Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Горилланын баласы ыйлаганда...

Горилланын баласы ыйлаганда...

Горилланын баласы ыйлаганда...

КАМЕРУНДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

Питчу деп аталган горилла Борбордук Африканын токоюнда туулган. Питчуга бир жылдай болуп калганда, гориллалардын этине кызыккан аңчылар анын энесин жана тобундагы бардык гориллаларды кырып салышкан. Питчу кичинекей болгондуктан, анын эти баа болбойт эле. Ошон үчүн аны экзотикалык жаныбарларды жакшы көргөндөргө сатып жиберишкен. Аңгыча Питчу ооруп калат да, тынбай ыйлай баштайт.

ПИТЧУГА окшогон приматтардын жетим калган балдары миңдеп саналат. Мындай кейиштүү жагдай түрдүү себептерден улам пайда болууда. Алардын бири — жапайы жаныбарлардын этин мыйзамсыз жол менен сатуу. Айрым ресторандарга жана экзотикалык жаныбарлардын этин жакшы көргөндөргө эт өткөзүп, көп акча табууну көздөгөн аңчылар токойлорду күнү-түнү тинтип жүрүшөт. Ал эми кирешелүү, бирок мыйзамсыз соода иштерин жүргүзгөн ортомчулар өзүнүн байланыштары аркылуу жапайы жаныбарларды жана алардын этин өз өлкөсүнө да, чет өлкөгө да жеткизип турушат.

Экинчи себеби — токойлордун ченемсиз кыйылышы. Токойлор кыйылганда, жаныбарлар жашаган, жашынган, тамактанган жана тукумдаган жеринен айрылышат. Андан сырткары, токойдун кыйылышы мыйзамсыз аңчылыкка шарт түзөт. Кандайча? Кыйылган бак-дарактарды алып өткөн жол аркылуу мыйзамсыз аңчылык кылгандар токойго эч кыйынчылыксыз эле кирип, жашаган жеринен ажырап, адашып жүргөн макулуктарды оңой олжо кылышат. Калктын көбөйүшүнөн улам белок азык-заттардын талап кылынышы, шаарлардын кеңейиши, аңчылык кылуу ыкмаларынын өнүгүшү, ошондой эле согуштардын айынан курал-жарактардын оңой табылышы да приматтардын балдарынын жетим калышына себеп болууда. Ошондуктан приматтар менен башка жаныбарлар тукум курут болуу коркунучу алдында турат. Бул токойлордун бош калуусуна алып барышы мүмкүн. Бирок мындан да башка көйгөйлөр бар. Маселен, жаныбарлар өсүмдүктөрдүн уруктарынын таралышына өбөлгө түзүп, токойдун ар түрдүү экосистемаларынын тийиштүү абалда сакталып турушунда кандайдыр бир деңгээлде маанилүү роль ойнойт. Андыктан фаунанын (жаныбарлар дүйнөсүнүн) жоголушу флорага (өсүмдүктөр дүйнөсүнө) да таасир этет.

Анткен менен адамдар жаныбарларды дагы деле кырып жатышат. Батыш Африканын айрым райондорунда акыркы он жылдын ичинде эле приматтар он эсеге азайып кеткен. «Эгер мыйзамсыз аңчылык токтотулбаса,— дейт Камерундагы адистер,— анда жакында жапайы табиятта гориллалар таптакыр калбай калат» *.

Жетимдерге кам көрүү

Мындай кейиштүү абалды оңдоо максатында жаратылышты коргоо топтору тукум курут болуу коркунучу алдында турган жапайы жаныбарларды коргоо үчүн ар кандай чараларды көрүүдө. Ошондой максатта уюштурулган борборлордун бири Лимбе шаарында, Батыш Африкадагы Камерун тоосунун этегинде, жайгашкан. Ага баргандар гориллаларды, шимпанзелерди, мандрилдерди жана приматтардын дагы 13 түрүн, ошондой эле башка ар кандай жаныбарларды көрө алышат. Акыркы жылдары борбордогулар жетим калган же «үй-жайынан» айрылган 200гө жакын жаныбарга кам көрүп, аларды коопсуз жай, азык менен камсыз кылып, оорулууларын дарылашууда. Андан тышкары, борбордун максатына Камерундан, коңшу өлкөлөрдөн жана бүткүл дүйнөдөн келип-кеткендерге жапайы табиятты коргоо канчалык маанилүү экенин түшүндүрүү да кирет. Акыркы жылы ал жакка 28 300дөн ашуун киши барган.

Жогоруда айтылган Питчу ошол борбордо жашайт. Анын ыйлаганына боору ачыган кишилер аңчылардан сатып алып, борборго өткөрүп беришкен. Жаңыдан алып келишкенде, борбордогулар аны бир сыйра текшерүүдөн өткөрүшкөн. Питчу эмоциялык жактан жабыркагандан тышкары, жөтөлүп, ичи өтүп, организми суусузданып, жетишсиз тамактангандыктан алсырап, терисинин айрым жерлери да жараланып калыптыр. Аны ошол себептен Питчу деп атап коюшкан, жергиликтүү тилде ал «ала-була» дегенди билдирет. Бактыга жараша, Питчу тез эле айыгып кеткендиктен, операция жасоонун да кереги жок болуп калган. Адатта, зарыл болгон учурларда, жаныбарларга ошол борбордо операциялар жасалат.

Борборго түшкөн башка жаныбарлардай эле, Питчу адегенде 90 күн карантинде болгон. Анан аны жапайы токойго окшогон корукка чыгарып, башка 11 гориллага кошушкан. Чоң гориллалардын Питчу менен тез эле үйүр алышып кеткенин көрүп, борбордун кызматкерлери абдан кубанышкан. Адатта, ушундай эле болот. Андыктан Питчу маймылдардын тобуна бат эле кошулуп кеткен.

Жаныбарлар менен аларды караган кишилер бара-бара бири-бирине көнүп, аябай жакын болуп калышат. Жаныбарларды көрүү үчүн баргандар борбордогулардын аларга кандай кам көрүп жатканын көргөндө, Кудайдын биринчи түгөйгө берген тапшырмасын — жерди ээлеп, бардык жаныбарларга бийлик кылуу милдетин — аткаруу канчалык маанилүү экенин айкын түшүнүшөт (Башталыш 1:28).

Жетим калгандар менен эмне болот?

Борбордун негизги максаты — жаныбарларды кайрадан эркиндикке чыгаруу. Бул оңой иштерден эмес. Адатта, адамдын кам көрүүсүнө көнүп калган жаныбарларга өз алдынча жашап кетүү кыйын. Ошол себептүү алар кайра эле аңчыларга оңой олжо болуп калышы ыктымал. Африкадагы бир катар өлкөлөр өз ара биргелешип, коруктарды түзүүгө жана бар коруктарды жакшыраак тейлөөгө макулдашышкан. Мындай чаралар эркиндикте жүргөн жетим жаныбарларга жардам берерине жана приматтарды гана эмес, деги эле жапайы табиятты коргоого салым кошот деп үмүттөнөбүз.

Ал эми азырынча табиятты коргоочулардын ишине тоскоолдук кылган ачкөздүк, жакырчылык, калктын тез көбөйүшү жана токойлордун кыйылышы сыяктуу көйгөйлөр приматтарга жана башка жаныбарларга мурдагыдай эле чоң зыян алып келе берет. Эгер жаратылышты коргоо үчүн тез арада чара көрүлбөсө, Лимбедеги борбордун жетекчиси Феликс Ланкастер айткандай, «жапайы жаныбарлардын саны кескин түрдө азайып кетет да, алардын ордун толтуруу мүмкүн болбой калат. Натыйжада... жапайы жаратылыштагы биз сактап калууга аракет кылган жаныбарлардын баары кырылып жок болот».

Бул кандай гана чоң кайгы болмок! Бирок дайыма чала тойгондуктан, оорудан азап чегип жаткан кишилерди, ачкадан ыйлап, шишип, өлүп жаткан балдарды көрүү мындан да жаман. Питчу менен болгон окуя бүткүл дүйнөдө теңсиздик менен адилетсиздик өкүм сүрүп жатканын айкын көрсөтүп турат.

Бирок, бактыга жараша, Жараткан жерде болуп жаткан нерселерге кайдыгер карабайт. Жакында ал ырайымсыздыктын, азап-кайгынын себептерин жоюп, жаныбарларды кыргандарды жок кылып, бардык тирүү жаратуулардын ортосунда тынчтык болушуна кам көрөт (Ышайа 11:6—9).

[Шилтеме]

^ 6-абз. Саламаттыкты сактоо боюнча адистер жапайы жаныбарларды союу жана алардын этин тамакка колдонуу күйдүргү, Эбола жана КИТВ (ВИЧ) сыяктуу коркунучтуу вирустардын жугушуна алып келерин эскертишет.

[21-беттеги булак]

All photos pages 20 and 21: Limbe Wildlife Centre, Cameroon

Питчуну дарылаганга чейин жана кийин

Кызыл кулак мартышка

Мандрил баласы менен

[22-беттеги сүрөт]

Лимбедеги борбордун кире бериши

Жетим калган Болого кам көрүү

Both photos: Limbe Wildlife Centre, Cameroon