Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Нухтун убагындагы Топон суу чын эле бүткүл дүйнөлүк болгонбу?

Нухтун убагындагы Топон суу чын эле бүткүл дүйнөлүк болгонбу?

Окурмандардын суроолору

Нухтун убагындагы Топон суу чын эле бүткүл дүйнөлүк болгонбу?

Нухтун күндөрүндөгү Топон суу мындан 4 000ден ашуун жыл мурун болгон. Ошон үчүн аны өз көзү менен көргөн, бизге ал тууралуу айтып бере ала турган эч ким жок. Бирок азыр ал окуя жөнүндө жазылган тарыхый билдирүүлөр бар. Аларда Топон суунун ошол убактагы эң бийик тоолорду да көмгөнү айтылат.

Тарыхый билдирүүдө мындай делет: «Жер бетинде топон суу кырк күнгө созулду... Суу жер бетинде күчөгөндүктөн, асман астындагы бардык бийик тоолор суу астында калды. Суу тоолордон он беш чыканактай [6,5 метрдей] жогору көтөрүлүп, аларды басып калды» (Башталыш 7:17—20).

Суунун бүт жер бетин каптаганы жөнүндөгү ал билдирүүнү айрымдар ойдон чыгарылган же жок эле дегенде, күчөтүп айтылган деши мүмкүн. Бирок такыр андай эмес! Чынында, азыр да жер шарынын көп бөлүгүн суу ээлейт. Алсак, жердин болжол менен 71 пайызын деңиз суусу каптап турат. Демек, чын-чынына келгенде, жер азыр деле суу каптап тургандай абалда. Эгер мөңгүлөр жана уюлдардагы муздар эрисе, деңиз деңгээли көтөрүлүп, Нью-Йорк жана Токио сыяктуу шаарларды басып калмак.

Кошмо Штаттардын түндүк-батышын изилдеген геологдор мурун ал аймакты, бери дегенде эле, 100 жолу суу каптаганын билдиришет. Алар белгилегендей, андай суу каптоолордун биринде суу 105 км/саат ылдамдык менен каптап, анын бийиктиги 600 метрге жеткен жана көлөмү — 2 000 километр кубду, салмагы 2 триллиондон ашуун тоннаны түзгөн. Ушу сыяктуу ачылыштар башка окумуштууларга Топон суунун болгонуна ишенүүгө түрткү берет.

Ал эми Ыйык Китеп Кудайдын Сөзү экенине ишенгендердин көзкарашы боюнча, бүткүл дүйнөлүк Топон суу — ыктымалдык эмес, чынында эле болгон окуя. Ыйса Кудайга: «Сенин сөзүң — чындык»,— деп айткан (Жакан 17:17). Элчи Пабыл Кудайдын «бардык адамдардын куткарылышын, чындыкты таанып билишин каалаарын» жазган (1 Тиметейге 2:3, 4). Эгер Кудайдын Сөзүндө уламыштар да бар болсо, Пабыл Ыйсанын жолдоочуларын Кудай жөнүндөгү чындыкка кантип окута алмак?

Ыйса Топон суунун тарыхый окуя экенине эле эмес, анын бүткүл дүйнө жүзү боюнча болгонуна ишенген. Өзүнүн катышуусу жана дүйнөнүн акыры жөнүндөгү пайгамбарлыгында Ыйса ошондо боло турган окуяларды Нухтун күндөрүндөгүгө салыштырган (Матай 24:37—39). Элчи Петир да Нухтун убагындагы Топон суу тууралуу: «Байыркы дүйнө топон суу аркылуу жок болгон»,— деп жазган (2 Петир 3:6).

Эгер Нух ойдон чыгарылып, Топон суу тек гана уламыш болсо, Петир менен Ыйсанын акыркы күндөрдө жашап жаткандарга берген эскертүүлөрү маанисин жоготмок. Мындай ойлор адамдарга эскертүү болбой эле, алардын рухий түшүнүгүнө терс таасир этип, Топон суудан да чоң кыйратуудан, алдыда боло турган алааматтан, аман өтүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жуудурмак (2 Петир 3:1—7).

Өз элине дайыма ырайым көрсөтөрү жөнүндө айтып Кудай мындай деген: «Мен мындан ары Нухтун учурундагыдай суулар жерди каптабайт деп ант бергендей, сага каарданбайм, сени жемелебейм деп ант бердим». Нухтун убагында Топон суунун бүт жер жүзүн каптаганы күмөнсүз болгондой эле, Кудай ага таянгандарга өзүнүн улуу ырайымын көрсөтө берери шексиз (Ышайа 54:9).