Башталыш 37:1—36

37  Жакып атасы келгин болуп жашаган+ Канаан жеринде жашап калды+.  Жакыптын жашоосу жөнүндөгү билдирүү. Жусуп+ атасынын аялдары Била менен Зилпанын уулдары+ менен бирге кой бакчу+. Ошол кезде ал он жети эле жашта болчу. Бир күнү ал атасына бир туугандарынын кылып жүргөн жаман иштери жөнүндө айтып койду+.  Ысрайыл Жусупту башка уулдарынын+ баарынан жакшы көрчү, анткени ал карыганда көргөн уулу эле. Ал Жусупка узун кооз кийим тиктирип берди+.  Бир туугандары атасынын аларга караганда Жусупту көбүрөөк жакшы көрөрүн көрүшкөндө аны жек көрүп+, ага жөн* сүйлөбөй калышты+.  Бир күнү Жусуп түш көрүп, түшүн бир туугандарына айтып берди+. Алар аны ого бетер жек көрүп калышты.  Жусуп аларга: «Уксаңар, мен мындай түш көрдүм+.  Биз талаада боо байлап жүрүптүрбүз. Бир убакта мен байлаган боо тикесинен туруп калды. Анан силердин боолоруңар менин боомду тегеректеп алып, ага жүгүнүштү»+,— деди.  Ошондо бир туугандары: «Эмне, бизге падыша болгуң барбы?+ Бизге бийлик кылгың барбы?»+ — деп, аны айтып берген түшү, сөздөрү үчүн ого бетер жек көрүп калышты.  Андан кийин Жусуп дагы бир түш көрүп, аны да бир туугандарына айтып берди. Ал: «Мен дагы бир түш көрдүм. Бул жолу түшүмдө мага күн, ай жана он бир жылдыз жүгүнүп жатыптыр»,— деди+. 10  Жусуп түшүн агаларына эле эмес, атасына да айтып берди. Ошондо атасы аны: «Эмне деген түш көргөнсүң? Кантип эле мен да, апаң да, бир туугандарың да сага жерге чейин ийилип таазим кылалы?» — деп кагып койду+. 11  Жусуптун айткандарын укканда бир туугандарынын ичи тарый баштады+, атасы болсо анын сөздөрүн көкүрөгүнө түйүп алды+. 12  Бир күнү Жусуптун бир туугандары атасынын койлорун Шекемдин жанына+ жайганы кетишти. 13  Бир канча убакыттан кийин Ысрайыл Жусупка: «Сени Шекемдин жанында мал жайып жүргөн агаларыңа жиберейин, барып келбейсиңби»,— деди. Жусуп: «Мейли, барып келейин»,— деди+. 14  Ысрайыл ага: «Барып, агаларың аман-эсен жүрөбү, малы түгөлбү, көрүп кел»,— деди+. Ошентип, аны Хеброн өрөөнүнөн+ Шекемге жөнөттү. 15  Кийинчерээк бир киши Жусуптун талаада жүргөнүн көрүп, андан: «Эмне издеп жүрөсүң?» — деп сурады. 16  Ал: «Агаларымды издеп жүрөм. Алардын каякта мал жайып жүргөнүн билбейсизби?» — деди. 17  Тиги киши: «Алар бул жерден кетип калышкан. Мен алардын: „Дотанга баралы“,— деп жатышканын уккам»,— деди. Жусуп агаларынын артынан барып, аларды Дотандан тапты. 18  Агалары Жусупту алыстан эле көрүп, ал жакындай электе, аны өлтүрөбүз деп сүйлөшө башташты+. 19  Алар бири-бирине: «Карасаңар, түш көргүч келатат+. 20  Келгиле, аны өлтүрүп, суу сакталчу чуңкурга таштап салалы да+, жырткыч жеп кетти деп коёлу+. Ошондо түштөрү кантип аткарыларын көрөбүз»,— дешти. 21  Бул сөздөрдү укканда Рубейин Жусупту алардын колунан куткарып калганга аракет кылып+: «Анын жанын кыйбай эле коёлу»,— деди+. 22  Анан аларга: «Кан төкпөгүлө+. Андан көрө, аны бул жердеги, талаадагы, суу сакталчу чуңкурга таштап салгыла. Ага тийбегиле»,— деди+. Ал Жусупту алардын колунан бошотуп алып, кайра атасына жибергиси келгендиктен ошентти. 23  Жусуп жакын келери менен, агалары анын үстүндөгү кооз кийимин сыйрып алып+, 24  өзүн чуңкурга таштап салышты+. Чуңкур бош эле, суусу жок болчу. 25  Анан тамактанганы отурушту+. Бир убакта Гилат жактан келаткан Ысмайылдын тукумдарынын+ кербенин көрүштү. Алар төөлөрүнө ладан, бальзам*, чайыры бар кабыктарды жүктөп алып+, Мисирге жол тартып баратышкан эле. 26  Ошондо Жүйүт бир туугандарына: «Бир тууганыбызды өлтүрүп, аны жашырып койгондон эмне пайда?+ 27  Ага зыян кылгандан көрө+, Ысмайылдын тукумдарына сатып жибербейлиби+. Кантсе да, бир тууганыбыз, бир боорубуз* эмеспи»,— деди. Тигилер Жүйүттүн айтканына макул болушту+. 28  Ошол учурда Мидиандын тукумдарынан чыккан соодагерлер+ алардын жанынан өтүп баратышкан эле. Агалары Жусупту чуңкурдан алып чыгып+, Ысмайылдын тукумдарына жыйырма күмүш тыйынга сатып жиберишти+. Алар болсо Жусупту Мисирге алып кетишти. 29  Кийинчерээк Рубейин суу сакталчу чуңкурга барып, Жусуптун ал жерде жок экенин көргөндө, кийимин айрып жиберди+. 30  Анан бир туугандарынын жанына келип: «Бала жок экен, эми эмне кылам?» — деп кыйкырды+. 31  Алар бир текени союп, Жусуптун кийимин анын канына малып+, 32  атасына берип жиберишти да: «Биз муну таап алдык. Карап көрсөңүз+, уулуңуздун кийими эмеспи?» — деп айттырып жиберишти+. 33  Жакып анын кийимин таанып: «Бул — уулумдун кийими. Жусупту жырткыч жара тартып, жеп кеткен турбайбы»,— деп катуу боздоду+. 34  Анан үстүндөгү кийимин айрып, белине таар* курчанып, уулун жоктоп көп күн ыйлады+. 35  Уул-кыздарынын баары аны соороткону келип жатышты+. Бирок ал сооронбой+: «Кайгырып жүрүп уулума, көргө* барам» — деп, уулун жоктоп ыйлай берди. 36  Мисирден Мидиандын тукумдары Жусупту жан сакчылардын башчысына+, фараондун ак сарайында кызмат кылган Потипарга, сатып жиберишти+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «тынчтыкта».
1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Сөзмө-сөз: «денебиз».
Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда ж. б. у. с. учурларда кийишчү же колдонушчу.
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.