Балдардын күйүтү
Жакыныңардан айрылып, күйүт тартып жатасыңарбы? Эгер ошондой болсо, күйүттү көтөрүүгө эмне жардам берет? Келгиле, бала кезинде ата-энесинен айрылгандарга Ыйык Китеп кандайча жардам бергенин карап көрөлү.
ДЭМИНИН ОКУЯСЫ. Башында атамды жөн эле башы ооруп жатат деп ойлогонбуз. Бирок акыбалы оордой баштаганда, апам тез жардам чакыртты. Доктурлардын атамды алып кетип жатканы дагы деле көз алдымда. Көрсө, ошондо аны акыркы ирет көрүптүрмүн. Үч күндөн кийин атам мээнин аневризмасынан кайтыш болуп калды. Мен ошондо, болгону, алты жашта болчумун.
Атамдын каза болуп калганына өзүмдү көп жыл бою күнөөлөп жүрдүм. Атамды алып кетип баратышканы кайра-кайра көз алдыма тартылып: «Эмне үчүн жөн эле карап тура бердим? Эмне үчүн эч нерсе кылган жокмун?» — деп ойлоно берчүмүн. Ден соолугунун айынан кыйналып жүргөн башка чоңдорду көрүп: «Булар деле жүрбөйбү, эмне үчүн менин атам өлүп калды?» — деп түшүнчү эмесмин. Ошол учурларда апам мага аябай жардам берди. Экөөбүз кандай сезимде болуп жатканым жөнүндө сүйлөшчүбүз. Ошондой эле, биз Жахабанын Күбөлөрү болгондуктан, жыйналыштагылар да бизге бир топ жөлөк-таяк болушту.
Айрымдар күйүт учурунда гана күчтүү болот, андан кийин бара-бара өтүп кетет деп ойлошот. Бирок менде андай болгон эмес. Мен дээрлик өспүрүм куракка келгенге чейин анчалык катуу кайгырган эмесмин.
Атасынан же энесинен айрылган балдарга: «Кандай сезимде болуп жатканыңарды кимдир бирөөгө айткыла. Канчалык сезимиңерди сыртка эртерээк чыгарсаңар, өзүңөргө ошончолук жеңилирээк болушу мүмкүн»,— деп айтмакмын.
Жашоомдогу эң бир маанилүү жана кубанычтуу учурларды атам көрбөй калганын ойлогондо ичим туз куйгандай ачышып кетет. Бирок мени Кудайдын Аян 21:4тө жазылган жана жакында аткарыла турган убадасы абдан жубатат. Ал жерде: «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт»,— деп жазылган.
ДЕРИКТИН ОКУЯСЫ.
Атам экөөбүздүн чогуу балык уулап, чогуу тоого чыккан күндөрүбүз — эсимде калган эң жагымдуу учурлардын бири. Ал тоого чыкканды аябай жакшы көрчү.
Атамдын кээде жүрөгү ооручу. Кичинекейимде, ал доктурга жатып калганда, аны көргөнү бир-эки жолу барганым эсимде. Бирок анда оорусунун канчалык олуттуу экенин түшүнгөн эмесмин. Ошол оорусунун айынан тогуз жашымда атам каза болуп калды.
Көп ыйлачумун. Ичим сыгылып, аба жетпей, думугуп бараткандай сезилчү, эч ким менен сүйлөшкүм келчү эмес. Жашоомдо эч качан ошончолук жаман болгон эмесмин, өзүмдү андан ары эч качан эч нерсе кыла албачудай сезгем. Мен барып жүргөн чиркөөдөгү жаштар башында мага көңүл буруп жүрүштү,
бирок тез эле унутуп коюшту. Чиркөөдөгүлөр «атаңдын ажалы жетиптир», «аны Кудай алып кетти», «атаң азыр асманда» деген сыяктуу сөздөрдү айтышчу. Алардын айткандары мага жакчу эмес, бирок ал кезде Ыйык Китепте бул тууралуу чынында эмне деп жазылганын билчү эмесмин.Көп өтпөй апам Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштады. Кийинчерээк агам экөөбүз да ага кошулдук. Ошондо өлгөндөн кийин адам эмне болорун жана Кудай өлгөндөрдү тирилтүүнү убада кылганын билдик (Жакан 5:28, 29). Баарынан да мага Ышая 41:10до Кудайдын: «Коркпо, анткени мен сени мененмин. Элеңдебе, анткени мен сенин Кудайыңмын. Мен сага күч берем, жардам берем»,— деп айткан сөздөрү кубат берген. Жахабанын дайыма жанымда болорун билүү ошол учурда мени абдан жубаткан, азыр да жубатат.
ЖЕНИНИН ОКУЯСЫ.
Апам жети жашымда рак оорусунан каза болуп калган. Мага баары түшүмдө болуп жаткандай эле сезилген. Апам үйдөн каза болгон, таятам-таенемдер да үйдө болчу. Баары үн катпай отурушкан. Ошол күнү жумуртка кууруп жегенибиз эсимде. Мага жашоомдун баары акырындап астын-үстүн болуп бараткандай сезилген.
Ошол убакта, андан кийинки жылдары да сиңдимди ойлоп, кайраттуу болушум керек дечүмүн. Ошондуктан сезимдеримди сыртка чыгарчу эмесмин. Азыр деле ошенткенге жакынмын, бирок анын зыянынан башка пайдасы жок экен.
Жахабанын Күбөлөрүнүн биздин үй-бүлөгө чын дилден кам көрүп, колдоп турганы азыркыга чейин эсимде. Ал кезде Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына жаңыдан эле бара баштасак да, алар бизге тууганына жасагандай мамиле жасап, жапа тырмак жардам беришкен. Менимче, атам бир жыл бою тамак жасабаса керек, анткени бизге дайыма тамак алып келип турушчу.
Мага Забур 25:16, 17де жазылгандар өзгөчө жагат. Ал аятта бир пайгамбар Кудайга: «Мага жүзүңдү бур, ырайым кыл, анткени мен жалгызсырап, кыйналып жатам. Жүрөгүмдүн кайгысы көбөйдү. Мени кыйынчылыктарыман арылт»,— деп жалбарган. Кыйналып турганда жалгыз эмес экенимди жана Кудай дайыма жанымда экенин билгеним мага дем-күч берет. Ыйык Китепти окуунун аркасында жакшы нерселерге, мисалы, Кудайдын өлгөндөрдү тирилтерине байланыштуу берген убадасына көңүл топтоп, алдыга илгерилей берүүгө чечкиндүү болуп калдым. Жер бети бейишке айланганда апамды кайрадан көрөрүмө, ал эч качан оорубай турганына, ошондой эле аны жакшыраак билгенге мүмкүнчүлүгүм болоруна бекем ишенем жана ошого үмүттөнүп жашап келем (2 Петир 3:13).
Күйүт тартып жүргөндөрдү Ыйык Китепте жазылгандар кандайча жубатары жөнүндө көбүрөөк билгиңер келеби? Анда www.jw.org/ky сайтына кирип, «Жакын адамыңан айрылганда...» деген китепчени акысыз жүктөп алгыла. (Жолу: АДАБИЯТТАР > КИТЕПТЕР ЖАНА КИТЕПЧЕЛЕР)