Башталыш 7:1—24
7 Ошондон кийин Жахаба Нухка мындай деди: «Бүт үй-бүлөң менен кемеге кир+, анткени бул муундагылардын ичинен сенин адил экениңди көрүп турам+.
2 Өзүң менен кошо адал жаныбарлардын ар бир түрүнөн эркек-ургаачы+ кылып жетиден, ал эми адал эмес жаныбарлардын ар бир түрүнөн эркек-ургаачы кылып экиден киргиз.
3 Асманда учкан канаттуулардын да ар бир түрүнөн эркек-ургаачы+ кылып жетиден киргиз. Алар тирүү калып, жер үстүндө тукуму көбөйүшү үчүн+, ошондой кыл.
4 Анткени жети күндөн кийин жер бетине кырк күн, кырк түн+ жаан жаадырып+, өзүм жараткан тирүү жандын баарын жер бетинен жок кылам»+.
5 Нух баарын Жахаба айткандай кылды.
6 Жер бетин топон суу каптаганда, Нух 600 жашта эле+.
7 Топон суу башталганга чейин, Нух уулдары, аялы, келиндери менен кемеге кирди+.
8 Адал жана адал эмес жаныбарлардын, канаттуулардын жана башка жан-жаныбарлардын ар бир түрүнөн+,
9 Кудай Нухка буйругандай, түгөй-түгөйү менен, эркек-ургаачысы болуп, Нух кирген кемеге кирди.
10 Жети күндөн кийин жер бетинде топон суу башталды.
11 Нухтун өмүр сүргөнүнө 600 жыл болгондо, экинчи айдын* он жетинчи күнү суу туңгуюктарынын* бардык булактары, асмандагы суу дарбазалары ачылды+.
12 Жер бетине кырк күн, кырк түн+ нөшөрлөп жамгыр жаады.
13 Ошол күнү Нух менен анын уулдары Шем, Хам, Жапет+, ошондой эле Нухтун аялы менен үч келини кемеге киришти+.
14 Алар менен кошо жапайы жаныбарлардын+, үй айбанаттарынын, жер бетиндеги башка жан-жаныбарлардын*+, ар кандай канаттуулар+ менен канаты бар жандыктардын+ бардык түрү кирди.
15 Өмүр деми+ бар жандыктардын бардык түрүнөн түгөй-түгөйү менен Нух кирген кемеге кирди.
16 Ошентип, Кудай Нухка буйрук кылгандай, жан-жаныбарлардын бардык түрүнүн эркек-ургаачылары кирди. Анан Жахаба алардын артынан эшикти жапты+.
17 Кырк күн бою жамгыр төгүп, суу көбөйүп, кемени көтөрө баштады. Кеме жерден бир топ жогору көтөрүлүп, калкып калды.
18 Суу көбөйгөндөн көбөйүп, бийик көтөрүлө берди. Кеме болсо суунун үстүндө калкып жүрдү+.
19 Суу ушунчалык бийик көтөрүлгөндүктөн, асман алдындагы бийик тоолордун баары суу астында калды+.
20 Суу тоолордон он беш чыканак жогору көтөрүлүп, аларды басып калды+.
21 Жер бетиндеги кыбыр эткендин баары*: асманда учкан канаттуулар, үй айбанаттары, жапайы жаныбарлар, жер жайнаган майда жандыктар, бүт адамдар кырылып калды+.
22 Таноосунда өмүр деми барлардын бардыгы, кургактыкта жашагандардын баары, жок болду+.
23 Ошентип, Кудай* жер жүзүндө жашагандын баарын: адамдарды, жаныбарларды, майда жан-жаныбарлар* менен асманда учкан канаттууларды жер бетинен жок кылды+. Нух жана аны менен кемеге киргендер гана тирүү калышты+.
24 Суу жер бетинен бийик көтөрүлгөн калыбында 150 күн турду.
Шилтемелер
^ Ысрайыл эли Мисирден чыгып, Жахаба аларга ыйык календарь бергенден кийин, бул ай сегизинчи ай деп эсептелип, «бул» деп аталып калган. Азыркы календарга ылайык, октябрдын экинчи жарымына жана ноябрдын биринчи жарымына дал келет. Кара: 14-тирк.
^ Бул суулар жерди курчап турган атмосферанын жогору жагындагы, Бш 1:6, 7де айтылган суу катмарын билдирет.
^ Сөзмө-сөз: «бардык дене».
^ Сөзмө-сөз: «ал».