Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үйбүлөлүк «сапарыңар» канткенде ийгиликтүү болот?

Үйбүлөлүк «сапарыңар» канткенде ийгиликтүү болот?

Үйбүлөлүк «сапарыңар» канткенде ийгиликтүү болот?

ҮЙБҮЛӨ куруу алыс жолго сапар тартуу менен бирдей. Ал «жолго» чыккандар көптөгөн окуяларга туш болушат. Ошол окуялардын айрымдары жагымдуу болсо, башкалары жагымсыз. «Жолдон» күтүлбөгөн кыйынчылыктар да пайда болот, алардын кээси айланып өткүс тоодой сезилиши мүмкүн. Ошентсе да көптөр ал «сапарды» ийгиликтүү басып өтүп, анча-мынча тоскоолдуктар болсо да, көп кубаныч алышат. Чынында, никедеги бакыт көбүнесе кыйынчылыктардын аздыгынан эмес, аларды жубайлардын чече билишинен көзкаранды.

Үйбүлөлүк «сапарыбыз» ийгиликтүү, кубанычтуу болсун десек, эмне кылышыбыз керек? Көптөр үйбүлөгө туура багыт бере турган «жолкөрсөткүч» керек деп эсептешет. Үйбүлөгө жардам бере турган абдан так, беделдүү «жолкөрсөткүчтү» үйбүлөнүн Негиздөөчүсү Жахаба Кудай өзү берген. Ал — Ыйык Китеп. Бирок Ыйык Китепке ээ болсоң эле, кыйынчылыктар кереметтүү түрдө чечиле калбайт. Жубайлар андагы кеп-кеңештерди колдонуунун аркасында гана бакытка жете алышат (Забур 118:105; Эфестиктер 5:21—33; 2 Тиметей 3:16).

Келгиле анда, нике «сапарыңардын» кубанычтуу жана ийгиликтүү өтүшүнө шарт түзгөн Ыйык Жазмадагы «жолбелгилердин» — негизги принциптердин — кээсин талдап көрөлү.

Никеңди ыйык тут. «Кудай кошконду адам ажыратпасын» (Матай 19:6). Жараткан биздин түпкү атабыз Адамдын болочок аялын — Обо энени — жаратканда, алгачкы никени негиздеген (Башталыш 2:21—24). Адам болуп жерге келгенге чейин асманда жашаган Иса Машаяк ошол окуяга өзү күбө болгон. Ал Адам менен Обонун никеси, Кудайдын ой-ниети боюнча, түбөлүккө созулмак экенин билгендиктен, мындай деген: «Жараткандын эң башында адамдарды эркек-аял кылып жаратып: „Ошондуктан адам өзүнүн ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот“,— деп айтканын окуган жок белеңер? Ошентип, эми алар — эки эмес, бир дене. Андыктан Кудай кошконду адам ажыратпасын» (Матай 19:4—6).

«Кудай кошконду...» — деген сөздөр менен Иса никени Кудай өзү негиздегенин, ошондуктан ыйык тутулушу керектигин баса белгилеген *.

Албетте, жубайлар ортодогу мамилесинин сүйүүсүз, суук болушун каалабайт. Алар экөө тең никеден кубаныч алып, өзүлөрүн бактылуу сезгиси келет. Бирок ан үчүн Жараткандын Ыйык Китепте жазылган кеңештерин колдонуу зарыл.

Баарыбыз жеткилеңсиз болгондуктан, ортодо түшүнбөстүк, кайчылаш ой-пикирлер пайда болбой койбойт. Бирок көп учурда никедеги бакыт жубайлардын бири-бирине төп келишинен эмес, ортодогу келишпестиктерди чече билишинен көзкаранды. Ошондуктан келишпестиктерди сүйүү менен чече билүү — жубайлар өрчүтүшү керек болгон маанилүү жөндөмдүүлүктөрдүн бири. Себеби сүйүү бардыгын «жеткилең түрдө бириктирет» (Колосалыктар 3:14).

Сый-урмат менен сүйлө. «Маңызсыз сүйлөгөн адам кылыч менен жаралагандай жаралайт, ал эми акылдуу адамдардын тили сакайтат» (Накыл сөздөр 12:18). Изилдөөчүлөрдүн байкоосу боюнча, маектешүү кандай башталса, көбүнчө ошондой аяктайт. Демек, маектешүү сый-урмат менен башталса, ошондой маанайда аяктаары бышык. Адатта, жакын адамыбыздын ойлонбой сүйлөгөн сөздөрү канчалык катуу тиери баарыбызга эле белгилүү. Ошондуктан жарыңдын кадыр-баркын сыйлоо менен ага сый-урмат көрсөтүп, сүйүү менен мамиле кылууга умтул. Ан үчүн Кудайга жардам сурап тилен (Эфестиктер 4:31). «Биз бири-бирибиздин кемчиликтерибизди көрүп-билип турсак да, бири-бирибизди сүйлөгөн сөзүбүз, жасаган мамилебиз менен сыйлаганга аракет кылабыз. Бул никеде бактылуу болушубузга шарт түзүп келет»,— дейт жары менен жашаганына 44 жыл болгон жапониялык Харуко * аттуу зайып.

Кайрымдуу жана боорукер бол. «Бири-бириңерге кайрымдуу, өзгөчө боорукер болгула» (Эфестиктер 4:32). Кандайдыр бир пикир келишпестиктер курчуй баштаганда, жубайлардын экөө тең ачууга оңой эле алдырып коюшу мүмкүн. Жары менен бактылуу өмүр сүргөнүнө 34 жыл болуп калган германиялык Анетте аттуу аял: «Жагдай курчуп кеткенде өзүңдү башкара билүү оңой эмес. Андай учурда жубайыңдын көңүлүн оорута турган сөздөрдү айтып алышың мүмкүн»,— дейт. Ооба, кайрымдуу жана боорукер болууга умтулуу үйбүлөлүк жашоодо уруш-чатактан алыс болууга жол ачат.

Момун бол. «Эч нерсени тажаалдык же көйрөңдүк менен кылбагыла, тескерисинче, момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө» (Филипиликтер 2:3). Жубайлар бири-биринин жыргалчылыгын ойлоп, көйгөйдү момундук менен чечүүнүн жолдорун издегендин ордуна, өз күнөөсүн мойнуна алгысы келбей, бири-бирин күнөөлөй берсе — уруш-талаш чыгат. Ал эми момун киши өзүнүкүн туура деп ырастай берүүдөн качат.

Ачууңду тыя бил. «Ачууланганга шашпа» (Насаатчы 7:9). Жубайыңдын көзкарашын сындай берүүдөн жана ал сага кайсы бир кемчиликтериңди айтса, өзүңдү коргоп, талашып-тартыша берүүдөн алыс бол. Кайра, айткандарын кунт коюп угуп, аны түшүнүүгө аракет кыл. Жооп кайтарардан мурун жакшылап ойлон. Көптөр талаш-тартыштан жеңүүчү болуп чыккандан көрө, жубайынын көңүлүн алуу алда канча маанилүү экенин абдан кеч түшүнүп калышат.

Кунт коюп ук. «Ар бир адам укканга даяр болсун, сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпасын» (Жакып 1:19). Жакшы пикир алмашуу бактылуу никеге алпаруучу жолдогу эң негизги «жолбелгилердин» бири экени күмөнсүз. Анда эмне үчүн Ыйык Китепте: «Унчукпай турган убак бар»,— делет? (Насаатчы 3:7). Аятта айтылгандар үн катпай отура берүүнү билдирбейт. Бул пикир алмашуу маалында жубайыңдын, чынында, кандай сезимде болуп жатканын, же эмне үчүн ошондой сезимде болуп жатканын билүү үчүн кунт коюп угууну билдирет.

Сезимдерди түшүнө бил. «Кубангандар менен кубангыла, ыйлагандар менен ыйлагыла» (Римдиктер 12:15). Пикир алмашып жатканда сезимдерди түшүнө билүү абдан маанилүү. Ансыз жарыңдын ичинде катылып жаткан ой-сезимдерин биле албайсың. Анын сезимдерин түшүнө билгенде гана анын көзкарашын жана сезимдерин сыйлап, ага урматтоо менен мамиле кыласың. Жолдошу менен жашаганына 32 жыл болгон бразилиялык Нелла аттуу аял мындай деп сыр бөлүшөт: «Кыйынчылыктарыбызды талкуулап жатканда, мен Мануэлдин ой-сезимдерин түшүнүш үчүн, аны ар дайым кунт коюп угам». Жарың сүйлөп жаткан убак — анын сезимдерин түшүнүү үчүн кунт коюп угуп, «унчукпай турган убак».

Ыраазычылык билдирүүгө үйрөн. «Ыраазычылык билдирүүчүлөрдөн болгула» (Колосалыктар 3:15, «ҮН»). Никеси бекем жубайлар ар дайым бири-бирине ыраазычылык айтып, бири-биринин иш-аракетин баалаарын көрсөтүп турушат. Бирок үйбүлөдө күнүмдүк түйшүк менен алпурушуп жүрүп, кээ бир жубайлар, ыраазы экенимди билет да деп, жарына ыраазычылык билдиришпейт. Доктор Эллен Вахтел мындай дейт: «Көптөр ыраазычылык билдирүүнү унутушпаса эле, бири-бирине ыраазычылык билдиришмек».

Аялдар күйөөсүнүн аларга сүйүүсүн, ыраазычылыгын билдирип турушуна өзгөчө муктаж. Силер, күйөөлөр, аялыңардын жакшы иштерин жана сапаттарын баалай билүү менен никенин бекем болушуна, ошондой эле аялыңардын жана өзүңөрдүн кубанычыңарга салым кошо аласыңар.

Аялыңарга болгон сүйүүңөрдү сөзүңөр менен да, ишиңер менен да билдиришиңер маанилүү. Силер, күйөөлөр, аялыңарды назик өпкөндө, кыса кучактаганда жана жүзүн карап жылуу жылмайганда, ал «мен сени сүйөм» дегениңерден да көптү түшүнөт. Ошондо аялыңар силер үчүн өзгөчө экенин жана силерге керек экенин сезет. Мисалы, ага телефон чалып же СМС жазып «мен сени сагынып кеттим» деп айтсаңар, же «күнүң кандай өтүп жатат?» деп сурасаңар болот. Сүйлөшүп жүргөндө айтып жүргөн ушул сыяктуу сөздөрдү айтпай калсаңар, кайрадан айта баштоого эмне үчүн болбосун? Жубайыңардын жүрөгүн эмне козгоорун көрө билүүгө умтулгула.

Байыркы Ысрайылдагы Лемуел падышанын энесинин: «Күйөөсү туруп, аны мактайт: „Жакшы аялдар көп болгон, бирок сен алардын баарынан ашып түштүң“»,— деген сөздөрү бекеринен жазылган эмес (Накыл сөздөр 31:1, 28, 29). Күйөөлөр, аялыңарды акыркы жолу качан мактадыңар эле? Же, аялдар, силер күйөөңөрдү качан мактадыңар эле?

Дароо кечирүүгө даяр бол. «Ачууңарды күн батканча баскыла» (Эфестиктер 4:26). Никеде өзүң да ката кетиресиң, жубайың да ката кетирет. Ошондуктан кечире билүү абдан маанилүү. 43 жылдан бери коломто отун өчүрбөй келишкен Түштүк Африкадагы Клайв менен Моника Ыйык Китептеги бул кеңештин абдан пайдалуу экенин жакшы билишет. Клайв: «Эфестиктер 4:26дагы кеңешти жашообузда колдонууга аракеттенебиз. Ошондой эле кечиримдүү болуу Кудайга жагарын билип, бири-бирибизди дароо кечирүүгө аракет кылабыз. Жарашкандан кийин таза абийир менен, тынч уктайбыз»,— дейт.

Байыркы накыл сөздөрдө: «Бирөөнүн кылмышын кечирип коюу — ал үчүн даңк»,— деп эң туура айтылган (Накыл сөздөр 19:11). Жогорудагы Анетте: «Кечире билбесең, никеде бактылуу болуу мүмкүн эмес,— деп кошумчалайт.— Антпесе, никеге бүлүк сала турган түшүнбөстүк өрчүп, таарыныч күч алып кетет. Кечирсеңер, нике түйүнүңөр бекемделип, ортодогу мамилеңер ысык болот».

Эгер сен жубайыңды таарынтып алсаң, ал ага көп көңүл бурбайт, бат эле унутуп коёт деп ойлобо. Жарашыш үчүн жубайларга көбүнчө оңой эмес кадамдардын бирин жасоого — өз катасын моюнга алууга — туура келет. Ошентсе да момундук менен: «Кечирип койчу, алтыным. Күнөө менден кетти»,— деген сыяктуу сөздөрдү айтуудан тартынба. Момундук менен кечирим суроонун аркасында урмат-сыйга ээ болосуң. Бул мамилеңердин бекемделишине жана жандүйнөңөрдүн тынч болушуна шарт түзөт.

Жубайыңа жана никеңе берилген бойдон кал. «Алар [аялы менен күйөөсү] — эки эмес, бир дене. Андыктан Кудай кошконду адам ажыратпасын» (Матай 19:6). Силер Кудайдын жана элдин алдында бири-бириңерге, кандай гана кыйынчылык болбосун, берилген бойдон калабыз деп салтанаттуу түрдө убада бергенсиңер *. Жубайлар ал убаданы тек гана мыйзам талап кылгандыктан эмес, бири-бирин чын жүрөктөн сүйгөндүктөн беришет. Ошол убадага туруу алардын бири-бирине жана Кудайга болгон сый-урматын көрсөтөт. Ошондуктан никенин ыйык түйүнүн жубайыңан башка бирөөгө кызыгуу көрсөтүү менен тебелеп-тепсебе, көзүңдү өз жарыңа гана бур (Матай 5:28).

Өз кызыкчылыгынан кече билүү мамилени бекемдейт. «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» (Филипиликтер 2:4). Өзүңдүн эмес, биринчи кезекте жарыңдын муктаждыктарына кам көрүү жана каалоолорун орундатуу да никенин бекем болушуна салым кошот. Мисалы, үйлөнгөнүнө 20 жыл болгон Премжи толук күндүк жумушта иштеген зайыбына үй иштерин аткарууга жардам берүүнү милдетим деп эсептейт. «Мен Ритага тамак жасоого, үй жыйноого жана башка иштерди аткарууга жардам берем. Ошондуктан анын өз көңүлүнө жаккан башка нерселер менен алектенүүгө убактысы да, күчү да жетет».

Аракетиңердин акыбети кайтат

Никеде бактылуу болуу үчүн жубайлардан көп аракет жумшоо талап кылынгандыктан, айрымдар кээде баарын таштап, басып кеткиси келет. Бирок берген убадаңарды ар кандай кыйынчылыктардын айынан аткарбай койбогула. Антпесе, ушунча «жолду» чогуу басып өткөн соң, мамилеңерди бекемдөө үчүн жасап келген бардык аракетиңерди жана эмгегиңерди талаага кетирген болосуңар.

«Эгерде үйбүлөңдүн бактылуу болушун чындап кааласаң жана ошол максатка жетүү үчүн күч-аракетиңди аябасаң, Жахаба батасын берет»,— дейт аялы менен 33 жылдан бери бактылуу жашап келаткан Сид. Ооба, бири-бириңерге өйдөдө өбөк, төмөндө жөлөк болуу менен силер үйбүлө «сапарын» мындан ары да кубанычтуу уланта бересиңер.

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Иса ойноштук кылуу, башкача айтканда, жубайынан башка бирөө менен жыныстык мамиледе болуу гана ажырашууга негиз берерин баса белгилеген (Матай 19:9).

^ 9-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 22-абз. Ойноштук кылган жары менен ажырашууну же ажырашпоону, Ыйык Китеп боюнча, бейкүнөө тарап өзү чечүүгө укуктуу (Матай 19:9). 1995-жылдын 8-августундагы «Ойгонгула!» (ор.) журналынын «Ыйык Китептин көзкарашы» рубрикасындагы «Ойноштукту кечириш керекпи же кечирбеш керекпи?» деген макаланы карагыла.

[7-беттеги кыстырма]

Ыйык Китеп — нике «сапарында» туура багыт берген «жолкөрсөткүч»

[7-беттеги сүрөт/кутуча]

Келишпестиктерди талкуулаш керек болгондо...

Экөөң тең чарчабай турган маалды танда.

Жарыңды сындаба, оң маанайда сүйлөш.

Анын сөзүн бөлбө, ал сүйлөп жатканда, ук.

Сезимин эске ал.

Оюн макул көрбөсөң да, сезимдерин түшүнө бил.

Эстүү бол жана макул боло бил.

Ката кетирсең, момундук менен кечирим сура.

Ыраазычылыгыңды жана сүйүүңдү билдир.

[8-беттеги сүрөт/кутуча]

Никеде бактылуу болуу үчүн...

Жазмадагы кеңештерге бекем карман.

Үйбүлөңө жана жубайыңа убакыт бөл.

Ага жылуу, мээримдүү мамиле кыл жана сүйүү көрсөт.

Ишенимдүү бол жана берилгендигиңди сакта.

Боорукер болуп, жубайыңды сыйла.

Үй иштерине кол кабыш кыл.

Жубайың менен чер жазыша баарлаш.

Тамашакөй бол жана чогуу эс алууга убакыт бөл.

Никеңди мындан ары да бекемдей бер.

[9-беттеги сүрөт/кутуча]

Өз алдыңча ойлонуу үчүн...

Никемди бекемдеш үчүн биринчи кезекте эмне кылышым керек?

Ан үчүн кандай кадамдарды жасаганым маанилүү?