Тесалоникалыктарга 1-кат 4:1—18

  • Жыныстык адеп-ахлаксыздык жөнүндө эскертүү (1—8)

  • Башкаларды жакшы көрүп, ошол жагынан жакшыра бергиле (9—12)

    • «Башкалардын ишине кийлигишпегиле» (11)

  • Мырзабыздын көзү өтүп кеткен шакирттери биринчи болуп тирилет (13—18)

4  Бир туугандарым, биз силерге Кудайга жагыш үчүн кандай жашашыңар керектиги жөнүндө насаат айтканбыз.+ Силер, чын эле, ошондой жашап жатасыңар. Бирок бул жагынан дагы да жакшыра беришиңерди Мырзабыз Исанын атынан суранып, баарыңарды ошого чакырабыз. 2  Себеби силерге Мырзабыз Исанын атынан кандай көрсөтмөлөрдү бергенибизди билесиңер. 3  Кудай ыйык болушуңарды,+ жыныстык адеп-ахлаксыздыктан* алыс болушуңарды каалайт.+ 4  Ар бириңер ыйык болуп,+ Кудайга жагыш үчүн* өзүңөрдү* башкара билгиле.+ 5  Кудайды билбеген башка элдерге окшоп+ ээ-жаа бербеген жыныстык кумарларга берилип, ач көздөнбөгүлө.+ 6  Араңардан эч ким ушундай адепсиз иштерди кылып, чектен чыкпасын жана боордошуна зыян келтирбесин. Анткени буга чейин айтып, катуу эскерткенибиздей, Жахаба андай күнөөлөр үчүн жазалайт. 7  Себеби Кудай бизди ыпылас иштерди кылганга эмес, ыйык болгонго чакырган.+ 8  Ошондуктан ким бул эскертүүлөрдү четке какса, ал адамды эмес, силерге ыйык рухун берген+ Кудайды четке каккан болот.+ 9  Ал эми бири-бириңерди бир тууганыңардай жакшы көрүшүңөр+ керектиги жөнүндө силерге жазыштын зарылдыгы жок, анткени муну силерге Кудай өзү үйрөткөн.+ 10  Ооба, силер бүтүндөй Македониядагы бир туугандарыбыздын баарына так ошондой мамиле кылып жатасыңар. Ошентсе да, боордошторум, силерди бул жагынан дагы да жакшыра бергенге үндөйбүз. 11  Өзүңөргө айтканыбыздай, тынч жашап,+ башкалардын ишине кийлигишпегиле,+ ак эмгек кылганга умтулгула.+ 12  Ошентсеңер, өзүңөрдү үлгүлүү алып жүргөндүктөн башка адамдардын урмат-сыйына татыйсыңар+ жана эч нерсеге муктаж болбойсуңар. 13  Андан сырткары, боордошторум, үмүтү жок башка адамдарга+ окшоп кайгырбашыңар үчүн, өлгөндөр* жөнүндө билишиңерди каалайбыз.+ 14  Анткени Исанын өлгөнүнө жана кайра тирилгенине ишенсек,+ анда Кудайдын Исанын жолдоочусу болуп жүрүп өлгөндөрдү, аны менен бирге болушу үчүн, тирилтерине да ишенебиз.+ 15  Жахабанын айткандарынын негизинде силерге айтарыбыз бул: Мырзабыз кайра келген убакта тирүү жүргөндөрүбүз өлгөндөрдөн озуп кетпейбиз. 16  Мырзабыз өзү Кудайдын сурнайын кармап асмандан түшүп келет. Анын — башкы периштенин+ — буйрук берген үнү жаңырганда, көзү өтүп кеткен шакирттери биринчи болуп тирилет.+ 17  Андан кийин биз, тирүү жүргөндөр, алар менен жана Мырзабыз менен асманда жолугуш үчүн+ булуттар менен алынып кетебиз да,+ дайыма Мырзабыздын жанында болобуз.+ 18  Бири-бириңерди дайыма ушуларды айтып кайраттандыргыла.

Шилтемелер

Грекче порнейа. Сөздүктү кара.
Же: «башкалар силерди сыйлашы үчүн».
Же: «денеңерди». Сөзмө-сөз: «идишиңерди».
Сөзмө-сөз: «өлүм уйкусунда жаткандар».