Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тилдер Бабыл мунарасы курулуп жатканда пайда болгонбу?

Тилдер Бабыл мунарасы курулуп жатканда пайда болгонбу?

«Жахаба аларды бүт жер жүзүнө таратып жиберди. Ошол себептен алар шаар курууну токтотушту. Ушундан улам ал шаар Бабыл деп аталып калды. Анткени Жахаба ошол жерде бүт жер жүзүндөгүлөр сүйлөгөн тилди аралаштырып, аларды бүт жер бетине таратып жиберди» (Башталыш 11:8, 9).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ айтылган бул окуя чын эле болгонбу? Жогоруда жазылгандай, адамдар бир заматта эле ар кайсы тилдерде сүйлөп калганбы? Айрымдар тилдердин келип чыгышы жөнүндөгү бул билдирүүнү жөн эле жомок деп эсептешет. Бир жазуучу: «Бабыл мунарасы жөнүндөгү уламыш — айтылып жүргөн уламыштардын эң эле акылга сыйбаганы»,— деген. Атүгүл бир жүйүт раввини (жүйүттөрдүн мыйзамын жакшы билген, мыйзамды элге окуткан киши) муну «улуттардын келип чыгышын түшүндүрүш үчүн жасалган болбогон далалат» деп айткан.

Көптөр Бабыл мунарасы жөнүндө айтылгандарга эмне үчүн ишенишпейт? Себеби ал билдирүү тилдердин келип чыгышына байланыштуу ой толгоолорго каршы келет. Мисалы, айрым окумуштуулар тилдердин бир заматта эле пайда болгонуна кошулушпайт. Алар адамдардын баары сүйлөгөн алгачкы тил өзгөрүп, өрчүп отуруп, ар кайсы тилдер пайда болгон деп эсептешет. Башкалар баштапкы тилдердин айрымдары өзүнөн өзү өрчүгөн деген ойдо. Алар адамдар башында ар кандай үндөрдү чыгарып сүйлөшчү, кийин татаал сөздөрдү айтканга, татаал сүйлөмдөрдү түзгөнгө үйрөнүшкөн дегенге ишенишет. Көптөр ушул жана башка бири-бирине каршы келген жоромолдордон улам В. Т. Фитч деген профессордун: «Биз буга канааттандырарлык жооп таба элекпиз»,— деп айткандарына кошулушат («The Evolution of Language»).

Археологдор, окумуштуулар тилдердин пайда болгонуна, өрчүгөнүнө байланыштуу эмнелерди ачышты? Ал ачылыштар божомолдуу ой толгоолордун кайсы биринин төгүнсүз экенин далилдейби? Же Бабыл мунарасына байланыштуу окуянын чын эле болгонун тастыктап турабы? Алгач, келгиле, Ыйык Китепте бул тууралуу эмне делерин карап чыгалы.

ТИЛДЕР КАЙСЫ ЖЕРДЕ ЖАНА КАНТИП ПАЙДА БОЛГОН?

Ыйык Китепке ылайык, адамдардын тили «Шынар жеринде» — кийинчерээк Бабыл деп аталган  жерде — аралашып кеткен, ошондон кийин эл бүт жер бетине тараган (Башталыш 11:2). Бул окуя качан болгон? Ыйык Китепте айтылгандай, Ыбрайым пайгамбар жашаган убактан 250 жылдай мурун жашаган Пелек деген кишинин күндөрүндө «жер [«жер тургундары», шилтемеси] бөлүнгөн». Демек, Бабылдагы окуя, кыязы, 4 200 жылдай мурун болгон (Башталыш 10:25; 11:18—26).

Айрым окумуштуулар учурдагы тилдер баштапкы тилден — адамдар 100 000 жылдай мурун сүйлөгөн тилден — келип чыккан деп божомолдошот *. Алар ал тилди адамзаттын «эне тили» деп аташат. Башкалары болсо бүгүнкү күндөгү тилдер 6 000 жылдай мурун жашаган адамдар сүйлөгөн тилден келип чыккан дешет. Ал эми тил боюнча адистер жок болуп кеткен тилдердин кантип өрчүгөнү тууралуу эмне дешет? «Бул абдан татаал маселе. Тил боюнча адистерде тарыхка сапар тартып келгенге жардам бере турган биологдордукундай табылгалар жок»,— делет «Экономист» журналында. Ошондой эле анда тилдин эволюция жолу менен пайда болгонуна ишенген бир тилчинин «математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүүнүн» негизинде буга байланыштуу болжолдуу жыйынтык чыгарганы жазылган.

Бирок «лингвистикалык табылгалар» жок эмес. Аларга эмнелер кирет жана алар тилдердин келип чыгышына байланыштуу эмнени ачып берет? «Жаңы Британ энциклопедиясында» мындай делет: «Жазуусу бар тилдин болгонун далилдеген эң алгачкы билдирүүлөр болжол менен 4 000 же 5 000 жыл мурунку мезгилге таандык. Алар адам баласы үмүттөнгөн жападан жалгыз табылгалар болуп эсептелет». Археологдор «жазуу түрүндөгү билдирүүлөрдү» байыркы Шынар жериндеги Төмөнкү Месопотамиядан табышкан *. Мындан колдо бар табылгалардын Ыйык Китепте жазылгандардын аныктыгын далилдээрин билүүгө болот.

ТИЛ БАШКА БОЛСО, ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ ДА БАШКА БОЛОТ

Ыйык Китепке ылайык, Бабылдагы адамдар «бири-биринин тилин түшүнбөй калышы үчүн», Кудай алардын «тилин аралаштырып салган» (Башталыш 11:7). Ошондо алар «шаар курууну токтотуп», «жер бетине тарап» кетишкен (Башталыш 11:8, 9). Мындан көрүнүп тургандай, Ыйык Китепте учурдагы тилдер бир эле тилден тараган деп айтылбайт. Анда сезимди, ойду түшүндүрүп бергенге өбөлгө түзгөн, бири-биринен айырмаланган жаңы тилдердин бир заматта пайда болгону жазылат.

Месопотамиядан табылган, чоподон жасалган лооктогу шынаа сымал жазуу, б.з.ч. 3-миң жылдык

Ал эми бүгүнкү күндөгү бир топко кирген тилдер тууралуу эмне айтууга болот? Ал тилдер бири-бирине аябай окшошпу же кыйла айырмаланабы? Лера Бородицки деген окумуштуу: «Тил боюнча адистер дүйнөдөгү тилдерди изилдегенде (7000 же андан көп тилдин биртикеси гана изилденген) түшүндүрүп бере албаган сан жеткис айырмачылыктарды байкашкан»,— деп жазган. Ооба, бир топко кирген тилдер, мисалы, кыргыз менен казак тили бири-бирине окшош. Бирок башка топтогу тилдерден, алсак, англис же немис тилдеринен таптакыр айырмаланат.

Тил адамдын ой жүгүртүүсүн калыптайт жана тилдин жардамы менен айлана-тегерегибиздегилерди: кайсы бер нерсенин түсүн, санын, белгилүү бир жерди, багытты сүрөттөп бере алабыз. Алсак, бир тилде: «Оң колуңа чымын конуп алыптыр»,— дешсе, ошол эле ойду башка тилде: «Түштүк-батыш колуңа чымын конуп алыптыр»,—  деп айтышат. Башкасын айтпаганда, ушул эле айырмачылык адамдардын башын маң кылышы мүмкүн. Мына ошондуктан Бабыл мунарасын куруп жаткандардын эмне үчүн ишин токтоткону таң калыштуу эмес.

ТҮШҮНҮКСҮЗ ҮНДӨРДҮ ЧЫГАРЫШКАНБЫ ЖЕ ЖЕТКИЛИКТҮҮ ТИЛДЕ СҮЙЛӨШКӨНБҮ?

Адамзаттын баштапкы тили кандай болгон? Ыйык Китепте Адам атанын жан-жаныбарларга, канаттуу-куштарга ат коюп жатканда жаңы сөздөрдү ойлоп чыгарганы айтылат (Башталыш 2:20). Ал ошондой эле аялына карата кандай сезимдерди туярын билдирип, ыр чыгарган. Обо эне болсо Кудайдын кандай буйрук бергенин, ага баш ийишпесе, кесепети кандай болорун так-айкын айтып бере алган (Башталыш 2:23; 3:1—3). Ырас, баштапкы тил адамдар бири-бирине оюн толук жеткирип, көркөмдөп сүйлөй ала тургандай тил болгон.

Бабылда Кудай адамдарды ар кандай тилде сүйлөй тургандай кылып койгондо, алар максатын ишке ашыра албай калышкан. Бирок жаңы тилдер, алгачкы тилдей эле, ойду толук бере алгыдай тилдер болгон. Ошондуктан бир нече кылым өткөндөн кийин эле алар чоң-чоң шаарларды куруп, күчтүү аскер топторун түзө алышкан жана эл аралык соода-сатык иштерин жүргүзө башташкан (Башталыш 13:12; 14:1—11; 37:25). Эгер алар сүйлөгөн тилдер сөзгө бай болбосо, тил эрежеси жок болсо, ошондой ийгиликтерге жете алышат беле? Ыйык Китепке ылайык, адамзат тарыхынын башында адамдар бири-бири менен түшүнүксүз, белгисиз үндөрдү чыгарып сүйлөшкөн эмес. Баштапкы тил да, кийин Бабылда пайда болгон тилдер да ойду жеткиликтүү бере алган, сүйлөө эрежеси татаал тилдер болгон.

Учурда жүргүзүлгөн изилдөөлөр да муну тастыктап турат. Бир энциклопедияда мындай делет: «Изилдөөлөрдөн ар кайсы элдердин тили, атүгүл маданияты, цивилизациясы өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу жашоо-шарты төмөн болгон элдердин да тили абдан татаал экени аныкталган» («The Cambridge Encyclopedia of Language»). Ал эми Харвард коллежинде эмгектенген профессор Стивен Пинкер бир китебинде: «Ойду жеткиликтүү бере албаган бир да тил жок»,— деген («The Language Instinct»).

КЕЛЕЧЕКТЕ ТИЛ ЭМНЕ БОЛОТ?

«Лингвистикалык табылгалардын» кайсы убакка таандык экенин, кайсы жерден табылганын, тилдердин бири-биринен кыйла айырмаланарын жана байыркы убактагы тилдердин татаалдыгын карап чыккандан кийин кандай жыйынтыкка келсек болот? Көптөр Бабыл мунарасы жөнүндөгү Ыйык Китептеги билдирүү чындыкка жакын деген тыянакка келишкен.

Ыйык Китепте Бабылдагы адамдар Кудайга каршы чыккандыктан, анын алардын тилин аралаштырып салганы айтылат (Башталыш 11:4—7). Бирок Жахаба Кудай: «Элдер Жахабанын ысмын чакырып, ага ийиндеш туруп кызмат кылышы үчүн, мен аларга таза тил берем»,— деген (Сепания 3:9). Бул «таза тил», башкача айтканда, Кудайдын Сөзүндөгү чындык, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү адамдарды бириктирип жатат. Кудай келечекте адамдардын баарына кайрадан бир тил берип, аларды бир үй-бүлөдөй кылып бириктирет деп айтуу акылга сыярлык.

^ абз. 8 Тилдердин чыгышы жөнүндөгү жоромолдор адам маймылдан пайда болгон деген түшүнүккө негизделет. Көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Тиричиликтин пайда болушуна байланышкан беш суроо» (ор.) китепчесинин 27—29-беттерин карагыла.

^ абз. 9 Археологдор Шынардын аймагынан пирамида сымал курулган, мунарага окшош ибадатканаларды табышкан. Ыйык Китепте Бабыл мунарасы таштан эмес, кыштан курулганы, курууда ылайдын ордуна битум колдонулганы жазылат (Башталыш 11:3, 4). «Жаңы Британ энциклопедиясында» Месопотамияда «таштын аз же таптакыр жок» болгону, ал эми битумдун көп болгону айтылат.