Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өлгөндөр тирүүлөргө жардам бере алабы?

Өлгөндөр тирүүлөргө жардам бере алабы?

Өлгөндөр тирүүлөргө жардам бере алабы?

БАТЫШ АФРИКАДА жашаган Тамба аттуу жигит экзамен тапшырганы жаткан *. Анын апасы ага экзаменден кулап калбашы үчүн өлгөн туугандарынын арбактарына кайрылып, жардам сурашы керектигин айткан. Сицилияда жайгашкан Палермо шаарындагы жер астында атайы казылган жайга көптөгөн туристтер барып турушат. Ал жакта мумия кылып кургатылган жүздөгөн адамдардын сөөгү көргөзмөгө коюлган. Айрымдар ал мумиялардын коргой турган касиети бар деп ишенишет. Орто Азияда болсо көптөр ата-бабаларынын арбагы колдошу үчүн, аларды ыраазы кылып турууга аракет кылышат. Алардын кээ бирлери балалуу болуу же ооруларынан айыгуу үчүн ата-бабаларынын сөөгү коюлган «ыйык жерлерге» барып, курмандык чалып, ошол жерлерге түнөп келишет.

Ооба, өлгөндөр тирүүлөргө жардам бере алат деген ишеним дүйнөнүн ар тарабына кеңири тараган. Сен да өлгөндөр тирүүлөргө кандайдыр бир жол менен жардам бере алат деп ойлойсуңбу? Балким, кичинекейиңден сага ушинтип айтып келишкендир же ушуга бекем ишенген кимдир бирөөнү билеттирсиң. Өлгөн жакындарыбызды сагынып, куса болгонубуз табигый сезим. Медиумдар (рухтар менен адамдардын ортосундагы далдалчы) өлгөндөр менен байланыштырууну убада кылышат. Мисалы, «Тайм» журналына чыккан макалада бир медиум маркумдардын «жардам сурап кайрылгандарга дайыма жардам берүүгө даяр» экенин айткан. Чынында эле ошондойбу? Өлгөндөр чынында эле тирүүлөргө жардам бере алабы? Бул тууралуу Ыйык Жазмада эмне деп айтыларын билгенде таң калышың мүмкүн.

Өлгөндөр башка чөйрөдө жашайбы?

Ыйык Китепте өлгөндөрдүн абалы жөнөкөй эле сөздөр менен айкын түшүндүрүлөт. Насаатчы китебинин 9-бөлүмүнүн 5-аятында: «Тирүүлөр өлө турганын билишет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билишпейт»,— деп айтылган. Өлгөндөр бир нерсени сезип-туя алышабы? Ошол эле бөлүмдүн 6-аятында: «Алардын сүйүүсү да, жек көрүүсү да, кызганчаактыгы да жок болду, мындан ары, түбөлүккө аларга күн астында жасалып жаткан нерселердин эч биринен үлүш жок»,— деп айтылат. Ал эми 10-аятта: «Сен бара турган мүрзөдө жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да, акылмандуулук да жок»,— делет. Кызыктуусу, Грек Жазмаларында Иса Машаяктын өлгөндөн кийин бир аз убакыт мүрзөдө болору айтылган (Элчилер 2:31).

Иса тирүү жүргөндө көптөргө жардам берген, бирок ал өлүшү керектигин билген. Ал мүрзөдө жатканда да башкаларга жардам бере алам деп ойлоду беле? Жок. Иса өзүнүн жакындап келаткан өлүмүн «эч ким эч нерсе кыла албай» турган маалга, түнгө, салыштырган (Жакан 9:4). Ооба, ал адам өлгөндөн кийин эч нерсе кыла албай турганын жакшы билген (Ышайа 26:14).

Иса өлгөндөрдүн абалын уйкуга да салыштырган. Досу Лазар өлгөндө, ал: «Лазар уктап калды»,— деген (Жакан 11:11—13). Уктап жаткан киши бизге жардам берет деп күтпөйбүз, чынбы? Анткени уктап жатканда киши айлана-тегеректе эмне болуп жатканын билбейт, башкаларга да жардам бере албайт.

Жан өлбөйбү?

Көптөр жанды адам өлгөндөн кийин анын денесинен бөлүнүп чыгып, андан ары жашай бере турган көзгө көрүнбөгөн нерсе деп ойлошот. Бирок Ыйык Жазмада бул тууралуу эмне делет? Ыйык Жазманын биринчи китебинде, Башталыш китебинде, жандын эмне экени ачылып берилет. Алсак, Башталыш 2:7де биринчи адамдын «тирүү жан болуп калганы» айтылат. Ооба, жан — бул адамдын өзү. Андан сырткары, «жан» деген сөз жаныбарларга карата да колдонулат (Башталыш 1:20—25). Демек, адам же жаныбар өлгөндө, жан өлөт. Мунун чындык экенин Ыйык Жазма ырастап турат (Жезекиел 18:4).

Бирок айрымдар: «Кээ бирөөлөр өлгөндөр менен байланышып, алардын үнүн угуп, атүгүл аларды көрүп жатпайбы»,— деши мүмкүн. Андай окуялардын дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде болгонун угууга болот. Жакындарынан же досторунан айрылгандардын айрымдары андай окуяларды укканда маркумдар менен байланыштыра аларын ырастаган медиумдарга кайрылышат.

Тирүүлөр маркумдар менен чынында эле байланыша алабы? Эгер ошондой болсо, бул жогоруда келтирилген ыйык китептик ырастоолорго карама-каршы келип калган жокпу? Машаяк Иса Ыйык Китепте жазылгандардын чындык экенин айткан (Жакан 17:17). Ал эми чындык өзүнө өзү карама-каршы келбейт. Өлгөндөр тирүүлөргө жардам бере алат деген ырастоого кандай карашыбыз керектигине байланыштуу Ыйык Жазмада айкын көрсөтмө берилген. Анда өлгөндөрдөн жардам сураган бир киши жөнүндө айтылат. Ал билдирүүнү кылдат карап чыгуу өлгөндөр тууралуу чындыкты билүүгө жардам берет.

Падыша өлгөндөрдөн жардам сурайт

Окуя Ысрайылдын түндүгүндө майдан талаасында болгон. Шабул падыша жана анын аскерлери каардуу пелиштиликтердин кошууну менен беттешкени турган. «Шабул пелиштиликтердин кошуунун көргөндө, коркуп, жүрөгү болк дей түшөт». Ал ошол кезде чыныгы Кудайга сыйынбай калган болчу. Ошондуктан Жахаба Кудай анын жардам сурап тиленгенин уккан эмес. Шемуел пайгамбардын да көзү өтүп кеткен эле. Ошондо Шабул жардам сурап кимге кайрылган? (1 Шемуел 28:3, 5, 6).

Ал Эйен-Дордогу бир медиумга кайрылган. Шабул андан «Шемуелди чакырып беришин» суранган. Ал Шабулдун айтканын аткарган. Медиум чакырган «Шемуел» Шабулга пелиштиликтердин жеңишке ээ болорун жана ал согуштан өзү да, балдары да каза табарын айткан (1 Шемуел 28:7—19). Ошондо Шабулга чындап эле Шемуел сүйлөдү беле?

Ыйык Жазмада адам өлгөндө «кайра топурак болуп калары» жана «анын ойлору ойрон болору» айтылат (Забур 145:4). Кудайдын «өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылууга» тыюу салганын Шабул да, Шемуел да билишчү. Айта кетчү нерсе, Шабул өзү андан мурун Ысрайылдан спиритизм менен алектенгендерди кууп чыккан эле (Лебилер 19:31).

Ишенимдүү Шемуел пайгамбар, арбак болгон күндө да, Кудайдын мыйзамын бузуп, Шабул менен байланышуу үчүн медиум менен кызматташат беле? Анын үстүнө, Жахаба Шабулду четке кагып, тиленүүлөрүнө жооп бербей калса, ошол медиум Кудурети күчтүү Кудайды көзү өтүп кеткен Шемуел аркылуу Шабул менен сүйлөшүүгө кантип мажбурлай алат эле? Ооба, Шабул менен, чынында, Шемуел пайгамбар сүйлөшкөн эмес. Ал Шемуел пайгамбар болуп көрүнгөн каардуу жин-пери болчу.

Жин-перилер — адамзат тарыхынын башталышында Кудайдын башкаруусуна каршы чыккан периштелер (Башталыш 6:1—4; Жүйүт 6). Алар өлгөн адамдын тирүү кезинде кандай сүйлөгөнүн, жүрүм-туруму жана сырткы келбети кандай болгонун жакшы билишет. Жин-перилер Ыйык Китепте айтылгандарды жалган кылып көрсөтүүгө умтулушат. Андыктан Ыйык Китепте алар менен байланышууга тыюу салынганы таң калыштуу эмес (Мыйзам 18:10—12). Ал каардуу рухтар бүгүнкү күндө да адамдарды адаштырууга аракет кылууда.

Ошентип, көптөргө өлгөн жакындары болуп «көрүнгөндөр» же «сүйлөгөндөр» чынында кимдер экенин билдик. Жин-перилер кээде жакшылык каалап жаткандай болуп көрүнгөнү менен, адамдарды адаштырууга умтулушат * (Эфестиктер 6:12). Эгер өлгөндөр башка чөйрөдө жашаса жана жакындарына же досторуна жардам бере алса, бизге кам көргөн мээримдүү Кудай алар менен байланышууга тыюу салып, андай иштерди жийиркеничтүү деп эсептейт беле? Албетте, жок (1 Петир 5:7). Анда жардам сурап кимге кайрылсак болот?

Тирүүлөргө да, өлгөндөргө да ким жардам бере алат?

Жогорудан билгенибиздей, өлгөндөр тирүүлөргө жардам бере албайт. Аларга жардам сурап кайрылуу пайдасыз, атүгүл абдан зыяндуу. Себеби өздөрүн өлгөн жакындарыбыз кылып көрсөткөн жин-перилер Кудайдын мыйзамын бузушат. Алар менен байланыша турган болсок, бизди бийлеп алышы мүмкүн.

Ыйык Жазмада бизге Жараткан Жахаба Кудайдын чындап жардам бере алары жазылат. Ал бизди атүгүл өлүмдүн кулчулугунан да бошото алат (Забур 32:19, 20). Жахаба бизге жардам берүүгө даяр. Жалган нерселерге үмүттөндүргөн медиумдардан айырмаланып, ал бизге чыныгы үмүт берет.

Башында сөз кылынган Тамба адамдарга чынында медиумдар эмес, Жахаба жардам бере аларына өз тажрыйбасынан ынанган. Медиумдар ага ата-бабаларынын арбагына багыштап курмандык чалбаса, экзаменден кулап каларын айтышкан. Ал кезде Тамба Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган эле. Анын аркасында ал өлгөндөрдүн кандай абалда болорун жана адамдардын өлгөн жакындары болуп көрүнгөндөр каардуу рухтар экенин билген. Медиумдардын айтканын кылууга апасы аябай кыйнаса да, Тамба андай кылуудан баш тартып, ага: «Экзаменден өтпөй калсам, эмки жылы мындан да жакшыраак аракет кылам»,— деп айткан.

Кызыктуусу, ал экзаменди ийгиликтүү тапшырган. Буга аябай таң калган апасы медиумдарга ишенбей калган жана ошондон тартып ата-бабаларга курмандык чалуу жөнүндө такыр сөз кылбайт. Тамба өлгөндөргө жардам сурап кайрылуу Жахабага жакпай турганын түшүнгөн (Ышайа 8:19). Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында ал Кудайдын мыйзамынан кубаныч алганда гана бардык ишинде ийгиликке жетерине ынанган (Забур 1:1—3).

Ал эми өлгөн жакындарыбыз үчүн кандайдыр бир үмүт барбы? Жахаба тирүүлөргө эле эмес, мүрзөдө жаткандарга да жардам берүүнү убадалаган. Ышая пайгамбар өлгөндөрдүн эч нерсе кыла албай турган абалда экенин айткандан кийин: «Сенин өлгөндөрүң тирилишет... Топуракта жаткандар, ойгонгула да кубангыла!» — деген. Ооба, Ышая өлгөндөрдүн тирилип, кайрадан жашаарын айткан (Ышайа 26:19).

Элестетсең, мүрзөдө өлүм уйкусунда жаткан миллиарддаган адамдар тирилет! Ыйык Китепте Жахабанын өлгөндөрдү «сагынып, куса болору» жана аларды тирилтүүнү абдан каалаары айтылат (Аюб 14:14, 15, «Мукаддас»). Бул убаданын аткарыларына ишенсек болобу? Иса Машаяк өлгөндөрдүн тирилерине бекем ишенген. Ошондуктан ал өлгөндөрдүн Жахабанын көз алдында тирүү экенин айткан (Лука 20:37, 38).

Сен өлгөн жакындарың менен кайрадан жолуккуң келеби? * Андай болсо, Ыйык Китептен так билим алууга умтула бер. Мунун аркасында Жахабанын тирүүлөргө да, өлгөндөргө да жардам бере аларына жана анын убадалары «ишенүүгө татыктуу жана чындык» экенине ынанасың (Аян 21:4, 5).

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Ысмы өзгөртүлүп берилди.

^ 18-абз. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Арбактар. Алар пайда же зыян келтире алабы? Алар чынында эле барбы?» (ор.) деген китепчени карагыла.

^ 26-абз. Тирилүү жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 7-бөлүмүн карагыла.

[23-беттеги сүрөт]

Өлгөн жакындарыбызды сагынып, куса болгонубуз табигый сезим

[24-беттеги сүрөт]

Шабул падышага чындап эле Шемуел пайгамбар сүйлөдү беле?