Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ДИЛ МАЕК | РАКЕЛ ХАЛ

Иудаизм динин туткан айым эмне үчүн диний көз карашын өзгөрткөн?

Иудаизм динин туткан айым эмне үчүн диний көз карашын өзгөрткөн?

Ракел Халдын апасы жүйүт, атасы иудаизм динин кабыл алган австриялык киши болчу. Тай атасы менен тай энеси сионисттер (еврей буржуазиясынын идеологиясына, саясатына кармангандар) эле. Алар Израиль эгемендүү мамлекет болгон жылы, 1948-жылы, Израилге көчүп барышкан. «Ойгонгула!» журналы Ракел айымга диний көз карашына байланыштуу суроолор менен кайрылды.

Өзүңүз жөнүндө кеп кылсаңыз.

Мен 1979-жылы Кошмо Штаттарда төрөлгөм. Үч жашымда ата-энем ажырашып кеткен. Апам мени жүйүттөрдүн каада-салты боюнча тарбиялап, ешивага — жүйүттөрдүн мектебине — берген. 7ге чыкканымда Израилге көчүп барып, бир жыл жашадык. Ал жактан кибуц деген эмгек жамаатынын мектебинде окудум. Кийин апам экөөбүз Мексикага көчүп кеттик.

Биз жашаган жакта синагога жок болсо да, жүйүттөрдүн салтына бекем карманып жашачумун. Ишемби күнү дайыма шам жагып, жүйүттөрдүн ыйык жазмаларын окучумун, сидурдан (тиленүү жазылган китеп) окуп тиленчүмүн. Классташтарыма биздин дин эң алгачкы дин деп көп айтар элем. Мен эч качан Жаңы Келишимди, Иса Машаяктын жашоосу, окуулары жазылган китепти, окуп көргөн эмес болчумун. Ал китепти окуп арамдалып калба деп апам көп эскертчү.

Эмнеден улам Жаңы Келишимди окуп көрүүнү чечтиңиз?

Он жетиге чыкканымда Кошмо Штаттарга кайтып барып, билим алууну уланттым. Ал жактан христиан динин туткан бир бала Иса жөнүндө билбесем, жашоом маңызга толбой турганын айтты.

Мен ага: «Исага ишенгендер адашып жүрөт»,— дедим.

Ал менден: «Жаңы Келишимди окуп көрдүң беле?» — деп сурады.

«Жок»,— деп жооп бердим.

Ал: «Анда билбеген нерсең жөнүндө кантип ушинтип айтып жатасың?» — деди.

Бир нерсе тууралуу билбей туруп ошо жөнүндө тигиндей же мындай деп айта бергенди жаман  көрчүмүн. Ошон үчүн анын сөздөрү мени катуу ойлонтту. Туура эмес кылып жүргөнүмдү түшүнүп, анын Ыйык Китебин үйгө алып барып, Жаңы Келишимди окуй баштадым.

Окугандарыңыз кандай таасир этти?

Жаңы Келишимди жазгандардын жүйүт болгонун билгенде аябай таң калдым. Ал китепти окуган сайын, Исанын элди өз кызыкчылыгы үчүн колдонгон киши эмес, элге жардам бергиси келген, мээримдүү, момун киши болгонун түшүнө баштадым. Көбүрөөк билгим келгендиктен китепканага барып, ал жөнүндөгү китептерди алдым. Бирок бири да Исанын Машаяк экенине ынандырган жок. Кээ бирөөндө ал тургай анын Кудай экени айтылыптыр. Ал жазылгандар акылга сыйбаган нерсе болчу. Себеп дегенде Иса Кудай болсо, кимден тиленген, өзүнөнбү? Анын үстүнө, Иса өлгөн да. Ал эми Ыйык Китепте Кудайдын «эч качан өлбөй» * турганы айтылат.

Бул суроолорго кантип жооп алдыңыз?

Чындык өзүнө эч убакта каршы келбейт, андыктан мен чындыкты издөөнү чечтим. Ошентип, Кудайга жүрөгүмдөгүнү төгүп, ыйлап биринчи жолу сидурсуз тилендим. Тиленип бүткөнүмдөн бир аз убакыт өткөндөн кийин эле, эшигимди бирөөлөр тыкылдатып калды. Чыксам, Жахабанын Күбөлөрү экен. Алар мага «Кудай бизден эмне талап кылат?» деген китепчени беришти. Аны окугандан кийин, Жахабанын Күбөлөрү менен бир нече жолу сүйлөшкөндөн кийин алардын айткандарынын Ыйык Китепке негизделерине көзүм жетти. Мисалы, Жахабанын Күбөлөрү Исаны Троицанын бир бөлүгү эмес, «Кудайдын Уулу» * жана «Кудай жараткандардын эң биринчиси» * деп айтышты.

Ошондон көп өтпөй кайра Мексикага көчүп барып, ал жактан пайгамбарлардын Машаякка байланыштуу айткандарын Жахабанын Күбөлөрү менен изилдегенимди уланттым. Ага байланыштуу аябай көп нерселердин алдын ала айтылганына таң калдым. Бирок аларга көп ишене албай жүрдүм. Мен: «Исанын гана жашоосу пайгамбарлар айткандай болду беле? Ал жөн эле акылдуу, ошол ролду жакшы ойногон киши болсочу?» — деп ойлоно берчүмүн.

Толугу менен ынанганга эмне жардам берди?

Жахабанын Күбөлөрү аткарылышына Иса өзү да таасир эте алмак эмес болгон алдын ала жазылгандарды окуп беришти. Мисалы, Микей пайгамбар Иса төрөлгөнгө чейин 700 жылдан ашуун убакыт мурун эле Машаяктын Жүйүт жериндеги Бетлехемде * төрөлөрүн айтыптыр. Өзүнүн кайсы жерде төрөлөрүнө эч ким таасир эте албайт да. Ышая пайгамбар болсо анын кылмышкер катары өлөрүн, бирок сөөгү байлар коюлган мүрзөгө коюларын * жазыптыр. Исанын жашоосу дал ушу айтылгандардай болуптур.

Исанын санжырасы да анын Машаяк болгонун далилдеп турарын түшүндүм. Ыйык Китепте Машаяктын Дөөтү падышанын тукумунан чыгары * айтылган. Байыркы учурда жүйүттөр өздөрүнүн санжырасын жазып жүрүшчү. Ошондой эле элдин санжырасын изилдеп, жазып жүргөн санжырачылар болчу. Иса Дөөтү падышанын тукумунан чыкпаса, анын душмандары муну сөзсүз жар салып айтышмак. Анын Дөөтү падышанын тукумунан чыкканы санжырадан көрүнүп тургандыктан, алар эч нерсе дей алышкан эмес. Эл да аны «Дөөтүнүн Уулу» * деген.

Б.з. 70-жылы, Исанын өлгөнүнөн 37 жыл өткөндөн кийин, Рим аскери Иерусалимдин таш-талканын чыгарган. Ошондо санжыралардын баары жок болгон. Демек, Машаякты башкалар саныжарсы боюнча аныктай алышы үчүн, ал б.з. 70-жылына чейин келиши керек болчу.

Анан кандай жыйынтыкка келдиңиз?

Кудай Мыйзам 18:18, 19да ысрайыл элинен Муса пайгамбар сыяктуу пайгамбар чыгарын айткан. Ал: «Ким ал пайгамбардын менин атымдан айткан сөздөрүн укпаса, мен аны жоопко тартам»,— деген. Ыйык Китепти толугу менен кылдат изилдеп чыккандан кийин назареттик Исанын так ошол пайгамбар болгонуна ынандым.

^ абз. 21 Ышая 9:6, 7; Лука 1:30—32. Матай китебинин 1-бөлүмүндө жазылган Исанын санжырасында атасынын ата-бабасы, Лука китебинин 3-бөлүмүндө энесинин ата-бабасы саналат.