Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15-БӨЛҮМ

Иса пайгамбар деген ким?

Иса пайгамбар деген ким?

Иса — тарыхта өчпөс из калтырган адамдардын бири. Бирок көптөр анын атын билгени эле болбосо, ал жөнүндө анча деле билишпейт. Анын чынында ким болгону жөнүндө ар ким ар кандай ойдо. Бирок Ыйык Китепте эмне делет?

1. Иса деген ким?

Иса — кубаттуу периште. Ал асманда жашайт. Жахаба Кудай аны эч нерсе жаратыла электе эле жараткан. Ошон үчүн ал «бардык жаратылгандардын туңгучу» деп аталат (Колосалыктар 1:15). Ыйык Китепте Иса Кудайдын «жалгыз Уулу» экени айтылат. Анткени аны Кудай өзү жалгыз жараткан (Жакан 3:16). Иса Атасы Жахаба менен чогуу эмгектенип, ага бардык нерселерди жаратканга жардам берген. (Оку: Накыл сөздөр 8:30.) Иса дагы деле Жахаба менен тыгыз кызматташып жатат. Ал анын «Сөзү» — өкүлү — катары берилгендик менен кызмат кылууда. Башкача айтканда, анын кабарын, көрсөтмөлөрүн периштелер менен адамдарга жеткирип турат (Жакан 1:14).

2. Иса жерге эмне үчүн келген?

2000 жылдай мурун Жахаба керемет кылган. Ал ыйык руху аркылуу Исанын өмүрүн асмандан Мариям деген кыздын жатынына көчүргөн. Ал түйүлдүк катары өрчүп, адам болуп төрөлгөн. (Оку: Лука 1:34, 35.) Иса жерге адамзатты куткара турган убадаланган Машаяк катары келген a. Ыйык Китептеги Машаякка тиешелүү бардык пайгамбарлыктар ал аркылуу аткарылган. Бул Исанын «тирүү Кудайдын Уулу», Машаяк экенин аныктаганга жардам берген (Матай 16:16).

3. Иса азыр каякта?

Иса өлгөндө, анын жердеги жашоосу соңуна чыккан. Бирок Кудай аны периште кылып тирилткен. Ал асманга кайтып баргандан кийин, «Кудай аны ого бетер жогорулаткан» (Филипиликтер 2:9). Иса азыр аябай чоң бийликке ээ. Ал Жахабадан кийинки эле орунду ээлейт.

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Иса чынында ким? Ал жөнүндө билүү эмне үчүн маанилүү? Ушулар тууралуу көбүрөөк бил.

4. Иса Кудуреттүү Кудай эмес

Ыйык Китепте айтылгандай, Иса кубаттуу периште болсо да, Атасы Жахаба Кудайга баш иет. Эмне үчүн ушинтип айта алабыз? Исанын Кудурети Чексиз Кудайдан кандайча айырмаланарын билиш үчүн ВИДЕОНУ көргүлө.

Жахаба Кудай менен Исанын айырмасын билгенге төмөнкү аяттар жардам берет. Ар бир аятты окуп, суроолорду талкуулагыла.

Окугула: Лука 1:30—32.

  • Периштенин сөздөрүнөн «Эң Жогорку Кудай» Жахаба менен Исанын ортосундагы айырма кандайча көрүнүп турат?

Окугула: Матай 3:16, 17.

  • Иса чөмүлгөндө, асмандан эмне деген үн угулган?

  • Кандай деп ойлойсуң, ал кимдин үнү болгон?

Окугула: Жакан 14:28.

  • Кимиси улуу жана көбүрөөк бийликке ээ: атасыбы же баласыбы?

  • Иса Жахабаны Атам деп атаган. Муну менен ал эмнени айткысы келген?

Окугула: Жакан 12:49.

  • Иса Атам экөөбүз эки башка эмес, бирбиз деп эсептегенби? Сен кандай деп ойлойсуң?

5. Исанын Машаяк экени далилденген

Ыйык Китепте Кудай адамзатты куткарыш үчүн тандаган Машаяк тууралуу көптөгөн пайгамбарлыктар бар. Ал пайгамбарлыктар Машаяктын ким экенин аныктаганга жардам бермек. Иса жерге келгенде аткарылган айрым пайгамбарлыктарды билиш үчүн ВИДЕОНУ көргүлө.

Бул пайгамбарлыктарды окуп, суроолорду талкуулагыла:

Машаяктын кайсы жакта төрөлмөктүгүн b билиш үчүн Микей 5:2ни окугула.

  • Бул пайгамбарлык Иса төрөлгөндө аткарылганбы? (Матай 2:1).

Машаяктын өлүмү тууралуу жазылган пайгамбарлыктар жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Забур 34:20ны жана Закарыя 12:10ду окугула.

  • Бул пайгамбарлыктар аткарылганбы? (Жакан 19:33—37).

  • Кандай деп ойлойсуң, Иса ушул пайгамбарлыктардын аткарылышына таасир эте алат беле?

  • Бул Иса жөнүндө эмнени ырастап турат?

6. Иса жөнүндө билүүнүн кандай пайдасы бар?

Ыйык Китепте Иса жана анын ролу тууралуу билүү маанилүү экени баса белгиленет. Окугула: Жакан 14:6 жана 17:3. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Иса жөнүндө билүү эмне үчүн абдан маанилүү?

Иса Кудай менен дос болууга жол ачкан. Ал Жахаба жөнүндө чындыкты ачып берген. Биз Иса аркылуу түбөлүк өмүргө жетебиз

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Жахабанын Күбөлөрү Исаны Кудайдын Уулу дешет. Кудайдын баласы болушу мүмкүн эмес».

  • Сен аларга эмне деп жооп берет элең?

НЕГИЗГИ ОЙ

Иса — кубаттуу периште. Ал — Кудайдын Уулу жана Машаяк.

Кайталоо

  • Иса эмне үчүн «бардык жаратылгандардын туңгучу» деп аталат?

  • Ал жерге келгенге чейин эмне кылган?

  • Анын Машаяк экенин каяктан билебиз?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Ыйык Китепте Иса Кудайдын Уулу деп аталат. Бул Кудайдын адамдардай болуп сөздүн түз маанисинде балалуу болгонун билдиреби?

«Иса эмне үчүн Кудайдын Уулу деп аталат?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Ыйык Китептен Иса жөнүндө билгенден кийин бир аялдын жашоосу кандайча өзгөргөнү тууралуу окуп көр.

«Иудаизм динин туткан айым эмне үчүн диний көз карашын өзгөрткөн?» («Ойгонгула!», май, 2013)

a Адамзат куткарылууга эмне үчүн муктаж экенин жана Иса кантип куткарарын 26, 27-бөлүмдөрдөн билебиз.

b Машаяктын жерге качан келмектиги жөнүндөгү пайгамбарлыкты билиш үчүн 2-тиркемени кара.