Мыйзам 4:1—49
4 Эми, ысрайыл эли, мен силерге үйрөтүп жаткан көрсөтмөлөр менен мыйзамдарды кунт коюп уккула. Өмүр сүрүшүңөр үчүн+, ата-бабаларыңардын Кудайы Жахаба берип жаткан жерге барып, аны ээлешиңер үчүн аларды аткаргыла.
2 Мен силерге аткарууну буйрук кылган бул сөздөргө эч нерсе кошпогула, алардан эч нерсе албагыла+. Мен силерге үйрөткөн Жахаба Кудайыңардын осуяттарын аткаргыла.
3 Пеор Баалынын+ айынан Жахабанын эмне кылганын, Жахаба Кудайыңардын Пеор Баалын ээрчигендердин баарын араңардан жок кылганын+, өз көзүңөр менен көргөнсүңөр.
4 Ал эми силер, Жахаба Кудайыңарга берилгендигин сактагандар+, азыр да тирүү жүрөсүңөр.
5 Ээлегени бараткан жерге барганыңарда аткарышыңар үчүн, Жахаба Кудайым буйрук кылгандай, силерге көрсөтмөлөр+ менен мыйзамдарды+ үйрөттүм.
6 Аларды аткаргыла, ошондо бул көрсөтмөлөрдүн баарын уккан элдер силердин акылдуу+, эстүү+ экениңерди көрүп: „Бул улуу эл, чынында эле, акылдуу, эстүү экен“,— дешет+.
7 Качан чакырбайлы, Жахаба Кудайыбыз бизге дайыма жакын болгондой+, кайсы улуу элдин+ кудайлары ага ушундай жакын?
8 Кайсы улуу элдин мен бүгүн силерге берген мыйзамдарга окшогон адил көрсөтмөлөрү менен мыйзамдары бар?+
9 Сак бол, байкагын+: өз көзүң менен көргөндөрдү унутуп калба+, анын баарын өмүрүң өткөнчө жүрөгүңдө бек сакта+. Аларды балдарың менен неберелериңе айтып бер+.
10 Аларга сен Жахаба Кудайыңдын алдында Хорепте+ турган күнү эмне болгонун айтып бер. Ошол күнү Жахаба мага: „Элди мага чогултуп кел, алар менин сөздөрүмдү угуп+, өмүрү өткөнчө менден коркконго үйрөнүшсүн+, балдарын да ошого үйрөтүшсүн“,— деген+.
11 Ошондо силер асманга* жете жалындап күйүп жаткан тоонун этегине келип тургансыңар. Ал жерди караңгылык, коюу кара булут каптап турган+.
12 Анан Жахаба от ичинен сүйлөгөн+. Силер айтылган сөздөрдү уккансыңар, бирок оттун ичинен эч нерсенин сөлөкөтүн көргөн эмессиңер+, үндү гана уккансыңар+.
13 Ал силерге сакташыңар керек болгон келишимдин+ шарттарын — Он осуятты*+ — түшүндүрүп, аларды эки таш лоокко жазып берген+.
14 Ээлегени бараткан жерге барганыңарда+ сакташыңар үчүн, Жахаба мага силерге көрсөтмөлөр менен мыйзамдарды түшүндүрүп берүүнү буйрук кылган.
15 Сак болгула+: Жахаба силер менен Хорепте сүйлөшкөндө, силер оттун ичинен эч нерсенин сөлөкөтүн көргөн эмессиңер+.
16 Андыктан жийиркеничтүү иш кылбагыла+, эч нерсенин түспөлүн, эркектин же аялдын сөлөкөтүн+,
17 жер бетиндеги кайсы бир жаныбардын+, асмандагы канаттуунун+,
18 жердеги кайсы бир майда жандыктын же жер бетиндеги сууда жашаган балыктын түспөлүн+ жасабагыла.
19 Асманды карап, күндү, айды, жылдыздарды — асмандагы нерселерди — көрүп азгырылба, Жахаба Кудайың асман астындагы бардык элдерге берген ал нерселерге+ таазим кылба, аларга кызмат кылба+.
20 Жахаба силерди өзүнүн эли кылыш үчүн темир эритүүчү мештен+, Мисирден, алып чыккан. Бүгүн силер ага таандыксыңар+.
21 Жахаба силердин айыңардан мага ачууланып+, Иордандын аркы өйүзүнө өтпөй турганымды, Жахаба Кудайың энчиңе бере турган жакшы жерге барбай турганымды айтып, ант берген+.
22 Ошондуктан мен ушул жерде өлөм+, Иордандын аркы өйүзүнө өтпөйм. Силер болсо аркы өйүзгө өтүп, ошол жакшы жерди ээлейсиңер.
23 Сак болгула, Жахаба Кудайыңардын силер менен түзгөн келишимин унутуп калбагыла+, Жахаба Кудайыңардын буйругун бузуп, кайсы бир нерсенин түспөлүн, сөлөкөтүн жасабагыла+.
24 Анткени Жахаба Кудайыңар — жалмап салуучу от+, ал — толук берилгендикти талап кылган Кудай+.
25 Бала-чакалуу, неберелүү болуп, ал жерде узак жашаганыңардан кийин жийиркеничтүү иш кылып+, кайсы бир нерсенин түспөлүн же сөлөкөтүн жасасаңар+, Жахаба Кудайыңардын көз алдында жаман иш кылып+, аны капалантсаңар,
26 анда силерге каршы күбө болушу үчүн, асман менен жердегинин баарынын алдында айтып коёюн+: силер Иордандын аркы өйүзүндөгү ээлегени бараткан жерден бат эле жок болосуңар. Ал жерде көпкө жашабайсыңар, анткени кырылып жок болосуңар+.
27 Жахаба силерди ар кайсы элдердин арасына чачыратып жиберет+. Жахаба силерди кууп жиберген элдердин арасында бир азыңар эле каласыңар+.
28 Ал жерден адамдар жыгачтан, таштан жасап+ алган, көрбөгөн, укпаган, тамак жебеген, жыт сезбеген+ кудайларга кызмат кыласыңар+.
29 Бирок ал жакта жүрүп Жахаба Кудайыңды издесең, аны бүт жүрөгүң, бүт жаның менен издесең+, сөзсүз табасың+.
30 Ошол күндөрдүн акырында ушул сөздөрдүн баары аткарылып, катуу кыйналганыңда, Жахаба Кудайыңа кайрылып келип+, анын айткандарына кулак саласың+.
31 Жахаба Кудайың — кайрымдуу Кудай+. Ал сени таштабайт, кырып жок кылбайт, ата-бабаларың менен түзгөн келишимин, аткарам деп ант берген келишимин унутпайт+.
32 Кудай жер бетине адам баласын жараткан+ күндөн тартып сенин убагыңа чейинки күндөр+ жөнүндө асмандын бир четинен экинчи четине чейин сура: „Буга чейин ушундай улуу иштер жасалды беле? Кимдир бирөө ушундайды укту беле?+
33 Сендей болуп от ичинен сүйлөгөн Кудайдын үнүн угуп, тирүү калган эл барбы?+
34 Жахаба Кудайыңар көз алдыңарда коркунучтуу иштерди жасап, силерди Мисирден алып чыккан жок беле? Ал дагы кайсы элди өзүнүн эли кылыш үчүн башка элдердин арасынан ошондой керемет-жышаандары+, согуштары+, сот иштери, сунулган күчтүү колу+, коркунучтуу иштери+ менен алып чыкты эле?“
35 Жахабанын чыныгы Кудай экенин+, андан башка Кудай жок экенин билишиң үчүн+, алардын баары сага көрсөтүлгөн.
36 Сени оңдош үчүн ал сага асмандан үнүн угузуп, жерде өзүнүн улуу отун көрсөткөн. Сен анын от ичинен айткан сөздөрүн уккансың+.
37 Ошондо да өлгөн жоксуң, анткени ал сенин ата-бабаларыңды жакшы көрүп, алардын тукумдарын өзүнө эл кылыш үчүн тандап алган+. Ал сени Мисирден улуу күчү менен алып чыккан+.
38 Бүгүн көрүп турганыңдай, ал сенден алда канча көп, күчтүү элдердин жерин сага бериш үчүн, аларды алдыңан кууп чыкты+.
39 Сен Жахабанын жогору турган асмандагы, төмөн турган жердеги чыныгы Кудай экенин жакшы билесиң+, муну жүрөгүңө бек сакта. Андан башка Кудай жок+.
40 Өзүңө да, уулдарыңа да дайыма жакшы болушу үчүн+, Жахаба Кудайың берип жаткан жерде+ көпкө жашашың үчүн мен сага бүгүн буйрук кылган көрсөтмөлөрү менен осуяттарын аткар»+.
41 Ошол убакта Муса Иордандын берки өйүзүнөн, күн чыгыш тарабынан, үч шаарды бөлүп койду+.
42 Аларга өзү жек көрбөгөн адамды+ кокусунан өлтүрүп алган киши качып бармак+. Ал ошол шаарлардын бирине качып барып, ошол жакта жашашы керек болчу+.
43 Рубейиндин тукумдары үчүн бөксө тоодогу түздүктө жайгашкан Безерди+, Гаттын тукумдары үчүн Гилаттагы Рамотту+, Менашенин тукумдары үчүн Башандагы+ Голанды+ бөлүп койду.
44 Муса Ысрайыл уулдарына берген мыйзам+ — ушул.
45 Муса ал насааттарды+, көрсөтмөлөрдү+, мыйзамдарды+ Ысрайыл уулдарына алар Мисирден чыккандан кийин айткан.
46 Аларды Иордандын жанындагы, Бет-Пеордун тушундагы өрөөндө+, Муса менен Ысрайыл уулдары Мисирден чыккандан кийин жок кылган аморлуктардын+ падышасынын, тактап айтканда, Хешпондо+ жашаган Сихондун жеринде айткан.
47 Алар анын жана Башандын падышасы Октун+ — Иордандын берки өйүзүндө, күн чыгыш тарабында, жашаган аморлуктардын эки падышасынын — жерин ээлеп алышкан.
48 Алар Арнон өзөнүнүн жээгиндеги Ароерден+ тартып Сион тоосуна, тактап айтканда, Хермонго+ чейинки жерлерди,
49 Иордан аймагынын чыгышындагы бүт Арабаны+, Пазгинин+ этегиндеги Арабадагы деңизге+ чейинки жерлерди ээлеп алышкан.