Башталыш 13:1—18

13  Ошентип, Ыбрам аялы, бардык мал-мүлкү менен Мисирден чыгып, Негепти көздөй жөнөдү+. Аны менен кошо Лот да жөнөдү.  Ыбрамдын малы, алтыны, күмүшү абдан көп эле+.  Ал улам бир жерге көчүп-конуп, Негептен Бейтелди көздөй жылып отурду. Ал Бейтел менен Айдын+ ортосундагы мурун чатырын тиккен жерди,  мурда курмандык жайын курган жерди+, көздөй жылып отурду. Анан ошол жерде Жахабанын ысмын даңктады+.  Ыбрам менен чогуу жүргөн Лоттун да койлору, бодо малы, чатырлары бар болчу.  Ошондуктан аларга чогуу жашаганга жер тардык кыла баштады. Алардын мал-мүлкү абдан көп болуп, бирге жашоо мүмкүн болбой калгандыктан+,  Ыбрамдын малчылары менен Лоттун малчыларынын ортосунда талаш-тартыштар боло баштады. (Ал жерде ошол кезде канаандыктар менен периздер жашачу+.)  Андыктан Ыбрам Лотко+: «Сен экөөбүздүн жана малчыларыбыздын ортосунда талаш-тартыш болбосун, анткени экөөбүз тууганбыз+.  Мына, бардык жер сенин алдыңда. Бири-бирибизден бөлүнөлү. Эгер сен солго кетсең, мен оңго кетейин. Эгер оңго кетсең, анда мен солго кетейин»+,— деди. 10  Лот көз чаптырып, Иордан өрөөнүнүн* Соарга+ чейинки жерлеринин баарын көрдү+. Ал жердин толугу менен (Жахаба Содом менен Аморду кыйратканга чейин) Жахабанын багындай+, Мисир жериндей жакшы сугарылып турарын көрдү. 11  Лот өзүнө бүт Иордан өрөөнүн тандап, чыгыш тарапка көчүп кетти. Ошентип, алар бири-биринен бөлүнүштү. 12  Ыбрам Канаан жеринде, ал эми Лот Иордан өрөөнүндөгү шаарлардын жанында жашады+. Кийинчерээк ал чатырын Содомдун жанына тикти. 13  Содомдо жашагандар Жахабанын алдында күнөөгө баткан ыймансыз адамдар эле+. 14  Лот бөлүнүп кеткенден кийин, Жахаба Ыбрамга мындай деди: «Башыңды көтөрүп, ушул турган жериңден түндүккө, түштүккө, чыгышка, батышка көз чаптыр+, 15  анткени сен көрүп турган жердин баарын сага жана сенин тукумуңа түбөлүккө берем+. 16  Сенин укум-тукумуңду жердеги кумдай көбөйтөм. Эгер адам үчүн жердеги кумду санап чыгуу мүмкүн болсо, анда сенин тукумуңду да санап чыгуу мүмкүн болмок+. 17  Барып, бул жерди узун-туурасынан аралап чык, себеби аны сага берем»+. 18  Ошентип, Ыбрам чатырларда жашады. Кийинчерээк ал Хеброндо+ жайгашкан Мамредеги+ бийик дарактардын арасына барып отурукташты. Анан ал жерде Жахабага арнап курмандык жайын курду+.

Шилтемелер

Иордан өрөөнүнүн төмөнүрөөк келген жери.