Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

41-БӨЛҮМ

Ыйык Китепте жыныстык мамиле тууралуу эмне делет?

Ыйык Китепте жыныстык мамиле тууралуу эмне делет?

Көптөр жыныстык мамиле жөнүндө сүйлөшкөндө ыңгайсыз болушат. Бирок Кудайдын Сөзүндө ал тууралуу ачык, ошол эле учурда өз орду менен айтылат. Ыйык Китепти Жаратканыбыз Жахаба жаздыргандыктан, андагы жыныстык мамиле жөнүндө айтылгандар биз үчүн пайдалуу. Анткени Кудай бизге эмне жакшы экенин эң сонун билет. Ошондой эле ал өзүнүн Сөзүнө ага жагышыбыз үчүн жана түбөлүк жашашыбыз үчүн эмне кылышыбыз керектигин жаздырып койгон.

1. Жахаба жыныстык мамилеге кандай карайт?

Ал ак никеде турган жубайлардын жыныстык мамиледен рахат алышын каалайт. Аны Жахабанын белеги десек болот. Жыныстык мамиле жубайларга балалуу болгондон тышкары, бири-бирине болгон сүйүүсүн, назик мамилесин табигый жана жагымдуу жол менен билдирүүгө өбөлгө түзөт. Ошол себептен Кудайдын Сөзүндө: «Жаш кезиңде алган аялың менен кубан»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 5:18, 19). Жахаба никеде турган кызматчыларынан ойноштукка барбай, бири-бирине берилгендик сакташын күтөт. (Оку: Еврейлер 13:4.)

2. Жыныстык адеп-ахлаксыздык деген эмне?

Ыйык Китепте «бузуктук [жыныстык адеп-ахлаксыздык] кылып жүргөндөр... Кудайдын Падышалыгын мурастабай» турганы айтылат (1 Корунттуктар 6:9, 10). Грек Жазмаларына кирген китептерди жазган пайгамбарлар жыныстык адеп-ахлаксыздыкты порнейа деген сөз менен беришкен. Бул сөз өз ичине 1) никеде турбаган эки кишинин ортосундагы жыныстык мамилени a, 2) гомосексуализмди, 3) жаныбар менен жанашууну камтыйт. «Бузуктуктан [жыныстык адеп-ахлаксыздыктан] алыс болгонубуз» Жахабага жагат, өзүбүзгө да пайдалуу (1 Тесалоникалыктар 4:3).

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Жыныстык адеп-ахлаксыздыктан канткенде кача аласың? Адеп-ахлактык жактан таза болгонуңдун кандай пайдасы бар? Ушулар жөнүндө бил.

3. Жыныстык адеп-ахлаксыздыктан кач

Байыркы убакта Кудайга ишенимдүү кызмат кылган Жусуп деген жигит өзүн адеп-ахлактык жактан таза сактаганга бүт күчүн жумшаган. Окугула: Башталыш 39:1—12. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Жусуп эмне үчүн качып кеткен? (9-аятты кара.)

  • Кандай деп ойлойсуң, Жусуп туура кылганбы? Эмне үчүн?

Бүгүнкү күндөгү жаштар Жусупту кантип туурай алышат жана жыныстык адеп-ахлаксыздыктан кантип кача алышат? ВИДЕОНУ көргүлө.

Жахаба баарыбыздын адеп-ахлаксыздыкты четке кагышыбызды каалайт. Окугула: 1 Корунттуктар 6:18. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Жыныстык адеп-ахлаксыздык кылганга кандай жагдайлар шарт түзүп коюшу мүмкүн?

  • Сен адеп-ахлаксыздыктан канткенде кача аласың?

4. Азгырыкка каршы тура аласың

Жыныстык адеп-ахлаксыздык кылууга азгырылганда, каршы туруу эмне үчүн оңой болбошу мүмкүн? ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Видеодогу ишенимдешибиз ойлору жана иш-аракеттери ойноштукка алып барышы мүмкүн экенин түшүнгөндө эмне кылган?

Атүгүл Кудайга ишенимдүү кызмат кылгандарга да оюн таза сакташ үчүн кээде күрөшкөнгө туура келет. Адеп-ахлаксыздык тууралуу ойлоно бергенден качыш үчүн эмне кылсаң болот? Окугула: Филипиликтер 4:8. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Эмнелер жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек?

  • Ыйык Китепти окуу, Жахабанын иши менен алек болуу азгырыкка каршы турганга кантип жардам берет?

5. Жахабанын нормалары боюнча жашоонун пайдасы

Кандай кылганыбыз жакшы болорун Жахаба эң сонун билет. Ал өзүбүздү адеп-ахлактык жактан кантип таза сактасак болорун, мунун кандай пайдасы бар экенин Ыйык Китепке жаздырып койгон. Окугула: Накыл сөздөр 7:7—27 же ВИДЕОНУ көргүлө. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла.

  • Жаш жигит азгырыкка алып бара турган жолго кантип түшкөн? (Накыл сөздөр 7:8, 9-аяттарды кара.)

  • Накыл сөздөр 7:23, 26-аяттарга ылайык, жыныстык адеп-ахлаксыздык олуттуу көйгөйлөргө алып барат. Бул жагынан өзүбүздү таза сактасак, кандай кыйынчылыктардан алыс болобуз?

  • Адеп-ахлактык жактан таза болгонубуз түбөлүккө рахаттанып өмүр сүргөнгө кандайча жардам берет?

Айрымдар Ыйык Китепте гомосексуализм жөнүндө айтылгандарды таш боордук деп эсептешет. Бирок сүйүүнүн Кудайы Жахаба баарыбыздын түбөлүк жашашыбызды каалайт. Ан үчүн анын осуяттарына баш ийишибиз керек. Окугула: 1 Корунттуктар 6:9—11. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Кудай гомосексуалдык каалоолорду жөн эле туура эмес каалоо деп эсептейби?

Кудайга жагыш үчүн баарыбыз тең көп жагынан өзгөрүшүбүз керек. Мунун акыбети кайтабы? Окугула: Забур 19:8, 11. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Кандай деп ойлойсуң, Жахабанын адеп-ахлак нормалары акылга сыярлыкпы? Эмне үчүн?

Жахаба көптөргө адеп-ахлактык нормаларга ылайык жашаганга жардам берген. Ал сага да жардам бере алат

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Эгер экөө бири-бирин сүйсө, жыныстык мамиледе болгонунун эмнеси жаман?»

  • Сен аларга эмне дейт элең?

НЕГИЗГИ ОЙ

Күйөөсү менен аялы жыныстык мамиледен рахат алышы үчүн, Жахаба аны белек катары берген.

Кайталоо

  • Жыныстык адеп-ахлаксыздык өз ичине эмнелерди камтыйт?

  • Андан качканга эмне жардам берет?

  • Жахабанын адеп-ахлак нормаларына ылайык жашоонун кандай пайдасы бар?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Эркек менен аялдын никеге турган-турбаганы Кудай үчүн маанилүүбү?

«Никеге турбай чогуу жашоого карата Кудайдын көз карашы кандай?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Ыйык Китептеги гомосексуализмге байланыштуу нормалар гейлерди жек көрүүгө үндөбөй турганын окуп көр.

«Гомосексуализм жаманбы?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Кудайдын жыныстык катнашка байланыштуу мыйзамдары бизди кандайча коргойт?

«Оралдык секс жыныстык катнашка жатабы?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Бир гомосексуалистке жашоосун Кудайга жаккандай кылып өзгөрткөнгө эмне түрткү берген? Бул тууралуу «Алар мени басынтышкан жок» деген өмүр баяндан окуп көр.

«Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» («Күзөт мунарасы», 1-апрель, 2011)

a Буга жыныстык катнаш, оралдык секс, аналдык секс жана бири-биринин жыныстык мүчөлөрүн сылап-сыйпалоо сыяктуу ар кандай туура эмес иш-аракеттер кирет.