Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Улан-кыздар, курдаштарыңардын кысымына алдырбагыла

Улан-кыздар, курдаштарыңардын кысымына алдырбагыла

Улан-кыздар, курдаштарыңардын кысымына алдырбагыла

«Сөзүңөр... туз менен татытылгандай болсун, ошондо ар бир адамга кантип жооп берүү керектигин билесиңер» (КОЛ. 4:6).

1, 2. Көптөгөн жаштар башкалардан айырмаланууга кандай карашат жана эмне үчүн?

СЕН «курдаштардын кысымы» дегенди угуп эле жүрбөстөн, мунун эмне экенин жон териң менен да сезип көргөндүрсүң. Балким, кимдир бирөө бирде болбосо бирде сени жаман ишке түртүүгө аракет кылгандыр. Ошондой учурларда кандай сезимде болосуң? 14 жаштагы Кристофер мындай дейт: «Кээде тим эле көздөн кайым болгум келип кетет же элден айырмаланбаш үчүн башка классташтарымдай эле болгум келет».

2 Курдаштарың сага күчтүү таасир этеби? Ошондой болсо, анын себеби эмнеде деп ойлойсуң? Алардын сени өздөрүнө кошушун каалаганыңда эмеспи? Негизи, мындай каалоонун жаман деле жери жок. Атүгүл чоң кишилер деле теңтуштарынын жактыруусуна ээ болууну каалашат. Чынында, жаш болобу, карыбы, эч кимдин четке кагылгысы келбейт. Бирок туура нерсеге карманганың башкаларга дайыма эле жага бербейт. Бул Исанын да башынан өткөн. Анткен менен ал ар дайым туура иш кылган. Айрымдар анын жолун жолдоп, шакирттери болушса, башкалары Кудай Уулун жек көрүп, киши ордуна көрүшкөн эмес (Ыш. 53:3).

Эл катарында болуу каалоосу канчалык күчтүү?

3. Курдаштарыңдын ою менен болуу эмне үчүн туура эмес?

3 Кээде курдаштарыңды нааразы кылбаш үчүн эле алардын ою менен болгуң келиши мүмкүн. Бирок бул туура эмес болуп калар эле. Исанын жолдоочулары «толкун сыяктуу ары-бери чайпалган» наристелердей болбошу керек (Эф. 4:14). Кичинекей балдар башкалардын таасирине оңой эле алдырышат. Бирок сен жакында өспүрүм курактан өтүп, эресеге жетесиң. Андыктан Жахабанын талаптарынын сага пайда гана алып келерине көзүң жетсе, ишенип-ынанган нерселериңе ылайык жашоого чечкиндүү болушуң керек (Мыйз. 10:12, 13). Болбосо, жашооңо өзүң эмес, башкалар багыт берип калат. Ал эми башкалардын кысымына алдырсаң, жетелеме болуп каласың (Оку: 2 Петир 2:19).

4, 5. а) Арун кандайча кысымга жеңдирип койгон жана мындан кандай сабак алсаң болот? б) Курдаштарың сага кандай жолдор менен кысым көрсөтүшү мүмкүн?

4 Бир жолу Мусанын агасы Арун курдаштарынын кысымына жеңдирип койгон. Ысрайылдыктар ой-боюна койбой андан кудай жасап берүүнү талап кылышканда, ал багынып берген. Арунду жүүнү бош, кайраты жок киши болгон деп айтууга болбойт. Себеби ага чейин ал Муса менен бирге Мисирдеги эң эле зор күч-бийликке ээ кишинин, фараондун, алдына барып, ага Кудайдын кабарын эр жүрөктүк менен жарыялаган. Бирок ысрайылдыктар аны кысымга алышканда, анын туруштук берүүгө кубаты жетпей калган. Курбу-курдаштардын кысымы кандай күчтүү болот! Арунга Мисир падышасынын айбатына чыдаганга караганда теңтуштарынын кысымына туруштук берүү оор болгон (Чыг. 7:1, 2; 32:1—4).

5 Арундун мисалы көрсөтүп тургандай, курбулардын кысымы жаштардын жана жамандыкка жакын адамдардын эле башына түшкөн көйгөй эмес. Ага атүгүл ак ниеттен туура иш кылууга умтулгандар, алардын ичинде сен да туш болушуң ыктымал. Курбу-курдаштарың сени туура эмес ишке түртүүгө далалат кылып, өмүрүңдү тобокелге салууга азгырышы, айыпташы же шылдыңга алышы мүмкүн. Кандай жол менен көрсөтүлбөсүн, теңтуштардын кысымына туруштук берүү оңой-олтоң иш эмес. Андай кысымдын мизин майтарышың үчүн, эң алды, ишенген нерселериңе болгон ишенимиңди арттырышың маанилүү.

«Өзүңөрдү сынап тургула»

6, 7. а) Ишенген нерселериңдин тууралыгына ынануу эмне үчүн маанилүү жана муну кантип кылсаң болот? б) Ишенимиңди бекемдөө үчүн өзүңө кандай суроолорду берип көрсөң болот?

6 Курбуларыңдын кысымына алдырбаш үчүн алгач ишенген нерселериңдин жана карманган нормаларыңдын туура экенине ынанышың керек (Оку: 2 Корунттуктар 13:5). Ынанганың сага, табиятыңдан тартынчаак болсоң да, кайраттуу болууга жардам берет (2 Тим. 1:7, 8). Бирок кайраттуу кишиге да, эгер ал кайсы бир нерсеге толук ишенбесе, ошого бек туруу кыйын болушу ыктымал. Ошондуктан Ыйык Китептен окуп-билгендериңдин чындык экенине толук ынанууга эмне үчүн болбосун? Негизги чындыктардан башта. Маселен, сен Кудайга ишенесиң жана башкалардын анын бар экенине эмне үчүн ишенерин уккансың. Ошентсе да: «Кудайдын бар экенине мени эмне ынандырат?» — деп ойлонуп көр. Бул суроонун максаты — жүрөгүңдө шек туудуруу эмес, ишенимиңди бекемдөө. Өзүңө төмөнкү суроолорду да берип көр: Жазманын Кудайдын рухунун жетеги менен жазылганын кайдан билем? (2 Тим. 3:16). «Акыркы күндөрдө» жашап жатканыбызга эмне үчүн ишенем? (2 Тим. 3:1—5). Жахабанын норма-принциптери менин жыргалчылыгым үчүн берилгенине эмнеден улам ишенем? (Ыш. 48:17, 18).

7 Балким, сен жооп таба албайм деп кооптонгондуктан, бул суроолор жөнүндө ойлонбой эле коюуну туура көрүшүң мүмкүн. Бирок бул машинеңдин күйүүчү майдын деңгээлин көрсөтүүчү белгисин май жок экенин көрсөтсө эмне кылам деп чочулагандыктан эле карабай койгонго барабар болмок. Машинеңдин майы түгөнүп калса, тийиштүү чара көрүп, май куюшуң керек. Анын сыңарындай, сага кайсы жагынан ишеним жетишпей жатканын баамдап, аны бекемдөө үчүн тийиштүү иш-аракет кылганың дурус (Элч. 17:11).

8. Кудайдын бузуктуктан качууга байланыштуу осуятына кармануу акылмандыкка жатарына бекем ишенүү үчүн эмне кылсаң болот? Түшүндүр.

8 Бир мисал алалы. Ыйык Китеп сени «бузуктуктан качууга» үндөйт. Кандай деп ойлойсуң, бул осуятка кармануу эмне үчүн акылдуулукка жатат? Теңтуштарың андай ишке кандай себептерден улам барышат? Эмне үчүн «бузуктук кылып жүргөн киши өз денесине каршы күнөө кылат»? (1 Кор. 6:18). Мунун себептерин талдап, дагы тереңирээк ой жүгүртүү үчүн өзүңө төмөнкү суроолорду берип көр: «Кайсы жол менен жүргөнүм акылмандыкка жатат? Жыныстык адеп-ахлаксыздыкка баруунун кереги барбы? Адеп-ахлаксыз ишке барсам, кандай сезимде болом?» Балким, сен бир саамга айрым курбуларыңдын жактыруусуна ээ болмоктурсуң, бирок ата-энеңдин же жыйналыштагы бир туугандарыңдын алдында өзүңдү кандай сезет элең? Кудайга тиленүүгө аракет кылгандачы? Классташтарыңа жагам деп, Кудайдын алдында актыгыңан кечет белең?

9, 10. Ишенген нерселериңдин чындык экенине ынанганың курбуларың менен болгондо ишенимдүү болууга кандайча көмөк кылат?

9 Эгер өспүрүм болсоң, сен «акыл жөндөмүң» болуп көрбөгөндөй өрчүп-өнүгө турган курактасың (Оку: Римдиктер 12:1, 2). Ушул мезгилден пайдаланып, Жахабанын Күбөсү болуу жеке сен үчүн эмнени билдирери жөнүндө терең ой жүгүрт. Бул сага ишенген нерселериңдин чындык экенине болгон ишенимиңди бекемдөөгө көмөк кылат. Ошондо кысымга кабылганда буйдалбастан, кайраттуулук менен жооп кайтара аласың жана төмөнкү сөздөрдү айткан жаш ишенимдешибиздикиндей сезимде болосуң: «Кысымга туруштук бергенимде мен башкаларга ким экенимди ачык билдирген болом. Жахабанын Күбөсү болуу мен үчүн жөн эле бир диндин мүчөсү болууну билдирбейт. Бул — менин ой жүгүртүүмдүн, максаттарымдын, карманган принциптеримдин жана бүткүл жашоомдун борбору».

10 Ооба, туура деп эсептеген принцип-нормаларыңа бек туруу үчүн күч-аракет талап кылынат (Лк. 13:24). Анын үстүнө, мунун акыбети кайтабы деп тынчсызданышың мүмкүн. Бирок туура нерселерге карманганың үчүн өзүңдү уялгандай же күнөөлүүдөй сезсең, башкалар муну байкап, кысымды ого бетер күчөтүшү мүмкүн экенин эсиңен чыгарба. Ал эми ишенимдүү сүйлөсөң, курбуларыңдын сени бат эле жайыңа койгонуна өзүң да таң калышың ыктымал (Салыштыр: Лука 4:12, 13).

«Ойлонуп жооп бер»

11. Курдаштарыңдын кысымына күн мурун даярдануунун кандай пайдасы бар?

11 Курдаштарыңдын кысымына туруштук берүүгө жардам берген дагы бир маанилүү нерсе — алдын ала даярдануу (Оку: Накыл сөздөр 15:28). Даяр болуу кандай жагдайга туш болушуң мүмкүн экенин күн мурун ойлонуштурууну билдирет. Кээде алдыны көрө билүү чоң көйгөйдүн алдын алат. Мисалы, кетип баратып, алдыңан топ классташтарыңдын тамеки чегип турганын көрдүң дейли. Алар сага тамеки сунушташы мүмкүнбү? Көйгөйдүн алдын алуу үчүн эмне кылсаң болот? Накыл сөздөр 22:3тө: «Акылдуу адам кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз барып кырсыкка учурашат»,— делет. Башка жолго бурулуп кетсең, алар менен кездешүүдөн кача аласың. Бул корккондукка эмес, эстүүлүккө жатат.

12. Курдаштарыңдын кысымына туш болгондо кандай жооп бергениң оң?

12 Бирок кайсы бир жагдайдан кача албай калсаңчы? Мисалы, курдашың таң кала: «Сен дагы деле эч ким менен жата элексиңби?» — деп сурады дейли. Андайда Колосалыктар 4:6дагы: «Сөзүңөр дайыма жагымдуу, туз менен татытылгандай болсун, ошондо ар бир адамга кантип жооп берүү керектигин билесиңер»,— деген кеңешке ылайык иш кылганың оң. Бул аят көрсөтүп тургандай, жогорудагы суроого кантип жооп берериң жагдайдан көз каранды болот. Ошондой учурда Ыйык Китептин негизинде узун лекция окуу зарыл деле эмес. Балким, кыска-нуска жооп берүү жетиштүү болоттур. Маселен, «ооба» же «бул менин ишим» деп эле койсоң болот.

13. Курдаштарыңдын орунсуз суроолоруна жооп берүүдө кыраакылык канчалык маанилүү?

13 Иса көп нерсе айтуудан майнап чыкпай турганын баамдаганда, кыска эле жооп берчү. Кызыктуусу, Ирод аны суракка алганда, ал эч нерсе деп жооп берген эмес (Лк. 23:8, 9). Ырас, орунсуз суроо берилгенде, көп учурда унчукпай эле коюу акылдуулукка жатат (Накыл 26:4; Нас. 3:1, 7). Бирок кээде кимдир бирөө, атүгүл башында сени жамандап жүрсө да, ишенимиңе, мисалы, сен карманган адеп-ахлак нормаларына чын ыкластан кызыгышы ыктымал (1 Пет. 4:4). Андай учурда ага Ыйык Китепке негизделген көз карашыңды тереңирээк түшүндүрүп бергениң орундуу болушу этимал. Мындайда коркуп артка чегинбе. «Коргонууга дайым даяр бол» (1 Пет. 3:15).

14. Кантип сылыктык менен курбуларыңдын кысымынын мизин кайтарсаң болот?

14 Айрым жагдайларда кысымдын мизин кайтара алышың мүмкүн. Бирок муну сылыктык менен кыл. Мисалы, классташың тамеки сунуштаса, балким: «Жок, рахмат»,— деп, анан: «Өзүң жакшы эле баласың, эмнеге тамеки чегесиң?!» — деп кошумчаласаң болоттур. Кысымдын мизи кантип кайтарылганын байкадыңбы? Эми ал эмне себептен тамеки тартпасыңды сурагандын ордуна, өзүнүн эмне үчүн тамеки чегери жөнүндө ойлоно баштайт *.

15. Кысым көрсөтүлгөндө качан кетип калуу орундуу жана эмне үчүн?

15 Курбуларың кылган аракеттериңе карабай кысым көрсөтө беришсечи? Мындайда кетип эле калганың дурус. Алар менен канчалык көпкө турсаң, ыйык китептик принциптерди бузуп алышыңдын ыктымалдыгы ошончолук жогору болот. Ошондуктан кетип кал. Бирок жеңилип калдым деп ойлобо. Анткени сен жагдайды өз көзөмөлүңө алдың, алардын таасирине моюн берген жоксуң жана Жахабанын жүрөгүн кубанттың (Накыл 27:11).

«Ийгиликке жеткире» турган ой-максаттар

16. Исанын жолдоочусумун деп ырастаган курбуларыңдын айрымдары кандай туура эмес иштерге түртүшү мүмкүн?

16 Кээде туура эмес иштерди кылууга Жахабанын кызматчысымын деп ырастаган жаштар да түртүшү этимал. Мисалы, ошондой курдашың уюштурган жолугушууга барып, бир да чоң киши жок экенин байкасаң, эмне кыласың? Эгер Исанын жолдоочусумун деп ырастаган курбуң, ичимдик ичүүгө мыйзам боюнча жол берилген жаш-куракка жете элек болсоңор да, ичимдик алып келсечи? Ыйык Китептин негизинде үйрөтүлгөн абийириңе ылайык иш кылышың керек болгон дагы көптөгөн жагдайларга туш болушуң мүмкүн. Бир жаш ишенимдешибиз мындай деп эскерет: «Сиңдим экөөбүз каармандары эки сөзүнүн биринде эле уят сөз сүйлөгөн кинодон чыгып кеттик. Биз менен чогуу баргандар калып калышты. Бул үчүн ата-энебиз бизди мактады, бирок биз менен баргандар аларды жаман абалда калтырганыбыз үчүн нааразы болушту».

17. Жолугушууга барганда Кудайдын нормаларына кармануу үчүн кандай иш-аракеттерди кылсаң болот?

17 Жогорудагы мисал көрсөтүп тургандай, Ыйык Китептин негизинде үйрөтүлгөн абийириңе ылайык иш кылгандыктан оңтойсуз абалда калышың ыктымал. Бирок туура деп ишенген нерселериңе карманууга чечкиндүү бол. Ар кандай жагдайга даяр бол. Кайсы бир жолугушууга бара турган болсоң, сен күтпөгөн жагдайлар пайда болушу мүмкүн экенин эске алып, кетип калуунун жолдорун алдын ала ойлонуштуруп кой. Айрым жаштар ата-энеси менен алдын ала сүйлөшүп, телефон чалганда үйгө эртерээк алып кетишин суранып коюшат (Заб. 25:4, 5). Мындай ой-максаттар «ийгиликке жеткирет» (Накыл 21:5, «ЖД»).

«Жаш чагыңда кубан»

18, 19. а) Жахабанын бактылуу болушуңду каалаарына эмне үчүн шектенбесең болот? б) Кудай курбуларынын кысымына туруштук берген жаштарга кандай карайт?

18 Жахаба сени жашоодон кубаныч алгыдай кылып жараткан жана бактылуу болушуңду каалайт (Оку: Насаатчы 11:9). Курдаштарыңдын, болгону, «убактылуу ырахат алып» жатканын унутпа (Эвр. 11:25). Чыныгы Кудай сага мындан алда канча жакшы нерсени, түбөлүккө бактылуу болушуңду, каалайт. Ошондуктан Кудайдын көз алдында жаман деп эсептелген нерселерди кылууга азгырылганыңда Жахабанын талаптары сенин жыргалчылыгың үчүн гана караштырылганын эсиңен чыгарба.

19 Сен курбуларыңдын жактыруусуна ээ болгон күндө да, жылдар өткөндөн кийин, алар атүгүл атыңды да эстей албашы мүмкүн. Ал эми Жахаба алардын кысымына туруштук бергениңди, ишенимдүүлүгүңдү эч качан унутпайт. Ал сен үчүн «асман терезелерин ачып», батасын «ашыгы менен төгөт» (Мал. 3:10). Мындан тышкары, ыйык рухун мол берип, өзүңдү алсыз сезген учурларыңда күч-кайратка толтурат. Арийне, Жахаба курдаштарыңдын кысымына туруштук берүүгө жардам берет.

[Шилтемелер]

^ 14-абз. «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонорлук кеңештер» (2-том, ор.) деген китептин 132, 133-беттериндеги «Кысым учурундагы иш-аракетим» деген схеманы кара.

Эсиңердеби?

• Курдаштардын кысымы канчалык күчтүү болушу мүмкүн?

• Курдаштарыңдын кысымына туруштук берүү үчүн ишенген нерселериңдин чындык экенине ынанганың канчалык маанилүү?

• Курдаштарыңдын кысымына каршы турууга кантип даярдансаң болот?

• Жахабанын ишенимдүүлүгүңдү баалаарын кайдан билесиң?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги сүрөт]

Арун эмне үчүн алтын музоо жасоого макул болгон?

[10-беттеги сүрөт]

Алдын ала даярданып, эмне айтарыңды чечип ал