Лука 20:1—47
20 Бир күнү Иса ибадатканада элди окутуп, жакшы кабарды жарыялап жатканда, жогорку дин кызматчылар, китепчилер, аксакалдар жанына келип+,
2 баарына угуза: «Айтчы бизге, буларды кайсы бийлик менен кылып жатасың? Мындай бийликти сага ким берди?» — деп сурашты+.
3 Иса аларга: «Мен да силерге бир суроо берейин. Айткылачы+,
4 Жакан чөмүлдүрүүгө бийликти асмандан алганбы же адамдарданбы?» — деди+.
5 Ошондо алар: «Эгерде: „Асмандан“,— десек, ал: „Анда эмне үчүн ага ишенген жоксуңар?“ — дейт+.
6 „Адамдардан“,— десек, анда элдин баары бизди таш бараңга алат+, анткени алар Жакандын+ пайгамбар болгонуна ишенишет»+,— деп өз ара сүйлөшүштү.
7 Анан Жакандын андай бийликти кайдан алганын билишпей турганын айтышты.
8 Ошондо Иса: «Буларды кайсы бийлик менен кылып жатканымды мен да айтпайм»,— деди+.
9 Андан кийин Иса элге мындай мисал келтирди: «Бир киши жүзүм отургузат да+, жүзүмзарын багбандарга ижарага берип, өзү бир топ убакытка башка өлкөгө кетет+.
10 Түшүм жыйноо маалы келгенде, жүзүмзарынын жемишинен беришсин деп+, багбандарга+ кулун жөнөтөт+. Бирок алар аны сабап, куру кол кетирип жиберишет+.
11 Жүзүмзардын ээси дагы бир кулун жөнөтөт. Алар аны да сабап, кордук көрсөтүп, куру кол кетирип жиберишет+.
12 Ал үчүнчүсүн жөнөтөт+. Багбандар аны да жарадар кылып, жүзүмзардын сыртына таштап коюшту.
13 Ошондо жүзүмзардын ээси: „Эмне кылсам? Сүйүктүү уулумду жиберип көрөйүн+. Балким, аны сыйлашар“,— дейт.
14 Багбандар аны көргөндө: „Бул — мурасчы. Жүргүлө, өлтүрүп салалы, ошондо мурас биздики болот“,— деп өз ара сүйлөшүшөт+.
15 Ошентип, аны жүзүмзардын сыртына сүйрөп чыгып+, өлтүрүп салышат+. Эми жүзүмдүктүн ээси багбандарды эмне кылат?+
16 Ал келип, аларды өлтүрүп, жүзүмзарын башкаларга ижарага берет»+.
Муну уккандар: «Кудай анын бетин ары кылсын!» — дешти.
17 Ошондо Иса аларды карап: «Анда Ыйык Жазмадагы: „Куруучулар жаратпай койгон таш+ бурчка коюлуучу негизги таш болуп калды“+,— деген сөздөр эмнени билдирет?
18 Ким бул ташка жыгылса, ал жанчылат+. Ал эми таш кимдин үстүнө куласа+, аны басып калат»,— деп айтты+.
19 Китепчилер менен жогорку дин кызматчылар Исанын бул мисалды өздөрүнө карата айтканын түшүнүп, аны кармаганга аракет кылышты, бирок элден коркушту+.
20 Алар Исаны амалкөйлүк менен колго түшүрүүнүн жолун издеп көрүшкөндөн кийин ага бир нече кишини жиберишти. Ал кишилерди өздөрүн адил кылып көрсөтүп, Исаны сөзүнөн кармаган соң+ өкмөттөгүлөр менен башкаруучунун колуна салып бериш үчүн жашыруун жалдашкан эле+.
21 Алар Исадан: «Устат, сенин туура сүйлөп, туура окутарыңды жана бет карамалык кылбай, Кудайдын жолун чындыкка ылайык үйрөтөрүңдү билебиз+.
22 Падышага* салык төлөө туурабы же туура эмеспи?» — деп сурашты+.
23 Иса алардын кууланып жатканын билип+:
24 «Мага бир динарды көрсөткүлөчү. Бул жерде кимдин сүрөтү тартылып, кимдин аты жазылган?» — деди. Алар: «Падышанын»,— дешти+.
25 Ошондо ал: «Андай болсо, падышага тиешелүүнү падышага+, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деди+.
26 Ошентип, алар Исаны эл алдында сөзүнөн кармай алышкан жок. Тескерисинче, анын жообуна таң калып, унчукпай калышты+.
27 Андан кийин өлгөндөрдүн тирилерине ишенбеген садукейлердин кээ бирлери келип+, Исага мындай суроо беришти:
28 «Устат, Муса бизге+: „Эгер кимдир бирөө бала көрбөй өлүп калса, аялын бир тууганы алып+, анын тукумун уласын“,— деп жазган болчу+.
29 Арабызда жети бир тууган бар эле. Биринчиси аял алып, тукумсуз өтүп кетти+.
30 Анын аялына экинчиси,
31 анан үчүнчүсү үйлөндү. Ошентип, ага жетөө тең үйлөнүштү, бирок баары бала көрбөй өтүп кетишти+.
32 Акырында аял да өлдү+.
33 Өлгөндөр тирилгенде, ал кимисинин аялы болот? Анткени аны жетөө тең алышкан болчу»+.
34 Иса аларга мындай деди: «Бул дүйнө түзүлүшүнүн адамдары аял алышат+, күйөөгө тийишет.
35 Ал эми тирилүүгө+ жана келечектеги дүйнө түзүлүшүндө+ жашоого татыктуу боло тургандар+ үйлөнүшпөйт, турмушка чыгышпайт.
36 Алар периштелердей болушат, андыктан экинчи өлүшпөйт+. Ошондой эле тирилгенден кийин алар Кудайдын балдары болушат+.
37 Ал эми өлгөндөрдүн тирилерин Муса да көрсөткөн. Тикенектүү бадал+ жөнүндө баяндап жатып ал Жахабаны „Ыбрайымдын Кудайы, Ыскактын Кудайы жана Жакыптын Кудайы“ деп атаган+.
38 Ал — өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы. Анткени ал үчүн бардыгы тирүү»+.
39 Ошондо китепчилердин айрымдары: «Устат, сен жакшы айттың»,— дешти.
40 Ошондон кийин алар суроо бергенге эч батына алышкан жок.
41 Анан Иса аларга: «Эмне үчүн Машаякты Дөөтүнүн уулу дешет?+
42 Дөөтү өзү Забур* китебинде: „Жахаба менин Мырзама:
43 “Душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенимче, оң жагымда отур”,— деди“+,— дебеди беле.
44 Эгер Дөөтү аны „Мырзам“ деп атаса, анда ал кантип Дөөтүнүн уулу болсун?» — деди.
45 Бүт эл Исанын сөздөрүн угуп турганда, ал шакирттерине+:
46 «Китепчилерден сак болгула. Алар узун кийим кийип жүргөндү, базар аянттарында башкалардын урмат көрсөтүп саламдашканын, синагогаларда алдыңкы орундарда отурганды, тойлордо төрдөн орун алганды жакшы көрүшөт+.
47 Ошондой эле жесир аялдардын мал-мүлкүн талап-тоношот+, элге көрүнүш үчүн узакка тиленишет. Андыктан аларга катуу өкүм чыгарылат»,— деди+.