Забур 139:1—24

Башчыга. Дөөтүнүн забуру. Ыр. 139  Оо, Жахаба, сен мени изилдегендиктен билесиң+.  Менин качан отуруп, качан турарымды билесиң+,Оюмду алыстан эле баамдайсың+.  Жол жүргөнүмдө да, жатканымда да, мени изилдейсиң+,Сага бардык жолдорум белгилүү+.  Оозуман сөзүм чыга электе эле+,Оо, Жахаба, сен баарын билесиң+.  Мени алды-артыман курчап турасың,Үстүмө колуңду коёсуң.  Мындай билим мен үчүн ушунчалык кереметтүү+,Акыл жеткис бийик+.  Сенин рухуңдан алыстап, кайда барам+,Жүзүңдөн кайда качам?+  Асманга чыксам да, сен ошол жакта болмоксуң+,Төшөгүмдү көргө* салсам да, ошол жерде болмоксуң+.  Таңдын канатын алып+,Эң алыскы деңиздин жээгине консом да+, 10  Сенин колуң мени ошол жерде да жетелеп жүрмөк+,Оң колуң мени кармап турмак+. 11  «Мени караңгылык каптайт!» — десем+,Ошондо да түн айланамда жарык болмок+. 12  Караңгылык да сага караңгыдай көрүнмөк эмес+,Түн күндөй жаркырамак+,Караңгылык жарыкка айланмак+. 13  Анткени бөйрөктөрүмдү сен жараткансың+,Мени энемдин ичинде калкалагансың+. 14  Сени даңктайм, анткени мен ары таң каларлык, ары кереметтүү жаратылгам+.Сенин иштериң кереметтүү+,Муну менин жаным эң сонун билет+. 15  Жашыруун жаратылып жатканымда+,Жатында өрчүп* жатканымда+,Сөөктөрүм сенден жашыруун болгон эмес+. 16  Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн+.Денемдин бардык бөлүктөрү,Алардын качан калыптанары+Бири да пайда боло электе эле китебиңе жазылып коюлган. 17  Сенин ойлоруң мен үчүн кандай баалуу!+Оо, Кудай, алардын саны кандай көп!+ 18  Санасам — кумдан да көп болмок+.Ойгонгонумда да санаганымды уланта бермекмин*+. 19  Оо, Кудай, ыймансызды жок кылсаң кана!+Ошондо канга забын болгондор+ менден алыстамак. 20  Алар сен жөнүндө бурмаланган ойлорун айтып жатышат+,Душмандарың+ ысмыңды жөнү жок колдонуп жатышат+. 21  Оо, Жахаба, сени жек көргөндөрдү жек көрбөй коёмбу?+Сага каршы чыккандардан жийиркенбей коёмбу?+ 22  Аларды аябай жек көрөм+.Мага алар душман болуп калышкан+. 23  Оо, Кудай, мени изилдеп, жүрөгүмдү бил+.Мени текшерип, тынчымды кетирген ойлорду бил+. 24  Ичимде мени коркунучтуу жолго түртө турган эч нерсе жокпу, байкап көр+.Мени түбөлүктүү жолдо жетектеп жүр+.

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Сөзмө-сөз: «Жердин түбүндө токулуп».
Сөзмө-сөз: «сени менен болмокмун».