Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сонуркаткан сото

Сонуркаткан сото

Сонуркаткан сото

ХАРЛИН Нью-Йорк штатына караштуу Фингер-Лейкс аймагында жүгөрү өстүрүп келген. Ал досторуна, келип-кеткендерге жүгөрү (маис деп да аталат) тууралуу айтып берүүнү жакшы көрөт. Ошондуктан «Ойгонгула!» журналынын кабарчысы ага кайрылып, окурмандарыбызга жүгөрү тууралуу билгендерин баяндап берүүнү суранды. Биз, анын баянынан тышкары, бул эң бир кереметтүү өсүмдүккө байланыштуу башка да суроолорго жооп алабыз. Мисалы, жүгөрүнүн мекени кайсы жакта болгон? Ал дүйнө жүзүнө кандайча тараган? Ошондой эле кандай максаттарда колдонулат? Келгиле анда, Харлиндин жүгөрүнүн айрым өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып бергендерине көңүл буралы.

Жүгөрү «тилин» түшүнүү

«Мен жүгөрүнү укмуштуудай чебердик жана математикалык тактык менен жаралган деп эсептейм. Ал — жалбырагынан тартып сотосундагы тизиле жайгашкан данына чейин өзүнчө бир керемет. Андан да кызыгы, өсүп келе жаткан жүгөрүнүн өз „тили“ бар. Ал чаңкап турса же жери арык болсо, дароо билдирет. Ымыркай бала бир нерсеге муктаж болсо, ыйлайт эмеспи. Ошондой эле жүгөрү да, башка өсүмдүктөрдөй эле, эмнеге муктаж болуп жатканын „айтып“ турат. Мисалы, жалбырагынын түсү же түзүлүшү өзгөрүп калат. Ошол белгилерге канчалык эрте көңүл бурулса, көрүлгөн чара ошончолук натыйжа берет.

Кызгылтым же кочкул кызыл тарткан жалбырактар — фосфаттын жетишсиздигинин белгиси. Ал эми башка белгилер магнийдин, азоттун же калийдин карбонатынын жетишсиздигинен кабар берет. Адатта, дыйкан жүгөрүнүн кандайдыр бир илдетке чалдыкканын же химиялык заттардан жапа тартып жатканын бир карап туруп эле билип коёт.

Үрөн тез өнүп чыгыш үчүн, мен, башка дыйкандардай эле, жүгөрүнү жаз келип, жер жылып калганда сепчүмүн. Жүгөрү төрт айдан алты айга чейинки убакыт аралыгында өсүп жетилгенде, узундугу эки метрге жетет.

Жүгөрүнүн өсүшү бир канча баскычтардан турат. Ал баскычтар жалбырактын саны менен аныкталат. Алгачкы беш жалбырагы өсүп чыкканда жүгөрүнүн химиядагы жана математикадагы „жөндөмдүүлүктөрү“ байкала баштайт. Оболу тамыры аркылуу топурактын химиялык курамын изилдейт. Алынган маалыматтын негизинде ал өсүү программасын түзөт. Анын аркасында сотонун жоондугу, башкача айтканда, сотону канча дан курчаары аныкталат. Андан соң, 12—17-жалбырагы өсүп чыкканда, дагы бир жолу топурактын курамын изилдейт. Анын аркасында сотонун узатасынан кеткен катарында канча дан жайгашары аныкталат. Кыскасы, ар бир жүгөрү, топурактан мүмкүн болушунча толук пайда алуу үчүн, өзүнчө „эсеп“ жүргүзөт. Жүгөрүнүн укмуштуудай өсүмдүк экенинин дагы бир далили — анын өсүп-өрчүү жолу».

«Шыпыргысы», чаңдыгы жана чачыгы

«Ар бир жүгөрүнүн аталык да, энелик да гүлү болот. Жүгөрүнүн сабагынын башында аталык гүлү — „шыпыргысы“ — жайгашкан. Ар бир шыпыргыда сырты капталган, урук сымал 6 000ге жакын чаңдык бар. Ар бир чаңдыктын ичинде миллиондогон чаңча бүдүрлөрү болот. Демек, бир жүгөрүгө миллиондогон чаңча туура келет. Шамал учурганда, алар жанындагы жүгөрүлөрдүн сотосундагы энеликтерди чаңдаштырат. Энеликтер сотодо жайгашкандыктан, сыртынан бакал менен дээрлик туюк капталып турат.

Анда чаңча бакал менен капталган сотодогу энеликти кантип чаңдаштырат? Аны энеликке „жибек жол“ аркылуу жетет дешке болот. Анын „жибек“ чачыгы — жабык сотонун чокусунан самсаалап чыгып турган жумшак, агыш же мала жашыл талчалар. Ар бир сотодо ошондой бир тутам чачык болот. Анын ар бир талы сотонун боорунда жайгашкан энелик менен барып туташат. Демек, бир энеликтен бир талча чыгат. Ар бир энелик бир данды пайда кылат.

Сотонун башынан чыгып турган чачыкка же чаңалгычка абада учуп жүргөн чаңча бүдүрлөрү жабышат. Чаңча бүдүрү чачыктын кайсы жагына болбосун, иши кылып, ачык жерине тийип калса, өнүп чыгып, тамыр өңдүү түтүкчөсүн чачыктын талын жандай энеликке жиберет да, аны чаңдаштырат.

Сотодогу дан чыкпай калган бош жерлери талчасынын чаңдашпай калганын билдирет. Ага талчанын өз убагында өсүп чыгууга жетишпей калышы себеп болушу мүмкүн. Бул талаанын жетиштүү сугарылбай калышынан болот. Муну байкаган дыйкан, түшүмү зыян тартпашы үчүн, өз убагында чара көрөт. Ал ошол жылы жетишпей калса, кийинки жылы чара көрөт. Мен өзүм, мол түшүм алыш үчүн, талаама бир жылы жүгөрү сепсем, экинчи жылы соя сепчүмүн. Соя топуракты азот менен байыткан чанактуулардын катарына кирет. Ал эми топурак азотко бай болсо, зыянкеч жылдызкурт жолобойт *.

Мен ээн талаа бара-бара жашыл тартып, акыры, мол түшүм бергенин көргөндө ар дайым таасирленем. Жүгөрү тынч, таза өскөндөн тышкары, ажайып кооз да көрүнөт. Ошондуктан жүгөрүнүн, бардык өсүмдүктөрдөй эле, Жараткандын колунан бүткөнүнө эч шектенбейм. Чынында, менин жүгөрү жөнүндөгү билгенимден билбегеним көп».

Харлиндин айтып бергендерин окуган соң, жүгөрү жөнүндө дагы көбүрөөк билгиңер келген жокпу? Анда анын «таржымалын» жана кандай максаттарда колдонуларын карап чыгалы.

Мексикадан дүйнөнүн булуң-бурчуна

Жүгөрү алгач Америкада, болжолу, Мексикада, өстүрүлчү. Кийин аны бардык жерлерде өстүрө башташкан. Инктердин дооруна чейин жашаган перулуктар башына сотодон жасалган таажы кийгизилген аял кудайга сыйынышчу. Жазуучу-натуралист Жозеф Кастнердин ырастоосунда, Америка индейлери жүгөрүнү «кудайлар жараткан азык, андан адам да жаратылган деп эсептешкен. Ошондуктан аны ыйык тутуп, ага сыйынышкан... Ал абдан оңой өстүрүлгөн, бир эле сабагы бир кишини бир күндүк азык менен камсыз кыла алган өсүмдүк болуп эсептелген». Бирок жергиликтүү калк бүгүнкү күнгө чейин латын-америкалыктардын негизги азыгы болгон башка чанактуу өсүмдүктөрдү да тамак-ашка колдонуп келишет.

Европалыктарга жүгөрү 1492-жылы Христофор Колумб Кариб аралдарына баргандан кийин белгилүү болгон. Колумбдун уулу Фердинанддын айтымында, Колумб саякат маалында «жергиликтүү калк маис деп атаган, сууга кайнатып бышырса, кууруса же майдалап загара (жүгөрү унун) жасаса боло турган ушундай бир даамдуу» дан көргөн. «[Колумб жүгөрүнүн үрөнүн өлкөсүнө алып келгенден кийин] 15—16-кылымдарда жүгөрү Испанияда эле эмес, Болгария менен Түркияда да өстүрүлүп калган,— деп жазат Кастнер.— Ал эми кул сатуучулар жүгөрү үрөнүн Африкага алып кетишкен... Магелландын [Португалияда төрөлгөн, испан саякатчысы Фернанддын] кишилеринин аркасы менен Мексика үрөнү Филиппинге жана Азияга жеткен». Ошондон тартып жүгөрү өстүрүүчүлүк дүйнө жүзүнө кеңири жайылган.

Бүгүнкү күнү дүйнө жүзү боюнча дан өсүмдүктөрүнүн арасынан буудайдан кийин эле жүгөрү көп колдонулат. Ал эми булардан кийин үчүнчү орунда күрүч кеңири пайдаланылат. Дан азыктарынан ушул үчөө адамзаттын басымдуу бөлүгүнүн негизги тамагы болуп саналат. Алар — малга да жакшы тоют.

Башка өсүмдүктөрдөй эле, жүгөрүнүн түрү көп. Мисалы, анын Кошмо Штаттардын өзүндө эле, аргындаштыруу жолу менен алынган түрлөрүн кошо санаганда 1 000ден ашуун түрү бар. Жүгөрүнүн бийиктиги 60 сантиметрден 6 метрге чейин барат. Сотосунун көлөмү да ар башка келет: кээси 5 сантиметр болсо, айрымдары ири келип 60 сантиметрге жетет. Бир китепте мындай делет: «Учурда Түштүк Америка жүгөрүлөрүнүн кээ биринин сотосунун чоңдугу Америка футболунун тобундай болсо, ал эми жалпак келген данынын узун-туурасы 2 сантиметрден ашат» («Latin American Cooking»).

Жүгөрүнүн түсү да ар кандай болот. Анын сары түстөгү эле эмес, кызыл, мала кызыл, көк же кара түстөгү түрлөрү да бар. Кээде сотодо башка бир түстөгү дандар бир катарга тизиле узатасынан жайгашса, кээде бир катарга тизиле тегерете жайгашат. Ал эми айрым учурларда аралаш жайгашып, жүгөрү чаар ала болуп калат. Мындай кооз жүгөрүнү, жебей эле, кооздук үчүн колдонгуң келет.

Пайдасы көп дан

Жүгөрү, жалпы жонунан, алты ири топко бөлүнөт. Алардын кээси: тиш сымал, крахмалдуу, мом сыяктуу, жарылма, канттуу жана башка. Канттуу жүгөрү көп кездешпейт. Анын таттуу болуп калышынын себеби, жүгөрүдөгү зат алмашуунун бузулуусунан улам кант крахмалга айланбай калат. Дүйнө жүзү боюнча жүгөрүнүн 60тан ашуун пайызы малга тоют болот, 20дай пайызы — адамдардын керектөөсү үчүн, ал эми калганы үрөн катары колдонулат. Албетте, бул көрсөткүч ар кайсы өлкөдө ар кандай болушу мүмкүн.

Жүгөрүдөн көп нерсе: майонезден сырага чейин, желимден кол аарчы кагазга чейин жасалат. Жүгөрүдөн атүгүл күйүүчү зат — этил спирти — да даярдалат. Бирок буга карата ар кандай кайчылаш пикирлер айтылып келүүдө. Бул укмуштуу, пайдасы көп өсүмдүк мындан ары да адамдын ар кыл керегине жарай берери күмөнсүз.

[Шилтеме]

^ 12-абз. Кара: «Ойгонгула!», 2008-жыл, август, «Өзү жаралганбы? Топурактагы кереметтүү өз ара кызматташтык», 25-бет, ор.

[11-беттеги кутуча]

Аргындаштырылган жүгөрү

Көптөгөн өлкөлөрдө дыйкандар, адатта, аргындаштырылган жүгөрүнү өстүрүшөт. Анткени алардын түшүмдүүлүгү жогору келет. Аргындаштырылган түрлөрдү, айрыкча тиш сымал түрүн, жүгөрүнүн керектүү касиеттерге ээ болгон ар кыл же бир уруудагы түрлөрүн кайчылаштыруу аркылуу алышат. Бирок дыйкандарга жыл сайын жаңы үрөн сатып алууга туура келет. Эмне үчүн? Анткени аргындаштыруу жолу аркылуу алынган жүгөрүнүн үрөнү сапатсыз келип, аз түшүм бериши мүмкүн.

[24-беттеги сүрөт]

Жүгөрүнүн сорту дүйнө жүзү боюнча жүздөп саналат

[Булак]

Courtesy Sam Fentress

Courtesy Jenny Mealing/flickr.com