Мазмунун көрсөтүү

АЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА

Ал акырына чейин багынган эмес

Ал акырына чейин багынган эмес

Илияс пайгамбар Ахап падыша өлүптүр деген кабар угат. Улгайып калган пайгамбар ондогон жылдар бою бийлик жүргүзгөн ал ыймансыз падышанын тушунда өткөн оор күндөрүн эсине түшүрүп, сакалын сылай тунжурап ойго батып отурат. Анын башынан көп нерсе өткөн. Ынсапсыз Ахап падыша менен аялы Изабел аны коркутуп-үркүтүп, изине сая түшүп алышкан, атүгүл анын жанын алууну көздөшкөн. Уу тырмак Изабел Жахабанын көптөгөн пайгамбарларын кырып салууга буйрук бергенде, Ахап аны тыйып койгон эмес. Ал тургай экөө ач көздүктүн айынан арам оюн ишке ашырып, адил, бейкүнөө Наботтун жана анын уулдарынын көзүн тазалашкан. Ошондуктан Илияс пайгамбар Жахабанын Ахапка жана анын үйүндөгү эркек аттуулардын баарына чыгарган өкүмүн жарыялаган болчу. Акыры, Ахап өмүрүнөн айрылды. Баары Кудай кандай айтса, так ошондой аткарылды (1 Падышалар 18:4; 21:1—26; 22:37, 38; 2 Падышалар 9:26).

Бирок Илияс пайгамбар дагы деле багынбашы керектигин түшүнөт. Анткени жаалдуу Изабел тирүү жүргөн жана үй-бүлөсүн, бүтүндөй элди жаман жолго түртүп, терс таасирин тийгизип жаткан. Илияс пайгамбар алдыда оор кыйынчылыктарга туш болмок жана анын ордун баса турган Элишаны көп нерсеге үйрөтүшү керек эле. Анда эмесе, Илияс пайгамбардын акыркы үч тапшырмасы жөнүндө сөз кылалы. Анын бекем ишеними багынбаганга кандайча жардам бергенин карап чыгуунун аркасында биз да азыркы оор күндөрдө ишенимибизди бекемдей бериш үчүн эмне кылсак болорун билебиз.

Ахазияга чыгарылган өкүм

Ошентип, падышалык такка Ахап менен Изабелдин уулу Ахазия отурду. Акылсыз ата-энесинин кылгандарынан сабак алгандын ордуна ал алардын жолуна түшүп кетет (1 Падышалар 22:52). Ата-энесине окшоп, Ахазия Баал деген жалган кудайга сыйынат. Баалга сыйынгандардын баары үрөй учурган иштерди кылышчу. Ибадатканада сойкулук кылуу, балдарды курмандыкка чалуу алардын сыйынуусунун бир бөлүгү эле. Ахазияга жаман жолунан кайтышына жана Жахабага ишенимсиздик кылган элди туура жолго салышына бир нерсе түрткү бериши мүмкүн беле?

Бир күнү текебер жаш падыша кырсыкка кабылат. Ал үйүнүн үстүнкү бөлмөсүнүн тор тосмосунан кулап кетип, катуу жаракат алат. Өмүрү кылдын учунда турса да, ал Жахабага жардам сурап кайрылбайт. Анын ордуна душман болгон пелиштиликтердин кудайы Баал-Зебуптан айыгар-айыкпасын суратыш үчүн кишилерин Экрон шаарына жөнөтөт. Анын бул кылганы Жахабага такыр жакпайт. Ошондуктан Илияс пайгамбарга периштесин жиберип, алардын алдынан чыгууну айтат. Пайгамбар падышага суук кабарды айттырыш үчүн ал кишилерди артка кайтарат. Ысрайылда Кудай жоктон бетер ошондой иш кылуу менен Ахазия чоң күнөөгө баткан болчу. Ошон үчүн Жахаба Кудай анын төшөктөн турбай, өлөрүн айттырат (2 Падышалар 1:2—4).

Туура эмес иш кылганын мойнуна алгандын ордуна Ахазия: «Алдыңардан чыгып, ушул сөздөрдү айткан кишинин сырткы көрүнүшү кандай экен?» — деп кекете сурайт. Тигилер жупуну кийинген пайгамбарды сүрөттөп беришкенде, Ахазия анын тишпилик Илияс экенин дароо түшүнөт (2 Падышалар 1:7, 8). Илияс жөнөкөй жашап, бүт көңүлүн Кудайга кызмат кылууга топтогондуктан кийген кийимин сүрөттөгөндө эле анын Илияс экени айкын болгон. Дүнүйө деп жашаган Ахазия да, ата-энеси да андай эмес болчу. Илияс пайгамбардын үлгүсү көзүбүздү чындап маанилүү нерселерге багыттап, жөнөкөй жашоо өткөрүшүбүз керектигине байланыштуу Исанын кеңешине ылайык иш кылышыбыз зарыл экенин эске салат (Матай 6:22—24).

Кекке ууккан Ахазия Илияс пайгамбарды кармап келүүгө элүү башыны элүү кишиси менен жиберет. Алар тоонун башында * отурган Илиясты табышканда, элүү башы падышанын атынан: «Түш!» — деп буйруйт. Бул, кыязы, Илиястын жазага тартылганы жатканын билдирген. Ойлоп көрсөңөр, алар Илиястын «чыныгы Кудайдын кишиси» экенин билишсе да, өздөрүн аны коркутуп-үркүтүүгө укуктуу деп эсептешкен. Бул кандай гана жаңылыштык болгон! Илияс элүү башыга: «Эгер мен Кудайдын кишиси болсом, анда асмандан от түшүп, сени да, элүү кишиңди да жалмап кетсин»,— дейт. Ошондо Кудай өзү кийлигишип, «асмандан от түшүп, аны да, анын элүү кишисин да жалмап кетет» (2 Падышалар 1:9, 10). Бул окуядан Жахабанын өз кызматчыларына кимдир бирөөлөр жаман мамиле кылып, сыйлабастык көрсөтсө, көз жумуп койбой турганын биле алабыз (1 Жылнаама 16:21, 22).

Ахазия дагы башка элүү башыны элүү кишиси менен жиберет. Ал элүү башы мурунку элүү башыдан да акылсыз экенин көрсөтөт. Себеби, биринчиден, тоонун боорунда от жалмап кеткен 51 кишинин күлү дагы деле жатышы мүмкүн болчу. Бирок ал андан эч кандай сабак алган эмес. Экинчиден, ал мурунку элүү башынын өкүмдүк менен: «Түш!» — деп айткан сөзүн кайталап эле койгон эмес. Ал андан ашып: «Тезирээк түш!» — деп буйрук берет. Ошентип, акылсыздыгынын айынан, ал өз кишилери менен мурун келгендер сыяктуу эле өмүрүнөн айрылат. Падыша болсо андан беш бетер акылсыз экенин көрсөтүп, Илияс пайгамбарга жоокерлердин үчүнчү тобун жөнөтөт. Бактыга жараша, үчүнчү элүү башы акылдуулук кылат. Ал Илияска момундук менен кайрылып, өзүнүн да, жанындагы кишилеринин да өмүрүн сактап калышын сурап жалбарат. Кудайдын пайгамбары Илияс ал момун элүү башынын өтүнүчүн орундатып, Жахабанын ырайымдуулугун чагылдырат. Жахабанын периштеси Илияс пайгамбарга ал жоокерлер менен бара берсе болорун айтат. Илияс баш ийип зөөкүр падышага барат да, Жахабанын өкүмүн дагы бир жолу кайталап айтат. Анан Кудайдын өкүмү ишке ашып, Ахазия өлөт. Ал болгону эки эле жыл бийлик кылган (2 Падышалар 1:11—17).

Илияс пайгамбар момун элүү башынын өтүнүчүн орундатып, Жахабанын ырайымдуулугун чагылдырган

Илияс пайгамбарга тоң моюн, баш ийбес замандаштарына чыдаганга эмне жардам берген? Бүгүн деле жагдай ошондой десек болот. Сен жакшылык каалаган кимдир бирөө туура кеңешти четке кагып, кесепеттүү жолунан бурулгусу келбегенде, кайгырган учуруң болду беле? Ушундай учурда чөкпөгөнгө эмне жардам берет? Жоокерлер издеп барганда, Илияс пайгамбардын тоодо отурганы жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Албетте, Илиястын эмне үчүн ал жерде отурганын так айта албайбыз. Ошентсе да асмандагы Атасы менен сүйлөшкөндү жакшы көргөн ал пайгамбар эч ким алаксытпаган, тынч жерге тилениш үчүн барса керек деп жыйынтык чыгарсак болот (Жакып 5:16—18). Ага окшоп, биз да Кудайды ысымынан чакырып, кыйынчылыктарыбызды, жүрөктү өйүгөн санааларыбызды айтып, тилениш үчүн дайыма убакыт табышыбыз керек. Ошондо башкалар өздөрүнө зыяндан башка жакшылык алып келбей турган иштерди кылганда, көп кайгырбайбыз.

Элишанын Илиястын кийимин алып калышы

Арадан убакыт өтүп, Илияска пайгамбарлык кызматын башкага өткөрүп бере турган маал келет. Анын эмне кылганына көңүл бурсаңар. Элиша экөө Гилгалдан чыгып жолдо баратканда, Илияс Элишага ошол жерде калышын, өзү болсо 11 чакырымдай алыстыктагы Бейтелге барарын айтат. Ошондо Элиша чечкиндүү түрдө: «Жахаба тирүү, сиз да тирүүсүз, мен сизден калбайм»,— дейт. Экөө Бейтелге жеткенде Илияс пайгамбар Элишага ошол жерде калууну, өзү болсо 22 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Жерихого барышы керектигин айтат. Элиша мурункусундай эле макул болбой коёт. Жерихого жетип, Иордан дарыясына 8 чакырымдай калганда жанагы жагдай үчүнчү жолу кайталанат. Илиястан калгысы келбеген Элиша айтканынан кайтпайт (2 Падышалар 2:1—6).

Элиша маанилүү сапатты, туруктуу сүйүүнү, көрсөтөт. Максатына жетмейин көрсөтүлө берүүчү мындай туруктуу сүйүүнү Рут деген келин да кайненеси Наамиге көрсөткөн (Рут 1:15, 16). Кудайдын бардык кызматчыларынын бул сапатты көрсөткөнү азыркы күндө болуп көрбөгөндөй зарыл. Мунун маанилүүлүгүн Элишадай болуп жакшы түшүнөбүзбү?

Жаш шакиртинин ушундай туруктуу сүйүү көрсөткөнү Илияс пайгамбардын жүрөгүн кубантканы шексиз. Ушундай сапатты чагылдырганы үчүн Элиша Илияс пайгамбардын акыркы кереметине күбө болот. Шар аккан, айрым жерлери бир топ терең болгон Иордан дарыясынын жээгине келгенде Илияс кийими менен сууну чабат. Ошондо суу эки жакка бөлүнөт. Бул кереметти нарыраакта турган, ошол аймакта таза сыйынууда жетекчиликти колго алууга үйрөнүп жаткан «пайгамбар уулдарынын арасынан элүү киши» да көрөт (2 Падышалар 2:7, 8). Илияс пайгамбар аларды окутуп-үйрөтүүнү өзү көзөмөлдөсө керек. Бир нече жыл мурун Илияс ал жерде ишенимдүү кишилердин арасынан жалгыз өзү эле калгандай сезген. Бирок убакыттын өтүшү менен ал Жахабага сыйынган адамдардын саны дүркүрөп өскөнүн көргөн. Бул кызматын багынбай уланта бергени үчүн Жахабанын ага берген сыйлыгы болгон (1 Падышалар 19:10).

Иордандын аркы өйүзүнө өткөндөн кийин Илияс Элишага: «Кудай мени алып кеткенге чейин, эмне кылып берейин, айт»,— дейт. Илияс кете турган маалы келип калганын түшүнүп турат. Ал мындан ары жаш досунун сыймыктуу милдетти аркалап, өзгөчө абалга ээ болоруна ичи тардык кылбайт. Тескерисинче, колунан келген жардамын көрсөтүүгө дилгир болот. Элиша бир гана нерсени сурап: «Сиздеги күчтүн эки бөлүгү мага берилсинчи»,— дейт (2 Падышалар 2:9). Бирок бул анын Илияс пайгамбардыкынан эки эсе көп ыйык рух алгысы келерин билдирген эмес. Мыйзам боюнча, тун уул атасы каза болгондон кийин үй-бүлө башчынын милдеттерин аткара алышы үчүн мурастын көбүрөөк бөлүгүн же эки эсе көбүрөөк бөлүгүн алчу. Элиша ушундай мааниде мурас сураган (Мыйзам 21:17). Ал рухий мураскор катары, ага тапшырылган ишти аткара алышы үчүн Илиястын тайманбас рухуна муктаж экенин айкын түшүнсө керек.

Илияс пайгамбар момундук менен муну Жахаба чечерин айтат. Эгер Элиша Илияс пайгамбардын алынып кетип баратканын өз көзү менен көрсө, бул Кудайдын анын өтүнүчүн орундатууга макул экенин билдирмек. Анан бири-бири менен ынак болуп калган эки дос «сүйлөшүп кетип баратканда», укмуштуу бир керемет болот (2 Падышалар 2:10, 11).

Илияс менен Элишанын достугу экөөнө тең кыйын кезеңде багынбоого күч бергени шексиз

Күтүлбөгөн жерден асманда көздү уялта жаркыраган бир нерсе пайда болуп, жакындагандан жакындай берет. Ышкырган бороондун үнү сыяктуу кулак тундурган үн күчөп, аларды көздөй тездик менен келаткан жаркыраган нерсе аларга жеткенде, экөө эки жакка бөлүнүп кетет. Алар оттой жалындаган майдан арабаны көрүп, катып туруп калышат. Илияс анын кете турган убактысы келгенин түшүнөт. Ал арабага өзү чыгып отурганбы? Ыйык Китепте бул тууралуу эч нерсе айтылбайт. Кандай болбосун, Илияс өзүнүн куюн менен жогору карай, көккө көтөрүлүп баратканын сезет.

Буга күбө болгон Элиша таң калганынан нес болуп туруп калат. Анткени бул кереметтүү көрүнүш Жахабанын ага Илияс пайгамбардагы рухтун «эки бөлүгүн» берерине ынандырат. Бирок Элиша катуу кайгыргандыктан, бул тууралуу ойлоп да койбойт. Ал атасындай жакын болуп калган Илиястын каякка кетип баратканын билген эмес, кайра көрөм деп да үмүт кылган эмес көрүнөт. Ал: «Ата, ата! Карасаңыз, Ысрайылдын майдан арабасы менен атчандары!» — деп кыйкырат. Элиша устатынан көзүн албай, ал көздөн кайым болгуча, карап турат. Анан жүрөгү ачышкандыктан, үстүндөгү кийимин айрып жиберет (2 Падышалар 2:12).

Илияс пайгамбар асманга көтөрүлгөндө, жаш шакиртинин кыйкырган аянычтуу үнүн укканбы? Же, балким, көзүнө жаш алганбы? Эмнеси болсо да, ал кыйын кезеңде багынбоого түрткү берген досуна ыраазы болгону шексиз. Биз да, Илияс пайгамбардан үлгү алып, Кудайды сүйгөн жана анын эркин аткарууга умтулган адамдар менен достошконубуз абзел.

Жахаба Илиясты башка жерге пайгамбар кылып дайындаш үчүн алып кеткен

Акыркы дайындоосу

Куюн менен көтөрүлгөн Илияс пайгамбар каякка барган? Айрым диндерде ал Кудайдын жанында болуш үчүн асманга алынып кеткен деп айтылат. Бирок бул мүмкүн эмес болчу. Ошондон бир канча кылым өткөндөн кийин Иса Машаяк өзү жерге келгенге чейин асманга эч ким барбаганын айткан (Жакан 3:13). Ошо себептен Илиястын «куюн менен асманга көтөрүлүп кеткенин» окуганыбызда: «Анда ал кайсы асманга көтөрүлгөн?» — деген суроо туулат (2 Падышалар 2:11). Ыйык Китепте «асман» деген сөз Жахаба Кудай жашаган жайга карата эле эмес, булуттар калкып, канаттуу куштар учуп жүргөн кадимки асманга карата да айтылат (Забур 147:8). Илияс пайгамбар ошол кадимки асманга көтөрүлгөн. Андан ары эмне болот?

Жахаба сүйүктүү кызматчысы Илиясты башка жакка алып кетет. Тактап айтканда, аны кошуна турган Жүйүт падышалыгына пайгамбар кылып дайындайт. Ыйык Китептен Илиястын ошол окуядан, сыягы, 7 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин да Жүйүт жеринде пайгамбарлык кылып жүргөнүн билүүгө болот. Ал кезде Жүйүт аймагында Жорам деген зулум падыша бийлик жүргүзүп жаткан. Ал кара мүртөз Ахап менен Изабелдин кызына үйлөнгөндүктөн алардын таасири менен көп жаман иштерди кылчу. Жахаба Илияс пайгамбарга Жорамга чыгарылган өкүм тууралуу кат жазууну буйруйт. Алдын ала айтылгандай эле, Жорам азаптуу өлүмгө дуушар болот. Эң жаманы, «анын өлгөнүнө эч ким деле кайгырбайт» (2 Жылнаама 21:12—20).

Канкор падыша Жорам менен Илияс пайгамбардын айырмасы асман менен жердей болгон. Илияс пайгамбардын качан жана эмне болуп көз жумганын билбейбиз. Бирок ал, Жорамга окшоп, кыйналып жатып өлгөн эмес деп айта алабыз. Ошондой эле Жорам өлгөндө эч ким деле кайгырбаса, Илияс көз жумганда, кабыргасы кайышып, аза күткөндөрдүн болгону талашсыз. Өз уулундай болуп калган Элишанын аны сагынганы күмөнсүз. Башка пайгамбарлардын да аны жоктоп, кайгырганы шексиз. Ошондон 1 000 жылдай өткөндөн кийин Исанын көрүнүшү кереметтүү түрдө өзгөргөндө, жанында Илияс тургандай болуп көрүнгөн. Бул аркылуу Жахаба ал пайгамбарын дагы деле жогору баалаарын айкын кылган (Матай 17:1—9). Илияс пайгамбардан үлгү алып, оор кыйынчылыктарга туш болгондо багынбаганга түрткү берген күчтүү ишеним өрчүткүңөр келеби? Анда Кудайды сүйгөн адамдар менен дос болгула, рухий иштерди көңүлүңөрдүн борборунда сактагыла жана жүрөгүңөрдөгүнү төгүп, көп тиленгиле. Ошондо силер да, Илияс пайгамбардай болуп, мээримдүү Жахабанын жүрөгүнөн түбөлүккө түнөк табасыңар!

^ 9-абз. Айрым окумуштуулар бул билдирүүдө айтылган тоо Кармел тоосу болгон деп ырасташат. Кудай Кармел тоосунда Илияс пайгамбарга Баалдын пайгамбарларын жеңгенге күч берген болчу. Бирок Ыйык Китептеги бул билдирүүдө Илияс пайгамбар отурган тоо кайсы тоо болгону так айтылбайт.