсөтөм деп ант бер+. Суранам, сөөгүмдү Мисир жерине койбо+.
30 Ата-бабаларыма окшоп өлгөнүмдө+, сөөгүмдү Мисир жеринен алып чыгып, ата-бабаларым коюлган жерге кой»+,— деди. Жусуп: «Сиз айткандай кылам»,— деди.
31 Ошондо Ысрайыл: «Ант бер»,— деди. Жусуп ант берди+. Анан Ысрайыл төшөктүн баш жагында отурган жеринен таазим кылды+.