ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | ЖАШТАР

Атаңан же энеңен айрылганда...

Атаңан же энеңен айрылганда...

ЖАГДАЙ

Дэминин атасы ал 6 жашында мээнин аневризмасынан каза болуп калган. Дериктин атасы болсо ал 9 жашында жүрөк оорусунан көз жумган. Ал эми Жени 12 жашында бир жыл бою рак оорусу менен күрөшүп келген энесинен айрылган *.

Эч нерсени көрө элек бул балдарга өлүмдүн ачуу күйүтүн татууга туура келген. Мындай жамандык сенин да башыңан өттү беле? Эгер ошондой болсо, бул макаладагы кеңештер сага чоң жардам болот *. Алгач күйүт тартууга байланыштуу айрым нерселерге токтололу.

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢ КЕРЕК?

Бардык адамдар бирдей эмес. Ар бир адам ар башкача кайгырат. Өспүрүмдөр жөнүндөгү бир китепте: «Күйүт менен күрөшүүнүн кандайдыр бир белгилүү жолу же эрежеси болбойт»,— деп жазылган («Helping Teens Cope With Death»). Ошондуктан ичтеги күйүттү басууга аракет кылбаш керек. Эмне үчүн? Мунун бир нече себеби бар.

Ден соолукка зыян алып келиши ыктымал. Жени мындай дейт: «Сиңдимди ойлоп, кайраттуу болушум керек дечүмүн. Ошондуктан сезимдеримди сыртка чыгарчу эмесмин. Азыр деле ошенткенге жакынмын, бирок анын зыянынан башка пайдасы жок экен».

Буга адистер да кошулушат. Бир китепте: «Жүрөктөгү сезимдерди өмүр бою эле басып жүрө албайсың. Алар сен күтпөгөн учурда толкуп сыртка чыгат же кайсы бир ооруга себеп болот»,— деп жазылган («The Grieving Teen»). Ошондой эле күйүттү басып, алаксыганга аракет кылуу ичкиликке берилип кетүүгө же баңгизат колдонууга алып келиши мүмкүн.

Ар кандай сезимдер менен коштолушу мүмкүн. Мисалы, айрымдар көзү өтүп кеткен кишиге аларды «таштап» кеткени үчүн ачууланышат. Башкалар өлүмдөн алып калбаганы үчүн Кудайды күнөөлөшөт. Ал эми көптөр өтүп кеткен кишиге карата кылган иштерин же айткандарын ойлоп, эми эч нерсени өзгөртө албагандыктан өздөрүн күнөөлөшөт.

Ооба, күйүттү көтөрүү оңой эмес. Андайда багынбаганга эмне жардам берет?

ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?

Бирөө менен сүйлөш. Андай учурда жалгыз болуп, эч ким менен сүйлөшкүң келбеши мүмкүн. Бирок жүрөгүңдөгүнүн баарын үйдөгүлөрдүн бирине же досуңа айтып бергениң терс сезимдер менен күрөшкөнгө жана күйүттү көтөрүп кеткенге жардам берет. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 18:24.)

Күндөлүк жаз. Көзү өтүп кеткен атаң же энең жөнүндө күндөлүккө жаз. Маселен, эсиңдеги ага байланыштуу эң жагымдуу нерселерди, жакшы сапаттарын жана алардын кайсыларын сен да өрчүткүң келерин жазсаң болот.

Эгер кандайдыр бир терс сезимдер чулгап жатса, алсак, көзү тирүүсүндө атаңдын же апаңдын көңүлүн ооруткан сөз айтып алганыңды ойлоп жаман болуп жатсаң, кандай сезимде болуп жатканыңды жана ага эмне себеп болуп жатканын жаз. Мисалы, «ошонун алдында эле аны менен уруша кеткениме жаман болуп жатам» деп жазсаң болот.

Кийинки кадам — өзүңдү күнөөлөө сезими менен күрөшүү. Жогорудагы китепте: «Кечирим суроого мүмкүнчүлүк болбой кала турганын билбегениң үчүн өзүңдү күнөөлөбө. Эч ким эч качан келечекте кечирим сураш керек болгон ишти же сөздү кылбайт же айтпайт деп күтүү акылга сыярлык эмес»,— деп жазылган. (Ыйык Китептеги принцип: Аюп 10:1.)

Ден соолугуңа кам көр. Жетиштүү эс ал, көнүгүү жаса, туура тамактан. Эгер табитиң жок болуп жатса, тамак ичпесең да, табитиң калыбына келгенге чейин, пайдалуу нерселерди аз-аздан жеп тур. Алаксуу үчүн тез татымга кирген тамактарды жебе, ичкилик ичпе; андай нерселер абалыңды ого бетер оордотот.

Кудайдан жардам сурап тилен. Ыйык Китепте: «Жүгүңдү Жахабага арт, ошондо ал сени колдойт»,— деп жазылган (Забур 55:22). Кудайдан тиленүү бул өзүңдү жакшы сезиш үчүн эле кылынган иш-аракет эмес. Тиленүү — бул «ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай» менен сүйлөшүү (2 Корунттуктар 1:3, 4).

Жахаба Кудай күйүт тарткандарды өзүнүн сөзү, Ыйык Китеп, аркылуу да жубатат. Андыктан Ыйык Китепте өлгөндөрдүн абалы жана аларга байланыштуу кандай үмүт бар экендигин окуп көрсөң болот *. (Ыйык Китептеги принцип: Забур 94:19.)

^ 4-абз. Дэми, Дерик жана Женинин башынан өткөргөндөрү тууралуу кийинки макаладан окуй аласыңар.

^ 5-абз. Бул макалада атасынан же энесинен айрылгандар жөнүндө сөз жүрсө да, андагы кеңештер бир тууганың же досуң каза болуп калганда да жардам берет.

^ 19-абз. «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» деген китептин 1-томунун 16-бөлүмүн кара. Аны www.jw.org/ky сайтынан акысыз жүктөп алсаң болот. (Жолу: АДАБИЯТТАР)