Ыйык Китеп окуп жаткан киши

Гомосексуализм тууралуу Ыйык Китепте эмне делет?

Гомосексуализм тууралуу Ыйык Китепте эмне делет?

ГЕЙЛЕРДИН никеге турушу көп жерде кызуу талаш жаратууда. Ал эми АКШнын Жогорку Соту 2015-жылы бир жыныстагылардын никесин мыйзамдаштырган. Ошондон кийин бул темага кызыгып, Интернетке киргендердин саны кыйла өскөн. Көптөрдү: «Гейлердин никеси тууралуу Ыйык Китепте эмне делет?» — деген суроо кызыктырат.

Ыйык Китепте адамдардын укуктары, анын ичинде бир жыныстагылардын никеге турууга укугу бар-жогу майда-чүйдөсүнө чейин айтылбайт. Анда гомосексуализм тууралуу Ыйык Китепте эмне делет?

Ыйык Китепти окуп-изилдебесе да, көптөр бул суроонун жообу айкын деген ойдо. Бирок алар да кайчы пикирде. Айрымдар Ыйык Китепте буга тыюу салынат дешет. Башкалар Ыйык Китептеги: «Жакыныңды... сүй»,— деген буйрук ар ким өзү каалагандай жашаса, каалаган кишиси менен жыныстык катнашта болсо болорун көрсөтүп турат деп ойлошот (Римдиктер 13:9).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Төмөндө айтылгандардын кайсынысы туура деп ойлойсуңар?

  1. Ыйык Китепте бир жыныстагы адамдардын жыныстык катнашта болушуна тыюу салынат.

  2. Ыйык Китепте бир жыныстагы адамдардын жыныстык катнашта болушуна маани деле берилбейт.

  3. Ыйык Китепте жазылгандар гомофобияга (гомосексуалдарды жек көрүү же бейкалыс пикирде болуу) үндөйт.

ЖООПТОР:

  1. ТУУРА. Ыйык Китепте: «Эркектер менен жатып жүргөн эркектер ... Кудайдын Падышалыгын мурастабайт»,— деп айтылат (1 Корунттуктар 6:9, 10). Бул аялдарга да тиешелүү (Римдиктер 1:26)

  2. ТУУРА ЭМЕС. Ыйык Китепте жыныстык мамиле никеде турган аял менен эркектин ортосунда гана болушу керектиги айтылат (Башталыш 1:27, 28; Накыл сөздөр 5:18, 19).

  3. ТУУРА ЭМЕС. Ыйык Китеп бир жыныстагылардын жыныстык катнашта болушуна тыюу салса да, гомосексуалдарга карата бейкалыс пикирде болууга, зордук-зомбулук көрсөтүүгө же жаман мамиле кылууга үндөбөйт (Римдиктер 12:18). [1]

Жахабанын Күбөлөрү эмнеге ишенишет?

Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептеги адеп-ахлак нормаларына карманып жашоо туура экенине ишенип, аларга бекем карманышат (Ышая 48:17). [2] Алар жыныстык адеп-ахлаксыздыкка жаткан иштердин баарын, анын ичинде гомосексуализмди четке кагышат (1 Корунттуктар 6:18). [3] Жахабанын Күбөлөрү ушул жолду тандашкан жана ал жолдо жүрүүгө толук укуктуу.

Жахабанын Күбөлөрү өзүнө кандай мамиле кылынышын кааласа, башкаларга да ошондой мамиле кылышат

Ошол эле учурда алар «бардык адамдар менен тынчтыкта болууга» умтулушат (Еврейлер 12:14). Алар гомосексуализмди четке кагышса да, көз карашын таңуулабайт, аларды жек көрүү менен коштолгон кылмыштарга аралашпайт жана андай нерселерди укканда кубанышпайт. Жахабанын Күбөлөрү өзүнө кандай мамиле кылынышын кааласа, башкаларга да ошондой мамиле кылышат (Матай 7:12).

Ыйык Китеп гомосексуалдарды жаман көрүүгө үндөйбү?

Айрымдар Ыйык Китеп гомосексуалдарды жаман көрүүгө үндөйт жана андагы нормаларга карманып жашагандар аларды жек көрөт деши мүмкүн. Алар: «Ыйык Китеп адамдардын көз карашы чектелүү кезде жазылган. Биз азыр ар кандай расадагы, ар кандай улуттагы жана жыныстык мамилеге карата ар кандай көз караштагы адамдардын баарына тегиз карайбыз»,— дешет. Ошондой эле гомосексуализмди четке кагуу адамдарды расасына карап бөлүү менен бирдей деп эсептешет. Бул туурабы? Жок. Эмне үчүн?

Анткени гомосексуалдардын иштерин жек көрүү менен гомосексуалдардын өздөрүн жек көрүү эки башка нерсе. Ыйык Китеп бардык адамдарды урматтоого үндөйт (1 Петир 2:17). [4] Бирок бул Ыйык Китептеги нормалар боюнча жашагандар бардык эле жүрүм-турумду туура деп эсептээрин билдирбейт.

Мисал: Силер тамеки ден соолукка зыян деген ойдосуңар, атүгүл аны абдан жаман көрөсүңөр деп коёлу. Ал эми кесиптешиңер тамеки чексечи? Тамекиге карата көз карашыңар аныкынан айырмаланганы үчүн эле көз карашы чектелүү адам болуп каласыңарбы? Андан айырмаланып, тамеки чекпегениңер аны жаман көрөрүңөрдү билдиреби? Эгер кесиптешиңер көз карашыңарды өзгөртүүнү талап кылса, тескерисинче, ал көз карашы чектелүү жана тамеки чекпегендерди жаман көргөн адам болуп калбайбы?

Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептеги адеп-ахлак нормаларына бек карманышат. Андыктан Ыйык Китепте тыюу салынган иштерди жактырышпайт. Бирок андай иштерди кылгандарды шылдыңдап же аларга жаман мамиле кылышпайт.

Ыйык Китептеги нормалар өтө эле катаалбы?

Гомосексуализмге жакын адамдар тууралуу эмне айтууга болот? Алар ошондой болуп төрөлөбү? Ошондой болсо, аларды айыптоо таш боордукка жатабы?

Ыйык Китепте гомосексуализмге эмне себеп болору айтылбайт, бирок жаман каалоолордун жүрөктө терең тамыр алышы мүмкүн экени ачык айтылат. Ошондой эле Кудайга жаккыбыз келсе, айрым нерселерден, анын ичинде гомосексуализмден жаа бою качышыбыз керектиги жазылат (2 Корунттуктар 10:4, 5).

Айрымдар Ыйык Китептеги нормалар өтө эле катаал дешет. Бирок алардын ою: «Каалоолорду, өзгөчө, жыныстык каалоолорду тыйбаш керек, ал тургай тыюу мүмкүн эмес»,— деген көз карашка негизделет. Бирок Ыйык Китепте адам каалоосун ооздуктай алары айтылат. Жаныбардан айырмаланып, каалоосуна жетеленер-жетеленбесин адам өзү чече алат (Колосалыктар 3:5). [5]

Мисал: Айрым адистер ачуулануу сыяктуу айрым терс сапаттарга биологиялык факторлор себеп болушу мүмкүн деп эсептешет. Ыйык Китепте адамдын эмне үчүн ачуулуу болору айтылбаса да, айрымдардын «ачууга алдырып» коёру жана «каарданууга жакын» келери айтылат (Накыл сөздөр 22:24; 29:22). Ошентсе да Ыйык Китепте: «Ачууңду тый, каарыңды бас»,— делет (Забур 37:8; Эфестиктер 4:31).

Бул кеңештин туура экенине баары эле кошулбашы же бул ачуусу чукул кишиге катуу тие турган кеңеш деши мүмкүн. Бирок атүгүл адамдын ачуулуу болор-болбосу генине байланыштуу деген адистер да андай адамдарга ачуусун ооздуктоого жардам берүүгө көп күч жумшашат.

Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептеги нормаларга каршы келген иштердин баарын, анын ичинде мыйзамдуу түрдө аял-күйөө болбогон карама-каршы жыныстагы эки адамдын жыныстык катнашта болушун да туура эмес деп эсептешет. Ушу сыяктуу жагдайларда Ыйык Китептеги: «Ар бириңер өз денеңерди ыйык сактап, сый тутуп, башкара билгиле,.. ээ-жаа бербеген жыныстык кумарларга берилбегиле»,— деген кеңешке ылайык иш кылуу абзел (1 Тесалоникалыктар 4:4, 5).

«Кээ бирлериңер мурун ушундай адамдардан элеңер»

Кудайга кызмат кылгысы келген 1-кылымдагы адамдардын тек-жайы, жашоо мүнөзү ар кандай болгон. Айрымдарына жашоосун түп-тамыры менен өзгөртүүгө туура келген. Мисалы, Ыйык Китепте «бузуктук кылып жүргөндөр да, бурканга табынгандар да, ойноштук кылып жүргөндөр да,.. эркектер менен жатып жүргөн эркектер да» саналып өтүп: «Кээ бирлериңер мурун ушундай адамдардан элеңер»,— деп жазылган (1 Корунттуктар 6:9—11).

«Кээ бирлериңер мурун ушундай адамдардан элеңер» деген сөздөр гомосексуалдык иштерин токтоткондордо кийин андай каалоо такыр болгон эмес дегенди билдиреби? Кыязы, андай эмес. Анткени Ыйык Китепте: «Рухтун жетеги менен жүргүлө, ошондо дененин эч бир каалоосун аткарбайсыңар»,— деп да жазылган (Галатиялыктар 5:16).

Ыйык Китепте Кудайга кызмат кылгандарда туура эмес каалоо такыр болбойт деп айтылбаганына көңүл бурсаңар. Анда, тескерисинче, адам каалоосуна жетеленер-жетеленбеси өзүнөн экени айтылат. Кудайга бекем ишенгендер кумары күчөп, күнөө кылбашы үчүн жаман каалоосун ооздуктоого үйрөнүшөт (Жакып 1:14, 15). [6]

Ыйык Китептен кайсы бир ишти кылууга жакын болуу менен аны кылуунун ортосунда айырма бар экенин билебиз (Римдиктер 7:16—25). Гомосексуализмге жакын адам алдагысы, ойноштук кылгысы келген сыяктуу башка жаман каалоолорун да ооздуктай алгандай эле, акылына уялап алган гомосексуалдык каалоолорун да ооздуктай алат (1 Корунттуктар 9:27; 2 Петир 2:14, 15).

Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепте жазылган адеп-ахлак нормаларына карманып жашашса да, көз карашын башкаларга таңуулашпайт. Ошондой эле жашоо мүнөзү алардыкынан айырмалангандардын укугун коргогон мыйзамдарды жокко чыгарууга аракет кылышпайт. Алар жакшы кабарды жарыялап, уккусу келгендерге ал тууралуу айтып берүүгө дилгир (Элчилер 20:20).

^ 1. Римдиктер 12:18: «Бардык адамдар менен тынчтыкта болгула».

^ 2. Ышая 48:17: «Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм».

^ 3. 1 Корунттуктар 6:18: «Бузуктуктан качкыла».

^ 4. 1 Петир 2:17: «Бардык адамдарды урматтагыла».

^ 5. Колосалыктар 3:5: «Андыктан бузуктукка, ыпыластыкка, жыныстык кумарларга, жаман каалоолорго... азгырган дене мүчөлөрүңөрдү өлтүргүлө».

^ 6. Жакып 1:14, 15: «Ар ким өзүнүн кумарына берилип, азгырылганынын кесепетинен сыналат. Кумар түйүлүп, күнөө туулат».