Башталыш 14:1—24

14  Шынар+ падышасы Амрапелдин, Эласар падышасы Ариохтун, Эйлам+ падышасы Кедорламердин+, Гоим+ падышасы Тидалдын убагында мындай болду:  алар Содом+ падышасы Берага, Амор+ падышасы Биршага, Адма+ падышасы Шинапка, Себоим+ падышасы Шемеберге жана Бела (Соар+) падышасына каршы согушка чыгышты.  Алардын баары* биригип+, Сиддим өрөөнүнө+, башкача айтканда, Туздуу деңизге*+ чейин барышты.  Тигилер Кедорламерге он эки жыл бою кызмат кылып, он үчүнчү жылы козголоң чыгарышты.  Он төртүнчү жылы Кедорламер менен анын жанындагы падышалар келип, Аштарот-Карнайымдагы+ репаимдерди, Хамдагы зузимдерди, Шабе-Кириатайымдагы эмимдерди+ талкалашты,  ошондой эле хорлуктарды+ өздөрүнүн Сеир+ тоосунда ээн талаанын жанындагы Эл-Паранга+ чейин кырышты.  Андан кийин артка кайрылып, Эн-Мишпатка, башкача айтканда, Кадешке+ келишти да, Амалыктын тукумдарынын+ бүт жерин басып алышты, ошондой эле Хазазон-Тамарда+ жашаган аморлуктарды+ кырып ташташты.  Ошондо Содом падышасы, аны менен бирге Амор, Адма, Себоим жана Бела (Соар) падышалары Сиддим өрөөнүндө+ алар менен согушушту.  Алар Эйлам падышасы Кедорламерге, Гоим падышасы Тидалга, Шынар падышасы Амрапелге, Эласар+ падышасы Ариохко каршы чыгышты. Төрт падыша бешөө менен согушту. 10  Сиддим өрөөнүндө+ чайыр+ чуңкурлары көп эле. Содом менен Амор+ падышалары өздөрүнүн кишилери менен качып баратып аларга түшүп кетишти, аман калгандары болсо тоолуу жерлерге+ качып кетишти. 11  Жеңишке ээ болгондор Содом менен Амордун бүт мүлкүн, бардык тамак-ашын алып кетишти+. 12  Алар Ыбрамдын бир тууганынын баласы Лотту да, анын мүлкүн да алып кетишти. Лот анда Содомдо жашачу+. 13  Тирүү калгандардан бирөө келип, еврей Ыбрамга+ баарын айтып берди. Ал кезде Ыбрам өзүнүн шериктештери Эшкол менен Анердин+ бир тууганы аморлук+ Мамренин чоң дарактарынын арасында чатырларда жашачу. 14  Ошентип, Ыбрам тууганынын+ туткунга алынганын укту. Ал согушка жарактуу кишилерин+ — өзүнүн үйүндө төрөлгөн 318 кулун+ — чогултуп, баскынчыларды Данга+ чейин кууп барды. 15  Түн ичинде ал кулдары менен топ-топко бөлүнүп+, аларды талкалап, Дамасктын түндүк жагындагы Хобага чейин кууп барды. 16  Ошентип, ал бардык мүлктү+, тууганы Лотту да, анын мүлкүн да, ошондой эле аялдар менен калган элдин баарын кайра алып келди+. 17  Ыбрам Кедорламер менен анын жанындагы падышаларды жеңип кайтып келатканда, Содом падышасы алдынан тосуп чыгыш үчүн Шабе өрөөнүнө, башкача айтканда, Падыша өрөөнүнө+ барды. 18  Салим+ падышасы Мелкиседек+ нан менен шарап+ көтөрүп чыкты. Ал Эң Жогорку Кудайдын дин кызматчысы* эле+. 19  Ал Ыбрамга батасын берип: «Эң Жогорку Кудай, асман-жердин Жаратканы+, Ыбрамга батасын берсин+. 20  Душмандарыңды колуңа салып берген+ Эң Жогорку Кудай даңкталсын!»+ — деди. Ошондо Ыбрам ага бардык нерсесинин ондон бир бөлүгүн берди+. 21  Содом падышасы Ыбрамга: «Элди*+ мага берип, мүлктү өзүңө алып кал»,— деди. 22  Ыбрам ага: «Колумду көтөрүп, асман-жердин Жаратканы Эң Жогорку Кудай Жахабанын алдында ант берем+: 23  „Ыбрамды мен байыттым“,— деп айтпашың үчүн, эч нерсеңди, атүгүл жибиңди да, сандалыңдын боосун да албайм+. 24  Сага тиешелүүдөн биз жигиттер жеген тамак-ашты гана алдык. Шериктештерим Анер, Эшкол, Мамре+ өздөрүнүн үлүшүн алышсын+. Мага болсо эч нерсеңдин кереги жок»+,— деди.

Шилтемелер

Кыязы, 1-аятта айтылган падышалар.
Же: «Жансыз деңизге».
1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Сөзмө-сөз: «жандарды».