Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Таш-Рабаттагы боз үйлөр

ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР

Кыргызстанга саякат

Кыргызстанга саякат

ЧАР ТАРАБЫН ак кар, көк муз жамынган асман тиреген тоолор курчап турган Кыргызстан Орто Азиядан орун алган. Ал Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан менен чектешет. Өлкөнүн 90дой пайызын тоолор ээлейт. Орто Азиядагы эң чоң тоо кыркаларынын бири болгон Тянь-Шандын эң бийик чокусу Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Ал деңиз деңгээлинен 7 439 метр бийик турат. Ал эми токойлор 4 эле пайызды ээлейт. Андыктан дүйнө жүзүндөгү эң чоң табигый жаңгак токойлорунун биринин Кыргызстанда жайгашканы көңүлгө аларлык.

Кыргызстандагы Жахабанын Күбөлөрү миңдеген адамдарга Ыйык Китеп изилдегенге жардам берүүдө

Кыргыз эли байыртадан эле сыйчыл, меймандос келет. Улууларга «сиз» деп кайрылып, аларга коомдук унааларда орун бошотуп беришет жана дасторконго отурганда төрдөн орун беришет.

Адатта, ар бир үй-бүлө үч же андан көп балалуу болот. Эң кичүү эркек баласы ата-энесинин колунда калып, аларды көз жумганга чейин багат.

Кыздарын кичинекей кезинен эле эмгекке үйрөтүп, өз алдынча түтүн булатып кеткенге даярдай башташат. Алар өспүрүм куракка жеткенде үйдөгү бардык оокатты кылууга үйрөнүп калышат. Кыздын себине жууркан-төшөк, кийим-кечек, шырдак, ала кийиз беришет. Ал эми бала акчалай же мал түрүндө калың төлөйт.

Жакшылык-жамандыкта кой же бодо мал союлат. Малдын эти устукандарга бөлүнөт. Устукандар эркектерге жана аялдарга жаш-курагына жараша тартылат, ошол эле учурда сыйлуу коноктор өзгөчө эске алынат. Андан кийин улуттук тамак болуп эсептелген беш бармак берилет. Аны кол менен жешет.

Комуз — көпчүлүк сүйгөн элдик аспап