Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акыркы күндөр андан кийин эмне болот?

Акыркы күндөр андан кийин эмне болот?

Акыркы күндөр андан кийин эмне болот?

«АКЫРКЫ... КҮНДӨР» жөнүндө ойлогондо кээ бирөөлөрдү коркунуч басат (2 Тиметейге 3:1). Анткени алар оор күндөрдү элестетишет. Анда эмне себептен көптөр кылымдар бою акыркы күндөрдү чыдамсыздык менен күтүп келишкен? Себеби акыркы күндөр алдыда жакшы жашоо болорунан да кабар берет.

Мисалы, Исаак Ньютон акыркы күндөрдөн кийин Кудайдын Падышалыгынын Миң жылдык башкаруусу алдында бүт жер жүзүндө тынчтык, бейкуттук өкүм сүргөн жаңы доор келерине ишенген. Ал Михей 4:3-аятта жана Ышайа 2:4-аятта жазылган пайгамбарлыктардын ошол маалда аткарыларын айткан. Ал аяттарда мындай делет: «Кылычтарын соко кылып, найзаларын орок кылып кайра согуп иштеп чыгышат. Бир эл бир элге кылыч көтөрбөйт, ошондон кийин согушууга үйрөнүшпөйт».

Дүйнөнүн акыры жөнүндө айтып жатып Ыйса жолдоочуларын оң маанай өрчүтүүгө үндөгөн. Чоң алаамат менен коштоло турган кыйынчылыктар, азап-кайгылар жана адамдарды чулгаган коркунуч тууралуу айткан соң ал: «Бул окуялар боло баштаганда, өйдө туруп, башыңарды көтөргүлө, анткени силердин куткарыла турган күнүңөр жакындайт»,— деген (Лука 21:28). Адамдар эмнеден куткарылышмак?

Кудай эмнелерди убадалаган?

Согуш, жарандык кагылышуулар, кылмыштуулук, зордук-зомбулук, ачарчылык адамзатты кыйнап келген жана миллиондогондорду коркунучта жашоого мажбур кылган каргашалардын айрымдары гана. Булар силерге да таасир тийгизип жатабы? Анда Кудайдын кандай убадаларды бергенине көңүл бурсаңар:

«Бир аз убакыт өткөндөн кийин кудайсыз жок болот... Ал эми момундар жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат» (Забур 36:10, 11).

«Ошондо менин элим бейпил жерде, коопсуз айыл-кыштактарда, тынч турак жайларда жашайт» (Ышайа 32:18).

«Ал [Жахаба] жер жүзүндөгү согуштарды токтотту, жааларды талкалады, найзаларды сындырды, арабаларды өрттөп жиберди» (Забур 45:10).

«Ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжыр дарагынын түбүндө отурат, аларды эч ким коркутпайт» (Михей 4:4).

«Жерде да, тоодо да түшүм мол болот» (Забур 71:16).

«Мени уккандар болсо жамандыктан коркпой, коопсуз, бейкапар жашашат» (Накыл сөздөр 1:33).

Жашоо шартыбыз салыштырмалуу жакшыраак болгон күндө да, оору менен өлүмдөн эч ким качып кутула албайт. Бирок Кудайдын жаңы дүйнөсүндө оору, өлүм деген болбойт. Ошондуктан өлгөн жакындарыбыз менен кайрадан жолугуша алабыз. Төмөнкү убадаларга көңүл бурсаңар:

«Ошондо тургундардын бири да: „Мен ооруп жатам“,— деп айтпайт» (Ышайа 33:24).

«Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кеткен» (Аян 21:4).

«Өлүм акыркы душман катары жок болот» (1 Корунттуктарга 15:26).

«Мүрзөдө жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат» (Жакан 5:28, 29).

Элчи Петир ушул сонун убадалардын баарын жыйынтыктап, мындай деп жазган: «Биз Анын убадасы боюнча адилеттик гана өкүм сүргөн жаңы асман менен жаңы жерди күтүп жатабыз» (2 Петир 3:13). Бирок бүт жер жүзүндө адилеттик орношу үчүн андай жакшы шарттарды бузгандардын баары жок кылынышы керек. Бул бүгүнкү күндө өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп уруш-талашка, кан төгүүгө себепкер болгон элдерге да тиешелүү. Жердеги бардык бийликтердин ордуна Кудайдын Машайак башкарган Падышалыгы орнойт. Буга карата бизге мындай ынандыруу берилген: «Ал Өзүнүн падышачылыгын адилеттик менен, чындык менен бүгүнкү күндөн тартып түбөлүккө бекитиши жана бекемдеши үчүн, Дөөттүн тагында жана анын падышачылыгында Анын бийлиги жана тынчтык чексиз өсөт. Муну Себайот Теңирдин кызганычы ишке ашырат» (Ышайа 9:7).

Мындай баталарга сен да ээ боло аласың. Анткени Ыйык Китепте мындай делет: «Ал [Кудай] бардык адамдардын куткарылышын, чындыкты таанып билишин каалайт» (1 Тиметейге 2:4). Ошондуктан создуктурба. Түбөлүк өмүргө алпара турган билимге ээ бол (Жакан 17:3). Ан үчүн ушул журналды басып чыгаргандар менен байланышып, сени менен ыйык китептик акысыз изилдөө өткөрүлүшүн сурасаң болот.

[9-беттеги сүрөт]

Сен жер үстүндө боло турган бейиште тынчтыкта жана чың денсоолукта түбөлүк өмүр сүрө аласың