Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ

Ал «Жахабанын алдында чоңоюп жатты»

Ал «Жахабанын алдында чоңоюп жатты»

1, 2. Шемуел пайгамбар ысрайыл элине кандай жагдайда кайрылган жана эмне үчүн аларга өкүнүүгө түрткү бериши керек эле?

ШЕМУЕЛ ПАЙГАМБАР калың элди тигиле карап турат. Эл Гилгал шаарына ондогон жылдардан бери пайгамбар жана сот болуп ишенимдүүлүк менен кызмат кылып келаткан бул карыянын сөзү боюнча чогулду. Жаз аяктап, жай келип, кургакчыл мезгил башталган кез. Керилген талаадагы алтын өңдүү эгин сыдырым желге ыргалып, шуудураган шоокум чыгарат. Эч ким сөз катпай, жымжырт. Шемуел пайгамбардын сөздөрү бул калың элдин жүрөгүнө жетет болду бекен?

2 Эл өзүн-өзү кыйынчылыктарга кептегенин түшүнбөй турат. Алар эл ичинен падыша шайланышын талап кылып, мүдөөсүнүн ишке ашканына ыраазы болуп турган кези. Бирок ушул иши менен алар Жахаба Кудайды жана анын пайгамбарын урматтабай турганын көрсөтүп турушат. Чын-чынына келгенде, алар өз Падышасы Жахаба Кудайды четке кагышты. Шемуел пайгамбардын сөздөрү булардын көздөрүн ачып, өкүнүүгө түрткү берет болду бекен?

Бузулган чөйрөдө чоңойгонуна карабай Жахабага бекем ишенген Шемуелден көп нерсеге үйрөнө алабыз

3, 4. а) Эмне үчүн Шемуел пайгамбар жаш кези жөнүндө сөз кылган? б) Шемуел пайгамбардын үлгүсү тууралуу ой жүгүртүү эмнеси менен пайдалуу?

3 Шемуел пайгамбар элге кайрылып: «Мен... карып калдым, чачымды ак басты»,— деп айтат. Анын ак баскан чачы ар бир сөзүнө салмак кошуп турат. Анан: «Жаш чагымдан тартып ушул күнгө чейин силерди жетектеп келдим»,— деп сөзүн улайт (1 Шем. 11:14, 15; 12:2). Улгайып калса да, анын жаш кези күнү бүгүнкүдөй эсинде. Ал бала чагында чыгарган чечимдеринин аркасында Жахаба Кудайына болгон берилгендигинен жазбай, ушул күнгө чейин ишенимдүү кызмат кылып келет.

4 Шемуел пайгамбар тегерегиндегилердин ишенимсиздигине карабай, Кудайга бекем ишеним өрчүтүп, аны сактап келген. Ишенимсиздик кеңири таралган азыркы бузулган дүйнөдө да ишенимибизди бекем сактоо оңой эмес. (Оку: Лука 18:8.) Андыктан, келгиле, Шемуел пайгамбардан эмнеге үйрөнө аларыбызга токтололу. Адегенде анын бала чагы жөнүндө кеп кылалы.

«Жаш Шемуел... Жахабага кызмат кылып жүрдү»

5, 6. Шемуел пайгамбардын бала чагы эмнеси менен өзгөчө болгон жана ата-энеси ага жакшы кам көрүлөрүнө эмне үчүн шектенген эмес?

5 Шемуел пайгамбардын балачагы өзгөчө болгон. Ал эмчектен чыгарылары менен, кыязы, төрткө карап калганда, киндик каны тамган Рама шаарынан 30 чакырымдан ашык аралыкта жайгашкан Шилодогу ыйык чатырда кызмат кыла баштаган. Атасы Элкана менен апасы Анна аны өзгөчө кызматка, өмүр бою назир болуп Жахабага кызмат кылууга, беришкен *. Ата-энеси аны Шилого жаман көргөндүктөн таштап кетти беле?

6 Албетте, жок. Алар баласына Шилодо жакшы кам көрүлөрүн билишкен. Башкы дин кызматчы Эйлинин Шемуелди жанына алып жүрүп, ага баш-көз болгону шексиз. Андан тышкары, ыйык чатырда ар кандай кызматты аткарган аялдар да болгон (Чыг. 38:8; Бий. 11:34—40).

7, 8. а) Шемуел пайгамбардын ата-энеси ага кандайча күч-кубат берип турган? б) Ата-энелер Элкана менен Аннадан эмнеге үйрөнө алышат?

7 Элкана менен Анна Теңирден тилеп алган тун уулун эч качан унутуп коюшкан эмес. Анна Кудайга, эгер ал уул берсе, аны ыйык кызмат кылууга биротоло берерин убада кылган болчу. Ал жыл сайын баласына ыйык чатырда кызмат кылганда кийгенге жеңи жок узун көйнөк тигип келип берип турчу. Кичинекей Шемуел ата-энесин күн санап күтсө керек. Ата-энесинин Жахабага ушундай өзгөчө жерде кызмат кылуу чоң сыймык экенин айтып, андан ары да кызмат кыла берүүгө үндөгөнү, мээримин төгүп турганы ага кадимкидей күч-кубат бергени шексиз.

8 Ата-энелер Элкана менен Аннадан көп нерсеге үйрөнө алышат. Бүгүн көптөр балдарынын курсагы ток, кийими бүтүн болгонуна эле ыраазы болуп, аларды Кудайдын жолунда жүрүүгө үйрөтүүнүн маанилүүлүгүн көп деле этибарга алышпайт. Бирок Шемуел пайгамбардын ата-энеси аны Кудайдын жолунда тарбиялоого чоң маани бергендиктен, ал жакшы киши болуп чоңойгон. (Оку: Накыл сөздөр 22:6.)

9, 10. а) Ыйык чатырды жана Шемуелдин ага карата кандай сезимде болгонун сүрөттөп бергиле. (Шилтемени да карагыла.) б) Шемуелдин милдетине эмнелер кирген жана жаштар аны кантип туурай алышат?

9 Ошентип, Шемуел чоңоё берген. Ал Шилонун тегерек-четиндеги адырларды аралай басып, бийик дөңсөөгө чыгып, шаарга, анын бир тарабындагы өрөөнгө көз чаптырганды жакшы көрсө керек. Айрыкча, Жахабанын ыйык чатырын караганда жүрөгү толкуп, өзүнчө сыймыктанган чыгар. Ыйык чатыр, чынында эле, ыйык жер болгон *. 400 жылдай мурун Муса пайгамбардын жетекчилиги астында курулган ал чатыр чыныгы сыйынуунун дүйнө жүзүндөгү жападан жалгыз борбору болгон.

10 Чоңойгон сайын Шемуелдин ыйык чатырга болгон кастарлоо сезими да өсө берген. Ыйык Китепте ал тууралуу: «Жаш Шемуел болсо зыгыр буласынан токулган эфод кийип, Жахабага кызмат кылып жүрдү»,— деп жазылат (1 Шем. 2:18). Анын эфод кийип жүргөнүнөн дин кызматчыларга жардам берүүгө дайындалганын билүүгө болот. Ал дин кызматчылардын тукумунан болбосо да, эртең мененкисин ыйык чатырдын короосунун эшиктерин аччу жана улгайып калган Эйлиге кызмат кылчу. Сыймыктуу кызматын кубанып аткарса да, анын арамдыкты билбеген бала жүрөгү Жахабанын үйүндө туура эмес иштер кылынып жүргөнүн туюп, көңүлү уйгу-туйгу болсо керек.

Ал бузулган чөйрөдө өзүн таза сактаган

11, 12. а) Копни менен Пинехас эмне себептен начар кишилерден болушкан? б) Копни менен Пинехас ыйык чатырда кандай жаман иштерди кылышкан? (Шилтемени да карагыла.)

11 Шемуел бала кезинен эле жанындагылардын жаман, бузуку иштерине күбө болуп келген. Эйлинин Копни менен Пинехас деген уулдары болгон. Шемуел: «Эйлинин уулдары начар адамдар эле. Алар Жахабадан коркушчу эмес»,— деп жазган (1 Шем. 2:12). Бул аятта эки ой камтылган. Копни менен Пинехас Жахабаны сыйлабагандыктан начар адамдардан болушкан. Алар Кудайдын адил талаптарын жана мыйзамдарын такыр баркка алышчу эмес. Ошонун айынан башка да жаман иштерди кыла беришкен.

12 Мыйзамда дин кызматчылардын милдеттери жана курмандыктарды чалуунун жол-жобосу майда-чүйдөсүнө чейин жазылган эле. Курмандык чалуу Жахабанын күнөөлөрдү кечирүү үчүн караштырган чарасын билдирген. Мунун аркасында элге күнөөдөн тазаланууга, Кудайдан жетекчилик жана бата алууга жол ачылган. Бирок Копни менен Пинехасты көрүп, башка дин кызматчылар да курмандыктардын баркын кетиришкен *.

13, 14. а) Ыйык чатырда жасалган жаман иштер карапайым адамдарга кандай таасир эткен? б) Эйли кандайча аталык да, дин кызматчылык да милдетин аткарган эмес?

13 Ушунун баарын таң кала карап турган Шемуелдин жүзүн элестетсеңер. Ал барып турган мындай мыйзамсыздык качан токтойт деп түпөйүлдөнсө керек. Ыйык чатырга бекемдөөгө муктаж болуп, сооронуч издеп келген карапайым адамдардын шагы сынып, басынтылып кайтканын далай жолу көргөн чыгар. Ал Копни менен Пинехастын Жахабанын адеп-ахлактуулукка байланыштуу мыйзамдарын тебелеп, ыйык чатырда кызмат кылган аялдар менен жатып жүрүшкөнүн укканда ого бетер иренжисе керек (1 Шем. 2:22). Балким, кандайдыр бир чара көрөбү деп, Эйлиден үмүттөнгөндүр.

Шемуел Эйлинин уулдарынын туура эмес иштерин көрүп, жаман болсо керек

14 Эйли улам күч алып бараткан ыпыластыкты токтото алмак. Себеби башкы дин кызматчы катары ал ыйык чатырдын таза сакталышына жооптуу болчу. Ата катары да жаман жолго түшкөн уулдарын оңдоп-түзөөгө милдеттүү эле. Болбосо алардын ыпылас иштеринин кесепети өз баштарына эле эмес, жумурай журтка да тиймек. Тилекке каршы, Эйли аталык милдетин да, дин кызматчылык милдетин да аткарган эмес. Ал уулдарын акырын эле жемелеген болуп койчу. (Оку: 1 Шемуел 2:23—25.) Бирок анын уулдары катуу жаза алууга тийиш болчу. Андай иштерди кылгандар өлүм жазасына тартылчу.

15. Жахаба Эйлиге кандай эскертүү берген жана бул анын үй-бүлөсүнө кандай таасир эткен?

15 Копни менен Пинехастын кылгандары жетер чегине жеткендиктен, Жахаба Эйлиге ысымы белгисиз калган пайгамбарын жөнөтүп, өкүмүн айттырган. Жахаба Эйлиге: «Эмнеге уулдарыңды менден артык көрөсүң?» — деген. Ошондо анын көпкөн эки уулу тең бир күндө өлөрүн, тукуму дин кызматчы болуу сыймыгынан ажырап, каргашага туш болорун айткан. Жахабанын сестентерлик бул эскертүүсүнөн кийин Эйлинин үй-бүлөсү жаман иштеринен кайтканбы? Ыйык Китепте Эйлинин да, уулдарынын да өзгөргөнү айтылбайт (1 Шем. 2:27—3:1).

16. а) Ыйык Китепте Шемуелдин чоңоюп келаткан учуру жөнүндө эмне делет? б) 1 Шемуел 2:18, 21-аяттардагы билдирүүлөр эмнеси менен бекемдээрлик?

16 Бузулган чөйрө чоңоюп келаткан Шемуелге кандай таасир эткен? Бузуку адамдар тууралуу баяндалган окуялардын арасында Шемуелдин чоңоюп-өсүп, ийгиликтерди кылганы жөнүндөгү билдирүүлөр капкараңгы бөлмөдөгү көзөнөктөн түшкөн күндүн нурундай болгон. 1 Шемуел 2:18де айтылгандай, «жаш Шемуел... Жахабага кызмат кыла» берген. Ал жаш болсо да, Кудайга кызмат кылууну жашоосунда биринчи орунга койгон. Ошол эле бөлүмдүн 21-аятынан: «Шемуел болсо Жахабанын алдында чоңоюп жатты»,— дегенди окуйбуз. Жыл өткөн сайын ал асмандагы Атасы менен ынак боло берген. Ооба, Жахаба менен болгон ынак мамиле бузулган чөйрөдө таза бойдон калууга жардам берет.

17, 18. а) Жахабанын жаш кызматчылары Шемуелди кантип туурай алышат? б) Шемуелдин Жахабанын жолунда бекем болгонун кайдан билебиз?

17 Шемуел: «Башкы дин кызматчы менен анын балдары ушинтип жатышса, мен деле өз билгенимди кылсам болот турбайбы»,— деп ойлонушу мүмкүн эле. Бирок күнөө кылгандар башкалардын, анын ичинде аттуу-баштуу кишилердин туура эмес иштерин бетине кармап, эч актана алышпайт. Бүгүнкү күндө да Жахабанын көптөгөн жаш кызматчылары, Шемуелдей болуп, тегерегиндегилердин терс таасирине алдырбай, чындык жолунда бекем турушат.

18 Шемуелдин Жахабанын жолунда бекем болгонунун натыйжасы кандай болгон? Ыйык Китептен: «Ал ортодо жаш Шемуел өсүп, Жахабага да, адамдарга да күндөн күнгө жага берди»,— дегенди окуйбуз (1 Шем. 2:26). Баарына болбосо да, Шемуел Жахабаны жакшы көргөн адамдарга жаккан. Эң маанилүүсү, аны ишенимдүүлүк менен кызмат кылганы үчүн Жахаба Кудай өзү жогору баалаган. Шемуел Жахабанын Шилодогу жаман иштердин баарын токтоторуна шектенген эмес. Болгону, Жахаба качан иш-аракет кыла баштайт болду экен деп ойлонсо керек. Күндөрдүн биринде Шемуел жүрөгүн өйүгөн суроолоруна жооп алат.

«Айта бер, кулуң угуп жатат»

19, 20. а) Бир жолу Шемуел кандай окуяга туш болгон? б) Шемуел Эйлиге кандай мамиле кылчу? в) Шемуел аны Кудай чакырып жатканын кантип билген?

19 Таң сүрүп келатканы менен, дагы деле караңгы болчу. Ыйык чатырдагы чоң шам бүлбүлдөп күйүп турган. Бир маалда Шемуелге мемиреген тынчтыкты бузган кандайдыр бир үн угулат. Ал жашы өр тартып, көзү жакшы көрбөй калган Эйли чакырып жаткан экен деп, карыяны көздөй чуркап барат. Эйли жаткан бөлмөгө жылаңайлак тыпылдап чуркап бараткан балакайды элестетсеңер. Кичинекей Шемуелдин Эйлиге урмат-сый менен мамиле кылганы жүрөктү козгобой койбойт. Туура эмес иштерди кылса да, Эйли дагы деле Жахаба дайындаган башкы дин кызматчы болчу (1 Шем. 3:2—5).

20 Шемуелдин: «Мырзам, мени чакырдыңызбы?» — деген сөздөрү уйкуда жаткан Эйлини ойготот. Эйли аны чакырбаганын айтып: «Ордуңа барып жата бер»,— дейт. Ошентип, бул бир нече жолу кайталанат. Акыры, Эйли эмне болуп жатканын түшүнөт. Ал кезде Жахаба сүйлөгөн учурлар чанда эле болчу, аяндар дээрлик берилбей калган. Эмне үчүн андай болгонун түшүнүү кыйын деле эмес. Бирок Эйли Жахабанын ушул кичинекей бала аркылуу кандайдыр бир кабар айттырганы жатканын түшүнөт. Андыктан ал Шемуелге ошол үн дагы угулса, эмне кылышы керектигин айтат. Шемуел анын айтканындай кылып, баягы үн дагы угулганда: «Айта бер, кулуң угуп жатат»,— деп жооп берет (1 Шем. 3:1, 5—10).

21. Бүгүнкү күндө Жахабанын үнүн кантип уга алабыз жана анын үнүн эмне үчүн угушубуз керек?

21 Ошондон тартып Шилодо Жахабаны угуп, анын кабарын элге жеткире турган кызматчы пайда болот. Шемуел Жахабаны дайыма уккан. Сенчи? Албетте, бүгүнкү күндө Жахаба бизге түзмө-түз сүйлөйт деп күтпөйбүз. Бирок анын үнү каймана мааниде Ыйык Китеп аркылуу дайыма угулуп турат. Аны канчалык көп угуп, айткандарын аткарсак, ага болгон ишенимибиз ошончолук өсө берет. Шемуел так ушундай кылган.

Шемуел коркконуна карабай Жахабанын өкүмүн Эйлиге айткан

22, 23. а) Жахабанын Шемуел пайгамбар аркылуу айткандары кандайча аткарылган? б) Шемуел пайгамбардын зоболосу кандайча көтөрүлө берген?

22 Ошол таңда болгон окуядан кийин Шемуелдин жашоосу түп-тамыры менен өзгөргөн. Ал Жахаба менен өзгөчө мамиледе болуп, анын пайгамбары жана өкүлү катары кызмат кыла баштаган. Ал адегенде Жахабанын сөздөрүн Эйлиге айтуудан корккон, анткени Жахаба Эйлинин үй-бүлөсүнө акыркы өкүмүн чыгарган эле. Бирок Шемуел кайратын муштумуна түйүп, Эйлиге баарын айтып берген. Эйли болсо Кудайдын өкүмүнө момундук менен моюн сунган. Көп өтпөй Жахабанын айткандарынын баары аткарылган. Ысрайылдыктар менен пелиштиликтердин ортосундагы согушта Копни менен Пинехас бир күндө өлүшкөн. Эйли болсо Жахабанын келишим сандыгын душмандар тартып алганын укканда отурган жеринен жыгылып, мүрт кеткен (1 Шем. 3:10—18; 4:1—18).

23 Ал эми Шемуелдин пайгамбар катары зоболосу көтөрүлө берген. Ыйык Китепте: «Жахаба аны менен болуп, айткандарынын баарын аткарып жатты»,— деп айтылат. (Оку: 1 Шемуел 3:19.)

«Шемуел Жахабага кайрылды»

24. Ысрайылдыктар эмнени каалашкан жана бул эмне үчүн олуттуу күнөө болгон?

24 Ысрайылдыктар Шемуел пайгамбардан үлгү алып, Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүп, ага ишенимдүү кызмат кыла башташканбы? Жок. Убакыттын өтүшү менен алар өздөрүн жөн эле бир пайгамбар жетектешин эмес, башка элдерди туурап, падыша бийлик кылышын каалашкан. Жахаба Шемуел пайгамбарга элдин каалоосун орундатышы керектигин айткан. Бирок Шемуел пайгамбар элге канчалык олуттуу күнөө кылышканын жеткизиши керек эле. Эл кайсы бир адамды эмес, Жахабанын өзүн четке каккан. Мына ошондуктан пайгамбар элди Гилгалга чогулткан болчу.

Шемуел пайгамбар ишеним менен тиленгенде, Жахаба жооп кылып, жаан жаадырган

25, 26. Шемуел пайгамбар элге олуттуу күнөө кетиргенин түшүнүүгө кантип жардам берген?

25 Келгиле, Шемуел пайгамбардын Гилгалга элди чогулткан учурун кайрадан көз алдыбызга тарталы. Чачын бубак баскан пайгамбар өзүнүн көп жылдан бери ишенимдүү кызмат кылып келатканын элдин эсине салат. Анан Жахабага кайрылып, күн күркүрөтүп, жаан жаадырышын сурайт (1 Шем. 12:17, 18).

26 Пайгамбардын бул өтүнүчү элге кызык жоруктай сезилет. Кургакчыл мезгилде кайдагы жаан? Анын айткандарына анча ишене бербей, ичинен шылдыңдагандар көп өтпөй эле уят болушат. Чайыттай ачык асманды кайдан-жайдан кара булут каптай баштайт. Катуу шамал согуп, жайкалып турган эгинди жерге жапырат. Жер жаңырта күн күркүрөп, чагылган чартылдап, жаан нөшөрлөп куюп кирет. «Муну көргөн элдин баары Жахаба менен Шемуелден абдан коркуп калышат». Алар канчалык олуттуу күнөө кетиргенин ошондо гана түшүнүшөт (1 Шем. 12:18, 19).

27. Ишенимин бекем сактаган кызматчыларына Жахаба кандай карайт?

27 Тоң моюн элдин жүрөгүн Шемуел пайгамбар эмес, Жахаба Кудай өзү козгогон. Шемуел пайгамбар жаштайынан тартып Кудайга бекем ишенип жашаган. Жахаба аны батасыз калтырган эмес. Ал андан бери өзгөргөн жок. Шемуелдей болуп, ишенимин бекем сактаган кызматчыларын ал дагы деле колдоп келет.

^ 5-абз. Назирлердин Кудайга берген антына ичимдикти оозго албоо жана чачты кыркпоо да кирчү. Көптөр белгилүү бир убакытка гана назир болуп кызмат кылышса, Шымшон, Шемуел пайгамбар жана Чөмүлдүрүүчү Жакандар өмүр бою назир болушкан.

^ 9-абз. Ыйык чатыр жыгачтан жасалган, чоң жабуу менен жабылган тик бурчтуу курулуш болгон. Аны курууда түлөндүн териси, саймаланган кооз кездемелер, алтын-күмүш менен капталган кымбат-баалуу жыгачтар колдонулган. Ыйык чатырдын сыртындагы короодо курмандык жайы турган. Кийинчерээк дин кызматчылар үчүн ыйык чатырдын жанына кошумча бөлмөлөр курулган көрүнөт. Шемуел, кыязы, ошолордун биринде жашаган.

^ 12-абз. Ыйык Китепте Копни менен Пинехастын эки олуттуу күнөөсү жөнүндө айтылат. Мыйзамда курмандыкка чалынган малдын этинин кайсы бөлүктөрү дин кызматчыларга берилиши керектиги так-даана айтылган (Мыйз. 18:3). Бирок уяты жок ал дин кызматчылар эч кимге баш ийбей, өз билгенин кылышкан. Алардын жардамчылары үч илик айры алып келип, эт кайнап жаткан идиштердин бирине салып, айрыга эмне илинсе, ошону алып алышчу. Андан тышкары, алар малдын майы Жахабага тартуу катары өрттөлгөнгө чейин эле, жардамчыларын жиберип, курмандык алып келген кишини коркутуп-үркүтүп, чийки этин тартып алышчу (Леб. 3:3—5; 1 Шем. 2:13—17).