Мазмунун көрсөтүү

Иса эмне үчүн Кудайдын Уулу деп аталат?

Иса эмне үчүн Кудайдын Уулу деп аталат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте Иса көп учурда «Кудайдын Уулу» деп аталат (Жакан 1:49). «Кудайдын Уулу» деген сөз айкашы Кудайдын өмүрдүн Булагы экенин жана бардыгын, анын ичинде Исаны ал жаратканын тастыктап турат (Забур 36:9; Аян 4:11). Ыйык Китепте Кудайдын адамдардай болуп сөздүн түз маанисинде балалуу болгону айтылган эмес.

 Ыйык Китепте периштелердин да «чыныгы Кудайдын уулдары» экени жазылган (Аюп 1:6). Ошондой эле Адам атанын да «Кудайдын уулу» болгону айтылат (Лука 3:38) Бирок Иса, Кудайдын эң биринчи жана жалгыз өзү жараткан жаратуусу болгондуктан, Ыйык Китепте Кудайдын жалгыз Уулу деп аталат.

 Иса адам болуп жерге келгенге чейин асманда жашаганбы?

 Ооба. Ал адам болуп жерге келгенге чейин асманда рухий жаратуу болчу. Иса өзү да: «Мен асмандан... келгем»,— деп айткан (Жакан 6:38; 8:23).

 Кудай Исаны эч нерсени жарата электе эле жараткан. Ыйык Китептен Иса тууралуу буларды билебиз:

  •   «Ал — ...бардык жаратылгандардын туңгучу» (Колосалыктар 1:15)

  •   Ал — «Кудай жараткандардын эң биринчиси» (Аян 3:14).

 «Эзелки заманда, байыркы күндөрдө жаралган бирөө» деген пайгамбарлык сөздөр Исага тиешелүү (Микей 5:2; Матай 2:4—6).

 Ал жерге келгенге чейин кандай кызмат аткарган?

 Иса асманда жогорку даражага ээ болгон. Ал тиленип жатканда ошол тууралуу: «Ата,.. мени... дүйнө жаралганга чейин жаныңда жүргөндө ээ болгон даңкыма бөлөй көр»,— деген (Жакан 17:5).

 Ал атасына башка нерселерди жаратканга жардам берген. Иса Кудайдын жанында «чебер уста» катары эмгектенген (Накыл сөздөр 8:30). Ыйык Китепте ал жөнүндө: «Асмандагы жана жердеги калган нерселердин баары... ал аркылуу жаратылган»,— делет (Колосалыктар 1:16).

 Кудай жандуу-жансыздын баарын Иса аркылуу жараткан. Аларга периштелер, ошондой эле бүт ааламдагы нерселер кирет (Аян 5:11). Кудай менен Исанын кызматташуусу кандайдыр бир мааниде архитектор менен куруучунун чогуу эмгектенгенине окшош. Архитектор долбоордун чиймесин чиет, ал эми куруучу ал долбоорду ишке ашырат.

 Иса Сөз катары кызмат кылган. Ыйык Китепте Исанын адам болуп жерге келгенге чейин «Сөз» болгону айтылат (Жакан 1:1). Сыягы, Кудай ал аркылуу башка периштелерге маалымат жана көрсөтмөлөрдү берип турган.

 Ошондой эле Иса жердеги адамдарга Кудайдын Өкүлү катары маалымат берип турса керек. Кудай Эйден багындагы Адам ата менен Обо энеге көрсөтмө бергенде, кыязы, Сөз катары кызмат кылган Иса аркылуу сүйлөгөн (Башталыш 2:16, 17). Байыркы ысрайылдыктарды чөлдө жетектеп жүргөн жана алар толугу менен баш ийиши керек болгон периште, калыбы, Иса болгон (Чыгуу 23:20—23) a.

a Кудай кабарын Сөз деп аталган периште аркылуу гана жеткирген эмес. Мисалы, Кудай байыркы ысрайылдыктарга мыйзамдарды тун Уулу аркылуу эле эмес, башка периштелер аркылуу да берген (Элчилер 7:53; Галатиялыктар 3:19; Еврейлер 2:2, 3).