Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Пайдалуу нерселерге кызык

Пайдалуу нерселерге кызык

Пайдалуу нерселерге кызык

«Адам баласы табиятынан суроо берип жашайт. Ал жарык дүйнөгө келгенден тартып эле суроо бере баштайт... Адамзаттын тарыхы да суроо-жоопко толгон деп айтууга болот». (Мексика жазуучусу Октавио Пас).

АШПОЗЧУГА тамактын жаңы түрлөрүн ойлоп чыгарууга, изилдөөчүгө алыс жактарга саякат жасоого жана кичинекей балага көп суроо берүүгө эмне түрткү берет? Көбүнчө бир нерсени билүүгө кызыгуу.

Сен да кызыгуу туудурган кайсы бир сурооңо жооп табууга умтуласыңбы? Балким, сени мындай суроолор кызыктыраттыр: тиричилик кайдан пайда болгон? Биз эмне үчүн жаралганбыз? Кудай барбы?.. Бала кезибизден тартып эле көбүбүз ушу сыяктуу суроолорду берип келебиз. Эгерде бизди кандайдыр бир суроо кызыктырса, ал жөнүндө канчалык билүүгө мүмкүн болсо, ошончо билүүгө умтулабыз. Бирок бир нерсени билүүгө умтулуунун жакшы да, жаман да жактары бар.

Сактык жана теңсалмактуулук

Эл ичинде: «Сагызган сактыгынан өлбөйт, суктугунан өлөт»,— деген макал бар. Ооба, ар нерсеге эле кызыга берүүнүн арты кесепеттүү болушу мүмкүн. Мисалы, баарын кармап көргүсү келген кичинекей бала ысык мешти кармап, колун күйгүзүп алышы ыктымал. Анткен менен көптү билүүгө кызыкдар болуунун пайдалуу да жактары бар. Айталы, бир нерсеге кызыккан кишинин билими тереңдеп, айкын түшүнүккө ээ болот. Бирок кызыгуубузду туудурган нерселердин баарын билүүгө умтула берүү акылмандыкка жатабы?

Чынында, эч нерсени ылгабай, баарына кызыга берүү зыян. Мисалы, порнографияга, оккультизмге, ар кандай секталардын же экстремисттик топтордун окууларына кызыгуу жыргалчылыгыбызга коркунуч туудурушу мүмкүн. Ошондуктан ушул жана башка жактардан: «Курулай убаракерчиликтен көзүмдү бур»,— деп Кудайга тиленген забурчунукундай маанайда болгонубуз дурус (Забур 118:37).

Ал эми кээ бир нерселер жөнүндө билүү зыян болбогону менен, эч кандай деле пайда алып келбеши мүмкүн. Маселен, кино жылдыздарынын же атактуу кишилердин жеке жашоосун, ар бир спорт командасы жана оюнчу жөнүндөгү маалыматты, жаңы техниканын же унаанын акыркы түрлөрүн билүүнүн кандай пайдасы бар? Ушул нерселерди билүү көптөргө пайда деле алып келбейт.

Түрткү берерлик мисал

Көптү билүүгө ынтызар болуунун, албетте, жакшы да жактары бар. Мисалга 19-кылымдын немис табият изилдөөчүсү жана илимпозу Александр фон Гумбольдтту алалы. Түштүк Америкадагы Гумбольдт дарыясы дал ошол кишинин атынан аталган.

Бир жолу Гумбольдт: «Европалыктар көп барбаган алыскы жерлерге барууну бала чагымдан эле ушунчалык самаар элем»,— деген. Андай каалоо, ал айткандай, «көөдөндү тээп чыккан эңсөөнүн, бүт ойду ээлеп алган көксөөнүн» аркасында пайда болгон. Ал 29 жашында Борбор жана Түштүк Америкага беш жылга созулган экспедицияга барган. Анын саякатта жүргөндө чогулткан маалыматтарынын негизинде 30 томдук китеп түзүлгөн.

Гумбольдт өсүмдүктөргө, океандын температурасына, андагы балыктарга, кыскасы, баарына кызыккан. Ал тоолорго байкоо жүргүзгөн, дарыя-сууларды изилдеген жана океандарды кезип өткөн. Натыйжада Гумбольдттун изилдөөлөрү азыркы илимдин бир нече тармагына негиз салган. Мунун баарына анын көптү билүүгө болгон суубаган күчтүү каалоосу себеп болгон. Америкалык эссеист Ральфо Уолдо Эмерсон: «Гумбольдт сыяктуу кишилер тарыхта чанда гана кезигет... Андай кишилер адам баласынын мээсинин жөндөмдүүлүгүн жана адамдын мүмкүнчүлүктөрү канчалык зор экенин... көрсөтүү үчүн жаралгандай сезилет»,— деп жазат.

Баалуу билим

Албетте, баарыбыз эле саякатчы болуп дүйнө кезип кете албайбыз жана илимге чоң салым кошо албайбыз. Ошентсе да акыл жөндөмүбүздү баалуу билим алууга жумшай алабыз. Ал билим бизди башка эч бир билим бере албаган сыйлыкка ээ кылат. Ал тууралуу Ыйса Машайак асмандагы Атасына тиленип жатып мындай деген: «Ал түбөлүк өмүр — жалгыз чыныгы Кудай Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машайакты таануу» (Жакан 17:3).

Чыныгы Кудай Жахаба жана анын Уулу Ыйса Машайак жөнүндөгү билимдин аркасында башка эч бир билим жооп бере албаган суроолоруңа жооп аласың. Жашоого байланыштуу макаланын башындагы суроолор тууралуу ойлонуп көрсөң. Ал суроолорго төмөнкүдөй суроолорду да кошууга болот: дүйнөдө азап-кайгы эмне үчүн мынчалык көп? Адам баласы жерди кыйратып жок кылабы? Кудай буга жол бербейт деп эмненин негизинде ишенүүгө болот? Мындай суроолордун жообу бизди канааттандыргандан тышкары, Ыйса айткандай, «түбөлүк өмүргө» ээ кылат. Буга ишенүүгө кандай негиз бар?

Ыйык Китеп Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган. Элчи Пабыл буга байланыштуу: «Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу. Ал аркылуу Кудайдын адамы жеткилең жана бардык жакшы ишке даяр болот»,— деген (2 Тиметейге 3:16, 17).

Элчи Пабылдын Ыйык Китептен алган билим адамды бардык жакшы ишке даярдап, жөндөмдүү кыла турганын айтканына көңүл бурсаң. Ал билим бардык нерсеге Кудайдын көзкарашы менен кароого жардам берет. Кудайдын билими менен акылына эч бир адамдыкы тең келбейт. Ошон үчүн Ышайа пайгамбар мындай деп жазган: «„Менин ойлорум силердин ойлоруңар эмес, Менин жолдорум силердин жолдоруңар эмес,— дейт Теңир.— Асман жерден канчалык бийик болсо, Менин жолдорум силердин жолдоруңардан ошончолук бийик, Менин ойлорум силердин ойлоруңардан бийик“» (Ышайа 55:8, 9).

Кудайдын «бийик» жолдору менен ойлорун билгиң келеби? Булар тууралуу Кудайдын Сөзүндө, Ыйык Китепте, эмне делгенин билүүгө ынтызарсыңбы? Кудайдын бардык азап-кайгыны кантип жок кыларын жана тилалчаак адамдар үчүн эмнелерди караштырып койгонун билүүнү каалайсыңбы? Анда Ыйык Китептин: «Татып көргүлө, ошондо Теңирдин кандай жакшы экенин көрөсүңөр! Теңирге таянган адам бактылуу!» — деген чакырыгын кабыл ал (Забур 33:9).

Кудай Сөзүндөгү чындык жүрөгү таза кишилерге, караңгылыктан чыккан кишиге жарык кандай таасир этсе, ошондой таасир этет. Элчи Пабыл: «Оо, Кудайдын акылы кандай терең, Анын билими кандай жеткилең! Анын чечимдери акыл жеткис, Анын жолдору изилденгис!» — деген (Римдиктерге 11:33). Ооба, Кудайдын билими жана акылы түгөнгүс. Бизди ары кызыктуу, ары жагымдуу келечек күтүп турат. Ошондо дагы көп жаңы нерселер жөнүндө биле беребиз.

Билүүгө умтула бер

Ар бирибиз эле атактуу изилдөөчүлөрдөн боло албаарыбыз чын. Ошондой эле билгибиз келген нерселердин баарын эле түшүнүүгө өмүрүбүз жетпейт. Ошентсе да жаңы нерсени билүүгө, үйрөнүүгө болгон каалооңду өчүрбө. Кудай берген андай каалооңдун сууп калышына жол бербе.

Пайдалуу нерселерге кызыгууга жана рухтун жетеги менен жазылган Кудай Сөзүнөн, Ыйык Китептен, так түшүнүк алууга умтул. Ошондо азыртадан эле жашооң маңыздуу жана кубанычтуу болот. Ал эми келечекте болсо түбөлүккө пайдалуу нерселерди биле бересиң. Ыйык Китепте: «Адам Кудайдын жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин түшүнө албаса да, Ал бардык нерсени өз убагында сонун кылып жасады, алардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салды»,— делет (Насаатчы 3:11).

[21-беттеги кутуча/сүрөт]

Билчү белең?

• Колумб менен Магеллан жер формасынын кандай экенин ачканга чейин эле кылымдар мурун Ыйык Китепте Жер планетасы жалпак эмес, шар формасында экени айтылган (Ышайа 40:22).

• Астронавттар жердин көзгө көрүнгөн таянычы жок экенин аныктаганга чейин эле Ыйык Китепте анын эч нерсеге «илинбегени» айтылган (Аюб 26:7).

• Дарыгер Вильям Харвей кан айлануу системасын ачканга чейин эле, 2 500 жыл мурун Ыйык Китепте жүрөктүн өмүрдүн булагы экени айтылган (Накыл сөздөр 4:23).

• 3 000 жылдай мурун Ыйык Китепте суунун айлануу процесси жерде жашоонун болуп турушун шарттаган экосистеманын бир бөлүгү экендиги жазылган (Насаатчы 1:7).

Бул илимий фактылардын адамдар үчүн ачылыш болгонго чейин бир канча кылымдар мурун эле Ыйык Китепте жазылганы сени таң калтырбайбы? Чынында эле, Ыйык Китепте жашоого зарыл болгон билимдин баа жеткис кенчи жашырылган. Аны табуу сенин колуңда.

[19-беттеги сүрөт]

Александр фон Гумбольдт