Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЖЫЙЫРМА БИРИНЧИ БӨЛҮМ

Ал шек саноо, коркуу сезими менен күрөшкөн

Ал шек саноо, коркуу сезими менен күрөшкөн

1—3. Петир Иса пайгамбардын кайсы кереметине күбө болгон жана шакирттер кайыкта сүзүп баратып, эмнеге кабылышкан?

СУУГА белчесинен бата кирген кайыкта Петир жанындагылары менен бирге калагын тынбай шилтеп, караңгы түндө сүрдүү деңизди сырдуу карайт. Түнөргөн асман чыгыш тараптан күңүрт жарык тартып келаткансыйт. Дагы бир түн карып, дагы бир күн жаралып, таң атар маал келип калган окшойт. Баятан болгон күчүн салып, калакты тынбай тарта берген Петирдин тула-бою ымыр-чымыр. Жулкунган шамал чачын уйпалап, деңизге алай-дүлөй түшүрөт. Толкунун толкун кубалап, күркүрөп келип кайыкка бир тие чарт жарылып, муздак суусун жаба чачат да, кайра артка тартат. Бирок Петир оңой менен багынып бере турган эмес.

2 Петир менен башка шакирттер Устатын тиги жээкте калтырып, өздөрү эле сүзүп кетишкен. Ошол күнү алар Иса пайгамбардын бир нече эле нан жана балык менен миңдеп саналган калың элдин курсагын тойгузганына күбө болушту. Муну көргөн эл аны падыша кылгысы келди, бирок ал баш тартты. Ал жолдоочуларынын да саясатка кийлигишпегенге чечкиндүү болушун каалайт. Устаты буларга деңиздин аркы өйүзүнө сүзүп барууну айтып, өзү тиленгени тоого кетти. (Мр. 6:35—45; оку: Жакан 6:14—17.)

3 Булар жээктен чыкканда так төбөдө толукшуп турган ай эми деңиздин аркы четине бата баштады. Бирок канча аракет кылышса да, араң эле бир нече чакырым жылышты. Буркан-шаркан түшкөн деңиздин добушу, аркыраган шамал алардын сөздөрүн алда кайда алып учуп, ким эмне дегени угулбайт. Петир болсо улутунуп, кат-кат ойлордун катмарында.

Петир Мырзасынан көп нерсеге үйрөнгөн, бирок дагы да үйрөнө бериши керек болчу

4. Петир кандайча бизге жакшы үлгү калтырган?

4 Петирдин сыр каткан ойлору көп болчу. Анын назареттик Иса пайгамбар менен жолукканына эки жылдын жүзү болгон. Петир андан көп нерсеге үйрөнгөн, бирок үйрөнүшү керек болгон нерселер андан да көп эле. Ал кээде коркуп, шек санаса да, туура нерсени кылууга дилгир болгон. Ошонусу менен бизге эң сонун үлгү калтырган. Келгиле, Петирден эмнелерге үйрөнө аларыбызды карап чыгалы.

«Биз Машаякты таптык»

5, 6. Петирдин жашоосу кандай болгон?

5 Иса пайгамбар менен жолуккан күн Петирдин көз алдынан кетпейт. Анын бир тууганы Андрес: «Биз Машаякты таптык»,— деп сүйүнчүлөп келген. Ошондон баштап Петирдин жашоосу түп-орду менен өзгөрдү. Эми анын максаттары башка (Жкн. 1:41).

6 Петир суусу тузсуз Галилея деңизинин түндүк жээгинен орун алган Капернаум шаарында аялы, кайненеси, бир тууганы Андрес менен чогуу жашачу. Үй-бүлөсүн багыш үчүн Андрес экөө Зебедейдин уулдары Жакып, Жакандар менен бирге балык уулап оокат кылышчу. Деңиз аңчылыгы — оор мээнетти, кара күчтү, шык-жөндөмдү талап кылган эмгек. Алар түн ката деңиз жортуулдарына далай чыгып, эки кайыктын ортосуна тор ыргытып, түшкөн олжосун кайыкка сала турган. Күндүзү да жандары тынбай, балыктарды иргеп-бөлүштүрүп, сатчусун сатып, торлорун тазалап, үзүлгөн жерлерин жамап-жаскашчу.

7. Петир Андрестен кандай кабар уккан жана ал эмне үчүн кубанычтуу кабар эле?

7 Ыйык Китепте Андрестин Чөмүлдүрүүчү Жакандын шакирти болгону айтылат. Анын Жакандан уккан-билгендерин айтып бергендери Петирге аябай кызыктуу болсо керек. Бир жолу Андрес Чөмүлдүрүүчү Жакандын назареттик Исаны көрүп: «Мына, Кудайдын Козусу!» — деп айтканын угат. Ошондо ал дароо Иса пайгамбарды жолдоону чечип, сүйүнүчү койнуна батпай, бир тууганына Машаякты тапканын айтат (Жкн. 1:35—40). Андан 4 000 жылдай мурун Эйденде болгон козголоңдон кийин Жахаба адамзатка үмүт бере турган бирөө келерин убадалаган болчу (Башт. 3:15). Андрес так ошол Куткаруучуну, Машаякты, тапкан эле. Муну уккан Петир Исаны көргөнчө шашат.

8. Петирдин ысымы эмнени билдирген жана эмне үчүн айрымдар Петирдин мүнөзү ысымынын маанисине ылайык келбейт деп эсептешет?

8 Петир Иса пайгамбарга жолукканга чейин Симон деген ат менен белгилүү болчу. Бирок Иса пайгамбар аны көргөндө: «Сен Жакандын уулу Симонсуң. Мындан ары сенин атың Кейфа болот»,— деген (Жкн. 1:42). «Кейфа» деген ысымдын грекче аталышы — «Петир». Ал «аска таш» дегенди билдирет. Иса Машаяктын сөздөрү пайгамбарлык мааниге ээ болгон. Ал Петирдин өзүнүн ишенимдештери үчүн аска таштай бекем, туруктуу, ишеничтүү таяныч болорун алдын ала көрө билген. Петир өзүн ошондой деп эсептегенби? Айтыш кыйын. Атүгүл Инжилди окуган айрым кишилер Петирдин аска таштай бекем болгонуна кошулушпайт. Алар аны туруксуз, оома, чечкинсиз киши болгон деп эсептешет.

9. Жахаба менен анын Уулу эмнеге көңүл топтошот жана эмне үчүн аларга ишенишибиз керек?

9 Ооба, Петирдин чынында эле кемчиликтери болгон. Иса пайгамбар деле муну жакшы билген. Бирок ал, асмандагы Атасы Жахабадай болуп, адамдардын жакшы жактарын көрүүгө умтулган. Ал Петирде көп жакшы сапаттар катылып жатканын көрүп, аларды өрчүткөнгө жардам бергиси келген. Азыркы күндө да Жахаба менен анын Уулу жакшы жактарыбызга көңүл топтошот. Жакшы жактарыбыз көп экенине атүгүл өзүбүз ишенбешибиз мүмкүн. Анткен менен Жахабага жана анын Уулуна ишенишибиз керек. Алар бизди окутуп-үйрөтүп, калыптап жатканда, Петирдей болуп, ийилчээк болушубуз зарыл. (Оку: 1 Жакан 3:19, 20.)

«Коркпо»

10. Петир, кыязы, Иса пайгамбардын кайсы кереметине күбө болгон жана ал кайрадан эмне кыла баштаган?

10 Петир дароо эле Иса пайгамбарды ээрчип, кабар айтуу ишине катыша баштаса керек. Андыктан ал Иса пайгамбардын Каанадагы үйлөнүү тоюнда жасаган алгачкы кереметин, сууну шарапка айландырганын, көргөн чыгар. Андан да маанилүүсү, анын Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү үмүт жандырган жүрөк толкутарлык кабарын уккан. Бирок ал кайра эле көр оокаттын убарасына кайтып, балык уулай баштаган. Бир нече ай өткөндөн кийин Петир кайрадан Иса пайгамбарга жолуккан. Ошондо Иса пайгамбар аны өзү менен кошо толук убакыт кызмат кылууга чакырган.

11, 12. а) Петир түнү менен эмне кылган? б) Петирге Иса пайгамбарды угуп отурганда кандай ойлор келиши мүмкүн эле?

11 Бул түнү бир да балык түшпөй, Петир кабатырланып, кабагы салыңкы. Балыкчылар түнү менен торду жүз жолу ыргытышты, бирок олжолуу болушпады. Деңизге кынык алган, анын тилин, жолун билген иш билги Петир бар өнөрүн салса да, эчтеке жок. Аттиң ай, суунун үстүнөн эле балыктардын жоон тобун көрүп, аларды торго өздөрү сүзүп келгидей кыла алса кана! Петир ушинтип куру кыялга батып, көңүлү ого бетер чөккөн чыгар. Ал жыргаганынан балык уулап жүргөн жок. Үй-бүлөсүнүн ырыскы-насиби ошол деңизден эмеспи. Ошентип, бул түнү ал жээкке куру кол кайтты. Иса пайгамбар анын жанына келгенде, ал торлорун тазалап отурган болчу.

Петир Падышалык жөнүндөгү кабарды уккандан тажачу эмес

12 Калың эл Улуу Окутуучуну тегеректеп, ар бир сөзүн тыңдайт. Эл улам кыса бергендиктен, ал Петирдин кайыгына отуруп, жээктен бир аз арыраак сүзүүнү суранат. Анын үнү суу үстүнөн жаңырып, баарына дапдаана угулат. Петир да Устатынын бир да сөзүн кулагынан кыя кетирбей, кунт коюп угат. Ал Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабарды уккандан такыр тажабайт. Ошол кабарды Машаяк менен бирге жарыялоо эмне деген сыймык! Бирок ага: «Бул сыймыктуу жоопкерчиликти аркалай аламбы? Үй-бүлөмдү кантип багам? Жумушумду да, кабар айтуу ишин да бирдей алып кете аламбы?» — деген ойлор да келсе керек (Лк. 5:1—3).

13, 14. Иса пайгамбар Петир үчүн кандай керемет жасаган жана бул Петирге кандай таасир эткен?

13 Элге сүйлөп бүткөндөн кийин Иса пайгамбар Петирге: «Терең жерге сүзүп барып, тор салгыла»,— деп айтат. Балык түшөрүнө күмөн санаган Петир жаңы эле тазалап койгон торлорун кайра сууга салууга мойну жар бербей: «Устат, биз түнү бою аракет кылсак да, эч нерсе кармай алган жокпуз. Бирок, сен айтып жаткандыктан, салайын»,— дейт. Анын үстүнө, ушундай маалда деле бир балык түшпөйт. Ошентсе да Устатынын айтканына макул болуп, экинчи кайыктагы жолдошторуна кеттик дегендей ишарат кылат (Лк. 5:4, 5).

14 Бир убакта Петир торду тартып көрүп, таштай оор салмакты сезет. Бүт күчүн салып торду тарта бергенде, куйруктарын чапкылап, күмүштөнө чабалактаган жайнаган балык чыга келет. Жандана түшкөн Петир күшүлдөп-бышылдап, экинчи кайыктагы шериктерин жардамга чакырат. Торго түшкөн балык бир эмес, эки кайыкка батпай, оордугунан кайыктар чөгө баштайт. Петир көргөн көзүнө ишенбей, таң калат. Ал Машаяктын кереметтерин көрүп эле жүргөн, бирок мунусу атайын ал үчүн жасалгандай болду. Анын жанында, керек болсо, балыкты торго өзү келип түшкүдөй кылып коюуга кудуреттүү киши турган. Жан дүйнөсүн коркунуч ээлеген Петир Иса пайгамбардын алдына чөгөлөп: «Мырзам, жаныман кет, анткени мен күнөөкөрмүн»,— деп жалбарат. Ал өзүн укмуштуудай кудурет-күчкө ээ болгон ушундай кишинин жанында турууга да татыксыз сезген. (Оку: Лука 5:6—9.)

«Мырзам,.. мен күнөөкөрмүн»

15. Иса пайгамбар Петирдин тынчсызданганы, корккону негизсиз экенин түшүнгөнгө кантип жардам берген?

15 Иса пайгамбар Петирге боор ооруй карап: «Коркпо. Мындан ары сен адам уулоочу болосуң»,— деп айтат (Лк. 5:10, 11). Чын эле, Петирде коркууга, шектенүүгө эч кандай себеп жок болчу. Анын үй-бүлөмдү кантип багам деп тынчсызданганы, кабар айтуу ишине катышууга өзүн жөндөмсүз сезгени негизсиз болгон. Анткени Иса пайгамбар баштаган иш адамзат тарыхынын нугун башка жакка бурмак. Ошондой эле ал «айкөлдүк менен кечирген» Кудайга кызмат кылган (Ыш. 55:7). Анан кантип Жахаба Петирге үй-бүлөсүнө кам көрүүгө, кабар айтуу ишин аткарууга жардам бербей койсун? (Мт. 6:33).

16. Петир, Жакып жана Жакандар Иса пайгамбардын чакырыгына кандай жооп кайтарышкан жана эмне үчүн ал эң туура чечим болгон?

16 Петир, Жакып жана Жакандар дароо эле «кайыктарын жээкке чыгарып», «баарын калтырып, Исанын артынан жөнөшөт» (Лк. 5:11). Петир создуктурбай иш-аракет кылып, Иса пайгамбарга жана аны жиберген Жахабага ишенерин көрсөткөн. Бул анын өмүрүндөгү эң туура чечим болгон. Биздин күндөрдө да шек саноосун, коркунуч сезимин жеңип, Кудайга кызмат кылууну чечкендер Петирдикиндей ишеним көрсөтүп жатышат. Жахаба андай кызматчыларын эч качан таштабайт (Заб. 22:4, 5).

«Эмне үчүн шектендиң?»

17. Петир эки жылдын ичинде болгон кайсы окуяларды эстеген?

17 Иса пайгамбарга жолуккандан эки жылдай өткөндө Петир, бөлүмдүн башында айтылгандай, Галилеянын жаалданган толкундары менен алпурушуп, кайыкта сүзүп бараткан. Ошондо ал акыркы убактарда болуп өткөн окуяларды эстесе керек. Эки жылдын ичинде эмнелер гана болгон жок. Иса пайгамбар анын кайненесин айыктырды, Тоодогу насаатын айтты, жарыялаган кабары, ажайып иштери аркылуу Жахаба жиберген Машаяк экенин нечен ирет далилдеди. Убакыттын өтүшү менен Петир шек саноосун, коркунуч сезимин тизгиндөөгө үйрөнө баштады. Иса пайгамбар аны атүгүл 12 элчисинин бири кылып тандады. Бирок Петир шек саноосунан, коркунуч сезиминен биротоло арыла элек болчу.

18, 19. а) Петир деңиздин үстүнөн эмнени көргөн? б) Иса пайгамбар Петирге эмне кылууга уруксат берген?

18 «Түнкү төртүнчү күзөт маалында», тактап айтканда, таңкы саат үчтөрдөн күн чыкканга чейинки маалда калагын тынбай шилтеп келаткан Петир бир нерсени көрө калып, кагылган казыктай катып калат. Тээ алыс жакта алай-дүлөй түшкөн деңиздин үстү менен бир кара-кубаң караан жылып келет. Ал эмне болду экен? Суунун ай шооласына чагылышкан жылтыр тамчыларыбы? Жок, ал куду эле кишинин карааны. Караан салмактуу басык менен утуру жакындай берип, кайыктын жанынан өтүп кетмекчи болот. Үрөйлөрү учкан шакирттер көздөрүнө бир нерсе көрүнүп жатат деп ойлоп, кыйкырып жиберишет. Бирок ал киши ошол замат: «Кайраттуу болгула, бул менмин. Коркпогула»,— дейт. Көрсө, ал Иса пайгамбар экен! (Мт. 14:25—28).

19 Петир алгач эрдемсинип: «Мырзам, эгер сен болсоң, буйрук берчи, сага суунун үстү менен басып барайын»,— деп суранат. Ушул укмуштуу көрүнүшкө соңуркап, ишенимин бекемдеш үчүн өзү да суунун үстү менен басууга куштар болот. Мырзасы ага уруксат берет. Петир кайыктын кырынан ашып, кайнап жаткан деңиз бетине этияттап бутун коёт. Бүт алдында катуу бирдеме төшөлгөндөй, Устатын көздөй кадам шилтейт. Бул адаттан тыш окуя өңүндө эмей эле, түшүндө болуп жаткансыйт. Бирок көп өтпөй эле аны коркунуч сезими чулгайт. (Оку: Матай 14:29.)

«Катуу шамалды көрүп коркуп кеткен»

20. а) Петир эмне үчүн коркуп кеткен жана анын кесепети кандай болгон? б) Иса пайгамбар эмнени баса белгилеген?

20 Петир Иса пайгамбардан көзүн албашы керек болчу. Себеби Иса пайгамбар анын ишенимин көргөндүктөн Жахаба берген күчүн колдонуп, аны деңиз үстүндө кармап турган. Бирок Петир алаксып кеткен. Ал шамалдын шыкагы менен кайыкты туш келди соккулаган айбаттуу толкундарды көрүп, коркуп кеткен. Балким, толкундун астында калып, деңиздин түбүнө сүңгүп баратканын элестетип ийгендир. Анын жүрөгүндө коркунуч күч алган сайын, ишеними алсырай берген. Ошентип, «аска таштай» чеп боло турган киши, калдайган таштай болуп, чөгө баштаган. Демейде жакшы сүзгөн Петир карбаластап: «Мырзам, сактай көр!» — деп кыйкыргандан башка эчтеке кыла албай калат. Суунун үстүндө турган Мырзасы аны колунан кармап калат. Анан шектенүү канчалык кооптуу экенин баса белгилеп: «Ишеними аз, эмне үчүн шектендиң?» — деп айтат (Мт. 14:29—32).

21. Шек саноо эмне үчүн кооптуу жана канткенде анын жүрөгүбүздө тамырлашына жол бербейбиз?

21 Иса пайгамбар: «Эмне үчүн шектендиң?» — деп, Петирдин жүрөгүндөгүсүн кандай гана таамай айткан! Шектенүү адамды алсыратышы, атүгүл кыйратышы мүмкүн. Эгер шек саноо жүрөгүбүздө уялай берсе, ишенимибиз солгундап, «чөгө» баштайт. Андыктан шек саноонун жан дүйнөбүзгө тамырлашына такыр жол бербешибиз керек. Ан үчүн көзүбүздү туура багытка бурушубуз зарыл. Жахаба менен анын Уулуна эмес, үрөйүбүздү учуруп, көңүлүбүздү чөктүрө турган нерселерге көңүл топтой берсек, жүрөгүбүздөгү шек саноо бутак жая берет. Ал эми Жахабага, анын Уулуна, ошондой эле алардын бизге кылган, кылып жаткан жана кыла турган жакшылыктарына көңүл топтосок, шек саноону тамыры менен жулуп салабыз.

22. Петир бизге мыкты үлгү калтырган деп эмне үчүн айта алабыз?

22 Петир Устаты менен кайыкка түшкөндө, деңиз жоош тартып, заматта тынч ала түшөт. Ошондо жүрөгү кастарлоо сезимине толгон Петир башка шакирттер менен бирге: «Сен, чын эле, Кудайдын Уулу экенсиң»,— деп айтат (Мт. 14:33). Таң сүрүлө баштаганда Петирдин көңүлү эргип, кубанычы артса керек. Ал кымындай да шек санабашы, коркпошу керектигин түшүнөт. Ырас, ишенимдештерине аска таштай таяныч болуш үчүн Петирге көп нерсеге үйрөнүүгө туура келген. Бирок ал багынбай, алдыга умтула берген. Сен да ушундай кылууга чечкиндүүсүңбү? Ишеними күчтүү Петирден көп нерсеге үйрөнсө болот.