Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-БӨЛҮМ

Ыйык Китепти изилдей бергенге эмне жардам берет?

Ыйык Китепти изилдей бергенге эмне жардам берет?

Ыйык Китепти изилдөөнүн пайдасы чоң. Бирок аны окуп-изилдөө дайыма эле оңойго тура бербейт. Кээде: «Ыйык Китепти токтотпой изилдеп кете аламбы?» — деген ойлор келиши мүмкүн. Кыйынчылыктарга карабай аны изилдей бергениң эмне үчүн маанилүү? Бул жагынан эмне жардам берет?

1. Ыйык Китепти изилдөөнү эмне үчүн баалаш керек?

«Кудайдын сөзү тирүү жана күчтүү» (Еврейлер 4:12). Ыйык Китеп аябай баалуу, анткени андан Кудайдын ой-ниетин жана сени жакшы көрөрүн биле аласың. Ошондой эле ал билим эле эмес, чыныгы акылмандык, үмүт да берет. Баарынан маанилүүсү, ал сага Жахаба менен ынак мамиледе болгонго көмөк кылат. Ыйык Китепти изилдей берсең, жашооң жакшы жакка өзгөрөт.

2. Ыйык Китептеги чындыкты баалоо эмне үчүн маанилүү?

Андагы чындык баа жеткис кенчке окшош. Ошон үчүн Ыйык Китепте: «Чындыкты... сатып ал,.. кайра сатпа»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 23:23). Ыйык Китептеги чындыктын аябай баалуу экенин эсибизде бек сактасак, аны тоскоолдуктарга карабай изилдей бергенге бүт күчүбүздү жумшайбыз. (Оку: Накыл сөздөр 2:4, 5.)

3. Изилдөөңдү токтотпогонго Жахаба кантип жардам берет?

Кудурети Чексиз Жаратканың, Досуң Жахаба сага өзү жөнүндө билгенге жардам бергиси келет. Ал бул жагынан сага «каалоо да, күч да бере» алат. (Оку: Филипиликтер 2:13.) Кээде Ыйык Китепти изилдегенге, билгендериңди колдонгонго түрткү бере турган күчтүү каалоо керек болот. Андайда Жахаба сөзсүз жардам берет. Эгер тоскоолдуктарды, каршылыктарды жеңгенге күч керек болсо, күч да берет. Жахабадан Ыйык Китепти токтотпой изилдей бергенге жардам беришин сурап дайыма тилен (1 Тесалоникалыктар 5:17).

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Башкалардын каршылыгына, убакыттын тардыгына карабай, Ыйык Китепти канткенде токтотпой изилдей бере аласың? Бул жагынан Жахаба сага кантип жардам берет? Ушулар тууралуу бил.

4. Ыйык Китепти изилдөө негизги орунда турсун

Кээде колуң такыр бошобой калгандыктан, Ыйык Китепти изилдегенге убакыт жоктой сезилиши мүмкүн. Андайда эмне кылсаң болот? Окугула: Филипиликтер 1:10. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Кандай деп ойлойсуң, жашоодо эмнелерди маанилүү деп айтса болот?

  • Ыйык Китепти изилдөөнү маанилүү деп эсептээриңди көрсөтүш үчүн эмне кылсаң болот?

  1. А) Эгер чакага биринчи кумду салып, анан таштарды сала турган болсок, таштар батпай калат.

  2. Б) Ал эми таштарды биринчи салсак, кумдун көбүн салганга орун калат. Ушул сыяктуу эле, жашоодогу эң маанилүү нерселерди биринчи орунга койсок, аларды кылгандан кийин башка нерселерге да убакыт калат.

Ыйык Китепти изилдөө рухий муктаждыгыбызды, башкача айтканда, Кудайды таанып-билип, ага сыйынууга болгон муктаждыгыбызды канааттандырат. Окугула: Матай 5:3. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Ыйык Китепти изилдөөнү негизги орунга коюунун кандай пайдасы бар?

5. Каршылыктарга багынба

Кээ бирөөлөр Ыйык Китепти изилдегенге болгон каалооңду өчүргөнгө аракет кылышы мүмкүн. Франческонун окуясына токтололу. ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Франческонун Ыйык Китепти изилдеп жатканын билгенде достору менен апасы эмне дешкен?

  • Анын багынбаганы кандай натыйжа берген?

Окугула: 2 Тиметей 2:24, 25. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Үйдөгүлөрүң менен досторуң Ыйык Китепти изилдеп жатканыңа кандай карашат?

  • Кимдир бирөө Ыйык Китепти изилдегениңди жактырбай жатса, бул аяттарга ылайык, эмне кылганың туура болот? Эмне үчүн?

6. Жахабанын жардам берерине ишен

Жахабаны жакшыраак таанып-билген сайын ага жаккыбыз келе баштайт. Ошентсе да ага жаккандай жашаш үчүн кээ бир нерселерди өзгөртүү кыйынга турушу мүмкүн. Эгер сага да ушундай сезилип жатса, ындыныңды өчүрбө. Жахаба сөзсүз жардам берет. ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Жим Жахабага жагыш үчүн эмнелерди кылган?

  • Анын окуясы сага эмнеси менен өзгөчө жакты?

Окугула: Еврейлер 11:6. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Жахаба «аны талыкпай издегендерге», башкача айтканда, аны таанып-билип, ага жагыш үчүн бүт күчүн жумшагандарга эмнени убада кылган?

  • Бул аятка ылайык, Ыйык Китепти изилдегенге күч жумшап жатканыңды көргөндө Жахаба сүйүнөбү? Эмне үчүн ушинтип ойлойсуң?

АЙРЫМДАР МИНТИП СУРАШЫ МҮМКҮН: «Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдеп жатасың?»

  • Аларга эмне деп жооп берет элең?

НЕГИЗГИ ОЙ

Дайыма эле оңойго турбаса да, Ыйык Китепти изилдөө түбөлүккө рахаттанып өмүр сүргөнгө жардам берет. Жахабага мындан ары да таяна бер. Ал сени сыйлыксыз калтырбайт.

Кайталоо

  • Ыйык Китептеги чындыкты эмне үчүн баалайсың?

  • Жашоодогу маанилүү нерселерди баамдап жатканыңды кантип көрсөтө аласың?

  • Эмне үчүн Жахабадан Ыйык Китепти изилдей бергенге жардам сурап тиленишиң керек?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Көптөргө убактысын туура колдонгонго кайсы төрт нерсе жардам бергенин окуп көр.

«Убакытты туура пайдаланасыңарбы?» («Ойгонгула!», февраль, 2014)

Бир аялдын Жахабага жаккандай жашаганга аракет кылганы күйөөсүнө жаккан эмес. Жахаба ал аялга кантип жардам берген?

«Жахаба жүгүбүздү көтөрүүгө күч берет» (5:05)

Аялынын каршылыктарга багынбаганы бир кишиге кандай таасир эткен?

«Чындыкты кылдат иликтедим» (6:30)

Айрымдар Жахабанын Күбөлөрү үй-бүлөнү бузат деп айтышат. Чын эле ошондойбу?

«Жахабанын Күбөлөрү үй-бүлөлөрдү бузабы же чыңдайбы?» (jw.org/ky сайтындагы макала)