Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үмүтүбүз — кубанычыбыздын булагы

Үмүтүбүз — кубанычыбыздын булагы

Үмүтүбүз — кубанычыбыздын булагы

«Берилгендик түбөлүк өмүргө болгон үмүткө негизделген. Ал өмүрдү жалган сүйлөй албаган Кудай... убадалаган» (ТИТ 1:2).

КАРАЛА ТУРГАН СУРООЛОР:

Майланган бир тууган кынтыксыздыгын акырына чейин сактаганда, асманда зор кубаныч болорун кайдан билебиз?

Башка койлордун үмүтүнүн ишке ашышы майлангандардын үмүтү менен кандай байланышта?

Үмүтүбүз ишке ашышы үчүн, «жүрүм-туруму ыйык», «Кудайга берилген адамдарга» мүнөздүү кандай иштерди кылышыбыз керек?

1. Жахаба берген үмүт бизге туруктуу болууга кандайча жардам берет?

ЖАХАБА КУДАЙ — «үмүттүн булагы». Элчи Пабыл Кудай жөнүндө ушундай сөздөрдү айткандан кийин Анын, «ыйык рухтун күчү менен үмүткө бай болушубуз» үчүн, бизди ишенимибиз аркылуу «зор кубаныч менен тынчтыкка бөлөй» турганын жазган (Рим. 15:13). Эгер үмүткө бай болсок, жашоодо кандай жагдайга кабылбайлы, туруктуу болобуз жана жан дүйнөбүз тынч болуп, кубанычтуу жүрөбүз. Кудай берген үмүт Машаяктын майланган жолдоочулары үчүн да, башка койлор үчүн да «кеме казык сыяктуу ишеничтүү жана бекем» (Евр. 6:18, 19). Ооба, жашоонун бороон-чапкынына кабылганыбызда, үмүтүбүз бизди шектенүүнүн толкунуна айдалып, ишенимден четтеп кетүүдөн сактайт. (Оку: Еврейлер 2:1; 6:11.)

2. Кудайдын кызматчылары кандай эки үмүткө ээ жана эмне үчүн башка койлор майлангандардын үмүтү жөнүндө көбүрөөк билүүгө кызыкдар болушу керек?

2 Кудайдын бул дүйнөнүн акырында жашап жаткан кызматчылары эки башка үмүткө ээ. Майлангандардан турган «кичине отордун» жердеги калдыгы асманга барганда өлбөстүккө ээ болуп, Машаяк менен бирге падыша жана дин кызматчы болоруна үмүттөнүшөт (Лк. 12:32; Аян 5:9, 10). Ал эми «башка койлорго» кирген «эбегейсиз көп адамдар» Машаяк башкарган Падышалыктын бийлиги астында бейишке айланган жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээ (Аян 7:9, 10; Жкн. 10:16). Башка койлор өздөрүнүн куткарылуусу Машаяктын жерде жашап жаткан «бир туугандарына» чын жүрөктөн колдоо көрсөтүшкөнүнөн көз каранды экенин эч качан унутпашы керек (Мт. 25:34—40). Майлангандар да, башка койлор да өздөрүнүн сыйлыгын сөзсүз алышат. (Оку: Еврейлер 11:39, 40.) Анда эмесе, адегенде майлангандардын үмүтү жөнүндө талкуулайлы.

МАЙЛАНГАНДАРДЫН «ТИРҮҮ ҮМҮТҮ»

3, 4. Майлангандар «тирүү үмүткө» ээ болуу үчүн кандайча «жаңыдан төрөлүшөт» жана алардын «тирүү үмүтү» эмнени билдирет?

3 Элчи Петир майлангандарга эки кат жазып, аларды «тандалгандар» деп атаган (1 Пет. 1:1). Анын каттарынан кичине отордун кереметтүү үмүтү жөнүндө көп нерсе билүүгө болот. Ал мындай деген: «Мырзабыз Иса Машаяктын Кудайы жана Атасы даңкталсын. Ал улуу ырайымынан улам Иса Машаяктын тирилиши аркылуу жаңыдан төрөлүшүбүзгө жол ачып, бизди тирүү үмүткө, чирибес, таза, соолгус мураска ээ кылды. Ал мурас силер үчүн асманда сакталып турат. Силер болсо акыркы убакта ачыла турган куткарылууга ээ болушуңар үчүн, ишенимиңердин негизинде Кудайдын күчү менен корголуп турасыңар. Ошондуктан... абдан кубанып жатасыңар» (1 Пет. 1:3—6).

4 Жахаба асманда Машаяк менен бирге падышалык кылууга тандалган чектелүү сандагы адамдарга «жаңыдан төрөлүүгө» мүмкүнчүлүк берет, тактап айтканда, ыйык руху аркылуу аларды уулдары катары асырап алып, Машаяк менен бирге падыша жана дин кызматчы болууга дайындайт (Аян 20:6). Элчи Петир «жаңыдан төрөлүү» аларга «тирүү үмүткө» — «асманда сакталып турган» «чирибес, таза, соолгус мураска» — ээ болууга жол ачарын айткан. Андыктан майлангандардын «тирүү үмүтү» алардын зор кубанычынын булагы экени таң калыштуу эмес. Бирок ошол үмүтү ишке ашышы үчүн, алардан Кудайга болгон берилгендигин сактоо талап кылынат.

5, 6. Эмне үчүн майлангандар өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү болушу керек?

5 Элчи Петир экинчи катында майлангандарды «чакырылгандар жана тандалгандар катары ишенимдүү бойдон калыш үчүн бүт күчүн» жумшай берүүгө үндөгөн (2 Пет. 1:10). Алар сүйүү, ишеним, Кудайга берилгендик, бир туугандык сүйүү сыяктуу сапаттарды өрчүтүүгө колунан келишинче аракет кылышы керек болчу. Элчи Петир аларга: «Ушунун баары силерде бар болсо жана ашып-ташып турса... иш-аракетсиз же жемишсиз болбойсуңар»,— деп жазган. (Оку: 2 Петир 1:5—8.)

6 Тирилтилген Иса Машаяк Кичи Азиянын Филаделфия шаарындагы жыйналышта кызмат кылган рухтан төрөлгөн аксакалдарга мындай деген: «Сен менден үлгү алып, туруктуу бойдон калдың, ошондуктан жер жүзүндө жашагандар сыналышы үчүн бүт дүйнөгө келе турган сыноо учурунда сени сактап калам. Мен жакын арада келем. Таажыңды бирөө тартып албашы үчүн, эмнең бар болсо, ошого бекем карман» (Аян 3:10, 11). Эгер Машаяктын майланган жолдоочусу ишенимдүүлүгүнөн тайса, өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү болгондорго убадаланган «даңктын соолгус таажысын» ала албай калмак (1 Пет. 5:4; Аян 2:10).

ПАДЫШАЛЫККА КИРҮҮ

7. Жүйүт өзүнүн катында кайсы кереметтүү үмүт жөнүндө айта кеткен?

7 Болжол менен б.з. 65-жылы Иса Машаяктын энелеш бир тууганы Жүйүт майлангандарга кат жазып, аларды «чакырылгандар» деп атаган (Жүй. 1; салыштыр: Еврейлер 3:1). Ал аларга Кудайдын асмандагы Падышалыгына чакырылгандардын баары күтүп жаткан куткарылууга болгон кереметтүү үмүт жөнүндө жазайын деген (Жүй. 3). Бирок кайра ошол учурда алар үчүн зарыл болгон нерселер жөнүндө жазууну туура көргөн. Ошентсе да ошол кыска катынын аягында майлангандардын баа жеткис үмүтүнө токтолуп, мындай деген: «Силерди мүдүрүлүүдөн сактап, өзүнүн даңкынын алдында кемчиликсиз кылып, зор кубанычка бөлөй ала турган жалгыз Кудайга, Куткаруучубузга, Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу мурунку кылымдардагыдай эле азыр жана түбөлүктөн түбөлүккө улуулук, даңк, кудурет, бийлик таандык болсун» (Жүй. 24, 25).

8. Майланган бир тууган кынтыксыздыгын акырына чейин сактаганда, Жүйүт 24-аятта айтылгандай, асманда зор кубаныч болорун кайдан билебиз?

8 Машаяктын ишенимдүү майланган жолдоочулары «мүдүрүлүп», өлүмгө дуушар болуп калгысы келбейт. Ыйык Китепке ылайык, алар Иса Машаяктын аларды жеткилең рухий жаратуу кылып тирилтип, Кудайдын алдына зор кубаныч менен барууга жол ачарына үмүттөнүшөт. Майланган бир тууган берилгендигин сактап көз жумса, анын «рухий денеде» «чирибес, даңктуу болуп тирилерине» шек жок (1 Кор. 15:42—44). Эгер өкүнгөн бир күнөөкөр үчүн асманда чоң кубаныч болсо, анда Машаяктын рухтан төрөлгөн бир тууганы өмүрүнүн аягына чейин кынтыксыздыгын сактаганда, ал жакта кандай шаттык болорун элестетсең! (Лк. 15:7). Майланган бир тууган сыйлыгын алганда, Жахаба менен анын ишенимдүү рухий жаратуулары аны менен чогуу «зор кубанычка бөлөнүшөт». (Оку: 1 Жакан 3:2.)

9. Кандайча ишенимдүү майлангандарга Падышалыкка кирүүгө «эшик кенен ачылат» жана бул жерде жашап жаткандарына кандай таасир этет?

9 Элчи Петир да майлангандарга, эгер чакырылуусуна ылайык жашап, ишенимдүү бойдон калышса, «Мырзабыз жана Куткаруучубуз Иса Машаяктын түбөлүк Падышалыгына эшик кенен ачыларын» жазган (2 Пет. 1:10, 11). Бул майлангандардын асманга даңк менен барарын, башкача айтканда, эң сонун сапаттарды чагылдырып, жаркырап турарын, ошондой эле өмүр жарышында бүт күчүн жумшаганы үчүн асманга барганда батага марый турганын билдириши мүмкүн. Ошондо алар артка кылчая карап, ишенимдүү кызмат кылышканы үчүн жүрөктөрү шаттыкка, ыраазычылыкка толору шексиз. Мындай жаркын келечек жерде жашап жаткан майлангандарга акылын «иш-аракетке даяр кылып», акырына чейин ишенимдүү болууга күч берет (1 Пет. 1:13).

БАШКА КОЙЛОРДУН ҮМҮТҮ

10, 11. а) Башка койлор кандай үмүткө ээ? б) Алардын үмүтүнүн ишке ашышы Машаяк менен жана «Кудайдын уулдарынын даңкы[нын] ачык көрүнүшү» менен кандай байланышта?

10 Элчи Пабыл да Кудайдын рухтан төрөлгөн уулдарынын эң сонун үмүтү, Машаяктын «мурасташтары» болуу үмүтү, жөнүндө жазган. Андан кийин Жахабанын башка койлорго кирген сан жеткис адамдарга кандай үмүт бергени тууралуу мындай деген: «Жаратылгандар [адамзат] Кудайдын уулдарынын [майлангандардын] даңкы ачык көрүнө турган убакты эңсеп күтүп жатат. Анткени жаратылгандар курулай убаракерчиликке өз эрки менен эмес, өзүлөрүн баш ийдиргендин эрки боюнча баш ийишкен. Ошол эле учурда аларга үмүт берилген: алар өзүлөрү да жок болуу кулчулугунан бошонуп, Кудайдын уулдары катары даңктуу эркиндикке чыгарына үмүттөнүшөт» (Рим. 8:14—21).

11 Жахаба адамдарды убадаланган «тукум» аркылуу «байыркы жыландан», Шайтан Ибилистен, куткарарын убада кылуу менен аларга «үмүт берген» (Аян 12:9; Башт. 3:15). «Тукумдун» негизги бөлүгү Иса Машаяк болгон (Гал. 3:16). Ал өлүп, кайра тирилүү менен адамзатка күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошонууга үмүттөнүүгө негиз берген. Ал үмүттүн ишке ашышы «Кудайдын уулдарынын даңкы[нын] ачык көрүнүшү» менен байланыштуу. Даңкталган майлангандар — «тукумдун» экинчи даражадагы бөлүгү. Майлангандардын даңкы, алар Машаяк менен бирге Шайтандын ыймансыз дүйнөсүн жок кылганда, ачык көрүнөт (Аян 2:26, 27). Ошондо «улуу алааматтан аман өткөн» башка койлор куткарылат (Аян 7:9, 10, 14).

12. Майлангандардын даңкынын ачык көрүнүшү адамзатка кандай зор пайда алып келет?

12 Машаяктын Миң жылдык башкаруусунда адамзат кандай гана жеңилдей түшөт! Ошол убакта «Кудайдын уулдарынын даңкы» дагы бир жол менен ачык көрүнөт: алар Машаяк менен бирге дин кызматчы болуп, адамзатка анын куткаруу курмандыгынан пайда алууга жардам беришет. Кудайдын Падышалыгынын бийлиги астында адамдар күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошоно баштайт. Ошентип, тил алчаак адамдар убакыттын өтүшү менен «жок болуу кулчулугунан бошонот». Эгер алар миң жыл бою жана анын аягында боло турган акыркы сыноодо Жахабага берилгендигин сакташса, ысымдары «өмүр түрмөгүнө» түбөлүккө жазылып калат. Ошондой эле алар «Кудайдын уулдары катары даңктуу эркиндикке чыгышат» (Аян 20:7, 8, 11, 12). Бул кандай кереметтүү үмүт!

ҮМҮТҮБҮЗДҮ БЕКЕМ САКТАЙЛЫ

13. Биз эмнеден улам үмүткө ээбиз жана «Иса Машаяктын ачылышы» эмнени билдирет?

13 Элчи Петирдин ыйык рухтун жетеги менен жазган эки каты майлангандар менен башка койлорго үмүтүн бекем сактоого жардам берет. Ал алардын андай үмүткө жакшы иштеринин негизинде эмес, Жахабанын ырайымынан улам ээ болушканын баса белгилеп: «Бардык жагынан тең салмактуу болгула. Иса Машаяктын ачылышында өзүңөргө көрсөтүлө турган ырайымга үмүттөнгүлө»,— деп жазган (1 Пет. 1:13, шилт.). Ал эми «Иса Машаяктын ачылышы» анын өзүнүн ишенимдүү жолдоочуларына сыйлык берип, Жахабанын ыймансыздарга чыгарган өкүмүн ишке ашыруу үчүн келгенин билдирет. (Оку: 2 Тесалоникалыктар 1:6—10.)

14, 15. а) Үмүтүбүздү бекем сактоо үчүн эмнени унутпашыбыз керек? б) Элчи Петир кандай кеңеш берген?

14 Үмүтүбүздү бекем сакташ үчүн «Жахабанын күнү» жакындап келатканын унутпашыбыз керек. Ал күнү азыркы «асман» — адамдардын башкаруусу, ошондой эле «жер» — ыймансыз адамдардын коому жана аны «түзгөн нерселер» жок кылынат. Элчи Петир мындай деп жазган: «Жахабанын күнүнүн келишин күтүп, аны эсиңерде бек сактап жаткан силер [Кудайга берилген] адамдардан болушуңар керек эмеспи! Анткени ошол күнү асман алоолонуп кыйратылат, ал эми асман менен жерди түзгөн нерселер катуу кызып, эрип кетет!» (2 Пет. 3:10—12).

15 Азыркы «асман менен жер» «жаңы асманга» — Машаяк башкарган Падышалыкка — жана «жаңы жерге» — адамдардын жаңы коомуна — алмаштырылат (2 Пет. 3:13). Элчи Петир «жаңы асман менен жаңы жерге болгон» үмүтүбүздүн ишке ашышын «күтүү» үчүн, башкача айтканда, ал үмүтүбүздү бекем сактоо үчүн эмне кылышыбыз керектигин айтып: «Сүйүктүү бир туугандарым, ушуларды күтүп жатып, акырында ал силерди таза, кемчиликсиз, тынчтыкта жашаган адамдар деп табышы үчүн, бүт күчүңөрдү жумшагыла»,— деп ачык-айкын кеңеш берген (2 Пет. 3:14).

ҮМҮТҮБҮЗГӨ ЫЛАЙЫК ЖАШАЙЛЫ

16, 17. а) Канткенде «жүрүм-туруму ыйык» жана «Кудайга берилген адамдардан болобуз»? б) Үмүтүбүз ишке ашышы үчүн, эмне кылышыбыз керек?

16 Биз үмүтүбүздү бекем сактагандан тышкары, ага ылайык жашашыбыз керек. Элчи Петир эскерткендей, өзүбүздүн рухий жактан кандай адам экенибизге өзгөчө көңүл буруп, жүрүм-туруму ыйык адамдардан болууга умтулушубуз талап. Бул өзүбүздү адеп-ахлактык жактан таза сактап, башка элдердин арасында үлгүлүү болушубуз керектигин билдирет (2 Пет. 3:11; 1 Пет. 2:12). Ошондой эле бири-бирибизди сүйүшүбүз кажет. Бул бүткүл дүйнөлүк бир туугандыгыбыздын жана жыйналышыбыздын биримдигине салым кошууга бүт күч-аракетибизди жумшоону туюнтат (Жкн. 13:35). Элчи Петир «Кудайга берилген адамдардан болушубуз» керектигин да айткан. Бул Жахаба менен болгон мамилебизди бекемдей турган иштерди кылууну билдирет. Андай иштерге мазмундуу тиленүү, Ыйык Китепти күн сайын окуу, өздүк изилдөөнү жана үй-бүлө менен сыйынууну сапаттуу өткөрүү, ошондой эле Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратууга жигердүү катышуу кирет (Мт. 24:14).

17 Ар бирибиз Жахабага жаккан жана азыркы ыймансыз дүйнө кыйратылганда, аман кала турган адамдардан болгубуз келет. Эгер ошондой адам болсок, «жалган сүйлөй албаган Кудай мурун эле убада кылган» «түбөлүк өмүргө болгон үмүтүбүздүн» ишке ашканын өз көзүбүз менен көрөбүз (Тит 1:2).

[Изилдөө суроолору]

[22-беттеги сүрөт]

Майлангандар тирүү үмүткө ээ болуу үчүн «жаңыдан төрөлүшөт»

[24-беттеги сүрөт]

Үй-бүлөңөр менен үмүтүңөрдү бекем сактагыла