Мазмунун көрсөтүү

Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла. Ыйык Китептеги жандандырылган каармандар

Бул макалалар байыркы убакта жашаган жана Кудайга бекем ишенген эркектер менен аялдар жөнүндөгү окуяларды жандуу элестеткенге жардам берет a. Ыйык Китептеги ал инсандар жана алардын кандай күчтүү ишенимге ээ болгонун окусаңар, силер да бекем ишеним өрчүтүп, Кудайга жакындай аласыңар.

Ал эми «Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла» деп аталган видеолор Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынан дагы көбүрөөк үйрөнгөнгө жардам берет.

a Окуялар көз алдыңарга айкын тартылып, өзүңөрдү ал инсандар менен кошо жүргөндөй элестете алышыңар үчүн, бул макалаларда Ыйык Китепке жазылбаган айрым нерселер кошулган. Алардын Ыйык Китептеги билдирүүгө, тарыхый жана археологиялык табылгаларга шайкеш келерин аныкташ үчүн кылдат изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

Жаратуу мезгилинен Топон сууга чейин

Абыл. Ал өлсө да, «азыркыга чейин сүйлөп жатат»

Ыйык Китепте Абыл жөнүндө көп нерсе айтылбаса да, андан эмнеге үйрөнө алабыз?

Энох. «Кудайга жаккан» адам

Эгер үй-бүлөлүү болсоңор жана туура нерсени жактаганыңар үчүн оор жагдайга туш болсоңор, ишеними күчтүү Энохтон көп нерсени үйрөнө аласыңар.

Нух. Ал «чыныгы Кудайдын жолунда жүргөн»

Нух менен анын зайыбы балдарын тарбиялоодо кандай кыйынчылыкка туш болушкан? Алар кеме курууда кантип ишеним көрсөтүшкөн?

Нух. «Аны менен кошо дагы жети адамды сактап калган»

Нух пайгамбар үй-бүлөсү менен адамзат тарыхындагы эң оор учурда кантип аман калышкан?

Топон суу болгон убактан Мисирден чыкканга чейинки мезгил

Ыбрам. «Бардык ишенгендердин атасы»

Ыбрам кантип ишеним көрсөткөн? Канткенде андан үлгү алган болобуз?

Саара. «Сен сулуу аялсың»

Мисирден Фараондун төрөлөрү Сааранын сулуу аял экенин байкап калышкан. Андан кийин эмне болгону силерди таң калтырышы мүмкүн.

Саара. Кудай аны «каныша» деп атаган

Сааранын бул жаңы ысмы эмне үчүн өзүнө куп жарашкан?

Ребека. «Барам»

Ребека, Кудайга бекем ишенгенден тышкары, башка дагы сонун сапаттарга ээ болгон.

Жусуп. «Уксаңар, мен мындай түш көрдүм»

Жусуптун тамыры чиеленген үй-бүлөсү жөнүндөгү окуядан атасы же энеси өгөй, же болбосо багып алган балдары бар үй-бүлөлөр көп нерселерге үйрөнө алышат.

Жусуп. «Кантип мен ушундай жаман ишке барайын?»

Потипардын аялынын азгырыгына Жусуп кантип туруштук берген?

Жусуп. «Түштү чечмелей турган Кудай эмеспи?»

Жусуп фараондун жана анын шарап сунуучусу менен наабайчысынын түшүн эмне себептен жоруй алган? Анын түрмөдөн падышанын ак сарайына алынышына эмне себеп болгон?

Жусуп. «Мен, эмне, Кудай белем?»

Үй-бүлөңөрдө ичи тардыктын, чыккынчылыктын же жек көрүүнүн айынан кыйынчылыктар болуп жатса, Жусуп жөнүндөгү билдирүүдөн пайдалуу көп нерсеге үйрөнө аласыңар

Аюп. «Кынтыксыздыгыман жазбаймын!»

Ыйык Китептеги Аюптун окуясы оор мүшкүл түшкөндө же ишенимибиз сыналган учурларда Кудайга берилгендик сактоого кандайча жардам берет?

Аюп. Жахаба аны сакайткан

Шайтанды кубанычынан ажыратып, ал эми бизди аябай жакшы көргөн Жахабанын жүрөгүн сүйүнткүбүз келсе, Аюптай болуп, ишенимибизди бекем сакташыбыз керек.

Мириям. «Жахабага ырдагыла»!

Кызыл деңиздин жээгинде Кудайдын рухунун жетеги менен Мириям топ аялдарды жетектеп, жеңиш ырын ырдаган. Анын жашоосунан Кудайга ишенип, кайраттуу, момун болгонго үйрөнө алабыз.

Мисирден чыккандан Ысрайылдын алгачкы падышасы дайындалганга чейинки мезгил

Рахап. Ал «иштеринин негизинде адил деп жарыяланган»

Рахап жөнүндөгү билдирүүдөн Жахаба Кудайдын көз алдында баарыбыз баалуу экенибизди кандайча көрсөтүп турат? Кудайга бекем ишенген Рахаптан эмнеге үйрөнсөк болот?

Дебора. «Эне катары ордуман турдум»

Деборанын окуясынан Кудайга болгон ишеним жана кайраттуулук жөнүндө эмнелерди биле алабыз?

Рут. «Кайда барсаңыз, мен да ошол жакка барам»

Эмне үчүн Рут ата-энесин, үйүн калтырып, Наами менен кетүүгө даяр болгон? Рут Кудайга жаккан кайсы сапаттарды чагылдырган?

Рут. «Жакшы келин»

Рут менен Бууздун баш кошушу эмнеси менен өзгөчө болгон? Рут менен Наамиден үй-бүлөдөгү мамилелерге байланыштуу эмнелерге үйрөнө алабыз?

Анна. Ал Кудайга жүрөгүндөгүсүн төккөн

Аннанын Жахабага болгон бекем ишеними чечилбечүдөй болуп көрүнгөн сыноону көтөрүп кетүүгө жардам берген.

Шемуел. Ал «Жахабанын алдында чоңоюп жатты»

Шемуелдин бала чагы эмнеси менен өзгөчө болгон? Ыйык чатырда жүргөндө ишенимин өстүргөнгө ага эмне жардам берген?

Шемуел. Ал дайыма ишенимдүү болгон

Кудайга болгон ишенимибизди сынаган кыйынчылыктарга, көңүл кайттыкка баарыбыз эле туш болобуз. Шемуел пайгамбардын ишенимдүүлүгүнөн эмнеге үйрөнө алабыз?

Ысрайылдын биринчи падышасы дайындалгандан Исанын төрөлүшүнө чейин

Жонатан. «Жахабага эч нерсе тоскоолдук кыла албайт»

Жонатан менен анын курал көтөрүүчүсү мыкты куралданган бүтүндөй аскерге каршы чыгып, жеңишке жетишкен.

Дөөтү. «Бул — Жахабанын согушу»

Дөөтү эмнеден улам Голиатты жеңе алган? Бул окуядан эмнени билсек болот?

Дөөтү менен Жонатан. «Бүт жүрөгү менен тартылып, аны жанындай жакшы көргөн»

Тек-жайы, жаш курагы ар кандай болгон бул эки инсан кандайча ынак достордон болуп калышкан? Алардан достукка байланыштуу кандай үлгү алсак болот?

Абигейил. Ал акыл-эстүүлүк менен иш кылган

Абигейилдин үй-бүлөсүндөгү жагдайды чечкенинен эмнеге үйрөнө алабыз?

Илияс. Ал чыныгы сыйынуу үчүн күрөшкөн

Ыйык Китепте жазылгандарга кошулбагандар менен сүйлөшкөндө Илияс пайгамбарды кантип туурай алабыз?

Илияс. Ал сергек болуп, талыкпай күткөн

Жахабанын убадасынын аткарылышын күтүп жатып Илияс пайгамбар кандайча үзгүлтүксүз тилене берген?

Илияс. Ал Кудайдын жардамы менен кайраттанган

Кайсы окуялар Илияс пайгамбардын көңүлүн чөгөрүп, өзүнө өлүм тилешине алып барган?

Илияс. Ал адилетсиздикке карабай туруктуу болгон

Силер да адилетсиздиктен жапа чегип жатасыңарбы? Кудайдын иш-аракет кыла турган күнүн чыдамсыздык менен күтүп жатасыңарбы? Анда Илияс пайгамбардан эмнеге үйрөнө аларыңарды билгиле.

Илияс. Ал акырына чейин багынган эмес

Аягына чейин багынбаган Илиястын үлгүсү кыйын учурларда ишенимибизди бекемдегенге жардам берет.

Жунус. Ал катасынан сабак алган

Жахабадан тапшырма алганда Жунустун эмне үчүн качып кеткенин түшүнө аласыңарбы? Анын башынан өткөн окуядан Жахабанын чыдамдуулугу жана ырайымдуулугу жөнүндө маанилүү нерселерди биле алабыз.

Жунус. Ал боорукер болууга үйрөнгөн

Жунус пайгамбар жөнүндөгү билдирүү өзүбүздү чынчылдык менен текшерүүгө кандайча жардам берет?

Эстер. Ал эли үчүн жанын берүүгө даяр болгон

Башкалардан жанын аябаган Эстердей болуш үчүн ишеним жана кайраттуулук талап кылынат.

Эстер. Акылдуу, кайраттуу, жан аябас аял

Эстер Жахаба үчүн жана анын эли үчүн кантип жан аябастык көрсөткөн?

Исанын төрөлүшүнөн элчилер көз жумган мезгилге чейин

Мариям. «Мен Жахабанын кулумун!»

Мариямдын периштеге берген жообунан анын ишенимине байланыштуу эмнени байкоого болот? Ал дагы кандай сапаттарды чагылдырган?

Мариям. Ал «бардыгын көкүрөгүнө түйүп алган»

Бетлехемде болгон окуялар Мариямдын Жахабанын убадаларына болгон ишенимин бекемдеген.

Мариям. Анын жүрөгүнө канжар сайылгандай болгон

Мариямдын үлгүсү, башыбызга кандай мүшкүл түшпөсүн, көтөрүп кетүүгө жардам берет.

Жусуп. Ал мыкты үй-бүлө башчысы болгон

Жусуп үй-бүлөсүн кантип коргогон? Ал эмне үчүн Мариям менен Исаны Мисирге алып кеткен?

Марта. «Ишенем»

Күйүт тартып жатканына карабай, Марта кандайча күчтүү ишеним көрсөткөн?

Магдалалык Мариям. «Мен Мырзабызды көрдүм!»

Кудайга бекем ишенген магдалалык Мариям Исанын тирилгенин көргөн алгачкы шакирттердин бири болгон. Ага бул жакшы кабарды жарыялоо сыймыгы тапшырылган.

Петир. Ал шек саноо, коркуу сезими менен күрөшкөн

Шек саноо жана коркуу сезими аябай күчтүү болушу мүмкүн. Бирок Петир Исанын жолдоочусу болууга байланышкан шек саноолорун жана коркунучун жеңген.

Петир. Ал сыноолорго карабай берилгендигин сактаган

Петирге ишеним жана берилгендик кеңешти кабыл алууга кандайча жардам берген?

Петир. Ал кечиримдүүлүккө үйрөнгөн

Петир Мырзасынан кечиримдүүлүккө байланыштуу эмнеге үйрөнгөн? Иса Машаяк Петирди кечиргенин кантип көрсөткөн?

Тиметей. «Мырзабыздын жолундагы сүйүктүү, ишенимдүү бала»

Тиметейге уяңдыгын жеңип, Исанын жолдоочуларынын жыйналышында мыкты көзөмөлчү болгонго эмне жардам берген?