Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Көйгөйлөрдү чечүү

Көйгөйлөрдү чечүү

Үйбүлөлүк бакыттын сыры

Көйгөйлөрдү чечүү

Күйөөсү: Кыздар кайда?

Аялы: Дүкөнгө кийим алганы кетишти.

Күйөөсү: [Ачуусу келип] Кийим алганы дейсиңби? Өткөн айда эле алышпады беле!

Аялы: [Таарына түшөт да, актанып] Азыр арзандатылган баада сатылып жатыптыр. Анын үстүнө, менден суранып кетишкен...

Күйөөсү: [Ачуулана кыйкырат] Кыздардын мени менен кеңешпей туруп, акча короткону мага жакпаарын билесиң да... Мага бир ооз айтып койбойсуңбу?

СИЛЕРДИН оюңарча, бул үйбүлөнүн кандай көйгөйлөрү бар? Күйөөсү тез эле ачууга алдырып жиберет көрүнөт. Ошондой эле бул түгөйлөр балдарын канчалык эркин коюш керектигине байланыштуу кайчы пикирде окшойт. Андан тышкары, бири-бири менен жакшы пикир алышпайт сыяктанат.

Албетте, бардык жагынан төп келген үйбүлө болбойт. Ар бир үйбүлөнүн өзүнүн кандайдыр бир кыйынчылыктары бар. Бирок көйгөй кандай болбосун, чоңбу, кичинеби, эң негизгиси, жубайлар аны чечүүгө үйрөнүшү керек. Эмне себептен?

Анткени чечилбеген көйгөйлөр убакыттын өтүшү менен пикир алмашууга тоскоолдук кылат. Сулайман падыша: «Чыр-чатак сепилдин кулпуларына окшош»,— деген (Накыл сөздөр 18:19). Анда көйгөйлөрдү чечүүдө ачык пикир алышууга кантип шарт түзө аласыңар?

Маселен, пикирлешүүнү — никенин кан айлануу системасына, сүйүүнү — анын жүрөгүнө, ал эми урматтоону өпкөсүнө салыштырууга болот (Эфестиктерге 5:33). Көйгөйлөрдү чечиш керек болгондо, сүйүү жубайларга өткөн-кеткенди эстеп, бири-биринин көңүлүн оорутпай, болуп жаткан көйгөйгө көңүл бурууга жардам берет (1 Корунттуктарга 13:4, 5; 1 Петир 4:8). Ал эми урматтоо жубайларга оюн ачык айтууга, ошондой эле бири-бирин кунт коюп угууга, айтылгандарды эле эмес, көмүскөдөгү ой-сезимдерди да түшүнүүгө өбөлгө түзөт.

Көйгөйлөрдү чечүү үчүн төрт кадам

Келгиле эмесе, төмөндөгү төрт кадамды өз-өзүнчө талдап чыгалы. Ошону менен бирге көйгөйлөрдү чечүүдө сүйүү, урмат-сый көрсөтүүгө көмөк кылган Ыйык Китептеги кеңештерди карап көрөлү.

1. Сүйлөшүүгө убакыт бөлгүлө. «Бардык нерсенин өз убагы бар... Унчукпай турган убак бар, сүйлөй турган убак бар» (Насаатчы 3:1, 7). Макаланын башында кеп кылынган жубайлардын мисалынан көрүнүп тургандай, айрым көйгөйлөрдүн айынан кызуу кандуулук кылып жиберүүгө да болот. Андайда ачууңар күчөп кете электе, сөзүңөрдү токтотуп, өзүңөрдү кармап, «унчукпоого» аракет кылгыла. Ыйык Китепте: «Чатактын башталышы жарып кирген суудай. Чатакты күчөп кете электе токтот»,— деген кеңеш берилет. Ушул кеңешке ылайык иш кылсаңар, жүрөк ооруткан сөздөрдү айтуудан сактана аласыңар (Накыл сөздөр 17:14).

Бирок «сүйлөй турган» да убак бар. Көйгөйлөр отоо чөпкө окшош, карабай койсоң — «басып кетет». Андыктан аларды өзүнөн өзү чечилет деп, калтырып койбогула. Жагдай курчуп кетпеши үчүн, сөзүңөрдү токтотууну чечсеңер, аны кийинчерээк улантарыңарды айткыла. Бул түгөйүңөргө урмат көрсөткөндүккө жатат. Андан сырткары, ушундай кылуу менен Ыйык Жазмадагы: «Күн батканча, ачууңарды баскыла»,— деген кеңешти колдонгон болосуңар (Эфестиктерге 4:26). Анткен менен айтканыңарды аткарбай койбогула.

КЕҢЕШ: Үйбүлөдөгү көйгөйлөрдү жума сайын талкуулап туруу үчүн кайсы бир убакытты белгилеп алгыла. Көйгөйлөр тууралуу сиркеңер суу көтөрбөй турган учурларда, мисалы, жумуштан жаңы келгениңерде же ачка болуп турганыңарда сүйлөшпөй эле койгонуңар оң. Аны, андан көрө, экөөңөр тең жай отуруп сүйлөшө алгыдай, ыңгайлуу убакка калтыргыла.

2. Оюңарды ачык жана сылык айткыла. «Ар кимиңер жакыныңарга чындыкты айткыла» (Эфестиктерге 4:25). Өмүрлүк жарлар бири-биринин эң жакыны болуп эсептелет. Андыктан бири-бириңерге сезимдериңерди ачык билдирип, чынчыл болгула. Никеде турганына 26 жыл болгон Маргарита * мындай дейт: «Турмушка жаңы чыкканымда пайда болгон көйгөйдөн улам кандай сезимде болуп жатканымды жолдошум айттырбай эле билиши керек деп ойлочумун. Бирок бара-бара андай болушу мүмкүн эмес экенин түшүндүм. Азыр болсо ой-сезимдеримди ачык билдирүүгө аракет кылам».

Ошондой эле кайсы бир көйгөй жөнүндө сүйлөшүп жатканда, максатыңар таймашта жеңүү же душмандын мизин майтаруу эмес, түгөйүңөрдүн жүрөгүндөгүсүн билүү экенин унутпагыла. Ан үчүн силердин оюңар боюнча, көйгөйдүн эмнеде экенин аныктагыла, анан ал качан пайда болорун жана ошондон улам өзүңөрдү кандай сезип жатканыңарды айткыла. Мисалы, жолдошуңардын кийимин иретсиз таштап кеткенине нааразысыңар дейли. Андайда, балким, жылуу-жумшак: «Жумуштан келип, кийимиңди иреттебей таштап койгондо [көйгөйдүн качан болгонун жана эмнеде экенин көрсөттүңөр], мага үйдү жыйнаган-жыйнабаганым, сен үчүн баары бирдей сезилип кетет [ошонун айынан өзүңөрдү кандай сезип жатканыңарды билдирдиңер]»,— деп айтып көрөттүрсүңөр. Андан соң ал көйгөйдү кантип чечүүгө байланыштуу сунуштарыңарды айтсаңар болот.

КЕҢЕШ: Көйгөй эмнеде болуп жатканын жана аны кантип чечсе болоруна байланыштуу ойлоруңарды жазып алсаңар, түгөйүңөргө оюңарды так-таасын билдирүүгө оңоюраак болот.

3. Сезимдериңерди түшүнүүгө аракет кылып, бири-бириңерди уга билгиле. Шакирт Жакып ишенимдештерине: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ойлонуп сүйлөсүн [«сүйлөгөнгө... шашпасын», «ЖД»], ачууга алдырбасын»,— деп жазган (Жакып 1:19). Жубайлардын өздөрүн никеде бактысыз сезишкени көп учурда бири-бирин түшүнө билбегендикте. Андыктан сезимдериңерди түшүнүүгө аракет кылгыла! (Матай 7:12).

Үйлөнгөнүнө 35 жыл болгон Вольфганг мындай дейт: «Кандайдыр бир көйгөй тууралуу сүйлөшүп жатып, аялымдын мени түшүнбөй жатканын байкаганымда, өзүнчө эле кыжалат боло берем». Турмушка чыкканына 20 жыл болгон Диана: «Жолдошум экөөбүз көйгөйлөр жөнүндө сүйлөшүп жатканда, айтып жаткандарымды аягына чейин укпай койгонуна нааразы болом»,— дейт. Ушул сыяктуу жагдайларда эмне кылууга болот?

«Түгөйүмдүн оюн же сезимдерин билем»,— деп ишенимдүү ырастоодон качкыла. Анткени Ыйык Китепте: «Менменсинүүдөн чыр чыгат, ал эми кеңешкендерде акыл бар»,— делет (Накыл сөздөр 13:10). Өмүрлүк жарыңар оюн айтып жатканда, сөзүн бөлбөй, ага урмат көрсөтүп, кунт коюп уккула. Айтылгандарды туура түшүнүп жатканыңарга ынангыдай болгула. Ан үчүн укканыңарды өз сөзүңөр менен кайра айтып бергиле, бирок какшыктоодон же ачуулануудан качкыла. Кандайдыр бир оюн туура эмес түшүнүп алган болсоңор, түгөйүңөрдүн аны кайра түшүндүрүп беришине тоскоолдук кылбагыла. Өзүңөр эле сүйлөй бербей, оюңарды кезектешип айткыла. Бири-бириңердин ой-сезимиңерди туура түшүнгөнүңөргө экөөңөр тең ынангыдай болгула.

Түгөйүңөрдү кунт коюп угуп, ой-сезимдерин түшүнүү үчүн момун жана чыдамдуу болуу талап кылынат. Анткен менен өмүрлүк жарыңарга урмат көрсөтсөңөр, алар да силерди урматтап-сыйлаары шексиз (Матай 7:2; Римдиктерге 12:10).

КЕҢЕШ: Аялыңардын же күйөөңөрдүн айткандарын кайра сөзмө-сөз эле кайталап койбогула. Анын сөздөрүн жана ой-сезимдерин кандай түшүнгөнүңөрдү сылыктык менен айтып бергиле (1 Петир 3:8).

4. Бир пикирге келгиле. «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы... Анткени бирөө жыгылса, экинчиси тургузат» (Насаатчы 4:9, 10). Көп учурда никедеги көйгөйлөрдүн чечилер-чечилбеши жубайлардын ийкемдүү болушунан, бири-бирин колдошунан көзкаранды.

Жахаба үйбүлөнүн башчысы кылып күйөөнү дайындаган (1 Корунттуктарга 11:3; Эфестиктерге 5:23). Бирок башчылык кылуу деген баарын «кыңк» эттирбей баш ийдирүү дегенди билдирбейт. Эстүү күйөө чечим чыгарууда жубайынын да оюн эске алат. Үйбүлө курганына 20 жыл болгон Дейвид: «Аялым менен бир пикирге келүүнүн жолун табууга жана экөөбүзгө тең жаккан чечим чыгарууга аракет кылам»,— дейт. «Кеп кимдики туура, кимдики туура эмес дегенде эмес. Себеби кайсы бир көйгөйдү чечүүгө ар кимибиз ар башкача карашыбыз мүмкүн. Көрсө, ийгиликтин ачкычы ийилчээк жана акыл-эстүү болууда экен»,— дейт никеде турганына 7 жыл болгон Таня.

КЕҢЕШ: Көйгөйдү чечүүнүн ар кандай жолдорун бирге отуруп, жазып алгыла. Анан баарын бир сыйра карап чыгып, арасынан экөөңөр тең туура көргөн чечимди тандагыла да, ошого кармангыла. Бир нече убакыттан кийин чыгарган чечимиңерге карманып жаткан-жатпаганыңарды, кандай ийгиликтерге жеткениңерди талдап көргүлө. Ан үчүн күнү менен убактысын алдын ала белгилеп алганыңар дурус.

Биргелешип иш кылгыла

Ыйса никеге карата: «Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деген (Матай 19:6). Бул аяттагы «кошуу» деген сөз грек тилинде эки малдын мойнуна салынуучу жыгач каамытка карата колдонулат. Эгер моюнтурук кийгизилген эки мал эки жакка баса турган болсо, жумуш да бүтмөк эмес, моюндары да жоорумак. Ал эми экөө тең бир багытта басса, оор жүк же соко сүйрөй алышмак.

Ошол сыяктуу эле, жубайлар биргелешип иш кылышпаса, сөзсүз түрдө кыйынчылыктарга кабылат. Ал эми кеңешип, чогуу иш кылышса, дээрлик бардык көйгөйлөрүн ийгиликтүү чечип, ой-максаттарынын көбүн ишке ашыра алышат. Үйбүлөлүк жашоонун ырахатын көрүп келаткан Калала мындай тыянакка келген: «Ачык пикирлешүүнүн, бири-бирибиздин ой-сезимдерибизди түшүнүүгө аракет кылуунун, Жахабага жардам сурап кайрылуунун жана Ыйык Китептеги кеп-кеңештерди колдонуунун аркасында аялым экөөбүз 25 жылдан бери ар кандай көйгөйлөрдү чечип келатабыз». Силер да ушундай кыла аласыңарбы?

ОЙЛОНУП КӨР:

Өмүрлүк жарым менен өзгөчө кайсы көйгөй тууралуу сүйлөшкүм келет?

▪ Өмүрлүк жарымдын көйгөйгө карата кандай ойдо экенине, сезимдерин толугу менен түшүнүп жатканыма кантип ынана алам?

▪ Дайыма эле өзүмдүкүн бербей, талашып-тартыша берсем, кандай көйгөйлөр пайда болушу ыктымал?

[Шилтеме]

^ 17-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.