1 Шемуел 28:1—25

28  Ошол убакта пелиштиликтер Ысрайыл менен согушуу үчүн аскерлерин чогултушту+. Анан Акиш Дөөтүгө: «Өзүң да, кишилериң да мени менен бирге согушка барарыңарды билесиң да»,— деди+.  Дөөтү ага: «Кулуңдун эмне кыларын өзүң чечесиң да»,— деп жооп берди. Ошондо Акиш: «Мына ушул үчүн сен дайыма менин жан сакчым болосуң»,— деди+.  Ал убакта Шемуелдин көзү өтүп кеткен болчу. Ысрайыл эли аны жоктоп ыйлап, өзүнүн шаары Рамага коюшкан эле+. Шабул өзүнүн жеринен өлгөндөрдү чакыргандар менен көзү ачыктардын баарын жок кылган болчу+.  Пелиштиликтер чогулуп, Шунемге+ келишти да, ошол жерге кошуундары менен жайгашышты. Шабул да бүт Ысрайыл жоокерлерин чогултуп, Гилбояга+ барып жайгашты.  Пелиштиликтердин кошуунун көргөндө Шабул аябай коркуп кеткендиктен, жүрөгү дүкүлдөй баштады+.  Ошондуктан ал Жахабага кайрылды+, бирок Жахаба ага түш аркылуу да+, урим аркылуу да+, пайгамбарлар аркылуу да+ жооп берген жок+.  Акырында Шабул кызматчыларына: «Өлгөндөрдү чакыра турган бир аял тапкыла+. Мен барып, ошондон сурайын»,— деди. Кызматчылары ага: «Эн-Дордо+ өлгөндөрдү чакыра турган бир аял бар»,— дешти.  Шабул сырткы көрүнүшүн өзгөртүп+, башка кийим кийди да, эки кишиси менен ошол аялдыкына жөнөдү. Алар аныкына түн ичинде барышты+. Шабул ага: «Суранам, сыйкырчылык кылып+, мага мен айткан кишини чакырып бер»,— деди.  Бирок аял: «Шабулдун өлгөндөрдү чакыргандар менен көзү ачыктардын баарын бул жерден жок кылганын билесиң да+. Анда эмнеге мени өлтүрүш үчүн тузак коюп жатасың?» — деди+. 10  Шабул: «Жахаба тирүү+, бул үчүн сен айыптуу болбойсуң!» — деп Жахабаны оозанып ант берди. 11  Ошондо аял: «Кимди чакырып берейин?» — деп сурады. Ал: «Шемуелди»,— деп жооп берди+. 12  «Шемуелди»+ көргөндө аял катуу кыйкырып жиберип, Шабулга: «Мени эмнеге алдадың? Сен Шабул турбайсыңбы!» — деди. 13  Падыша ага: «Коркпо. Эмнени көрдүң, айт»,— деди. Аял: «Жерден чыгып келаткан кудайды+ көрдүм»,— деп жооп берди. 14  Шабул: «Анын кебетеси кандай экен?» — деп сурады. Аял: «Жеңи жок сырт кийим+ кийген кары киши чыгып келатат»,— деди. Ошондо Шабул анын «Шемуел» экенин түшүнүп+, жүзтөмөндөп жыгылып таазим кылды. 15  «Шемуел» Шабулдан: «Менин тынчымды алып, эмнеге чакырдың?» — деп сурады+. Шабул ага: «Айлам түгөнүп турат+. Пелиштиликтер мага каршы согушуп жатышат, Кудай болсо мени таштап койду+. Ал мага пайгамбарлар аркылуу да, түш аркылуу да жооп бербей жатат+. Ошондуктан эмне кылышым керектигин сураш үчүн сени чакырдым»,— деди+. 16  «Шемуел» ага мындай деди: «Эгерде Жахаба сени таштап+, сага душман болуп калган болсо, анда эмнеге менден сурап жатасың?+ 17  Жахаба мен аркылуу айткандарынын баарын аткарат. Жахаба сенден падышалыкты тартып алып+, жакыныңа, Дөөтүгө+, берет. 18  Жахабанын тилин албаганың үчүн+, анын каарын кайнаткан Амалыктын тукумдарын жок кылбаганың үчүн+ Жахаба бүгүн сени ушундай кылат. 19  Жахаба сени менен кошо бүт Ысрайылды пелиштиликтердин колуна салып берет+. Өзүң да+, уулдарың да+ эртең мени менен болосуңар. Жахаба Ысрайыл кошуунун пелиштиликтердин колуна салып берет»+. 20  «Шемуелдин» сөздөрүн угуп, катуу коркуп кеткендиктен Шабул жерге кулады. Ал ошол күнү кечке жана түнү менен эч нерсе жебегендиктен алсырап калган эле. 21  Аял Шабулдун жанына келип, анын нес болуп жатканын көрүп, ага: «Күңүң тилиңди алып, өмүрүн тобокелге салып+, айткандарыңды аткарды. 22  Эми, суранам, сен да күңүңдүн тилин ал. Сага бир кесим нан берейин, аны жеп, кубаттанып ал, анткени жол жүрөсүң»,— деди. 23  Ал: «Жебейм»,— деди. Бирок кызматчылары менен тиги аял аны көндүрө башташты. Акыры, ал алардын тилин алып, ордунан туруп, узун отургучка отурду. 24  Аялдын үйүндө бордолгон торпогу+ бар эле. Ал дароо аны сойду* да+, анан камыр жууруп, калама бышырды. 25  Анан аларды Шабул менен анын кызматчыларына берди. Алар тамактанып, кайра ошол эле түнү жолго чыгышты+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «курмандыкка чалды».