Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азиянын атагы чыккан көчмөн эли

Азиянын атагы чыккан көчмөн эли

Азиянын атагы чыккан көчмөн эли

Уч-кыйырсыз талааларды кезип, чабандес-жоокерлердин колу чыгыштан чегирткедей каптап кирип келатканын уккан орус эли дүрбөлөңгө түшүп жатты. Ал кол жолунан чыккан жоокерлердин таш талканын чыгарып, шаар-кыштактын бирин калтырбай талап-тоноп, кырып келе жаткан эле... Ошондо Рустун Новгороду гана аман калган. Ал баскынчыларды новгороддук бир жылнаамачы эч кимге түшүнүксүз, жат тилде сүйлөгөн «чоочун эл» деп атаган.

АЛ БАСКЫНЧЫЛАР Борбор Азиянын түндүк-чыгышындагы бөксө тоолуу, айдың талаалуу жерден — азыркы Монголиядан — чыккан эл эле. Алар монголдор деп аталган. Монголдор б.з. 13-кылымынын биринчи чейрегинде Азияны жана Европанын жарымын жөө тумандай каптап кирип, алардын тарыхында өчпөс из калтырган. Алар 25 жылдын ичинде эле римдиктер 4 кылымдын ичинде басып алган жерлерден да көп жерди басып алышкан. Доорон сүрүп турган кезинде алар Кореядан Венгрияга, Сибирден Индияга чейин башкарып, тарыхтагы эң ири империялардын бирин түзгөн.

Салыштырмалуу аз убакытка бийлик жүргүзгөн Монгол империясынын тарыхы Азиянын жана Европанын тарыхын камтый кеткенден тышкары, Ыйык Китептеги адамзаттын табиятына жана адамдардын биринин үстүнөн бири жүргүзгөн бийлигине байланыштуу айтылгандардын төгүнсүз экенин ырастайт. Ал окуулардын кээси төмөнкүлөр: адам баласынын атагы закым сымал, убактылуу гана (Забур 61:10; 143:4). «Адам адамдын үстүнөн бийлик кылып, ага зыян келтирет» (Насаатчы 8:9). Ыйык Китепте сүрөттөлгөндөй, башкалардын үстүнөн бийлик жүргүзүүнү көксөгөн күчтүү саясий державалардын кээси жырткыч өңдүү иш жүргүзүп келген *.

Монголдор ким болгон?

Байыркы монголдор көчмөн уруулардан куралган эл эле. Алар мал багып, соода-сатык, аңчылык менен күн көрүшкөн. Жоо чабууга тандалуу гана эркектери үйрөтүлгөн башка элдерден айырмаланып, монголдордун эркек аттуусунун баары ат жалында өскөн, көзгө атар жаачылардан, ары өжөр, ары башкесер жоокерлерден болушкан. Ар бир уруу өз ханы үчүн жанын берүүгө даяр болгон.

Монголиядагы 20 жылга созулган ич ара согуштан кийин Темучин хан (1162—1227) 27дей урууну өзүнө баш ийдирген. Аларга кийинчерээк татарлар — түрк тилинде сүйлөгөн мусулмандар — кошулуп, чогуу жортуул жүргүзүшкөн. Монголдор батыш тарапка жабыла каптаганда, үрөйү учкан европалыктар аларды тартарлар * деп аташкан. Темучин 40тан өтүп калганда, 1206-жылы, монголдор ага Чынгызхан деген ат беришкен. Бул аттын мааниси «жеңгис хан» дегенди билдирет көрүнөт. Ал Улуу Хан деген аты менен да белгилүү болгон.

Чынгызхандын чабандес-жаачылары куюндай бат да, аёосуз да кол салышчу. Кээде алар бир эле маалда бир нече багыт боюнча согуш жүргүзүп, бири-биринен бир канча миң километр алыс жүрө турган. Бир маалымдамада согуш ишин жүргүзүү жагынан «Чынгызханды Искендер Зулкарнайн жана Наполеон I менен бир катарга коюуга болору» белгиленген («Encarta Encyclopedia»). Чынгызхандын доорунда жашаган персиялык тарыхчы Юзьяни аны «көсөм, албууттугу ашынган, баамчыл, билги» деп мүнөздөгөн. Ал аны «канкор» деп да атаган.

Монгол каратуулары

Чынгызхандын доорунда Кытайдын түндүгүн Цзинь же «Алтын» деп аталган манжур династиясы башкарып турган. Ошол манжурлардын жерине жетиш үчүн монголдор ири жана коркунучтуу чөлдөрдүн бирин — Гоби чөлүн — басып өтүшкөн. Бирок, керек болсо, бээнин сүтү менен жылкынын канын ичип жан сактап кете алган монголдор ал чөлдү эки чакырым жерди басып өткөндөй эле, басып коюшкан. Чынгызхан Кытай менен Манжурия мамлекетин 20 жыл бою созулган салгылаштан кийин басып алган. Ал кытайлардын ичинен окумуштууларды, колөнөрчүлөрдү, көпөстөрдү, ошондой эле чеп талкалоочу курал, катапульта жасаган усталарды жана ок дары жасаган билгичтерди тандап алган.

Кийинчерээк кербенчилерди батышка алып барган Улуу Жибек жолун басып алган соң, Чынгызхан коңшулаш түрк султаны Мухаммед менен соода-сатык мамилелерин түзүүгө умтулган. Ал кезде Мухаммед азыркы Афганистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Ирандын көп бөлүгүн камтыган ири империяны башкарып турган.

1218-жылы монгол өкүлдөрү соода-сатык мамилелерине кызыгымыш болуп, султанга караштуу жерлердин бирине келишет. Бирок ал жердин башкаруучусу аларды өлүм жазасына тартууну буйруйт. Бул монголдорго мусулман жерлерин басып кирүүгө жол ачкан. Ошондон кийинки үч жылдын ичинде, айрымдар айткандай, кумурскадай жайнаган монголдор алардын шаарларын талап-тоноп, талааларын өрттөп, Мухаммед султандын элинин керектүүлөрүн гана тирүү калтырып, калгандарын кырып ташташкан.

Андан кийин 20 000ге жакын монгол жоокери Азербайжан менен Грузия аркылуу өтүп, алдынан чыккан бардык жоокерлерди, анын ичинде 80 000 кишиден турган орус колун талкалап, Кавказдын түндүгүндөгү түздүккө бет алган. 13 000 километр жерди басып өткөн монголдор Каспий деңизинин жээги менен жүрүп отурган. Айрымдардын ою боюнча, бул атчан жоокерлердин тарыхтагы улуу жүрүштөрүнүн бири болгон. Монголдор улам бир жерди басып отуруп, кийин чыгыш Европага да кол салышкан.

Чынгызхандын мурасчылары

Кийинки улуу хан Чынгызхандын биринчи аялынан төрөлгөн, төрт баланын үчүнчүсү, Үгөдөй болгон. Үгөдөй каратылып алынган жерлердин үстүнөн жүргүзгөн бийлигин бекемдеп, кол алдындагы башкаруучулардан салык ала баштаган. Ошол эле учурда түндүк Кытайдагы Цзинь династиясын толугу менен өзүнө багындырган.

Империясынын таасири сакталып, элинин көнүп калган жыргал жашоосу улана бериш үчүн, Үгөдөй кайрадан баскынчылык жортуулга чыгууну чечет. Бирок бул жолкусунда басылып алына элек жерлерге аттанган. Ал жоокерлерин эки багыт боюнча: биринчисин — Европанын батышына, экинчисин түштүк Кытайдагы Сун династиясына жиберген. Европага жасаган чабуулу Кытайга жасаган чабуулуна салыштырмалуу ийгиликтүү аяктаган. Монголдор Кытайда бир катар жеңишке ээ болушканы менен, Сун династиясынын карамагындагы жерлердин негизги бөлүгүн багындыра алышкан эмес.

Батышка жасалган чабуул

1236-жылы болжол менен 150 000 жоокер Европаны көздөй жөнөйт. Алар алгач Волга боюндагы жерлерге кол салып, андан соң Русь шаарларын чаап өтүшөт. Ал эми Киевди түп-орду менен өрттөп жиберишет. Алар Русь шаарларынын тургундарына, колунда болгон нерсесинин ондон бир бөлүгүн төлөп турушса, тийбейбиз деген убада беришкен. Бирок орустар ага көнгөн эмес: аларга каршы салгылашка чыгышкан. Монголдор курчоого алынган шаарларга катапультанын жардамы менен таш, күйүүчү мунай жана селитра ыргытышкан. Бир тарыхчынын айтымында, алар ал шаарлардын дубалдарын жарып кирип, кызыл кыргын салганда, «эл-журтту жоктоп ыйлаар да жан калган эмес».

Монгол жоокерлери Польша менен Венгрияны талкалап, азыркы Германиянын чекарасына чейин барат. Ал маалда Батыш Европа сокку урууга даяр турган, бирок монголдор аларга кол салган эмес. 1241-жылдын декабрында Үгөдөй хан, кыязы, ичимдиктен каза болот. Ошондо жоокер башчылары жаңы хан шайлаш үчүн шашылыш түрдө борбор шаары Каракорумга 6 000 километр алыстан кайтып келишет.

Үгөдөйдүн ордуна уулу Гүйүк (Гуюк) такка келет. Гүйүктүн такка отуруусуна күбө болгондордун бири 15 ай бою жол жүрүп монгол жерине келген италиялык кечил эле. Ал монголдордун жерине папа Иннокентий IVнүн атынан жазылган катты жеткирүү үчүн барган. Папа Европаны монголдордун кол салуусунан сактап калууга умтулуп, монголдорду христиан динине өтүүгө чакырган. Гүйүк ага эч кандай убада берген эмес. Кайра, пападан падышалар тобу менен келип, куттуктап кетүүнү талап кылган.

Эки багыттуу чабуул

Монголиянын улуу хандарынын дагы бири 1251-жылы такка отурган Мункэ эле. Ал биртууганы Хубилай менен бирге Кытайдын түштүгүндөгү Сун династиясына каршы салгылаш жүргүзгөн. Ал эми монгол жоокерлеринин жарымы батышка жол тарткан. Алар Багдадды бүлгүнгө салган соң, Дамаскты багынып берүүгө мажбур кылган. Бул учурунда мусулмандарга каршы крест жортуулун жүргүзгөн аталымыш христиандардын табасын кандырган. Багдадда жашаган христиандар болсо мусулман динин туткан коңшуларын талап-тоноп, өлтүрүшкөн.

Монголдор мусулман дүйнөсүн мына-мына баш ийдиребиз деп турганда, баягы окуя кайра кайталанат. Жортуулда жүргөндөргө Мункэнин өлгөнү жөнүндө кабар келет. Алар басып алган жерлеринин чегин кайтарып туруш үчүн 10 000 жоокер калтырып, мекенине жөнөйт. Бирок көп өтпөй ал чакан кол Египеттен келген жоокерлер тарабынан жок кылынган.

Ал эми Кытайдын түштүгүндөгү бай Сун династиясына каршы жүргүзүлгөн чабуул ийгиликтүү болгон. Натыйжада Хубилай хан өзүн кытайлардын Юань династиясынынын негиздөөчүсү катары жарыялап, азыр Пекин деп аталган шаарды өлкөнүн башкалаасы кылган. 1270-жылдын аягында Сун династиясынын акыркы жактоочуларын жок кылып, Кытайды башкара баштаган. 907-жылы Тань династиясы кулагандан бери Кытай ошондо биринчи жолу кайрадан бириккен.

Империянын ыдырашы жана кулашы

Кубаттуу монгол империясы 13—14-кылымдарда ыдырай баштаган. Ага көп нерселер себеп болгон. Маселен, Чынгызхандын тукумдарынын ич ара кагылышууларынын аркасында империя бир нече хандыкка бөлүнүп кеткен. Андан тышкары, монголдор каратып алган элдери менен кыз алышып, кыз беришип аралашып калган. Кытайдагы жаңжалдардан улам Хубилайдын тукумунун башкаруусу күчүн жогото баштаган. Бийликтин начардыгынан жана оор салыктардан тажаган кытайлыктар 1368-жылы Юань династиясынын башкаруучуларын Монголияга кууп жиберишкен. Бул ал династиянын жоюлушуна алып келген.

Монголдордун баскынчылык жортуулу тез күч алып, кайра бат эле тыйылып калган куюндай болгон. Ошентсе да ал Европа менен Азиянын тарыхына ташка тамга баскандай из калтырган. Ошондой эле Монголия менен Кытайдын бир нече убакытка биригип турушун шарттаган. Азыр монголдор Чынгызханды биринчи улук ханыбыз, атабыз деп эсептешет.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Ыйык Китептин төмөнкү аяттарында да саясий күчтөр же бийликтер жырткычка салыштырылган: Даниел 7:6, 12, 17, 23; 8:20—22; Аян 16:10; 17:3, 9—12.

^ 7-абз. Европалыктар баскынчы татарларды «тартардан» чыккан жиндер деп ойлошкон (2 Петир 2:4, «ЖД»). Ошондуктан аларды тартарлар деп аташкан.

[13-беттеги сүрөт/кутуча]

Алгач баскынчылар, кийин соодагерлер

Хубилай хан негиздеген Юань династиясы гүлдөп турган маалда соода-сатык иштери менен саякатчылыкка өзгөчө көңүл бурулган себептүү, «Евразиянын соода тармагы болуп көрбөгөндөй деңгээлге көтөрүлгөн». Венециялык көрүнүктүү саякатчы Марко Поло жашаган жылдар (1254—1324) дал ошол учурга туш келген *. Кургактык менен же деңиз менен жол кезип келген аравиялык, персиялык, индиялык жана европалык соодагерлер жылкы, килем, зергер буюм, татымал чөп-чар алып келип, аны карапага, лак менен капталган буюм-тайымдарга жана жибек кездемеге алмаштырып кете турган.

1492-жылы Христофор Колумб Марко Полонун саякаты жөнүндөгү кол жазмаларынын көчүрмөсүн алып, монгол төбөлдөрү менен мурунку соода мамилелерин калыбына келтирүү максатында, кеме менен Европадан батыш тарапка бет алат. Бирок көздөгөн жерине жеткенде, Монгол империясынын бир кылымдан ашуун убак мурун эле жоюлуп кеткенин билет. Ал империянын кулашынан улам Европа менен болгон мамилелер үзүлүп, Европадан чыгышка кургактык аркылуу кеткен жол мусулмандар тарабынан жабылып калган.

[Шилтеме]

^ 33-абз. Марко Полонун Кытайга жасаган саякаты тууралуу «Ойгонгула!» журналынын 2004-жылдын, 8-июнундагы (ор.) санынан окууга болот.

[14-беттеги сүрөт/кутуча]

Дин тутуу эркиндигин сыйлаган эл

Байыркы монголдор анимизимди — табият күчтөрүнө жана жан менен рухка ишенүүнү — жактап келишкени менен, башкалардын да динин сыйлашкан. Бир эмгекте белгиленгендей, «европалыктар Каракорумга (Монгол мамлекетинин борборуна) келгенде анын бай шаар экенине эле эмес, андагы чиркөө, мечит, храмдар бири-бирине жанаша жайгашып, дин тутуу эркиндигинин гүлдөп турганын көрүп таң беришкен» («Devil’s Horsemen»).

Христианчылык Монголияга Византия — Чыгыш — чиркөөсүнөн бөлүнүп кеткен несторийчилер аркылуу келген. Несторийчиликти Азиянын монголдор тарабынан каратылып алынган көптөгөн түрк уруулары да кабыл алган. Атүгүл монгол төбөлдөрүнүн кээсинин аялдары христиан динин тутушкан.

Азыркы убакта деле монголдор ар кандай динди тутушат. Калктын дээрлик 30 пайызы ата-бабаларынын динине карманат; ал эми 23 пайызы — буддизмдин бир агымы болгон ламаизмди, 5 пайызы исламды тутат. Калгандары, негизинен, эч бир динге карманышпайт.

[15-беттеги карта]

Монголдор басып алган жерлер

ВЕНГРИЯ

РУСЬ

Киев

Волга дарыясы

СИБИРЬ

Каспий деңизи

Дамаск

ИРАН

Багдад

ӨЗБЕКСТАН

МОНГОЛИЯ

Каракорум

Гоби чөлү

КОРЕЯ

КЫТАЙ

Пекин

ИНДИЯ

Новгород

[15-беттеги сүрөт]

Үйүр жылкы, Монголия

[15-беттеги сүрөт]

Чынгызхан

[12-беттеги булак]

Bildarchiv Preussischer Kulturbesitz/​Art Resource, NY

[15-беттеги булак]

Scenic: © Bruno Morandi/​age fotostock; Genghis Khan: © The Stapleton Collection/​The Bridgeman Art Library