Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын элинин кубанычтуу жыйындары

Жахабанын элинин кубанычтуу жыйындары

«Бүт элди: эркектер менен аялдарды, балдарды,.. келгиндерди чогулткула» (МЫЙЗ. 31:12).

1, 2. Бул макалада теократиялык жыйындарга байланыштуу эмнелерди карап чыгабыз?

ЭЛ АРАЛЫК жана облустук жыйындар Жахабанын Күбөлөрүнүн тарыхынын ажырагыс бөлүгү болуп келет. Көбүбүз андай кубанычтуу жыйындарга далай жолу катышканбыз, балким, ондогон жылдардан бери катышып келатабыз.

2 Миңдеген жылдар мурун эле Кудайдын эли ыйык жыйындарды өткөрүп турган. Бул макалада Ыйык Китепте айтылган ошол жыйындардын айрымдарын, алардын азыркы жыйындар менен окшоштугун жана аларга катышуудан кандай пайда аларыбызды карап чыгабыз (Заб. 44:1; Рим. 15:4).

БАЙЫРКЫ ЖАНА АЗЫРКЫ ТАРЫХЫЙ ЖЫЙЫНДАР

3. а) Жахабанын элинин Ыйык Китепте айтылган биринчи жыйынында эмне болгон? б) Ысрайылдыктар жыйынга кантип чакырылган?

3 Кудайдын элинин андан көрсөтмө алыш үчүн Синай тоосунун этегине чогулганы Ыйык Китепте айтылган чоң жыйындардын эң биринчиси болгон. Анын таза сыйынуунун тарыхындагы өзгөчө окуя болгону шексиз. Жүрөк толкуткан ошол жыйында Жахаба ысрайылдыктарга өзүнүн күчүн көрсөткөн жана Мыйзамын берген. Ал күн көптөр үчүн эстен кеткис күн болгону күмөнсүз. (Чыг. 19:2—9, 16—19; оку: Чыгуу 20:18; Мыйзам 4:9, 10.) Ошол жыйында Жахаба менен ысрайыл элинин ортосунда өзгөчө мамиле түзүлгөн. Ошондон көп өтпөй Жахаба элди кантип чогултууга байланыштуу көрсөтмө берген. Ал Муса пайгамбарга «жыйын чатырынын кире беришине бүт жамаатты» чогултуу үчүн колдонула турган эки күмүш сурнай жасашы керектигин айткан (Сан. 10:1—4). Ошондой жыйындарга чогулганда элдин кандай гана кубанганын элестетсең!

4, 5. Муса пайгамбар жана Жашыя уюштурган жыйындар эмне үчүн абдан маанилүү болгон?

4 Ысрайыл элинин 40 жылдык чөл кезүүсүнүн аягында Муса пайгамбар ысрайылдыктардын баарын чогулткан. Ал убак жаңы уюшулган ошол элдин тарыхындагы абдан маанилүү учур болгон, себеби алар Кудай убада кылган жердин босогосун аттаганы турушкан. Ошондуктан Муса пайгамбар бир туугандарына Жахабанын аларга кылган жана кылып жаткан бардык жакшылыктарын эскертүүнү туура көргөн (Мыйз. 29:1—15; 30:15—20; 31:30).

5 Сыягы, ошондо ал ысрайылдыктарга Кудайдан билим алыш үчүн жыйынга чогулуп турушарын айткан. Ар бир ишемби жылы алачык майрамында Ысрайылдагы эркектер, аялдар, балдар жана келгиндер Мыйзамды угуп, Жахаба Кудайдан коркууга, Мыйзамда айтылгандардын баарын кылдаттык менен аткарууга үйрөнүш үчүн Жахаба тандаган жерге чогулушу керек болгон. (Оку: Мыйзам 31:1, 10—12.) Ошентип, Кудайдын элинин тарыхынын башталышында эле алардын анын сөзүн жана ой-ниеттерин билиш үчүн чогулуп турушу керектиги айкын болгон. Кийинчерээк ысрайылдыктар Кудай убада кылган жерди толугу менен ээлегенден кийин, Жашыя алардын баарын чогулткан. Себеби алар ошол кезде дагы эле башка элдердин курчоосунда жашап жаткандыктан, Жашыя аларды кайраттандырып, Жахабага болгон берилгендигинен жазбоого үндөгүсү келген. Ошондо эл Жахабага кызмат кылууга ант берген (Жаш. 23:1, 2; 24:1, 15, 21—24).

6, 7. Жахабанын элинин азыркы тарыхындагы жыйындарын эмне үчүн маанилүү жыйындар деп айтууга болот?

6 Жахабанын элинин азыркы тарыхында да өзгөчө маанилүү жыйындар өткөрүлүп келген. Андай жыйындарда теократиялык иштерибизге байланыштуу өзгөрүүлөр же Ыйык Жазмадагы айрым билдирүүлөргө байланыштуу жаңы түшүнүктөр айтылган (Накыл 4:18). Мисалы, Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр өткөргөн биринчи чоң жыйын 1919-жылы Сидар-Пойнтто (Огайо штаты, АКШ) болгон. 7000дей киши катышкан ошол жыйында Кудайдын элинин дүйнө жүзү боюнча кабар айтары кулактандырылган. 1922-жылы ошол эле жерде өткөрүлгөн 9 күндүк жыйында Жозеф Рутерфорд бир тууган катышуучуларга ал ишти аткарууга зор түрткү берген. Ал мындай деген: «Теңирибиздин ишенимдүү, чыныгы күбөлөрү болгула. Бабылдын таш-талканы чыкканча, күрөшө бергиле. Кабарды дүйнөнүн булуң-бурчуна чейин жеткиргиле. Бул дүйнө Жахабанын Кудай экенин, ал эми Иса Машаяктын падышалардын Падышасы, мырзалардын Мырзасы экенин билиши керек. Бул күн — тарыхый күн. Мына, Падыша башкарып жатат! Силер болсо анын жарчыларысыңар. Ошондуктан Падышаны жана анын падышалыгын жарлагыла, жарлагыла, жарлагыла». Жыйынга катышкандардын баары, ошондой эле Кудайдын дүйнө жүзүндөгү эли ал чакырыкты кубаныч менен кабыл алышкан.

7 1931-жылы Колумбуста (Огайо штаты) өткөн жыйында «Жахабанын Күбөлөрү» деген атты кабыл алышканда Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр эбегейсиз зор кубанычка бөлөнүшкөн. Андан кийин 1935-жылы Вашингтондо болгон жыйында Рутерфорд бир тууган Аян китебинде «тактынын жана Козунун алдында... турган» кишилер катары сүрөттөлгөн «эбегейсиз көп адамдардын» кимдер экенин ачып берген (Аян 7:9—17). Ал эми 1942-жылы Экинчи дүйнөлүк согуштун оту алоолонуп күйүп жатканда, Нейтан Норр бир тууган «Тынчтык орнойбу?» деген жүрөк козгоорлук баяндама айткан. Ал ошол баяндамасында Аян 17-бөлүмдөгү «кыпкызыл жырткычтын» эмнени билдирерин түшүндүргөн жана согуштан кийин дагы көп кабар айтылышы керектигин баса белгилеген.

8, 9. Айрым жыйындар эмне үчүн дем-шык берерлик болгон?

8 1946-жылы Кливлендде (Огайо штаты) өткөн «Кубанычтуу элдер» деген жыйында Норр бир туугандын «Кайра курууга жана кеңейтүүгө байланышкан маселелер» деген баяндамасы өзгөчө эсте каларлык болгон. Ал баяндама угуучуларды канчалык таасирленткени жөнүндө бир ишенимдешибиз мындай деп жазган: «Ошол кечте мен секичеде Норр бир туугандын арт жагында тургам. Ал кабар айтуу иши жөнүндө сөз кылгандан кийин Бруклиндеги Бейтел үйү менен ферманы кеңейтүүгө байланыштуу эмнелер ойлонуштурулуп жатканын айтканда, катышып отургандар кайра-кайра дүркүрөтө кол чаап жатышты. Секиче жактан караганда ар биринин жүзү даана көрүнбөсө да, баарынын кубанычы койнуна батпай турганы сезилип турду». 1950-жылы Нью-Йорк шаарында өткөрүлгөн эл аралык жыйынга келгендер Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосун» алышканда маңдайы жарыла сүйүнүшкөн. Ал котормо, Кудайдын ысмы анын Сөзүнүн кайсы жеринде турушу керек болсо, ошол жерлердин баарында калыбына келтирилген азыркы англис тилиндеги Ыйык Китептин биринчи бөлүгү болгон (Жер. 16:21).

9 Жахабанын ишенимдүү кызматчылары мурун куугунтукка кабылган же ишибизге тыюу салынган жерлерде өткөрүлгөн жыйындар да абдан дем-шык берерлик болгон. Мисалы, Адольф Гитлер Германиядагы Жахабанын Күбөлөрүн жер менен жексен кылам деп ант берген болчу. Бирок 1955-жылы Нюрнбергдеги мурун ал парад өткөргөн жерде Жахабанын элинин жыйыны болуп, ага 107000 киши катышкан. Көптөр кубанганынан көздөрүнө жаш алышкан! 1989-жылы Польшанын үч жеринде өткөрүлгөн «Кудайга берилгендик» деп аталган жыйынга катышкан 166518 делегаттын арасында мурунку Советтер Союзунан, Чехословакиядан жана Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүнөн келген көптөгөн бир туугандар болгон. Алардын айрымдары мурун 15 же 20дай эле киши келген жолугушууларга катышып жүргөндүктөн мындай чоң жыйынга биринчи жолу катышкан. Ошондой эле 1993-жылы Киевде (Украина) өткөн «Кудайдын окутуусу» деген эл аралык жыйында 7402 киши чөмүлгөндө, кандай зор кубаныч болгонун элестетсең. Тарых барактарындагы маалымат боюнча, ал эң эле көп киши чөмүлгөн күн болгон (Ыш. 60:22; Акай 2:7).

10. Айрыкча кайсы жыйындар сен үчүн эстен кеткис болгон жана эмне үчүн?

10 Балким, кайсы бир облустук же эл аралык жыйындар сен үчүн өзгөчө болгондур. Сен катышкан биринчи жыйын же сен чөмүлгөн жыйын эсиңдеби? Алар жашооңдогу абдан маанилүү учурлар болгон. Аларды дайыма эсиңде сактап жүр (Заб. 42:4).

ЖЫЛ САЙЫН ӨТКӨРҮЛГӨН КУБАНЫЧТУУ МАЙРАМДАР

11. Кудай байыркы ысрайылдыктардан жыл сайын кайсы майрамдарды белгилөөнү талап кылган?

11 Жахаба ысрайылдыктардан жыл сайын өткөрүлчү үч майрамды: калама майрамын, жумалар майрамын (кийинчерээк Элүүнчү күн майрамы деп аталып калган) жана алачык майрамын белгилеш үчүн Иерусалимге барып турууну талап кылган. Буга байланыштуу ал: «Эркектериңердин баары жылына үч жолу... Жахаба Кудайың тандаган жерге келишсин»,— деп буйрук берген (Мыйз. 16:16; Чыг. 23:14—17). Ал майрамдардын рухий жактан канчалык маанилүү экенин түшүнгөндүктөн көптөгөн үй-бүлө башчылары аларга бүт үй-бүлөсү менен барып турчу (1 Шем. 1:1—7; Лк. 2:41, 42).

12, 13. Жыл сайын өткөрүлчү майрамдарга катышуу үчүн көптөгөн ысрайылдыктар эмне кылышчу?

12 Ысрайылдык кишинин үй-бүлөсү менен майрамга барыш үчүн эмне деген жолду басып өтүшү керек болгонун элестетсең. Алсак, Жусуп менен Мариям Назареттен Иерусалимге барыш үчүн бир тарабына эле 100 кмдей жол жүрүшчү. Кичинекей балдарың менен ошончо аралыкты басып өтүүгө канча убакыт кетмек деп ойлойсуң? Иса пайгамбардын кичинекей кезинде Иерусалимге барганы жөнүндөгү билдирүүдөн жакын туугандар же тааныштар кээде майрамга чогуу барышканын билүүгө болот. Узак жолдо чогуу тамак даярдоо, чоочун жерде түнөгөнгө ылайыктуу жай табуу үчүн алардан эмне деген күч-аракет талап кылганын элестетсең. Анткен менен, 12 жаштагы Исага кандайдыр бир деңгээлде эркиндик берилгенине караганда, жол жүрүү коопсуз болгон көрүнөт. Ошондой майрамдар көптөр үчүн, өзгөчө, кичинекейлер үчүн кандай гана унутулгус болгонун ойлоп көрсөң (Лк. 2:44—46).

13 Кийинчерээк ысрайылдыктар мекенинен башка жактарга чачырап кеткенде, ал майрамдарды белгилеш үчүн алар Иерусалимге ар кайсы жактардан барышкан. Алсак, б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамына жүйүттөр менен алардын динин кабыл алгандар Италия, Ливия, Крит, Кичи Азия, Месопотамия сыяктуу жерлерден барышкан (Элч. 2:5—11; 20:16).

14. Ысрайылдыктар жыл сайын өткөрүлчү майрамдарга катышуудан кандай пайда алышкан?

14 Ишенимдүү ысрайылдыктардын андай жол жүрүүдөгү негизги максаты майрамдарды баалаган миңдеген кишилер менен бирге Жахабага сыйынуу болгон. Ал майрамдар катышкандарга кандай таасир этмек? Мунун жообу Жахабанын өз элине алачык майрамына байланыштуу берген төмөнкү көрсөтмөсүндө камтылган: «Майрам убагында өзүң да, уулуң да, кызың да, кулуң да, күңүң да, шаарыңда жашаган леби да, келгин да, жетим да, жесир да — баарыңар кубангыла. Жахаба Кудайың түшүмүңө, бардык ишиңе батасын берет, андыктан Жахаба Кудайың тандаган жерде Жахаба Кудайыңа арнап жети күн майрам өткөрүп, кубан». (Мыйз. 16:14, 15; оку: Матай 5:3.)

ЖЫЙЫНДАРДЫ ЭМНЕ ҮЧҮН БААЛАШЫБЫЗ КЕРЕК?

15, 16. Сага жыйындарга катышуу үчүн кандай курмандыктарга барууга туура келген? Эмне үчүн ага өкүнбөйсүң?

15 Байыркы убактагы майрамдар Кудайдын азыркы эли үчүн эң сонун үлгү болуп эсептелет. Кылымдардан бери көп нерсе өзгөрсө да, ал жыйындардын маанилүү бөлүктөрү өзгөргөн жок. Кудайдын байыркы убактагы кызматчыларындай эле, бүгүн биз да жыйындарга катышуу үчүн кандайдыр бир курмандыктарга барабыз. Бирок анын акыбети сөзсүз кайтарына ишенебиз. Андай жыйындар, мурунку убактагыдай эле, азыр да сыйынуубуздун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Ал жактан билимибиз, түшүнүгүбүз тереңдейт. Бул болсо Кудай менен болгон мамилебизди чыңдоо үчүн абдан зарыл. Ооба, жыйындар бизге Ыйык Китептен билгендерибизди иш жүзүндө колдонууга, көйгөйлөрдөн качууга жана оор жүк боло турган эмес, сергите турган иштерди биринчи орунга коюуга түрткү берет (Заб. 122:1—4).

16 Жыйындар катышкандардын баарына дайыма зор кубаныч тартуулайт. 1946-жылы өткөрүлгөн чоң жыйын жөнүндөгү отчётто: «Миңдеген күбөлөрдүн бир жерге чогулганын көрүү көңүл эргитерлик болду. Ошондой эле стадиондогу тегерете турган ошол көп элдин чоң оркестрдин коштоосунда Жахабаны даңктап Падышалык ырларын шаңдуу ырдап жатканын угуу ого бетер кубаныч тартуулады»,— делген. Андан ары ал отчётто көптөгөн ыктыярдуу кызматчылардын ар кайсы бөлүмдөргө жардам берип, бир туугандарга кубаныч менен кызмат кылышканы айтылган. Сен да облустук же эл аралык жыйындарда ушундай сезимде болосуңбу? (Заб. 110:3; Ыш. 42:10—12).

17. Азыр жыйындарды уюштурууга байланыштуу эмнелер өзгөргөн?

17 Убакыттын өтүшү менен жыйындарды уюштурууга байланыштуу айрым нерселер өзгөртүлгөн. Маселен, кээ бир ишенимдештерибиз күбө болгондой, мурун жыйындар адатта сегиз күнгө созулуп, эртең мененки, түштөн кийинки жана кечки бөлүктөрдүн турчу. Жыйын учурунда баары кабарга чыгып келишчү. Бул программанын бир бөлүгү болуп эсептелчү. Кээ бир күндөрү программа эртең мененки 9да башталып, кечки 9га чейин созулчу. Ыктыярдуу кызматчылар жыйынга келгендерге эртең мененки, түшкү жана кечки тамакты даярдаш үчүн узак убакыт бою тыным албай эмгектенишчү. Азыр жыйындар мурункудай көп күнгө созулбайт, ошондой эле жыйынга катышкандар программага көбүрөөк көңүл бурушу үчүн, ар бири тамак-ашын өзү ала барат.

18, 19. Жыйындын кайсы бөлүгүн чыдамсыздык менен күтөсүң жана эмне үчүн?

18 Жыйындын айрым бөлүктөрүн, мурдагыдай эле, азыр да көптөр чыдамсыздык менен күтүшөт. Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарды, окууларды түшүнүүгө көмөк кылган рухий тамак баяндамалар аркылуу эле эмес, жыйындарда кулактандырылган жаңы адабияттар аркылуу да «өз убагында» берилет (Мт. 24:45). Ал адабияттар жүрөгү таза адамдарга Ыйык Жазмадагы чындыкты түшүнүүгө жардам берет. Ыйык Китепке негизделген жүрөк козгоорлук драмалар жаштарга да, карыларга да ниеттерин текшерүүгө жана бул дүйнөнүн Кудайга жакпаган ой жүгүртүүсүн четке кагууга түрткү берет. Чөмүлтүлө тургандарга арналган баяндама баарыбызга жашоодо эмнени биринчи орунга коюп жатканыбызды текшерүүгө жана Жахабага арналганын эл алдында көрсөтүп жаткандардын кубанычын тең бөлүшүүгө өбөлгө түзөт.

19 Ооба, жыйындар эзелтен эле таза сыйынуунун ажырагыс бөлүгү болуп келет. Алар бизге кыйынчылыктарга карабай кубанычыбызды сактап, Кудайга ишенимдүү бойдон калууга, көбүрөөк кызмат кылууга дем-күч берет. Ошондой эле жаңы досторду табууга жана бүткүл дүйнөлүк бир туугандыктын мүчөсү экенибизди сезүүгө көмөк кылат. Жахаба жыйындар аркылуу бизге кам көрүп, батасын төгөт. Андыктан, келгиле, баарыбыз ар бир жыйынга катышып, анын ар бир бөлүгүнөн пайда алуу үчүн бүт күчүбүздү жумшайлы (Накыл 10:22).