Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Биртууганым өзүн өзү өлтүргөн болсо...

Биртууганым өзүн өзү өлтүргөн болсо...

Жаштардын суроолору:

Биртууганым өзүн өзү өлтүргөн болсо...

Атасынан суук кабар укканда, Карендин жашоосу түп-тамыры менен өзгөрүлдү. Атасы ага араңдан зорго: «Шейладан айрылып калдык»,— деди. Анан экөө бекем кучакташып, болуп өткөндү түшүнүүгө аракет кылышат. Карендин сиңдиси өз өмүрүн кыйган эле *.

ЖАШТАР өлгөндө, адатта, алардын аза күткөн ата-энесине көбүрөөк көңүл бурулат. Башкалар каза болгондун биртууганынан: «Ата-энең кандай болуп калды?» — дешет да, ал эми анын өзүнө көңүл бурбашы мүмкүн. Кээде айрымдар балдардын ата-энесиндей эле күйүт тартарын эске алышпайт.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, биртууганынан айрылуу жаштарга бир топ эле таасир этет. Гилл Уайт аттуу психотерапевт өзүнүн китебинде: «Мындай оор жоготуу баланын денсоолугуна, жүрүм-турумуна, окуусуна, өзүн өзү сыйлоо сезимине жана өсүп-жетилишине сөзсүз таасир этет»,— деп жазган («Sibling Grief—Healing After the Death of a Sister or Brother»).

Биртууганынан айрылуу бойго жетип калгандар үчүн да оор болот. Сиңдиси Шейла өз өмүрүн кыйганда, жогоруда айтылган Карен 22 жашта эле. Ошентсе да ага кээде кайгысына чыдай албачудай сезилип кетчү. «Албетте, ата-энемден көбүрөөк кыйналдым дебейм, бирок күйүттү көтөрүү аларга караганда мага оорураак болгондой сезилет»,— дейт Карен.

Сен да, Карендей болуп, биртууганыңдан айрылдың беле? Ошондой болсо, өзүңдү: «Бүкүрөйүп, таптакыр башымды көтөрө албай калдым, таңдан кечке кайгы тартып жүрөм»,— деген забурчу Дөөтүдөй сезип жаткандырсың (Забур 37:7). Анда күйүттү көтөрүүгө эмне жардам берет?

«Эгерде...»

Биртууганың өз өмүрүн кыйганы үчүн өзүңдү күнөөлөп: «Эгер ошондо башкача иш кылсам, ал өлмөк эмес»,— деп ойлошуң мүмкүн. Андай ойлор, балким, туурадай сезилеттир. 21 жаштагы Крис 18 жашар иниси өзүн өзү өлтүргөндө ушундай ойдо болгон. Ал: «Иним менен эң акыркы болуп мен сүйлөшкөм. Ошондуктан анын бушайман болуп жатканын байкашым керек эле да деп ойлой берем. Ошондо иниме көңүл бөлсөм, балким, ачылып, баарын айтып берет беле...» — дейт.

Крис акыркы маалда иниси менен анча жакшы мамиледе болбой жүргөнүнөн улам да өзүн күнөөлүү сезген. Ал: «Иним өлөр алдында менин жакшы ага боло албаганымды жазыптыр»,— деп зээни кейийт. «Анын бул сөздөрдү жазган маалда эмоциялык жактан кыйналып жүргөнүн билсем да, ошону ойлоп алып, кыйнала берем»,— дейт ал. Андай сезимдер көп учурда биртууганы тирүү кезинде ага айткан орой сөздөрүн эстөөдөн улам күчөйт. Жогоруда айтылган психотерапевт Гилл Уайт «Ойгонгула!» журналынын кабарчысына мындай деген: «Биртууганынан айрылган көптөгөн улан-кыздар каза болгон биртууганына бир нече ай, атүгүл бир нече жыл мурун орой сүйлөгөндөрүн эстей берерин айтышкан».

Эгер сен да биртууганыңдын өлүмү үчүн өзүңдү күнөөлөп жүрсөң, бул тууралуу ойлонуп көр: Кайсы киши бөлөк бирөөнүн иштерин толугу менен көзөмөлдөй алат? Карен мындай дейт: «Бирөөнү кутулгусу келген азап-кайгысынан арылта да, анын ушундай жол менен кутулууну чечкенин болтурбай да коё албайсың».

Эгер каза болгон биртууганыңа мурда катуу айткандарыңды унута албай жатсаңчы? Анда Ыйык Китеп буга карата туура көзкарашта болушуңа жардам берет. Ыйык Китепте: «Баарыбыз тең көп жаңылабыз. Ким оозунан жаңылбаса, ал — бүт денесин башкара алган жеткилең адам»,— делет (Жакып 3:2; Забур 129:3). Биртууганыңа катуу айткан сөздөрүңдү, же ага кылган туура эмес мамилеңди кайра-кайра эстей берсең, ого бетер кыйналасың. Албетте, андай учурларды эстөө жүрөк сыздатпай койбойт, бирок, кандай болбосун, биртууганыңдын өз өмүрүн кыйганына сен күнөөлүү эмессиң *.

Күйүткө алдырбоо үчүн...

Ар ким ар башкача күйүт тартат. Айрымдар буркурап ыйлап алышат. Бул табигый нерсе. Ыйык Жазмада уулу Амнон өлгөнүн билгенде Дөөтүнүн «өкүрүп ыйлаганы» айтылат (2 Шемуел 13:36). Атүгүл Иса досу Лазар өлгөндө башкалардын ыйлаганын көрүп, өзү да «көзүнө жаш алган» (Жакан 11:33—35).

Кээ бирлер болсо, өзгөчө, жакыны күтүүсүздөн каза болгондо дароо ыйлай алышпайт. «Суук кабарды укканда дене боюм муздап, нес болуп калдым,— дейт Карен.— Бир канча убакытка чейин өзүмө келе албай, деңдароо болуп жүрдүм». Өзүн өзү өлтүргөндөрдүн жакындары, адатта, ушундай сезимде болушат. «Жакыныңдын өзүн өзү өлтүргөнү бул — травма,— дейт Гилл Уайт «Ойгонгула!» журналынын кабарчысына берген маегинде.— Андайда жоготуу канчалык оор экени анча сезилбейт. Айрым психотерапевттер каза болгондордун жакындарына, бугун чыгарып алат деген ойдо, ыйлап алууну кеңеш кылышат. Бирок алар шок абалынан чыга элек болгондуктан, анте алышпайт».

Жакыныңдан күтүлбөгөн жерден айрылганыңды эске алганда, ачуу чындыкты моюнга алуу үчүн убакыт талап кылынат. «Биздин үйбүлө сынып, кайра чаптап койгон вазадай эле болуп калды. Кичине катуураак басса эле, „сынып“ кетчүдөйбүз»,— дейт Крис. Балким, төмөндөгү кеңештер кайгыга алдырбоого жардам береттир.

Ыйык Китептен жубатарлык аяттарды жазып алып, күнүнө, жок дегенде, бир жолу окуп тур (Забур 93:19).

▪ Өзүң ишенген, кайгыңды тең бөлүшүүгө даяр бирөө менен сүйлөш. Ичиңдегилерди айтып алсаң, жеңилдеп калышың мүмкүн (Накыл сөздөр 17:17).

▪ Ыйык Жазмадагы тирилүү жөнүндөгү убада тууралуу ой жүгүрт (Жакан 5:28, 29).

Айрымдарга сезимдерин кагазга жазуу жардам берет. Убактылуу болсо да, күндөлүк жазууга эмне үчүн болбосун? Ан үчүн алгач ушул беттеги кутучаны толтур.

Кудайдын «жүрөгүбүздөн чоң» экенине жана «баарын билерине» шектенбе (1 Жакан 3:20). Ал бир да киши билбеген нерсени, биртууганыңдын эмне үчүн ошондой ишке барганынын себебин жана жагдайын эң сонун түшүнөт. Ошондой эле ал сени өзүңдөн да жакшы билет (Забур 138:1—3). Андыктан ал сенин абалыңды түшүнөрүнө кымындай да күмөн санаба. Кайгыга алдырып баратканыңдай сезилсе, Забур 54:23төгү: «Өз түйшүктөрүңдү Теңирге тапшыр, ошондо Ал сени колдойт. Ал адилеттүү адамдын олку-солку болуусуна эч качан жол бербейт»,— деген сөздөрдү эсте.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 12-абз. Оорунун же кырсыктын айынан каза болгондор тууралуу да ушуну айтууга болот. Каза болгон биртууганыңды канчалык жакшы көрсөң да, «мезгил менен кокустукту» алдын ала болтурбай коюу дээрлик мүмкүн эмес (Насаатчы 9:11, «ЖД»).

ОЙЛОНУП КӨР

▪ Күйүткө алдырып бараткандай сезилсе, ким менен сүйлөшсөң болот?

▪ Ушундай кырсыктан улам кайгырып жүргөн теңтушуңа кантип жардам берет элең?