Мазмунун көрсөтүү

Жыныстык мамиледен ыракат алуу Кудайдын алдында күнөөбү?

Жыныстык мамиледен ыракат алуу Кудайдын алдында күнөөбү?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепке ылайык, жыныстык мамилелер — Кудайдын жубайларга берген белеги. Адамдарды «эркек-аял кылып» Кудай жараткан жана ал өзү жараткан нерселерди эң сонун деп сыпаттаган (Башталыш 1:27, 31). Кудай биринчи эркек менен аялды баш коштурганда алардын «бир дене болорун» айткан (Башталыш 2:24). Жубайлардын «бир дене» болушу алардын эмоциялык жактан ынактыгын, ошондой эле жыныстык мамилени да камтыйт.

 Ыйык Китепте күйөөлөрдүн жыныстык мамиледен ыракат алары тууралуу мындай деп айтылган: «Жаш кезиңде алган аялың менен кубан... Анын төшү ар дайым кумарыңды кандырсын. Анын махабатынан дайыма ырахат ал» (Накыл сөздөр 5:18, 19). Кудай аялдардын да ошондой мамиледен ыракат алышын каалайт. Ошондуктан Ыйык Китепте: «Күйөөсү аялына карата, аялы күйөөсүнө карата жубайлык милдетин аткарсын»,— деп айтылган (1 Корунттуктар 7:3).

Кудайдын жыныстык мамилеге карата койгон талабы

 Кудайдын талабы боюнча, жыныстык мамилелер жубайлардын ортосунда гана болушу керек. Бул туурасында Ыйык Китепте мындай делет: «Баары никени баалашсын, нике төшөгү булганбасын, анткени бузуктук же ойноштук кылып жүргөндөрдү Кудай соттойт» (Еврейлер 13:4). Бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, жубайлар бири-бирине ишенимдүү болуп, берилгендигин сакташы керек. Эгер экөө тең Ыйык Китептеги: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген принципке ылайык иш кылып, өзүнүн эмес, бири-биринин кызыкчылыгын биринчи орунга койсо, бактылуу болору бышык (Элчилер 20:35).