Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башкалардын жардамы

Башкалардын жардамы

«ЭГЕР жардам керек болсо, тартынбай эле айт». Жакын адамы каза болгондорго көбүнчө ушинтип айтабыз. Ооба, биз аларга, чынында эле, колдон келишинче жардам бергибиз келет. Бирок алар бизден жардам сураганга батынбашы мүмкүн. Эгер чындап эле жардам бергибиз келсе, сооротуп, жөлөк-таяк болгубуз келсе, өзүбүз демилгени колго алганыбыз жакшы.

Ыйык Китептеги бир накыл сөздө: «Өз учурунда айтылган сөз күмүш идиштеги алтын алмадай»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 15:23; 25:11). Кабыргасы кайышып тургандарга эмнелерди айтыш, эмнелерди айтпаш керектигин, эмнелерди кылыш, эмнелерди кылбаш керектигин чечүүдө кыраакылык, акылмандык керек. Анда аларга кантип жардам берсек болоруна байланыштуу Ыйык Китепте кандай кеңештер бар экенине токтололу.

Эмне кылыш керек?

Кунт коюп уккула. Ыйык Китепте: «Укканга даяр болгула»,— деп жазылган (Жакып 1:19). Жакын адамынан айрылган кишинин кайгысын тең бөлүшүүнүн эң жакшы жолу — аны кунт коюп угуу. Айрымдар маркум жөнүндө, анын эмне болуп каза болгону жана ал өлгөндөн кийин өзүн кандай сезип жатканы тууралуу сүйлөшкүсү келет. Андыктан андан ушул жөнүндө сүйлөшкүсү келеби, жокпу, сурап көргүлө. Атасы каза болгон бир жигит: «Көңүл айтып келгендер эмне болгонун сурап, анан чындап эле кунт коюп укканда кадимкидей жеңилдеп калчумун»,— деп эскерет. «Буга эмне деп жооп берсем» же «эмне кылып чечип берсем» деп ичиңерден ойлоно бербей, аларды түшүнүп жатканыңарды көрсөтүп, дит коюп уккула. Эмне айткысы келсе, ошонун баарын айтканга мүмкүнчүлүк бергиле.

Ынандыргыла, бекемдегиле. Аны колунан келгендин баарын кылганына ынандыргыла. Жүрөгүн тынчтандыра турган бекемдээрлик сөздөрдү айткыла. Ошондой эле күйүт тартып же ачууланып же өзүн күнөөлүү сезип жатканы табигый нерсе экенине ишендиргиле. Алардай болуп, оор жоготууга учурагандардын калыбына келип, жашоосун улантып жатканы жөнүндө айтып бергиле. Накыл сөздөр 16:24тө: «Жагымдуу сөз — ...сөөккө даба»,— деп жазылган (1 Тесалоникалыктар 5:11, 14).

Жанында болгула. Жакын адамы каза болгон кишинин, адатта, достору, тууган-туушкандары жанында болот. Бирок бардыгы бүтүп, алар жай-жайына кеткенде, ал жалгыз калышы мүмкүн. Мына ошол учурда жанында болгула. Эгер ошентсеңер, «кыйын мезгилде» жөлөк-таяк болгон «чыныгы дос» экениңерди көрсөтөсүңөр (Накыл сөздөр 17:17). Баласы жол кырсыгынан каза болгон Тереза: «Кечкисин экөөбүз томсоруп жалгыз калбашыбыз үчүн, досторубуз бизди конокко чакырып же өздөрү биздикине келип турушту. Ошонун аркасында каңгыраган бош сезимге чөкпөй, күйүтүбүздү көтөрүп кете алдык»,— деп эскерет. Күйүттүн табы кичине болсо да кайтканы менен, жыл айланып, өлгөн күнү келгенде же баш кошкон күн болгондо адам кайра эле муңга батып, көз жашын төгөт. Ошол учурда анын жанында болуп, дем-күч бере алышыбыз үчүн андай күндөрдү белгилеп алсак болот.

Чындап эле жардам бергиңер келсе, күтүп отура бербей, демилгени колго алгыла

Демилгени колго алгыла. Сөөк коюуга байланыштуу кайсы бир иштерди бүтүргөнгө жардам керек болушу мүмкүн. Балким, балдарын карап турганга киши керектир. Же алыстан келген туугандарына түнөгөнгө үй керек болуп жаткандыр. Жакын адамынан айрылып, ичи эңшерилип турган киши кимдир бирөөдөн бир нерсе кылып беришин суранмак тургай, өзүнүн алапайын таппай калат. Андыктан чындап эле жардам бергиңер келсе, качан айтат деп күтүп отура бербей, демилгени колго алгыла (1 Корунттуктар 10:24; салыштыргыла: 1 Жакан 3:17, 18). Күйөөсү каза болгон бир аял мындай деп эскерет: «Көптөр: „Эгер жардам керек болсо, тартынбай эле айт“,— деп жатышты. Бирок бир досум эч нерсе дебей эле оокат кылып кирди. Ал күйөөм жаткан шейшептерди жууп, үйдү иретке келтирди. Дагы бирөөсү чылапчынга суу куюп алып, күйөөм кускан жерди тазалады. Бир нече жума өткөндөн кийин жыйналыштагы бир аксакал: „Бир нерселериңди оңдоп берейин дедим эле. Эмнелерди жасап берейин?“ — деп, шаймандарын көтөрүп келиптир. Ал араң эле илинип турган каалганы жана бузулуп калган электр шайманын оңдоп бергенде, ага ушунчалык ыраазы болдум». (Салыштыргыла: Жакып 1:27.)

Меймандос болгула. Ыйык Китепте: «Меймандостук көрсөтүүнү унутпагыла»,— деген сөздөр жазылган (Еврейлер 13:2). Биз, айрыкча, күйүт тартып жүргөндөргө меймандостук көрсөтүшүбүз керек. Аларга: «Биздикине каалаган убакта келсең болот»,— деп ооз учунан эле айтып койбостон, күнүн, убактысын болжошуп, конокко чакыргыла. Эгер макул болбосо, тез эле багынып бербегиле. Жумшактык менен көндүрүүгө аракет кылып көргүлө. Айрымдар башкалардын көзүнчө ыйлап жиберем деп тынчсыздангандыктан эле «жок» деп коюшу ыктымал. Же: «Ушундай маалда досторум менен чай-пай ичип, күлүп-жайнап отурганым туура болбойт го»,— деп ойлошу мүмкүн. Ыйык Китептеги Лидия деген меймандос аял жөнүндө ойлонуп көргүлө. Анын үйүнө конокко барган Лука: «Ал... бизди үйүнө барганга көндүрдү»,— деп жазган (Элчилер 16:15).

Сабырдуу болгула, түшүнгөнгө аракет кылгыла. Жакын адамынан айрылгандардын айткан сөздөрүнө көп таң калбагыла. Алар ачуулангандыктан же өзүн күнөөлөгөндүктөн ойдо жок нерселерди айтып алышы мүмкүн. Эгер силерге ачуусу менен бир тийсе, сабырдуу болгула. Катуу сүйлөп албагыла. Ыйык Китепте айтылгандай, «назиктик менен көрсөтүлүүчү боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жумшактыкты жана чыдамкайлыкты кийгиле» (Колосалыктар 3:12, 13).

Кат жазгыла. Жакын адамынан айрылгандарга кыскача кат жазуунун маанилүүлүгүн этибарга деле албашыбыз мүмкүн. Бирок соороторлук, бекемдээрлик сөздөр жазылган кыскача каттардын пайдасы чоң. Апасы залалдуу шишиктен каза болгон Синди: «Бир досум мага аябай сонун кат жазып жибериптир. Анын каты мага кадимкидей дем-күч берди. Ошон үчүн аны кайра-кайра окуй берчүмүн»,— деп эскерет. Мындай катка көп нерсени жазуунун деле зарылдыгы жоктур. Анткени «томуктай эле сөздүн тоодой маңызы» болот. Эң негизгиси, сөздөр жүрөктөн чыгышы керек (Еврейлер 13:22). Мисалы, жакын адамынан айрылган кишини баалаарыңарды, маркум жөнүндөгү эсиңерде калган окуяларды же анын жашооңорго зор таасир эткенин кыскача жазсаңар болот.

Алар менен чогуу тиленгиле. Алар менен чогуу же алар үчүн тиленүү анча деле маанилүү эмес деп ойлобогула. Ыйык Китепте: «Адил адамдын жалындуу тиленүүсү зор күчкө ээ»,— деп айтылат (Жакып 5:16). Алар үчүн тиленип жатканыңарды укканда жакын адамынан айрылгандар терс сезимдеринен арылышы, алсак, өзүн күнөөлөбөй калышы мүмкүн. (Салыштыргыла: Жакып 5:13—15.)

Эмне кылбаш керек?

Ооруканага барып, жанында болгонуңар жакын адамынан айрылгандарды кайраттандырат

Эмне дешти же эмне кылышты билбегендиктен эле алардан оолактай бербегиле. «Ал азыр эч кимди деле көргүсү келбей жатат болуш керек»,— деп ойлошубуз ыктымал. Бирок, чындап келгенде, кеп туура эмес бир нерсе айтып албайын же кылып албайын деп коркуп, барбай жүргөнүбүздө болуп жүрбөсүн. Достору же туугандары качып, келбей жүрө беришсе, күйүт тартып жүргөн киши ого бетер жалгызсырап, ансыз деле сыздап турган жүрөгү ого бетер сыздайт. «Жакшы сөз жанга азык» дегендей, жылуу сөздөрдү айтыш үчүн же жагымдуу иш кылыш үчүн көп нерсенин деле кереги жок (Эфестиктер 4:32). Кээде алардын жанында болгонуңардын өзү эле жетиштүү болот. (Салыштыргыла: Элчилер 28:15.) Кызы каза болгон күндү эскерип, Тереза мындай дейт: «Досторубуз бир саатка жетип-жетпей эле ооруканага толуп калышты. Жыйналыштагы аксакалдардын баары аялдары менен келишти. Айрым эжелер чач тармалдаткычтарын тагынган бойдон келишсе, башкалары жумушка кийген кийими менен келишиптир. Алар баарын таштай салып эле чуркап жөнөшүптүр. Көпчүлүгү: „Эмне деп айтышты билбей жатам“,— дешти. Бирок мага алардын сөздөрүнөн да жанымда болгону көбүрөөк кубат берди».

«Болду ыйлаба!» — деп тыйбагыла. Балким: «Болду эми, ыйлаба»,— деп соороткубуз келеттир. Бирок алардын бугун чыгарып ыйлап алганы жакшы. Күйөөсүнөн айрылып, жесир калган Кэтрин: «Жакын адамы каза болгондорду ыйлаба деп тыйбаш керек деп ойлойм. Анткени алардын бугун чыгара ыйлап алганы аябай маанилүү»,— деп ой бөлүшөт. Күйүт тартып жаткандарды «мындай кылба» же «тигиндей кылба» деп, тыйгандан сак болгула. Мындан тышкары: «Мен ыйласам, бул байкуш таптакыр эле мүңкүрөп калат го» — деп, көз жашыңарды жашырбагыла. Тескерисинче, Ыйык Китепте айтылгандай, «ыйлагандар менен ыйлагыла» (Римдиктер 12:15).

Маркумдун кийим-кечегин же буюмдарын таратып салууну кеңеш кылбагыла. Жакын адамынан айрылган киши аны өзү чечиши керек. Маркумду эстей берип, көпкө чейин кыйналбаш үчүн анын кийимдерин, буюмдарын таратып салганы жакшы болот деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок: «Көздөн кетсе, көңүлдөн да кетет»,— деп ойлоо жаңылыштык болуп калат. Балким, анын акырындык менен түңүлгөнү жакшыдыр. Уулу Жусупту жырткыч жара тартып кетти деп ойлоп, Жакып пайгамбардын сай-сөөгү сыздаганын эстесеңер. Ага уулунун канга боёлгон кийимин беришкенде, «уулун жоктоп көп күн ыйлаган». «Уул-кыздарынын баары аны соороткону келсе» да, «ал сооронбой... ыйлай берген» (Башталыш 37:31—35).

«Эчтеке эмес, дагы төрөп аласың»,— деп айтпагыла. Баласы чарчап калган бир эне: «„Дагы төрөп аласың“,— деген сөздөрдү укканда кыжырданып, жаман болуп жаттым»,— деп эскерет. Мындай сөздөрдү жаман оюбуз жок айтсак да, чарчап калган баланын ордуна башкасын төрөп аласың дегендей сөздөр эненин жүрөгүн «кылычтай жаралайт» (Накыл сөздөр 12:18). Баары бир бир бала экинчисинин ордун баса албайт. Анткени ар бир бала өзгөчө болот.

Маркум жөнүндө сөз кылуудан качпагыла. «Көптөр уулум Жимми жөнүндө сүйлөмөк тургай, анын атын да атабай жатышканын көргөндө ичим туз куйгандан ачышып жатты»,— дейт бир эне. Маркум жөнүндө сөз болуп калганда сөзсүз эле кептин нугун башка жакка буруунун зарылдыгы жок. Балким, алардын сүйлөшкүсү келип жаткандыр. Андыктан ачык эле сурап көргүлө. (Салыштыргыла: Аюп 1:18, 19; 10:1.) Алар маркумдун жакшы жактары жөнүндө укканды жакшы көрүшөт. (Салыштыргыла: Элчилер 9:36—39.)

«Кыйналбай эле каза болгону жакшы болду»,— деп айтпагыла. «Өлгөнү жакшы болду» деген сыяктуу сөздөр күйүткө батып, «көңүлү чөккөндөрдү сооротпойт» (1 Тесалоникалыктар 5:14). Апасы каза болгон бир кыз: «Айрымдардын: „Апаңдын кыйналбай эле кеткени жакшы болду“,— деген суук сөздөрү тимеле сөөгүмөн өтүп кетчү»,— дейт. Мындай сөздөр: «Кайгырбай эле кой, ушуга да кайгырасыңбы!» — дегенге эле тете. Жанындай жакшы көргөн адамыңан айрылып жатсаң, кантип эле кайгырбай коёсуң?!

«Сени түшүнүп жатам»,— деп айтпай эле койгула. Силер чын эле аларды түшүнүп жатасыңарбы? Мисалы, «баласы өлбөгөн — күйүттү көрбөгөн» дегендей, баланын өлүмү башыңардан өтүп көрбөсө, ошондой ата-энелердин кайгы-муңун туя аласыңарбы? Ошондой болгон күндө да ар ким ар кандайча күйүт тартат. (Салыштыргыла: Жеремиянын ыйы 1:12.) Эгер орундуу болсо, силерге ошол оор кыйынчылыкты көтөрүп кеткенге эмне жардам бергенин айтып бергиле. Кызы киши колдуу болуп өлгөн бир аялга кызы каза болгон башка аялдын айтып бергендери аябай дем-күч берген. Ал мындай деп эскерет: «Ал эже сөзүн: „Мен сени жакшы түшүнөм“,— деп баштабай, тек гана башынан өткөндөрдү айтып берди. Аны угуп отуруп, керектүү нерселерди көкүрөгүмө түйүп алдым».

Ажалдын өкүмүнө моюн сунуп, көз жаш төгүп жүргөндөргө жардам бериш үчүн боорукер, кыраакы, кайрымдуу болгула. Алардын жардам сурап келишин күтүп отура бербегиле. «Эгер жардам керек болсо, тартынбай эле айт»,— деп да жүрө бербегиле. Эмнеге муктаж экенин, кандай жардам керек экенин аңдап, биринчи кадамды өзүңөр таштагыла.

Келгиле эми: «Ыйык Китепте өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө эмнелер айтылат? Анын сага жана каза болгон жакын адамыңа кандай тиешеси бар? Өлгөндөрдүн тирилерине эмне үчүн шектенбесек болот?» — деген суроолорго жооп алалы.