Ышая 48:1—22
48 Оо, Жакыптын урпактары,Өзүн Ысрайылдын аты менен атагандар,+Жүйүттүн тукумунан* чыккандар,Жахабанын ысмын оозанып ант берип,+Ысрайылдын Кудайынан тиленгендер,Бирок муну чын жүрөктөн кылбагандар,Туура эмес иштерди кылып жатып тиленгендер,+ уккула.
2 Силер өзүңөрдү ыйык шаардын элибиз дейсиңер,+Ысмы асман аскерлеринин Кудайы Жахаба болгон Ысрайылдын Кудайынан жардам издейбиз дейсиңер.+
3 «Мен болуп өткөн нерселерди мурун эле алдын ала айткам.
Аларды өз оозум менен айтып,Өзүм кабарлагам.+
Анан күтүүсүздөн ишке киришип,Аларды жүзөгө ашыргам.+
4 Себеби сенин канчалык өжөр экениңди,Мойнуңдун тарамышы темирдей, чекең жездей экенин билгем.+
5 Ошондуктан сага баарын алдын ала айткам.
„Муну бурканым ишке ашырды,Оюп жасаган бурканым менен куйма бурканымдын буйругу менен ушундай болду“,— дебешиң үчүн,Аларды боло электе эле сага алдын ала кабарлагам.
6 Сен мунун баарын уккансың, көргөнсүң.
Анан ошолор жөнүндө айтпай коёсуңбу?*+
Эми болсо сага жаңы нерселерди,+Сыр боюнча сакталып турган, сен билбеген нерселерди айтып жатам.
7 Алар мурун болгон эмес, эми гана болуп жатат.
Алар жөнүндө буга чейин эзели уккан эмессиң,Ошон үчүн: „Мен буларды билчүмүн“,— дей албайсың.
8 Сен уккан эмессиң,+ билген да эмессиң,Кулагың мурунтан бери жабык болчу.
Сенин жеткен саткын эл экениңди,+Төрөлгөнүңдөн бери күнөөкөр аталып келгениңди билем.+
9 Бирок өз ысмымды ойлоп, каарымды тыям,+Даңкталышым үчүн өзүмдү кармап,Сени жок кылбайм.+
10 Мен сени тазаладым, бирок күмүштөй тазалаган жокмун.+
Сени меште эритилгендей азап чегишиңе жол берип сынадым*.+
11 Мен өзүм үчүн, өзүм үчүн иш-аракет кылам.+
Атымдын булганышына кантип жол бермек элем?!+
Даңкымды эч кимге бербейм*.
12 Оо, Жакып, өзүм тандап алган Ысрайыл, мени ук.
Мен ошол эле Кудаймын.+ Биринчи да менмин, акыркы да менмин.+
13 Мен өз колум менен жердин пайдубалын салгам,+Оң колум менен асманды кездемедей жайгам.+
Чакырганымда — алар алдыма келет.
14 Баарыңар чогулгула, уккула.
Буларды кудайлардын кайсынысы айтты эле?
Мен, Жахаба, ал кишини* жакшы көрөм.+
Бабылды эмне кылгым келсе, ал ошонун баарын аткарат,+Өз колу менен каздимдиктерди талкалайт.+
15 Муну мен айттым. Аны өзүм чакырдым.+
Өзүм алып келдим, ошон үчүн анын иши ийгиликтүү болот.+
16 Бери келгиле, муну уккула.
Мен башынан эле эч нерсе жашырбай, ачык сүйлөчүмүн.+
Ушулар аткарыла баштагандан бери мен ошол жерде болчумун».
Эми Эгедер Теңир Жахаба мага ыйык рухун берип, мени сага жиберди*.
17 Сени кун төлөп куткарып алган Жахаба, Ысрайылдын Ыйыгы,+ мындай дейт:
«Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын,Сени өзүңө эле пайдалуу боло турган* нерсеге үйрөтөм,+Жүрүшүң керек болгон жолдо жетектеп жүрөм.+
18 Осуяттарыма көңүл бурсаң кана!+
Ошондо тынчтыгың дарыядай,+Адилдигиң деңиз толкундарындай болмок.+
19 Тукумуң кумдай,Урпактарың кумдун бүртүктөрүндөй көп болмок.+
Көз алдымда алардын аты эч качан өчмөк эмес, жок болмок эмес».
20 Бабылдан чыккыла!+
Каздимдиктерден качкыла!
Кубанып-шаттана жар салгыла, кабарлагыла!+
Жердин булуң-бурчуна чейин мындай деп жарыялагыла:+
«Жахаба кызматчысы Жакыпты кун төлөп куткарып алды.+
21 Ал өз элин чөлдө алып жүргөндө, алар суусаган эмес.+
Аларга аскадан суу чыгарып берген,Асканы жарып, оргуштата суу агызган».+
22 «Ыймансыздарга болсо тынчтык жок»,— дейт Жахаба.+

