Башталыш 10:1—32
10 Нухтун уулдары+ Шем, Хам, Жапет жөнүндөгү билдирүү.
Топон суудан кийин алардан балдар төрөлдү+.
2 Жапеттин уулдары: Гомер+, Магок+, Мадай+, Жабан+, Тубал+, Мешех+, Тирас+.
3 Гомердин уулдары: Ашкеназ+, Рипат+, Тогарма+.
4 Жабандын уулдары: Элиса+, Таршыш+, Киттим+, Доданим+.
5 Аралдарда жашагандар ушулардан тарап, ар бири сүйлөгөн тили, уруусу, эли боюнча өз жерлерине отурукташкан.
6 Хамдын уулдары: Куш+, Мисраим+, Пут+, Канаан+.
7 Куштун уулдары: Себа+, Хабила, Сапта, Рама+, Саптеха.
Раманын уулдары: Шеба менен Дедан+.
8 Куштан Нимрот төрөлгөн+. Ал жер жүзүндөгү күчтүү адамдардын биринчиси болгон.
9 Нимрот Жахабага каршы чыккан күчтүү аңчы болгон. Ошондон улам: «Жахабага каршы чыккан күчтүү аңчы Нимроттой»+,— деп айтылып калган.
10 Анын падышалыгындагы алгачкы шаарлар Шынар жериндеги+ Бабыл+, Эрех+, Акат, Калне эле.
11 Нимрот ал жерден Ашурга+ барып, Нинебини+, Рехобот-Ирди, Калахты,
12 Нинеби менен Калахтын ортосундагы Ресенди курган. Алар чоң шаарды* түзгөн.
13 Мисраимден+ булар төрөлгөн: Лут+, Анамим, Лехабим, Наптухим+,
14 Патрусим+, Каслухим+ (андан пелиштиликтер+ тараган) жана Капторим*+.
15 Канаандан тун уулу Сидон+ менен Хет+ төрөлгөн.
16 Ошондой эле андан жебустуктар+, аморлуктар+, гиргаштар,
17 хибиликтер+, аркыттар, синилер,
18 арбаттыктар+, семариликтер, хаматтыктар+ тараган. Кийинчерээк Канаан уруулары ар кайсы жерлерге тарап кетишкен.
19 Канаандыктардын жеринин чеги Сидондон Азанын+ жанындагы Герарга+, Содом менен Аморго+, Адмага+ жана Лашанын жанындагы Себоимге+ чейин созулган.
20 Булар уруусу, тили, эли боюнча өз жерлеринде жашаган Хамдын уулдары болгон.
21 Жапеттин иниси*, бардык Эбер+ уулдарынын атасы Шемдин да укум-тукумдары болгон.
22 Шемдин уулдары: Эйлам+, Ашур+, Арпакшат+, Лут, Арам.
23 Арамдын уулдары: Ус, Хул, Гетер, Маш+.
24 Арпакшаттан Шелах+, Шелахтан Эбер төрөлгөн.
25 Эбердин эки уулу болгон. Биринин аты Пелек*+ болгон, анткени анын убагында жер* бөлүнгөн+. Ал эми анын бир тууганынын аты Жоктан+ болгон.
26 Жоктандын уулдары: Алмадат, Шелеп, Хасармабет, Жерах+,
27 Хадорам, Узал, Дикла+,
28 Обал, Абымайыл, Шеба+,
29 Опир+, Хабила+, Жобап+. Булардын баары Жоктандын уулдары болгон.
30 Алар Мешадан Сепарга чейин, Чыгыштагы тоолуу аймакка чейин, отурукташкан.
31 Булар уруусу, тили, эли боюнча өз жерлеринде жашаган Шемдин уулдары болгон+.
32 Уруусу, эли боюнча жашаган, Нухтун уулдарынан тараган уруулар — ушулар. Топон суудан кийин алардан жер үстүндөгү элдер тараган+.
Шилтемелер
^ Нинеби менен берки үч шаардын баарын билдириши мүмкүн.
^ Бул ысымдар Мисраимден тараган урууларды же элдерди билдириши мүмкүн.
^ Же: «Эң улуусу болгон Жапеттин бир тууганы».
^ Мааниси: «бөлүнүү; агым».
^ Же: «жер тургундары».